Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз
Каталог/Токтом
ТоктомКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-мартындагы № 173 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-апрелиндеги № 238 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун жана райондордун акимдеринин резервдик фондору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтому

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ 173
Кабыл алынган
2020-жылдын 19-марты
Чыгарган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

Реестрде

Редакциялар
2
Минюст коду
199953

Минюсттун расмий барагы

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 87 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2020-жылдын 19-марты № 173

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-апрелиндеги № 238 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун жана райондордун акимдеринин резервдик фондору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирустун кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-апрелиндеги № 238 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун жана райондордун акимдеринин резервдик фондору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) мамлекеттик тилдеги аталышынын текстиндеги "фондору" деген сөз "фонддору" деген сөз менен алмаштырылсын;

2) аталышындагы жана 1-пунктундагы "жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун жана райондордун" деген сөздөр "Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын райондорунун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

3) 2-пунктунун экинчи абзацындагы "жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун жана райондордун акимдеринин резервдик фондору жөнүндө жободо:

- мамлекеттик тилдеги аталышынын текстиндеги "фондору" деген сөз "фонддору" деген сөз менен алмаштырылсын;

- аталышындагы жана 1-пунктундагы "жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун жана райондордун" деген сөздөр "Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын райондорунун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 2 жана 3-пункттарындагы "Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 3-пунктунун 1-пунктчасынын үчүнчү абзацындагы "облустардын губернаторлорунун" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 3-пунктунун 2-пунктчасынын экинчи абзацындагы "облустардын губернаторлорунун резервдик фонддору" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фонду" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 5-пунктунддагы "жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 6-пунктундагы "Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары - облустардын губернаторлору" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

"- эпидемиялык кырдаалдын пайда болуу коркунучуна жол бербөөгө байланыштуу иш-чараларды каржылоого;".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 3-апрелиндеги N 32 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

М.Абылгазиев

 

 

 

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.