КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 5-сентябры № 213
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К.Мадумаровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына түшкөн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К.Мадумаровдон келип түшкөн документтерди карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүн жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Л.К.Мадумаровдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп төмөнкүлөр катталсын:
- Молдоярова Галина Есеналовна, 1956-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
- Толобаев Рысбек Ибрайымович, 1963-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
- Саадакеева Назгүл Исаевна, Нарын адвокаттар коллегиясынын адвокаты.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К.Мадумаровдун толук ыйгарымдуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К.Мадумаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Саадакеева Сайнакульдүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
4. Саадакеева Сайнакульгө 2011-жылдын 27-июлунда берилген № 63 каттоо күбөлүгү жараксыз деп табылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |