Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 6-сентябры № 233
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ж.С.Рустембековдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарымдарын токтотуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 9-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 2011-жылдын 5-сентябрындагы № 229 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликтен баш тартуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ж.С.Рустенбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү Рустембеков Мухутдин Сарыбагышевичтин ыйгарымдары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. 2011-жылдын 10-августунда Рустембеков Мухутдин Сарыбагышевичке берилген N 1 каттоо күбөлүгү жараксыз деп табылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жама текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрагасы |
Т.Абдраимов |