Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-сентябры № 260
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоочулардын тизмелеринин формаларын бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 35-беренесинин 5-бөлүгүнүн, 14-беренесинин 7, 8-бөлүктөрүнө "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 3, 15-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында жалпыга тааныштыруу үчүн шайлоочулардын тизмесинин таризи бекитилсин (1-тиркеме).
2. Кыргыз Республикасынын аймагында жалпыга тааныштыруу үчүн шайлоочулардын тизмесинин таризи бекитилсин (2-тиркеме).
3. Кыргыз Республикасынын аймагында добуш берүү үчүн шайлоочулардын тизмесинин таризи бекитилсин (3-тиркеме).
4. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде добуш берүү үчүн шайлоочулардын тизмесинин таризи бекитилсин (4-тиркеме).
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.К.Джурабаевага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |