Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 7-октябры № 347
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Султанов Марат Абдыразаковичти каттоосун алып салуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке катталган Султанов Марат Абдыразаковичтен 2011-жылдын 3-октябрында келип түшкөн арызын карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53-беренесинин 9-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктун, 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 22-сентябрындагы № 278 токтому менен Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер болуп катталган Султанов Марат Абдыразаковичтин каттоосу алып салынсын.
2. Султанов Марат Абдыразаковичке 2011-жылдын 22-сентябрында берилген Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин № 4 күбөлүгү жараксыз деп табылсын.
3. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |