Загрузка документа…
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2017-жылдын 3-августундагы ПЖ № 320 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-сентябры № 261
"Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого добуш берүүнү уюштуруу, анын тартиби жана жыйынтыктарын аныктоо жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 6-главасын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого добуш берүүнү уюштуруу, анын тартиби жана жыйынтыктарын аныктоо жөнүндө" Жобо бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасында жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Абдраимов |