Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-сентябры № 270
Аскарбек Мусаевич Абышевди Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке каттоодон баш тартуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53-беренесинин 7-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 52-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык,"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна көрсөтүү ниетин билдирген Аскарбек Мусаевич Абышев Кыргыз Республикасынын Президентине талапкерликке колдоодогу шайлоочулардын так кол тамгаларынын жетишсиз санын бергендигине байланыштуу аны Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке каттоодон баш тартылсын.
2. Аскарбек Мусаевич Абышевге ушул токтомдун көчүрмөсү берилсин.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |