КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 18-октябры № 373
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К.Ташиевдин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К.Ташиевден Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына келип түшкөн документтерди карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесинин 2-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К.Ташиевдин ишенимдүү адамдары болуп төмөнкү адамдар катталсын:
- Бекболотов Эркинбай, 1939-жылы туулган, пенсионер;
- Жолдошбаев Абдилмажит, 1959-жылы туулган; убактылуу иштебейт;
- Тыналиева Зуура Мусаевна, 1958-жылы туулган, жеке ишкер;
- Дуйшеев Райимжан, 1955-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
- Ызаканов Мамбеталы Жаркынбаевич, 1970-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
- Шакиев Жыргалбек Тургунбекович, 1979-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
- Момунов Эркинбай Асанович, 1964-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
- Джумагазиева Айнура Сагыновна, 1969-жылы туулган, "Авиа-Комбитур" ЖЧКнын башкы директору;
- Кукенова Махабия Ибраевна, 1961-жылы туулган, убактылуу иштебейт.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К.Ташиевдин ишенимдүү адамынын күбөлүгү берилсин.
3. Ушул токтом "'Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |