Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-августу № 202
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Б.Калматовдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Б.Калматовдон келип түшкөн документтерди карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Б.Калматовдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:
- Сатылганов Төлөбай Сарыкеевич, 1949-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
- Чалов Марлен Кадыркулович, 1987-жылы туулган, "Юрист-К" ЖЧКнын юристи;
- Байбетова Күлжан Сагындыковна, 1962-жылы туулган, "Демократия үчүн аялдардын талкуулоо клубу" коомдук уюмунун коомдук ишмери;
- Абдыралиева Айгүл Аскаровна, 1950-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
- Байбетова Зиякүл Сагындыковна, 1961-жылы туулган, жеке ишкер;
- Чирикбаев Ильяс Дөөлөтбакович, 1948-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
- Айткулова Динар Асановна, 1953-жылы туулган, "Аялдардын демократия үчүн талкуулоо клубу" коомдук уюмунун жетекчиси;
- Чотуев Алмаз Дүйшөнович, 1970-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
- Качиев Төлөбек Эркинбаевич, 1954-жылы туулган, пенсионер.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Б.Калматовдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов
|