Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 8-сентябры № 245
2011-жылдын 30-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо эл аралык байкоочунун күбөлүгү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүн, "2011-жылдын 30-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочулардын ыйгарым укуктарынын, статусунун жана ишмердүүлүгүнүн тартиби жөнүндө" Жобонун 3-бөлүгүнүн 3, 4-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо эл аралык байкоочунун күбөлүгүнүн үлгүсү бекитилсин (№ 1, 2 тиркемелер).
2. Эл аралык байкоочунун күбөлүктөрүн даярдоо иштерин аккредитация боюнча келип түшкөн арыздарга ылайык Шайлоо технологиялар бөлүмү уюштурсун.
3. Аталган токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Абдраимов |
| Тиркеме № 1 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-сетябрындагы № 245 токтому менен бекитилген |
(мамлекеттик тилме)
| Тиркеме № 2 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-сетябрындагы № 245 токтому менен бекитилген |
(расмий тилде)
2011-жылдын 30-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо эл аралык байкоочунун күбөлүгүн сүрөттөө
Эаралык байкоочунун күбөлүгү-анан статусун ырастаган документ.Күбөлүк типтүү (жашыл) 125x100 мм.өлчөмдөгү бланкта, (экитараптуу) кыргыз жана орус тилдеринде калыптандырылат, реквизиттер үлгүдө көрсөтүлдү.
Тексттин эң жогорку жагынд: Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо.Тексттин алдында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо өткөрүү датасы.
Солдогу жогорку бурчта Кыргыз Республикасынын Герби. Оң жактагы жогорку бурчта Кыргыз Республикасынын Желеги.
Андан ары күбөлүктө анын номери, күбөлүктүн колдонуудагы шарттары, бланктын борборунда КР БШК логотипи, андан кийин бланктын ортосунда: «Эл аралык байкоочу», эл аралык байкоочунун фамилиясы, аты-жөнү, көрсөткөн уюмдун аталышы, КР БШК төрагасынын колтамгасы, ал КР БШКнын тегерек гарб мөөрү менен күбөлөндүрөт, бланктын акырында күбөлүктүн колдоонуу мөөнөтү көрсөтүлөт.