КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 10-октябры № 358 токтому
Кыргыз Республикасынын Президентин 2011-жылдын 30-октябрындагы шайлоодогу шайлоо бюллетенинин текстин жана формасын, даярдоонун тартибин, шайлоо бюллетендерин басуу мезгилинде «Учкун» ААКнын офсеттик цехинин ишинин өзгөчө режимин, даярдоонун технологиялык процессин жана төмөн турган шайлоо комиссияларына бюллетендерди берүүсүн бекитүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 30-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 2, 15-бөлүктөрүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентин 2011-жылдын 30-октябрында шайлоодогу шайлоо бюллетенинин тексти жана формасы (№ 1 тиркеме) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу шайлоо бюллетендерин даярдоо тартиби (№ 2 тиркеме) бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу шайлоо бюллетендерин «Учкун» ААКда даярдоонун технологиялык процесси (№3 тиркеме) бекитилсин.
4. Шайлоо бюллетендерин «Учкун» ААКда даярдоо мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана аппаратынын кызматкерлеринин дежур болуу графиги (№ 4 тиркеме) бекитилсин.
5. Шайлоо бюллетендерин басуу мезгилинде 2011-жылдын 10-октябрынан 19-октябрына чейин «Учкун» ААКнын ишинин өзгөчө режими (№ 5тиркеме) бекитилсин.
6. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоо документтерин жеткирүүнүн тартиби (№ 6 тиркеме) бекитилсин.
7. Шайлоо бюллетендердин нускасы 2 870 000 даана санында аныкталсын.
8. Ушул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн
Төрага | Т.Абдраимов |