Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 5-сентябры № 218
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер З.И.Кудабаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына түшкөн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер З.И.Кудабаевден келип түшкөн документтерди карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүн жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер З.И.Кудабаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп төмөнкүлөр катталсын:
финансы маселелери боюнча:
- Абдракманова Айнур Садырбековна, 1954-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
шайлоо боюнча:
- Шукуров Уметалы, 1942-жылы туулган, КР УИА автоматика институтунун лаборатория башчысы;
- Табалдиев Эрлан Табылганбекович, 1976-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
- Абдракманов Кубатбек Садырбекович, 1969-жылы туулган, Ж.Баласагын атындагы КМУнун ага окутуучусу;
- Досумов Бакыт Жолдошбекович, 1978-жылы туулган, убактылуу иштебейт.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер З.И.Кудабаевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |