Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 6-октябры № 345
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер болуп катталган А.Ш.Атамбаевдин ишенимдүү адамынын ыйгарымдарын токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер болуп катталган А.Ш.Атамбаевден Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2011-жылдын 2-сентябрында келип түшкөн кабарлоосун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесинин 7-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 1-сентябрындагы N 321 токтому менен Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер болуп катталган А.Ш.Атамбаевдин ишенимдүү адамы болуп катталган 1975-жылы туулган, "Айат" газетасынын башкы редактору Мусабекова Жылдыз Аманбековнанын ыйгарымдары токтотулсун.
2. Мусабекова Жылдыз Аманбековнага 2011-жылдын 1-сентябрында берилген N 5 күбөлүгү жараксыз деп табылсын.
3. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |