Редакцияот 30.11.2006
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары2006-жылдын 30-ноябры № 192                     КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ              Вашингтон шаарында 1973-жылдын 3-мартында кол             коюлган жапайы фаунанын жана флоранын жоголуу        коркунучунда турган түрлөрүн эл аралык соодалоо боюнча              конвенцияга (CITES) Кыргыз Республикасынын                           кошулуусу жөнүндө 2006-жылдын 19-октябрында                Кыргыз Республикасынын Жогорку                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган      1-статья.      Кыргыз Республикасы  Вашингтон шаарында 1973-жылдын 3-мартында колкоюлган Жапайы фаунанын жан флоранын жоголуу коркунучунда турган түрлө-рүн эл аралык соодалоо боюнча Конвенцияга (CITES) кошулсун.       2-статья.      Ушул Конвенциянын  жоболорун  ишке ашырууда Кыргыз Республикасынынайлана-чөйрөнү коргоо боюнча органы Кыргыз Республикасынын  администра-циялык органы болуп саналат.     Ушул Конвенциянын  жоболорун  ишке ашырууда Кыргыз РеспубликасынынУлуттук илимий  академиясы  Кыргыз  Республикасынын илимий компетенттүүорганы болуп саналат.       3-статья.      Кыргыз Республикасынын   Өкмөтү   Вашингтон   шаарында 1973-жылдын3-мартында кол коюлган Жапайы фаунанын жан флоранын жоголуу коркунучун-да турган түрлөрүн эл аралык соодалоо боюнча Конвенцияга (CITES) кошул-гандан кийин  Кыргыз  Республикасынын мүчөлүк акыларын каржылоону кара-сын.       4-статья.      Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз РеспубликасыВашингтон шаарында  1973-жылдын  3-мартында кол коюлган Жапайы фаунанынжан флоранын  жоголуу  коркунучунда  турган түрлөрүн эл аралык соодалообоюнча Конвенцияга (CITES) кошулганы жөнүндө грамотаны депозитарий-мам-лекет болуп саналган Швейцария Конфедерациясына депонирлесин.       5-статья.      Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.       Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев