Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 1-октябры № 323
2011-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,21-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .Эл аралык байкоочулардын өкүлдөрү катары төмөнкүлөр аккредиттелсин:
- Кыргыз Республикасындагы Түркиянын элчилиги (№ 1 тиркеме);
- Беларусь Республикасынын Шайлоолорду жана республикалык референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (№ 2 тиркеме);
- Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясы (№ 3 тиркеме);
- ЕврАзЭСтин Парламенттер аралык Ассамблеясы (№ 4 тиркеме);
- Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюро (БДИПЧ/ОБСЕ) (№ 5 тиркеме).
2. Эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жиберилсин.
4. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү А.Ж.Баялиновго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |