Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 6-октябры № 334
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.Э.Осмоновдун ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.Э.Осмоновдон Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына келип түшкөн документтерди карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесинин 2-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.Э.Осмоновдун ишенимдүү адамдары болуп төмөнкү адамдар катталсын:
- Джакыпов Муратбек Токтонасарович, 1972-жылы туулган, пенсионер;
- Касымов Камбарали Жолотаевич, 1952-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
- Хегай Эдуард Владимирович, 1967-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын таэквондо федерациясынын Президенти;
- Мамбеталиев Азамат Доктурбекович, 1983-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын таэквондо федерациясынын башкы судьясы;
- Бойко Андрей Владимирович, 1981-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
- Мамажанова Мухаббат Хакимжановна, 1958-жылы туулган, убактылуу иштебейт.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.Э.Осмоновдун ишенимдүү адамынын күбөлүгү берилсин.
3. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |