Редакцияот 01.10.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2011-жылдын 1-октябры № 322

Ош шаарынын шайлоо участкаларынын номерлеринин өзгөрүлүшү жөнүндө

Ош облусунун Кара-Суу районунун жана Ош шаарынын номер № 5500 менен № 5501 шайлоо участкаларынын номерлери кайталанып калып алар референдумдун катышуучуларынын жана шайлоочулардын санын эсебин жүргүзүүнүн Бирдиктүү системасын түзүүгө кыйынчылыктарды алып келип жаткандыктан, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 7-беренесине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-бенесинин 1-бөлүгүнүн 2.3-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Ош шаарынын номер № 5500 шайлоо участкасынын номери № 5900, № 5501 участкасы № 5901 деп өзгөртүлсүн.

2. Ушул токтомдун көчүрмөсү Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппараты ушул токтомдон келип чыккан керектүү чараларды кабыл алсын.

4. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

5. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Абдраимов