Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 6-сентябры № 234
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.А.Турдумалиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнун ыйгарымдарын токтотуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 9-бөлүгүнө . "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 2011-жылдын 5-сентябрындагы №229 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликтен баш тартуу жөнүндо" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.А.Турдумалиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү:
- Исакова Гулмира Шакирзаевнанын;
-Уметбаев Шамил Мелисовичтин;
- Турдумалиев Кайрат Сазыкбаевичтин;
- Ашкеева Жаркынгуль Кыдыковнанын;
-Муратбеков Туркмен Кулчороевичтин
ыйгарымдары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөндөргө 2011-жылдын 22-июлунда берилген №№ 1. 2. 3. 4. 5 күбөлүктөрү жараксыз деп табылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |