Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-сентябры № 316
Талас облусунун Кара-Буура районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
"Жергиликтуү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-берёнсинин 2-бөлүгүнө, 49-беренсинин 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2011-жылдын 29-августундагы токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Талас облусунун Кара-Буура районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2011 -жылдын 16-октябрына дайындалсын.
2. Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.
3 Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жарыялансын
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |