Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 10-октябры № 354
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К.Ташиевдин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К.Ташиевден Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына келип түшкөн документтерин карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 20-беренесинин 2-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К.Ташиевдин ишенимдүү адамдары болуп ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн адамдар катталсын.
2. Ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К.Ташиевдин ишенимдүү адамынын каттоо күбөлүгү берилсин.
3. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин берген документтерин кабыл алуу жаша текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |