Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 5-сентябры № 229
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоодон баш тартуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53-беренесинин 7-бөлүгүн 4-пунктуна ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайлоо фондусун түзбөгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна көрсөтүү ниетин билдиришкен төмөндөгү Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоодон баш тартылсын:
- Асылбеков Куттубек Бообекович;
- Вердикеев Бийназар Акбаралиевич;
- Дыйканбаев Толан;
- Рустенбеков Жаныш;
- Кенжекулов Полотбек Пирмаматович;
- Кулуев Мадияр Раимбекович;
- Осоев Арстанбек;
- Парманов Алмаз Аттокурович;
- Садыков Айбек Таджибаевич;
- Сулаймаикулов Нишанбай Турабекович;
- Турдумалиев Сазыкбай.
2. 1-пунктта көрсөтүлгөн адамдарга ушул токтомдун көчүрмөсү берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жаан текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрагасы |
Т.Абдраимов
|