Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 5-сентябры № 220
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Б.Калматовдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына түшкөн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Б.Калматовдон келип түшкөн документтерди карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүн жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Б.Калматовдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп төмөнкүлөр катталсын:
- Абакирова Аида Алымбаевна 1977-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
- Каирова Нургуль Кенешбековна, 1989-жылы туулган, жеке ишкер;
- Кайкиев Соңкөлбек Казиевич, 1972-жылы туулган, айдоочулар мектебинин окутуучусу;
- Жаанбаев Улукбек Абдыманапович, 1988-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
- Султанбаева Калдан Спабековна, 1964-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Б.Калматовдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |