Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 5-сентябры №224
"Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн эсепке алуу жана чыгымдоо тартиби жөнүндө" Нускамага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 -беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 2011-жылдын 11-июлундагы №30 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондун түзүүнүн, акча каражаттарынын келип түшүшүн эсепке алуу жана чыгымдоо тартиби жөнүндө" нускаманы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөруу боюнча борбордук комиссиясы тарабынан бекитилген жобого төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
-38-пункту "Талапкер катталганга чейин жана сунуш кылган документтер текшерилгенден кийин" деген сөздөрдөн кийин "жеке аражаттарынан же'* деген сөздөр менен толукталсын, андан ары текст боюнча;
39-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: «Шайлоо учурунда шайлоого катышкан шайлоочулардын 5 пайыздан кем эмес добуштарын алган талапкерге коюлган шайлоо күрөөсү шайлоо бүткөндөн кийин кайтарылып берилет. Күрөөнүн калган суммасы бюджеттин эсебине киргизилбейт жана Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоолорду даярдоонун жана өткөрүүнүн максаттуу багыттарында шайлоо системасын өркүндөтүүгө пайдаланылат.";
41-пунктунун биринчи абзацындагы "(7 тиркеме)" деген сөздөрдү жана сандарды :"(4 (торт) жана 7 (жети) тиркемелер)." деген сөздөр жана сандар менен алмаштырылсын.
2 Шайлоо фондунун каражаттарынын келип түшүшү жана .жүргүзүлгөн чыгымдар боюнча (№7 форма) Жалпы финансылык отчетунун бланкы жаңы редакциясында бекитилсин (тиркелет).
3.. Ушул токтом "Эркин Too" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын контролдук-ревизиялык топтун жетекчиси А.Т.Асаналиевге Нөлсүн.
Төрага |
Т.Абдраимов
|
ЖАЛПЫ ФИНАНСЫЛЫК ОТЧЕТ
____________________ |
|
(биринчи,экинчи,жалпы,бириктирилген маалымыттар)
ШАЙЛОО ФОНДУНУН КАРАЖАТТАРЫНЫН КЕЛИП ТҮШҮШҮ ЖАНА ЧЫГЫМДАЛЫШЫ ТУУРАЛУУ
_______________________
(талапкердин фамилиясы, аты-жөнү)
________________________________________________________________________________________________
(шайлоо округунун аталышы жана номери,атайын эсептин номери)
Ушул финансылык отчеттогу көрсөтүлгөн маалыматтардын чындыгын тастыктайм, шайлоо фондунан тышкары шайлоо компаниясы уюштурууга жана өткөрүүгө тартылган эмес. _______________________________ _________________ __________________________ (талапкердин фамилиясы, аты-жөнү) (колтамгасы,датасы) (инициалдары,фамилиясы)
Финансылык маселелер боюнча ___________________ _______________________________ ыйгарым өкүл (колтамгасы,датасы) (инициалдары,фамилиясы)
Колтамгасынын биринчи коюу укугу менен __________________ ____________________________
(колтамгасы,датасы) (инициалдары,фамилиясы) |
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн эсепке алуу жана чыгымдоо тартиби жөнүндө
НУСКАМА
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн эсепке алуу жана чыгымдоо тартиби жөнүндө Нускама "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын констиуциялык Мыйзамынын ( мындан ары Мыйзам) 41, 54 - беренелерине ылайык иштелип чыгылган жана Кыргыз республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын акчалай каражаттарынын түшүшүн жана чыгымдалышын, анын ичинде талапкерлердин атайын эсебин ачуу жана жүргүзүүнүн тартибин жөндөйт.
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер көрсөтүлгөндөн кийин 5 календардык күндүн ичинде шайлоо алдындагы өнөктүктү каржылоо үчүн өзүнүн жеке шайлоо фондун түзөт. Шайлоо фондун уюштурган бардык акчалай каражаттар банктагы атайын шайлоо эсебинде эске алынат. Аталган эсеп Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын (мындан ары Борбордук шайлоо комиссиясы) уруксаты менен талапкерге ачылат.
2. Шайлоо фондунун каражаттарын пайдалануу укугу ушул фондду түзгөн талапкерге таандык.
3. Банктык же башка мекемелердин тизмеси, аталган эсепти ачуу жана жүргүзүүнүн тартиби, шайлоо фондунун каражаттары боюнча эсепти жана отчеттуулукту Борбордук шайлоо комиссиясы банктык же башка мекемелер менен макулдашуусу боюнча белгилейт.
4. Бардык акчалай каражаттар шайлоо фондусунун эсебине улуттук валюта менен киргизилет. Чет элдик валюта менен эсепке киргизүүгө тыюу салынат. Аталган эсептер боюнча проценттер кириштелбейт жана төлөнбөйт.
5.Шайлоо фондунун каражаттары максаттуу дайындалат. Алар шайлоо кампаниясын өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды жабууга гана пайдаланылышы мүмкүн.
6.Талапкер өз талапкерлигин алып салган же талапкерди каттоо жокко чыгарылган учурда шайлоо фондуна келип түшкөн акчалай каражаттар аларды берген жарандарга жана уюмдарга кайтарылышы керек. Мында аталган каражаттарды кайтаруу менен байланышкан чыгымдар жарандар жана уюмдар тарабынан жабылат.
7.Талапкерлердин шайлоо фондуларынын каражаттарын түзүүнүн жана чыгымдоонун тартибине көзөмөлдөөнү Борбордук шайлоо комиссиясы ишке ашырат. Тушуу булактарынан, шайлоо фондунун акчалай каражаттарынын так эсебине жана пайдалануусуна, шайлоо күрөөсүн киргизүү жана кайтарууга көзөмөлдү, талапкердин финансылык отчетторун текшерүүнү Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы контролдук - текшерүү тобу ишке ашырат.
8. "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамга ылайык талапкер өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн 5 календардык күндүн ичинде өзүнүн жеке шайлоо фондун түзөт. Талапкерди,талапкерлердин тизмесин каттоодон расмий баш тартылган учурда, шайлоо фондуна келип түшкөн каражаттар аларды кайрымдуулук иретинде берүүнү жана которууну жүзөгө ашырган уюмдарга жана адамдарга кайтарылып берилет. Катталган талапкерлер шайлоо алдындагы үгүттү каржылоо үчүн жеке шайлоо фондунун ачык эсебин жүргүзүүнү уланта беришет.
9.Шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан эске алынуучу үгүттүк-маалыматтык мүнөздөгү материалдардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:
1) эсептик көрсөткүчтөн 15000 эседен ашуусу мүмкүн болбогон, талапкердин өз каражаттарынан;
2) эсептик көрсөткүчтөн 50000 эседен ашуусу мүмкүн болбогон, талапкерге саясий партия тарабынан бөлүнгөн каражаттардан;
3) алардын ар бири эсептик көрсөткүчтөн 50 эседен ашуусу мүмкүн болбогон, жеке жактардын ыктыярдуу берүүлөрүнөн;
4) алардын ар бири эсептик көрсөткүчтөн 5000 эседен ашуусу мүмкүн болбогон, юридикалык жактардын ыктыярдуу берүүлөрүнөн.
10.Талапкердин шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен чыгымдарынын чектелген суммасы эсептик көрсөткүчтөн 500000 эседен ашуусу мүмкүн эмес.
11.Ыктыярдуу берүүлөр деп талапкердин шайлоо фондунун атайын шайлоо эсебине өздүк акчалай каражаттарды киргизүү эсептелет.
12.Белгиленген өлчөмдөн ашык түшкөн акчалай каражаттар шайлоо фондуна киргизилбейт жана аны берген жарандарга жана уюмдарга кайтарылат.
13.Шайлоо фонддоруна төмөнкүлөрдүн ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнө жол берилбейт:
-чет мамлекеттердин, чет өлкөлүк мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана ишканалардын, башка чет өлкөлүк юридикалык жактардын, алардын бөлумдөрунүн жана өкүлчүлүктөрүнүн, катышуучусу чет өлкөлүк жарандар жана юридикалык жактар болуп саналган чет өлкөлүк жарандардын, эл аралык уюмдардын Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жактарынын:
-жарандыгы жок адамдардын;
-мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын;
-мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын;
-уставдык капиталында мамлекеттик же муниципалдык үлүш бар, ошондой эле салыктар, жыйымдар жана башка милдеттүү төлөмдөр боюнча жеңилдиктерден пайдаланган юридикалык жактардынжана башка милдетүү төлөмдөр боюнча жеңилдиктерден пайдаланган юридикалык жактардын;
-аскер бөлүктөрүнүн, аскердик мекемелердин жана уюмдардын;
-укук коргоо органдарынын, соттордун;
-кайрымдуулук менен алектенген уюмдардын;
-диний уюмдардын;
-атын атабай кайрымдуулук кылуучулардын.
14.Атын атабаган кайрымдуулук көрсөткөн жаран деп, эгерде ал төмөндөгү маалыматтардын: фамилиясын, аты - жөнүн, жашаган дарегин көрсөтпөсө же өзү жөнүндө так эмес маалыматтарды көрсөткөн жаран эсптелет.
15.Талапкердин шайлоо фондуна мамлекеттик бюджеттин же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун алдында карызы бар юридикалык жактардын, юридикалык жак түзбөстөн ишкердикти жүзөгө ашыруучу жеке актардын акча каражаттарын кошууларына жол берилбейт. Көрсөтүлгөн юридикалык, жеке жактар шайлоо фондуна акча каражаттарын которгон учурда талапкер жоопкерчилик тартпайт. Эгерде талапкердин шайлоо фондуна жогоруда көрсөтүлгөн жеке жана юридикалык жактар которгон акча каражаттары келип түшкөн учурда, соттун чечими боюнча банк же башка мекемелер, ал каражаттарды Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын фондуна которууга милдеттүү, ал өз кезегинде бул каражаттарды мамлекеттик бюджетке же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна которот.
16. Жеке шайлоо фондун түзүү жана атайын шайлоо эсебин ачуу үчүн талапкер №1 формасы боюнча (тиркелет) атайын шайлоо эсебин ачуу үчүн зарыл документтерди калыптандыруу суроосу менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылууга милдеттүү.
17.Борбордук шайлоо комиссиясынын уруксатын алгандан кийин талапкер өзүнүн жеке шайлоо фондун түзүү үчүн атайын шайлоо эсебин ачууга милдеттүү.
18.Банк талапкерге атайын шайлоо эсебин ачуусу банкка төмөндөгүлөр тапшырылганда токтоосуз ишке ашырылат:
1) талапкердин эсеп ачуу тууралуу арызы;
2) Борбордук шайлоо комиссиясынын №2 формадагы (тиркелет) кат жүзүндөгү уруксаты;
3) финансы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн паспорту же анны алмаштырган документи;
4)талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө Борбордук шайлоо комиссясынын чечиминин көчүрмөсү;
5)нотариалдык бекитилген мөөрдүн чаптама белгиси жана колтамгалардын үлгүлөрү менен карточка;
19.Талапкер атайын шайлоо эсеби ачылгыдан 3 күндүн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясына өзүнүн шайлоо фондусунун реквизиттерин, №3 формада (тиркелет) кат жүзүндө кабарлоого милдеттүү.
20.Талапкер өзүнүн шайлоо фондусун түзүү үчүн бир гана шайлоо эсебин ачууга укуктуу.
21.Эсепти тейлөөнүн бардык шарттары банктык эсепти тейлөөнүн келишиминде чагылдырылышы керек.
22.Эсепти ачуу боюнча банктын кызматына акы төлөнбөйт. Атайын эсепте турган акчалай каражаттарды пайдалануу үчүн банкка проценттер төлөнбөйт
23.Талапкердин шайлоо фондуна ыктыярдуу кайрымдуулуктар жеке жана юридикалык жактардан Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык накталай эмес да, жана накталай эмес да кабыл алынат.
24.Талапкердин тиешелүү шайлоо эсебине жеке жактардан түшкөн ыктыярдуу кайрымдуулуктарды банк мекемелери паспорту же Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алмаштырган башка документти көрсөткөндө гана кабыл алынат. Төлөм документтеринде кайрымдуулук кылгандын фамилиясы, аты жөнү, туулган жылы, жашаган (катталган) дареги көрсөтүлөт жана ал банк кызматкерлери тарабынан паспорттук же аны алмаштырган документтин маалыматтары менен салыштырылат. Накталай акчаларды төккөндүгү тууралуу квитанцияларда кайрымдуулук көрсөткөндүн толук маалыматтары «төлөмдүн дайыны» графасында көрсөтүтөт. Көрсөтүлгөн каражаттарды банктан которууда, талапкердин шайлоо фондусу жайгашкан банк акчалай каражаттарды алууда кайрымдуулук көрсөткөндүн маалыматтары төлөм тапшырмасында толугу менен көрсөтүлүшү зарыл.
25.Талапкердин шайлоо фондусуна юридикалык жактардан келип түшкөн ыктыярдуу кайрымдуулуктар Кыргыз Республикасынын салык кызматынын тиешелүү башкармалыгынан жана Социалдык фонддун бөлүмдөрүнөн,бюджет алдында карызы жок деген маалымат катты көрсөткөндөн кийингана кабыл алынат. Юридикалык жактардын төлөм документтеринде «төлөм дайыны» графасында төмөндөгү маалыматтар камтылышы керек – салык төлөөчүнүн идентификациялык номери, юридикалык жактын толукаталышы, турган дареги.
Шайлоо фонддорунун каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылышы мумкүн:
- шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүгө багытталган уюштуруу-техникалык чараларды финансылык камсыздоого, анын ичинде маалыматтык жана кеңеш берүүчүнүк мүнөздөгү иштерге (кызматтарга) төлөөгө;)
-угүт материалдарын чыгарууга жана жайылтууга;
-талапкердин жалпыга маалымдоо каражаттарында чыгып сүйлөгөндөрүн жана жарыяларды төлөөгө;
-шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү, шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүү; менен байланышкан чыгымдарды төлөөгө;
-шайлоо алдындагы үгүт боюнча максаттуу иш чараларга;
-шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө түздөн түз байланышкан жарандын аткарган эмгегине жана ишине (кызматын) акы төлөөгө;
-өнөктүктү өткөрүү менен түздөн-түз байланыштуу жайларды, жабдууларды ижарага алууга, транспорттук чыгымдарга, иш сапарынын чыгымдарына, байланыш кызматына акы төлөөгө.
-өзүнүн шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүн жүргүзүү менен түздөн түз байланышкан башка чыгымдарды төлөөгө жана кеңсе товарларын сатып алууга.
27.Талапкер белгиленген тартипте кайрымдуулук көрсөткөндөр добуш беруү күнүнө чейин берген жарандардын жана юридикалык жактардын кайрымдуулуктарын пайдаланууга укуктуу.
Талапкерлерге иштерди, кызматтарды, шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүдө, башка шайлоо алдындагы иш - чараларды ишке ашырууда анын шайлоо фондусуна түшкөн каражаттарды төлөөгө пайдаланууга тыюу салынат.
28.Талапкерлер жумасына бир жолудан кем эмес банктын мекемесиндеги өзүнүн шайлоо фондунун эсебине түшкөн акча каражаттарынын өлчөмдөрү жана булактары тууралуу таанышып турууга милдеттүү.
Талапкерлер өзүнүн шайлоо фондусуна түшкөн акча каражаттарынын эсебин №4 формада (тиркелет) жүргүзүүгө милдеттүү.
29.Банктык же башка мекемелер Борбордук шайлоо комиссиясына талапкердин фондусунун атайын шайлоо эсебиндеги каражаттардын түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө №5 форма (тиркелет) боюнча маалымат берип турушат.
Көрсөтүлгөн маалыматтар жумасына бирден кем эмес жолу банктык мекеменин мөөрү жана жетекчисинин колтамгасы менен атайын кагазда берилет, ал эми добуш берүүгө 10 күн калганда 3 операциялык күндө бир жолудан берилип турат. Бул маалыматтарды берүү жөнүндө жобо банктык эсепти тейлөөдөгү келишимге киргизилет.
30. Талапкердин шайлоо фондусунун каражаттарын чыгымдоо боюнча бардык финасылык операциялар шайлоо күнүнүн алдындагы күндө саат 18:00 дө токтотулат.
31.Шайлоо фондунун каражаттарына, көрсөтүлгөн фондко ыктыярдуу юйрымдуулук көрсөтүүлөргө салык салуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.
32. Талапкерлер үчүн жарандар жана юридикалык жактар аткарган төлөнүүчү иштер жана кызматтар жазуу жүзүндө калыптандырылышы керек (келишим, эсеп. акт). Келишимде тараптардын реквизиттери, тапшырылган иштин көлөмү, анын наркы, иштин түрү боюнча баалоолор (калькуляция, смета), акы төлөөнүн тартиби, ишти аткаруунун мөөнөтү, тараптардын жооперчилиги жана башка шарттар камтылышы керек. Талапкерлер жарандарды ишке жана кызматка тартуу жөнүндө келишимдер Кыргыз Республикасынын жашы жеткен жарандары менен гана түзүлүшү мүмкүн.
Аткарылган иштер жана кызматтар кабыл алуу актылары же продүкцияны жөнөтүүгө жана кабыл алууга документтер менен тастыкталышы керек жана аларга заказчынын (талапкердин финансы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн) жана аткаруучунун колтамгалары коюлушу зарыл.
33.Талапкердин шайлоо алдындагы үгүт материалдарын жайгаштыруу жана жайылтуу өндүрүшү менен байланышкан заказдарды калыптандырууда жарандар жана юридикалык жактар мезгилдүү басылмалардын редакцияларына, телеберүү уюмдарына, үгүт продукциясын чыгарылышын ишке ашырган ишканаларга №6 тиркемеде көрсөтүлгөн форма боюнча талапкердин финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ушул иштерди (кызматтарды) аткаруу жана аларды шайлоо фондусунан акы толоо макулдугун тастыктоочу документтерди беришет.
34.Талапкердин шайлоо фондусунун каражаттарынан алдын ала акы төлөөсүз талапкерлердин үгүт басылмаларын даярдоого жана оболук убакыт берүүгө тыюу салынат. Банктын белгиси же кириштелүүчү кассалык ордери менен төлөмдүк (эсептик) документтердин көчүрмөсүн шайлоо алдындагы материалдарды жарыялоого, телерадиоберүү уюму оболук убакытты берүүгө 2 күн калганга чейин берилиши керек. Эгерде жогорудагы шарттар бузулса, телеберүү уюмдарынын каналдарында обо убактысын берүү, мезгилдүү басылмалардын редакцияларында басма аянттарын берүүгө жол берилбейт.
35. Мезгилдүү басылмалардагы бардык материалдарда тиешелүү басма сөз материалдары кайсыл талапкердин шайлоо фондусунан төлөнгөндүгү жөнүндө маалымат жайгаштырылышы зарыл.
36. Атайын эсептердин ичинен төлөмдөр боюнча контракттар же макулдашуулар шайлоо күнүнөн мурдакы күнгө чейин түзүлүшү керек.
37.Жарандар жана юридикалык жактар талапкерге финансылык (метериалдык) колдоону шайлоо фондулары аркылуу гана жүргүзө алышат. Тапапкердин шайлоо алдындагы иш аракетине материалдык колдоону убактылуу пайдаланууга материалдык баалуулуктарды берүү менен ишке ашыруу тиешелүү келишимдерди түзүү жана аны шайлоо фондусунун каражаттары эсебинен төлөө шарттарында гана болушу мүмкүн. Шайлоо менен түз же кыйыр байланышкан иштерди, кызматтарды, товарларды сатууну юридикалык жактардын акысыз аткаруусуна же негизсиз баасын төмөндөтүүгө тыюу салынат. Бардык финансылык операциялар, анын ичинде жеке жана юридикалык жактар менен атайын эсеп боюнча зсептешүүлөр шайлоо күнүнүн алдындагы күндө саат 18: 00 до токтотулат.Талапкер жана юридикалык жактардын ортосундагы белгилүү аткарылган иштерге (кызматтарга) эсептешүүлөр накталай түрдө гана ишке ашырылат.
38.Талапкер каттооого чейин жана берген документтери текшерилгенден кийин өз каражатарынан же шайлоо фондусунун каражаттарынан Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсебине 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн төмөндөгү реквизиттер боюнча төгөт:
Депозит эсептин реквизиттери: эсептин номери: № 1290522382810057
(202805514) «РСК Банк» ААКсынын Бишкектеги филиалы.
БИК 129052. Алуучу: КР Боршайлоокому, №2 Биринчи май РОК
Төлөмдүн дайыны: Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо күрөөсү
39.Шайлоо күрөөсү Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча талапкерге өзүнүн фондусунун булактарын жана өлчөмдөрүнүн отчетторун төлөм (эсептик) документтеринин түп нускасын, ошондой эле бардык өндүрүштүк чыгымдарды көрсөтүп бергенден кийин 10 календарлык күндүн ичинде кайтарылат.
Эгерде добуш берүугө катышкан шайлоочулардын 5 пайыздан кем эмеси анын талапкерлигин колдоп добуш берсе, шайлоо өткөрүлгөндөн кийин төлүнгөн шайлоо күрөөсү талапкерге кайтарылып берилет. Күрөөнүн калган суммасы бюджетке чегерилууго жатпайт жана Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоону даярдоого, өткөрүүгө жана шайлоо тутумун өткөрүндөтүүгө максаттуу пайлаланылат.
40.Күрөөнүн калган суммасы бюджетке чегерилүүгө жатпайт жана Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоону даярдоого, өткөрүүгө жана шайлоо тутумун өтгөрүндөтүүгө максаттуу пайдаланылат.
41. Талапкер борбордук шайлоо комиссиясына шайлоо фондусун түзүүнүн бардык булактары жана өлчөмдөрү, ошондой эле бардык кетирилген чыгымдар (4 жана 7 - тиркемелер) жөнүндө отчет берүүгө милдеттүү.
Отчет кагаз жүзүндө жана электрондук версияда төмөндөгүдөй тартипте берилет:
1) Биринчи финансылык отчет шайлоо күрөөсүн жана каттоо үчүн керектүү башка документтерди киргизгендигин тастыктаган документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына берүү;
2) Финансылык отчет - добуш берүү күнүнөн 10 күндөн кечиктирилбестен;
3) Финансылык отчет - шайлоодон кийин 10 күндөн кечиктилбестен.Отчеттогу маалыматтар отчету берүү датасына 3 күн калганга чейинки датага карата түзүлөт.
Жыйынтыктоочу отчетко төмөнкүлөр кирет:
1) Шайлоо фондунун каражаттарынын түшкөн булактары жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматтар ( №5 форма);
2) Шайлоо фондуна түшкөн каражаттарды жана чыгымдоону тастыктаган алгачкы финасылык документтер.
Шайлоо алдындагы бардык басма сөз, угууучу жана көрүүчү ж.б. үгүт материалдарына заказ берген жана даярдаган уюмдун (адамдын) жайгашкан орду (жашаган жеринин дареги) жөнүндө маалыматтар менен бардык нускалар жана көчүрмөлөр. Техникалык мүмкүнчүлүктөр болбой калган учурда үгүт материалдары фото көчүрмө түрүндө берилет.
42.Алгачкы финансылык документтер жыйынтыктоочу отчетто атайын шайлоо эсебиндеги финансылык операцияларда чагылдырылган тартипте түзүлүүүтө тийиш. Мыйда шайлоо фондусунун атайын эсебинин көчүрмө жазуулары, ага акча каражаттарын кошуу же чыгарып салууга тиркелген документтер негиз болот.
43.Жыйынтыктоочу финансылык отчет китепче түрүндө, барактары, тиркемелери номерлер коюлуп берилиши керек. Маселелер пайда болгон учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын суроосу боюнча талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү финансылык отчетко жазуу жүзүндөгү түшундурмөнү кошуп беришет.
44.Финансылык отчетко финансы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кол коет. Талапкердин Борбордук шайлоо комиссиясына жыйынтыктоочу финансылык отчетторду берүүсү кабыл алуу актысы кенен калыптандырылат.
45.Жыйынтыктоочу финансылык отчетторду тапшырганга чейин талапкерде калган бардык нак каражаттар тиешелүү атайын шайлоо эсебине кайтарылышы керек.
46.Талапкердин эсебиндеги акчалай каражаттардын калдыктары аларга Борбордук шайлоо комиссиясынын уруксаты менен финансылык отчетту бергенге чейин уюмдар жана адамдар шайлоо фондуна кайрымдуулугуна жана которуусуна карата пропорционалдуу бөлүштүрүлүп кайтарылат.
Аталган суммаларды кайтаруу байланыш ишканаларынын аларды жөнөтүүгө кетирген чыгымдарын алып салуу менен жүргүзүлөт. Шайлоонун жыйынтыктары жарыялангандан кийин 20 календарлык күн өткөндөн кийин эсепте калган каражаттардын суммасын банк же башка мекеме мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө чегерет.
47.Финансылык отчету тапшыруу милдети финансы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлгө жүктөлөт.
48.Шайлоо фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бузуудагы, аталган нускамада белгиленген формада отчеттуулукту өз убагында тапшырбоо, отчеттордо так эмес маалыматтарды берүү жоопкерчилигин талапкердин финансы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - шайлоо фондунун каражаттарын тескөөчү өкүл тартат.
49.Эгерде талапкер өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоодо шайлоо фондунун каражаттарынан, башка каражаттардан сырткары талапкердин шайлоо фондусуна түшкөн жалпы акча каражаттарынан 0,5 пайызын түзгөн акчалай каражаттарды пайдаланса же талапкердин шайлоо фондунун каражаттарынын чыгымдары белгиленген чектен 0,5 пайыздан ашып кеткенде Борбордук шайлоо комиссиясы же сот добуш берүү күнүнө 3 календарлык күн калганга чейин талапкерди каттоону жокко чыгарууга укуктуу.
50.Бузуу фактысын белгилоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы көмөктөшүү үчүн мамлекеттик бийлик органдарына, укук коргоо органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мекемелерге, уюмдарга, ишканаларга кайрылууга укуктуу.