Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 7-октябры № 350
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Ш.Атамбаевдин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Ш.Атамбаевден Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына келип түшкөн документтерди карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесинин 2-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Ш.Атамбаевдин ишенимдүү адамдары болуп төмөндө көрсөтүлгөн адамдар катталсын:
- Султанов Махамадали Кадирович, 1956-жылы туулган, пенсионер;
- Нурмаматов Турсун, 1947-жылы туулган, пенсионер;
- Чалбаев Азат, 1955-жылы туулган, "Азатторг"
- Арым Кубат Актан, 1957-жылы туулган, кинорежиссер;
- Султаналиев Туруспек Оморович, 1956-жылы туулган, жеке ишкер;
- Азизов Торобек Асанбекович, 1957-жылы туулган, отставкадагы полковник;
- Штанько Александр Ефимович, 1947-жылы туулган, "Житница" а/ч төрагасы;
- Омурканов Анатай, 1945-жылы туулган, пенсионер.
2. Тиркемеде көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Ш.Атамбаевдин ишенимдүү адамынын күбөлүгү берилсин.
3. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |