Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2010-жылдын 9-июну УӨ № 132-р
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервден боюнча мамлекеттик агенттиктин корутундусун жараксыз деп таануу, тендерди болуп өттүү деп таануу жөнүндө жана автотранспорттук каражаттар үчүн паспорттордун бланктарын жеткирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрилигинин Жол кыйсылынын коопсуздугу башкыбашкармалыгынын «Эртисаун» ЖЧКсы менен келишим түзүүгө милдеттендирүү тууралуу «Эртисаун» жоопкерчилиги чектелген коомунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрилигинин Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармылыгынын үстүнөн берген доо арызы боюнча жарандык иш боюнча көзөмөлдүк даттануусу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда каралгандыгына, аны кароого Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүнчү жак катары тартылгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-апрелиндеги № 21 «Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнун Аппараты жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктун жетекчиликке алып:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрилигинин укуктук колдоо башкармалыгынын сот органдары менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси Жокунов Нургазы Дүйшөнкуловичке бардык сот заседаниелеринде, бардык сот инстанцияларында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат башкаларга берүү укугусуз берилсин.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси |
Э.Каптагаев |