Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 7-октябры № 351
Чүй областтык шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 20-майындагы № 13 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө
Н.Ж.Кудайбергеновдун 2011-жылдын 14-июнундагы даттануусундагы иштин абалын изилдеп чыгып, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пунктун, 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй областтык шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 20-майындагы № 13 чечиминин 1-пункту жокко чыгарылсын.
2. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |