Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 2-октябры № 326
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке Абышев Аскарбек Мусаевичти каттоодон баш тартуу жөнүндө
Тил боюнча комиссиясынын корутундусунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53-беренесинин 7-бөлүгүнүн 1-пунктун, 51-беренесинин 1-бөлүгүн, 50-беренесинин 3-бөлүгүн, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер болуу ниети жөнүндө арыз тапшырган Абышев Аскарбек Мусаевич мамлекеттик тилди билбейт деп таанылсын.
2. Мамлекеттик тилди билбегендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Абышев Аскарбек Мусаевичти каттоодон баш тартылсын.
3. Абышев Аскарбек Мусаевичке ушул токтомдун көчүрмөсү берилсин.
4. Ушул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |