Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 18-октябры № 372
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерА.Ш.Атамбаевдин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Ш.Атамбаевден Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына келип түшкөн документтерди карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесинин 2-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Ш.Атамбаевдин ишенимдүү адамдары болуп төмөнкү адамдар катталсын:
- Тищенко Станислав Николаевич, 1953-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
- Кадралиев Тойчубек Канаевич, 1960-жылы туулган, "Тянь-Рун" ЖЧК директору;
- Бекназаров Акбарали Козибаевич, 1963-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
- Мамыров Раимбек Сатыкулович, 1954-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
- Айтматов Крустан Бекиевич. 1967-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
- Дыйканов Примберди Аширбекович, 1957-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
- Момокбаев Кадырбай Бакасович, 1962-жылы туулган, убактылуу иштебейт.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Ш.Атамбаевдин ишенимдүү адамынын күбөлүгү берилсин.
3. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов
|