Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-сентябры № 259
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 20-майындагы № 49 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын референдумдарына катышуучуларын, шайлоочуларды эсепке алуунун Мамлекеттик тутуму жөнүндө" Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 14-беренесинин 6-бөлүгүнүн 2-абзацын, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 3 пункттарын жетекчиликке алып, шайлоочулардын эсепке алуунун бирдиктүү тутумун колдонуу менен шайлоочулардын тизмесин түзүү үчүн маалыматтарды берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайлоочулар жөнүндө маалыматтардын бирдиктүү формасы" № 6 Формасы бекитилсин (тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары шайлоолорду уюштуруу боюнча аймактык шайлоо комиссиясы (ТИМ) Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары түзүлгөн ар бир шайлоо участка боюнча Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жактарда жашаган же жүргөн, консулдук тарабынан эсепке алынган Кыргыз Республикасынын жарандары жөнүндө маалыматтарды № 6 Форма, ар бир шайлоочунун паспортунун көчүрмөсү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына 2011-жылдын 15-октябрына чейин тапшырсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.К.Джурабаевага жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Абдраимов |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 16-сентябрында № 259 токтому менен бекитилсин № 6 Форма |
Кыргыз Республикасынын ТИМмне ар бир жылдын 15-январында жана 15-июлунда тапшырылсын |
|
______________________________________________________________________Кыргыз Республикасынын элчиси
№ к/н | Фамилиясы,аты-жөнү | Туулган жылы (каттоо учурунда 18 жаш курагына жеткендерге кошумча туулган күнү жана айы) | Кыргыз Республикасынын социалдык фондусунун жеке идентификациялык номуру (ЖИН) | Паспортунун сериясы жана номуру | Кыргыз Республикасында акыркы каттоосу жөнүндө маалыматтар | Өзгөчө белгилери |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгүнүн, консулдук мекемесинин жетекчиси |
|
М.О. ________________________________________________________
(колтамгасы) (фамилиясы, аты-жөнү)