Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 13-октябры № 363
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К.Ташиевдин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К.Ташиевден Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына келип түшкөн документтерин карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 20-беренесинин 2-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жапа референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К.Ташиевдин ишенимдүү адамдары болуп төмөндө көрсөтүлгөн адамдар катталсын:
- Рысалиев Иманкадыр Зарлыкович, 1957-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
- Козукеев Рахматулла Туткучович, 1954-жылы туулган, областтык филармониянын солисти;
- Уркунов Куватбек, 1948-жылы туулган, пенсионер;
- Малабаев Абдымомун, 1953-жылы туулган, Өзгөн университетинин технология жана билим берүү институтунун мугалими;
- Мурзамамытов Авыт, 1943-жылы туулган, пенсионер;
- Федченко Григорий Гаврилович, 1951-жылы туулган, "Даним" дыйкан чарбасынын мүчөсү.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К.Ташиевдин ишенимдүү адамынын каттоо күбөлүгү берилсин.
3. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин берген документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |