Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 5-сентябры № 219
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.Бакир уулунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.Бакир уулунан келип түшкөн документтерди карап чыгып "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүмүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүмүн 2, 19 пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.Бакир уулунун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:
- Бердикеев Жээнбек Абылабекович, 1965-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
- Бакир Бакытбек, 1961-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
- Буканев Владимир Викторович, 1975-жылы туулган, "Альфа-Телеком" ЖАКнын адиси;
- Цой Александр Владимирович, 1972-жылы туулган, "Сантехма" ЖЧКнын юристи;
- Айдарбекова Чынара Сатылгановна, 1968-жылы туулган, Ж.Баласагын атындагы КМУнун ага окутуучусу;
- Абдукулов Арипжан Исмаилович, 1975-жылы туулган, "СМК"коомдук бирикмесинин төрагасы;
- Мадалиев Нуркамил Апишевич, 1961-жылы туулган, Ж.Баласагын атындагы КМУнун Оштогу филиалынын директору.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.Бакир уулунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Абдраимов
|