Загрузка документа…
2010-жылдын 9-июну ПБ № 131-р
Мейманкана тибиндеги үйгө турак жай үйү статусун берүүгө мажбурлоо жөнүндө Ш.К.Метеевдин,Н.А.Кожокееванын,М.П.Сыдыковдун жана башкалардын Бишкек шаарынын мэриясынын, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын, Кыргыз мамлекеттик циркинин үстүнөн берген доо арызы боюнча жарандык иш боюнча Кыргыз мамлекеттик цирктин жеке даттануусу Бишкек шаардык сотунда каралгандыгына, аны кароого Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүнчү жак катары тартылгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-апрелиндеги № 21 «Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктун жетекчиликке алып:
Кыргыз мамлекеттик циркинин бухгалтери Каркеева Зульфия Ходжаевнага бардык сот заседаниелеринде, бардык сот инстанцияларында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат башкаларга берүү укугусуз берилсин.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси: |
Э.Каптагаев |