Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ
ТАЖИК ТИЛИН
ЭНЕ ТИЛИ КАТАРЫ ОКУТУУНУН СТАНДАРТЫ
(5-9, 10-11-КЛАССТАР)
Түзүүчүлөр:
Ражапова Манзура
Бишкек-2014
МАЗМУНУ
1-бөлүм: Жалпы маселелер
1.1.Документтин макамы жана түзүлүшү
1.2. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
2-бөлүм: Предметтин концепциясы
2.1. Эне тилин окутуунун максаты жана милдеттери
2.2. Эне тилин окутуунун методологиялык негиздери
2.3. Предметтик билгиликтер
2.4. Предметтик жана түйүндүү билгиликтердин байланышы
2.5. Мазмундук түзүм. Окуу материалдарынын мазмундук түзүмдөргө жана класстарга жараша бөлүштүрүлүшү
3-бөлүм. Окутуудан күтүлүүчү натыйжалар жана баалоо
3.1. Окуучулардын билиминен күтүлүүчү натыйжалар (баскычтар жана класстар боюнча)
3.2. Окуучулардын жетишкендиктерин баалоонун негизги стратегиялары
4-Бөлүм. Билим берүү процессине коюлуучу талаптар
4.1. Ресурстук камсыздоого коюлуучу талаптар
4.2.Мотивдештирүүчү окутуу чөйрөсүн түзүү
Сөздүк
Адабияттар
1-Бөлүм:
Жалпы маселелер
1.1.Документтин макамы жана түзүлүшү
Бул стандарт Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринин 5-9 жана 10-11-класстарында эне тилин (тажик тилин) окутуунун негизги окуу-нормативдик документи катары КРнын Билим берүү мыйзамына негизделип иштелип чыкты. Стандартты иштеп чыгууда КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген жаңы окуу планында көрсөтүлгөн окуу жүктөмдөрүнүн көлөмү эске алынды.
Аталган стандарт тажик тилин эне тили катары окутуунун негизги стратегиясы, урунттуу приоритеттүү багыттарын аныктайт, мектеп окуучуларына эне тилинин каражаттары аркылуу билим берүү, тарбиялоо жана өнүктүрүү маселелерин чечүүгө багытталат, ошону менен бирге, тажик тилин окутуунун өзөктүү курсун белгилейт.
Стандарт, негизинен, аталган предмет боюнча окуу программасын иштеп чыгуунун мазмунун, өлчөмүн жана өзөгүн аныктап берет жана ага негиз болуп кызмат кылат.
Анын негизинде окуу программалары түзүлөт, окуу китептерди жазууда да дал ушул стандарттын көлөмүндө окуу материалдарынын мазмуну түзүлөт. Стандартта көрсөтүлгөн окуу материалдарын берүүнүн структурасы, таяныч принциптери, урунттуу компетенттүүлүктөр, окутуудан алынган натыйжалар эне тилинен билим берүүнүн бүткүл мазмунун, өзөгүн аныктоо менен, андан алынган натыйжаларды талдап жана баалоонун стратегияларын аныктайт. Ошону менен бирге, окуу материалдарынын курстарга бөлүштүрүү өлчөмдөрү, андагы уланмалуулук, ал курстарынын сааттарынын көлөмү да так аныкталып көрсөтүлгөн.
Эне тилин окутуунун бул стандарты бүтүн логикада түзүлгөн документ, ал үч негизги бөлүктөн турат, т.а. жалпы маселелерден, окуу материалдарынын негизги мазмуну, алардын класстарга жана сааттарга бөлүнүшү жана окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоо.
Мындагы негизги жана өз ара логикалык байланышта турган үч өзгөчөлүктүү компонетти бөлүп көрсөтүүгө болот:
мурдагы стандартка караганда окутуунун компетенттүүлүккө багытталышы жана негизги компетенттүүлүктөрдүн (тилдик, коммуникативдик жана маданий) талаптагынын ачык көрсөтүлүшү;
окутуудан алынуучу натыйжалардын так жана даана белгилениши;
окуучулардын жетишилген теориялык жана практикалык ийгиликтерин обьективдүү баалоо багыттарынын сунушталышы.
1.2. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
Консепсия- 1.консепсия,фарз,тахмин,нуқтаи назар.2.ғоя,фикри асосӣ.
Коммуникатсия –алоқа,робита.
Куррикулум-системаи ҳуҷҷатҳои меъёрӣ,ки ба ташкили ҷараёни таълим дар асоси талаботҳои иҷтимоии ҷамъият нигаронидашуда ва ба тартиб даровардашуда мебошад.
Ресурсҳо-сарчашма,манбаъ,захира,боигарӣ.
Салоҳиятҳои асосӣ (компетенсияҳо)-ба талабагон малака ва маҳорати азхудкардаи худро дар ҳолатҳои гуногуни ҳаётӣ ва ҳалли масъалаҳои муҳим, ҳам амалӣ ва ҳам назарӣ истифода бурда тавонистанро,таъмин мекунад.
Портфолио (папкаи комёбиҳо)-маҷмӯаи комёбиҳои шахсии талаба буда,онро шахсан худи талаба ташкил медиҳад ва фаъолияти талабаро дар ҷараёни таълим ва берун аз он нишон медиҳад.Воситаи маҳсулноки мониторинги комёбиҳои таълимии талаба аст.
2-Бөлүм:
Предметтин концепциясы
Негизинен, эне тили окуучунун негизги турмуштук куралы жана рухий дүйнөсүн калыптандыруунун баалуу каражаты болуп саналат. Бул багытта ал тилге тиешелүү болгон адамдын өмүрүндө эне тилинен артык кызмат кылар эч кандай тил да, каражат да болбойт. Ошондуктан, эне тили окуучу үчүн ар тараптуу кызмат кылуучу негизги окуу предмети болуп эсептелинет. Ал эмнеден көрүнөт?
1.Турмушта өз ара карым-катнаш куралынын милдетин аткарат;
2.Дүйнөнү таануунун жана аны чагылдырып түшүнүүнүн каражаты;
3.Инсандык жактан интеллектти өстүрүүнүн жана жан дүйнөсүн байытуунун куралы;
Тажик тили предмети дал ушул кызматтарды аткаруу менен, окуучунун инсан катары ар тараптан калыптануусунун пайдубалы да болуп берет, анткени эне тилинде ой жүгүртүүсү өсүү менен башка бардык окуу предметтерин талаптагыдай өздөштүрүүнү шарттайт. Эне тилинде бала сабаттуу болбой, эне тилинде билим сапатына ээ болбой окуучу башка предметтерди сабаттуу өздөштүрүүсү мүмкүн эместиги практикада белгилүү. Ошондуктан, эне тилинде окуучуну сабаттуулукка жеткирүү, жазуу, оозеки компетенттүүлүктөрүн өстүрүү анын инсан катары турмушта ийгиликтүү жашоосун камсыз кылуучу күчкө эгедер кылууга барабар.
Ушул багыттарга жараша стандарта белгиленген окуу курсу төмөндөгүдөй үч өз алдынчалуу багытты карманды:
тажик тилинин системасы (фонетика, лексика, грамматика);
орфографиялык жана пунктуациялык эрежелер;
байланыштуу кеп, кеп маданияты жана стилистика.
Мына ушул багыттар, логикалуу түрдө алганда, эне тилинен мектептик билим берүүнүн негизги мазмунун да, негизги өзөгүн да бирдей даражада түзүп турат. Ошентсе да, ар убакта эне тили сабактарында окуучулардын теориялык билимин түптөөгө көбүрөөк басым коюлуу менен, алар мектепти аяктаганда эне тилинде жетишердик компетенттүүлүккө ээ болбой чыгып жаткандыгы жыш учуроодо. Ал эмнеден? Ал жогоруда белгиленгендей, грамматикага ашыкча көңүл бурулуу менен, анын материалдары байланыштуу кептин жана кеп маданиятынын материалдарынан бөлүнүп окутулуусунун эсебинен, окуучулардын жазуу жана оозеки түрдөгү практикалык (функционалдык) сабаттуулугун калыптандырууга аз убакыт бөлүнүп жүргөндүгүнүн кесепеттери болуп саналат.
Мунун өзү баланын мектептеги башка окуу предметтерин талаптагыдай окуп-үйрөнүүгө жасалма тоскоолдуктарды түзөрүн көрсөтүп отурат.
Окуучулардын практикалык сабаттуулугун көтөрүү маселеси көбүнчө эсе методикалык адабияттарга калтырылып келгени – эне тили окуу предметин окутуудагы бир кемчилик болуп келатканы илимий жактан жаңылыштык экенин да практика далилдеп отурат. Сабакта окуучу эне тилинде грамматикалык-фонетикалык материалдарды, орфографиялык жана пунктуациялык эрежелерди өздөштүрүп жатканда сөзсүз түрдө, байланыштуу кеп менен кеп маданиятынын материалдары менен жуурулуштуруп өтүүнү практикалоо – дал ушул стандартта алгач ирет илимий-методикалык жактан ачык көрсөтүлдү.
Мунун өзү – грамматиканы өздөштүрүү сабагы – байланыштуу кепти өстүрүү жана кеп маданиятына үйрөтүү сабагы болуусу керек, -деген методикалык жобону алдыга койду. Андай болсо, окуу программасын жазууда грамматиканын ар бир сабагы байланыштуу кеп менен кеп маданиятынын материалдары менен логикалык түрдө байланышта берилүүсү тийиш экенин көңүлгө салат. Мунун өзү буга чейин иштеп келген окуу программасынын ички логикалык структурасын түп-тамырынан тарта өзгөртүү, эне тилин мектепте окутуу концепциясын жаңылоо зарылдыгын алдыга коёт. Тактап айтканда, анын ички модели – грамматика +байланыштуу кеп жана кеп маданияты-деген багытта түзүлүүсү шарт.
Албетте, байланыштуу кептин материалдарын берүүдө ар бир грамматикалык тема өтүлгөндө, ал кептин курулуш материалы катары эсептелинүү менен, текстти сабаттуу жазуу (жат жазуу), текстти талдоо жана кайра түзүү (баяндама) жана жаңы текст түзүү (дилбаян) жазуу ишмердүүлүктөрү бирге жүргүзүлүүгө тийиш. Ал эми, кеп маданиятын грамматикалык материалдар менен бирдикте байланыштырып өтүүдө, анын төмөндөгү компоненттери толук түрдө эске алынууга тийиш:
- кептин тазалыгы (эне тилинде таза сүйлөө жана жазуу ишмердүүлүгү);
- кептин тактыгы (эне тилинде так ой жүгүртүү менен жазуу жана сүйлөө ишмердигине ээ болуу);
-кептин тууралыгы (туура жазуу жана туура сүйлөө эрежелерине жараша эне тилинде туура жазуу жана туура сүйлөө ишмердигине ээ болуу);
- кептин логикалуулугу (эне тилинде сүйлөм курулушун туура өздөштүрүү менен, логикалуу сүйлөп, жаза алуу ишмердигин өздөштүрүү);
-кептин орундуулугу жана адеби (чөйрөгө ылайык эне тилинде орундуу жана адептүү сүйлөө ишмердүүлүгүнө жетишүү);
-кептин көрктүүлүгү, эмоционалдуулугу жана байлыгы (эне тилинин кеңири жана бай лексикалык корун өздөштүрүү, аны кырдаалдарга жараша ыктуу колдоно алуу, чебер сүйлөө жана жазуу ишмердигине ээ болуу).
Ушул максаттарды көздөп, 11-класстын окуу курсуна кеп маданияты жана стилистика деп аталган курс тажик тилин окутуунун структурасына киргизилди.
Эгер, эне тилинде инсан мына ушундай сапаттуу сүйлөп жана жаза билүүгө тийиш деген талапты коё турган болсок, анда мектепте тажик тилин окутуу иши – мына ушундай талаптарды жүзөгө ашырууга багытталышы талап кылынат. Ал – илимий-методикалык да, турмуштук да талап болуп саналат. Албетте, ал талаптар эне тилин окутуунун максаттары менен милдеттерин аныктоого негиз болуп берет.
Кыргыз Республикасында жашап жаткан тажик этносунун эне тили тажик тили болуп саналат. Тажик тилинде билим алуу муктаждыгы бар. Тажик тилинин эне тил катары стандартын түзүү тажик улутундагы окуучуларга тажик тилинде да билим алууга мүмкүнчүлүктү берүү менен Кыргызстанда жашап жаткан бардык этностордун маданий, тил өзгөчөлүктөрүн сактап, өз эне тилин үйрөнүп, ал тил аркылуу мамлекеттик тилди жана башка тилдерди үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берүү дегенди билдирет.
2.1. Эне тилин окутуунун максаты жана милдеттери
2.1.1. Эне тилин 5-9-класстарда окутуунун максаты жана милдеттери.
Максаты: окуучуларды тажик тилинин лексикалык-грамматикалык байлыгын оозеки жана жазуу кебинде активдүү колдоно билүүгө, кеп ишмердүүлүктөрүнүн бардык түрлөрүндөгү компетенттүүлүктөрүнө ээ болууга, кеп маданиятынын нормаларын кебинде туура сактоого үйрөтүү.
