Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-октябры № 359
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкер А.Ш.Атамбаевдин ишенимдүү адамынын ыйгарымдарын токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Ш.Атамбаевден Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2011-жылдын 10-октябрында келип түшкөн билдирүүсүн карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесинин 7-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Ш.Атамбаевдин ишенимдүү адамы болуп Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 6-октябрындагы № 335 токтому менен катталган 1978-жылы туулган, убактылуу иштебеген Солтонбекова Алиса Карыпбековнанын ыйгарымдары токтотулсун.
2. Солтонбекова Алиса Карыпбековнага 2011-жылдын 6-октябрында берилген № 35 күбөлүгү жараксыз деп табылсын.
3. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |