Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 12-сентябры № 249
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Н.А.Мотуевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарымдарын токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Н.А.Мотуевдин 2011-жылдын 28-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына берген арызынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 19-беренесинин 9-бөлүгүн жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер П.А.Мотуевдин төмөндөгү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарымдары токтотулсун:
- Санаров Жунус Ахматович;
- Азабаев Пурбек Жумашевич;
- Касымов Тимур Жоомартович;
- Каратаев Таштан Жакыпович;
- Касымов Талант Галмурзаевич;
- Жоошбаев Назаркул Чоконович;
- Мамытов Ишенбек Туткутович;
- Амикин Дмитрий Аркадьевич;
- Рысалиева Кайркуль Тезекпаевна;
- Абдажамаров Эрлан Асыралиевич;
- Алияскаров Бактыбек Шарыпбекович.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
3. Ушул токтом аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Абдраимов |