Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2010-жылдын 9-июну УӨ № 129-р
Кыргыз Республикасынын Жогорку соту «Ата-Кент ЛТД» жоопкерчилиги чектелген коомунун Ысык-Көл райондук жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынын, Ысык-Көл райондук архитектура жана курулуш башкармасынын, Чолпон-Ата шаар башкармасынын үстүнөн жер участокко жеке менчик укукту таануу жөнүндө доо арызын карап жатканына, аны кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө үчүнчү жак катары тартылганына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-апрелиндеги № 21 «Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктуна таянуу менен:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн юристи Мамбеталиев Мэлис Шейшеналиевичке бардык соттук инстанциялардагы бардык соттук жайындарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат башка адамдарга өткөрүп берүү укугусуз берилсин.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси |
Э.Каптагаев |