Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 2-октябры № 327
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо жөнүндө
Тил боюнча комиссиясынын корутундуларынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 51-беренесинин 1-бөлүгүн, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна төмөндөгү талапкерлер мамлекеттик тилди билет деп таанылсын:
- Айтиккев Акбаралы Ысырайылович;
- Сооданбеков Уланбек Салмоорбекович;
- Арабаев Калыбек;
- Уметалиева Токтайым Жумаковна;
- Тюлеев Нариман Ташболотович.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна жогоруда көрсөтүлгөн талапкерлерге ушул токтомдун көчүрмөсү берилсин.
3. Ушул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |