Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-сентябры № 314
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын, Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын, Чүй облусунун Жайыл, Панфилов, Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын, Нарын облусунун Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын, Бишкек шаарынын Свердлов аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 4, 7, 8, 15, 16-бөлүктөрүнө, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1,2,6-пункттарына жана 2011-жылдын 8-июлундагы "Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын N 7 токтому менен бекитилген Жобого ылайык, Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын жыйналышынын протоколунун жана Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын кызматтык катынын, Панфилов району боюнча "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын координаторунун арызынын негизинде; Р.Ш.Хаирнасовдон, Ж.Н.Бармалаевден, А.Ж.Жоробаевадан, М.А.Калыковдон, А.К.Ибраймалиевадан, Э.Д.Эшамкуловдон, А.Рахманбердиевадан, А.Ж.Абдылдаевден, Д.К.Акматовдон келип түшкөн арыздарынын, ошондой эле 2011-жылдын 22 жана 23 июлунда өткөрүлгөн чучукулактын протоколдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- "Мекен ынтымагы" саясий партиясынан Хаирнасов Равшан Шайдуллаевич комиссиянын курамынын мүчөлүгүнөн чыгарылсын;
- "Республика" саясий партиясынан Капаров Аллаберген Мантыбаевич резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
2. Жалал-Абад облусунун Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Бармалтаев Жолдошали Нурматович комиссиянын курамынын мүчөлүгүнөн чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Жоробаева Аида Жаныбековна комиссиянын резервинен чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Мейманкулова Зейнат Аскаровна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
3. Ошоблусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- "Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясы" саясий партиясынан Калыков Нургазы Акжолович комиссиянын курамынын мүчөлүгүнөн чыгарылсын;
- "Эл үчүн" саясий партиясынан Абдыкеримов Таалайбек Абдиламитович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
4. Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын резервине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Ибраймалиева Айсулуу Камчыбековна комиссиянын резервинен чыгарылсын.
5. Чүй облусунун Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынан Рахманбердиева Айша комиссиянын курамынын мүчөлүгүнөн чыгарылсын;
- "Улуу Биримдик" улутчул-демократиялык партиясынан Эшманкулов Элдос Дамирович комиссиянын резервинен чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Шаршенбиева Асель Асылбековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
6. Чүй облусунун Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Кемелов Нурланбек Зарлыкович комиссиянын курамынын мүчөлүгүнөн чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Макешев Курманбек резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
7. Нарын облусунун Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Абдылдаев Акылбек Жашылович комиссиянын курамынын мүчөлүгүнөн чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Исмаилова Тынара Койчукеевна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
8. Бишкек шаарынын Свердлов аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- "Республика" саясий партиясынан Акматов Даир Казакбаевич комиссиянын курамынын мүчөлүгүнөн чыгарылсын;
- "Кыргызстан коммунисттеринин партиясы" саясий партиясынан Мойноков Алымбек резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
9. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.
10. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |