Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 6-сентябры № 232
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер М .Р.Кулуевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарымдарын токтотуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 9-бөлүгүнө . "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7- беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 2011-жылдын 5-сентябрындагы №229 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликтен баш тартуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер М.Р.Кулуевдин төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарымдары токтотулсун:
-Мадишон Советбек Женишбековичтин;
-Кудуретов Шамшидин Маннаповичтин.
2.2011-жылдын 29-августунда Мадишов Советбек Женишбековичке жана Кудуретов Шамшидин Маннаповичке берилген № 1 жана № 2 каттоо күбөлүктөрү жараксыз деп табылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |