Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 14-сентябры № 256
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.И.Асанбековдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыйгарымдары мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.И.Асанбековдуи 2011-жылдын 13-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына берген кабар катынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешимин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 8-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын жетекчиликке алып. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.И.Асанбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү Рашитбек Таабалдиевич Алмаматовдун ыйгарымдары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Рашитбек Таабалдиевич Алмаматовго 2011-жылдын 17-августунда берилген №8 каттоо күбөлүгү жараксыз деп табылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Абдраимов |