Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-сентябры № 309
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К.Ташиевдин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентин кызмат ордуна талапкер К.К.Ташиевден Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына келип түшкөн документтерди карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесинин 2-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К.Ташиевдин ишенимдүү адамдары болуп:
- Орозалиев Амангелди Атагельдиевич, 1950-жылы туулган, "Ак-Тилек" АК жетекчиси;
- Кененбаева Эркайым Мамытказымовна, 1976-жылы туулган, Талас агрардык экономикалык колледжинин лаборанты;
- Асыранкулов Таалайбек Дилдегазиевич, 1963-жылы туулган, жеке ишкер;
- Алыбаев Кулус Сейдалиевич, 1962-жылы туулган, дыйкан чарбасынын жетекчиси;
- Эрдешов Дайырбек Жолчубекович, 1973-жылы туулган, дыйкан чарбасынын жетекчиси;
- Минбаев Мухаммедали Абдиллаевич, 1982-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
- Кушматов Үсөнбай Өзгөнбаевич, 1986-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
- Абдувалиев Октябрь Нарбаевич, 1977-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
- Бердигулов Бекмырза Турдиевич, 1952-жылы туулган, "АББА-АДА" ЖЧК директору;
- Осмонона Гулниса Кадырбаевна, 1965-жылы туулган, "Кылым Муза" ЖЧК бухгалтери;
- Парманов Аалам Мийзамидинович, 1957-жылы туулган, "Нойгут Ак-Бата" коомдук бирикмесинин президенти;
- Ырысбеков Кутманбек Шабданович, 1954-жылы туулган, "Восток строй инвест" ЖЧК башкы директору;
- Яркулов Уринбай Утаевич, 1968-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
- Моноев Леанбай, 1968-жылы туулган, "Улан дүкөнү" МИ директору;
- Шеров Бакытбек Адамалиевич, 1979-жылы туулган, убактылуу иштебейт, катталсын.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К.Ташиевдин ишенимдүү адамынын күбөлүгү берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |