Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 6-сентябры № 238 токтому
Шайлоочунун шайлоочулардын тизмесинде бар болгондугу жөнүндө кабарлоо формасын бекитүү
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 2-бөлүгүн, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана рефрендум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайлоочунун шайлоочулардын тизмесинде бар болгондугу жөнүндө кабарлоо формасы бекитилсин (тиркелет).
2. Ушул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жайгаштырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.К.Джурабаевага жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдраимов |
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын –сентябрындагы № 238 токтому менен бекитилген |
2011-жылдын 30-октябры-Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо күнү Озүңүздү шайлоочулар тизмесинен текшериңиз |
КАБАРЛОО Урматтуу________________________________________ (Ф.А.Ж.) Сиз Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоосуна катышуу үчүн шайлоочулардын тизмесине киргизиңиз. № __________________________ шайлоо участогу (участоктун аталышы)
Дареги ____________________________________________ (шайлоо участогунун дареги)
Шайлоо участогунун иш тартиби саат 09.00 саат 17.00 чейин
Сизди шайлоочулардын тизмесинен өзүңүздү текшерүүгө жана жеке маалыматтарыңызды тактоого чакырабыз. Жаныңызда Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту бар болуусу зарыл (ID-карта, паспорт каттоосу менен).
Учаткалык шайлоо комиссиясы |
Шайлоочулар үчүнЭСКЕРТМЕУрматтуу шайлоочу! Сиз 2011-жылдын 20-октябрына чейин укуктуусуз:
Сиз катталган шайлоо участкасынын шайлоочулар тизмеси менен таанышууга; Сиз жөнүндөгү маалыматтардын жоктугу тууралуу участкалык шайлоо комссиясына жазуу түрүндө кайрылууга; Шайлоочулар тизмесиндеги жеке маалыматтарыңызды кайсы болбосун ката же тактык эместиги тууралуу учаскалык шайлоо комиссиясына жазуу түрүндө кайрылуга; Шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниети жөнүндө Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсүнүн тиркемеси менен жазуу түрүндө кайрылууга (ID- карта). 2011-жылдын 20-октябрында участалык шайлоо комиссиясы шайлоочулардын арыздарын кабыл алууну токтотот.Шайлоо үчүн шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандар гана добуш укугуна ээ боло алышат.Кошумча тизме боюнча добуш берүү болбойт.Участкалык шайлоо комиссиясы | |