Милдеттери:
Таанып-билүүчүлүк. Окуучуну эне тилинин өз жашоо-турмушундагы, коомдогу, ишмердигиндеги орду менен маанисин так аныктап, билүүгө үйрөтүү. Эне тилин дүйнөнү таанып-билүүнүн каражаты жана чындыкты чагылдыруунун куралы, ошондой эле башка окуу предметтери боюнча билим алуунун да куралы катары колдонууга көнүктүрүү. Тил жана кеп, тил жана аң-сезим, тил жана ойлоо, тил жана маданият түшүнүктөрүнүн ажырагыс биримдигин жеткилең түшүндүрүү. Тажик тилинин фонетикалык системасын лексико-фразеологиялык байлыгын, грамматикалык түзүлүшүн, орфографиялык, пунктуациялык жана орфоэпиялык нормалары менен эрежелерин практикалык негизде өздөштүрүп, өз кебинде колдонууга үйрөтүү. Окуучуну эне тилинин тил бирдиктеринин маанисин жана функцияларын толук аӊдап билүүгө, эне тилиндеги кубулуштарды, фактыларды талдай алууга үйрөтүү; оозеки жана жазуу кебиндеги тажик адабий тилинин нормаларын сактоого машыктыруу.
Жүрүм-турумдук. Окуучуну кеп ишмердүүлүгүнүн бардык түрлөрүн (сүйлөө, угуу, окуу жана жазуу) жана сүйлөшүү, баарлашуунун ар кандай чөйрөлөрүндөгү кептик жүрүм-турумдук маданиятын толук билүүгө жана колдонууга үйрөтүү. Ар кандай чөйрөдө жана тематикада оозеки-жазуу түрүндө сабаттуу сүйлөө-жазуу маданиятына үйрөтүү. Өзүнүн оозеки жана жазуу кебин өз алдынча текшере алууга, сын көз менен карап, аны дайыма өркүндөтүү жөндөмүнө ээ кылуу.
Баалуулук. Окуучуну эне тилин улуттук улуу дөөлөт, сыймык, маданият катары кабыл алып, аны тарыхый-руханий мурас деп таанып, аны менен сыймыктанууга, коргоого жана колдонууга көнүктүрүү. Эне тили аркылуу улуттук баалуулуктарды, жалпы адамзаттык рухий дөөлөттөрдү өздөштүрүүгө, барктап-баалоого үйрөтүү.
2.1.2. Эне тилди 10-11-класстарда окутуунун максаты жана милдеттери.
Максаты: окуучуларды жазуу жана оозеки кеп ишмердүүлүктөрүн өркүндөтүү, баарлашуунун бардык чөйрөлөрүндө эне тилиндеги кеп маданиятынын чен-өлчөмдөрүн туура сактоого, көп тилдүү, көп маданияттуу коомдо эне тилинин тилдик-маданий баалуулуктарын барктай билүүгө көнүктүрүү.
Милдеттери:
Таанып-билүүчүлүк. Окуучунун (бүтүрүүчүнүн) эне тилин дүйнөнү таанып-билүүнүн, чындыкты чагылдыруунун, таалим-тарбия алуунун каражаты катары толук таанып-билип, өз ишмердүүлүгүндө толук кандуу колдоно билүүсүнө жетишүү. Кеп ишмердүүлүгү менен ойлоо ишмердүүлүгүн биримдигин, кеп ишмердүүлүгүн кеп маданияты менен тыгыз байланышта колдоно алуу, пикир алышуудагы алардын маанисин, барк-баасын тереӊ аӊдап-билип, турмушта колдоно билүү көндүмдөрүн калыптандыруу. Тексттин коммуникативдик табиятын терең өздөштүрүү, текст талдоонун жана текст түзүүнүн мыкты көндүмдөрүн калыптандыруу. Кептин стилдери, алардын өзгөчөлүктөрү тууралуу теориялык жетиштүү маалыматтарды алуу, практика жүзүндө текстти талдоого, мазмунун өркүндөтүп кайра түзүүгө жана жаӊы текст жаратууга көнүктүрүү. Оозеки кептеги орфоэпиянын, жазуу кебиндеги орфография менен пунктуациянын жана да адабий тидин нормаларын сактоонун зарылдыктарына бекем ынандыруу.
Жүрүм-турумдук. Кеп ишмердүүлүгүнүн бардык түрлөрүн (сүйлөө, угуу, окуу жана жазуу) жогорку деӊгээлде колдонууга, сабаттуу жаза билүүгө, коомдук чөйрөдө маданияттуу сүйлөөгө көнүктүрүү. Тил бирдиктерин эркин жана аӊ-сезимдүү түрдө оозеки-жазуу кебинде колдонууга, өз пикирин, көз карашын толук билдирип, далилдөөгө, тил каражаттарын сүйлөшүүнүн максаты менен милдетине, чөйрө менен жагдай-шартына жараша орундуу колдоно билүүгө машыктыруу. Окуучуну өз кеп ишмердүүлүгүнө көӊүл буруп, аны өз алдынча өркүндөтүүгө болгон жөндөм-көндүмдөрүн бекемдөө.
Баалуулук. Тажик тилин эне тил катары баалап, аны менен сыймыктанып, өзүн-өзү, өз улутун, мекенин, дүйнөнү таанып-билүүнүн кубаттуу куралы, соолбос булагы катары эне тилин кастарлап, илим-билимди, кесипти өздөштүрүп, жан дүйнөсүндө аларды өздөштүрүүнүн каражаты катары колдонуу көндүмдөрүн өркүндөтүү.
2.2. Эне тилин окутуунун методологиялык негиздери
Тажик тилин эне тил катары окутуу-үйрөтүү иштери педагогика илиминин жалпы, атайын жана жеке методологиясынын жоболоруна негизделет. Аны менен бирге, эне тилди окутууга болгон түшүнүк-мамиледе инсанга багыттап окутууга өзгөчө көӊүл бурулат, окутуу-үйрөтүүнүн жалпы мазмуну төмөнкүлөрдү камтыйт.
Биринчи, эне тилин окутууну социалдаштыруу. Эне тилди окутууну социалдаштыруу реалдуу социалдык-турмуштук, коомдук азыркы суроо-талаптарга, муктаждыктарга жараша аныкталат. Азыркы тажик тили – тажик элинин улуттук тили, Кыргыз Республикасынын тажик этносундагы жарандардын тили, окуучулардын тажик (эне) тили окуу предмети, башка окуу предметтерин окуп-үйрөнүүнүн негизи болуп кызмат кылат. Мектеп окуучусу эне тилин дүйнөнү таанып-билүүнүн, таалим-тарбия алуунун каражаты, өзүн-өзү таанып-билүүсүнүн, келечек максаттарын аныктоонун жана ага жетүүнүн кубаттуу куралы катары кабылдап, тилдик-кептик маалыматтарды жетишерлик өздөштүрүп, аларды өз кебинде колдоно алуусуна жетиштирүү максаты коюлат.
Экинчи, эне тилин окутууну гумандаштыруу. Мында эне тилди окутуу процессиндеги мугалим менен окуучунун, окуучу менен окуучунун мугалим менен ата-эненин ж.б. мамилелерин, карым-катышын, кызматташууларын бирин-бири сыйлаган, түшүнгөн, колдогон алда канча гумандуу, маданияттуу деңгээлге жеткирүү талабы алдыга чыгат. Тажик тили мугалими теориялык-лингвистикалык билимдердин жыйындысын берүүчү адис эмес, ал – окуучулардын эне тили боюнча алуучу билим, билгичтик, көндүмдөрүнүн зарыл экендигин ынандырып-тастыктаган, аларды өздөштүрүүгө багыт берип, каражат-булагын ачып көрсөтүп, шарт түзүп, уюштуруучу субъект. Ал эми окуучу билимдердин жыйындысын алуучу, жыйноочу обьект гана эмес. Окуучу – социалдык-турмуштук суроо-талаптарга, жеке керектөөлөрүнө, муктаждыктарына жараша тилдик-кептик көндүмдөрдү өздөштүрүүчү субьект. Эне тили сабагы – эки тараптын (мугалим–окуучу) бирин-бири сыйлаган, бири-бирине ишенген, биргелешкен бир максатты көздөгөн бирдиктүү чыгармачыл жана жаратмандык иш-аракеттеринин ишке ашуу процесси. Ал максаттуу, жандуу жана эмоционалдуу сүйлөшүүгө негизделет. Мындай жандуу, кызыктуу эне тили сабагын уюштуруп, өткөрүүдө интерактивдүү методдор, дидактикалык-кырдаалдык оюндар, тексттер ж.б. маанилүү роль ойнойт.
Үчүнчү, эне тилин окутууну ааламдаштыруу. Бул эки багытта ишке ашырылышы талап кылынат. Биринчиси, эне тилин окутууда жалпы эле тилди окутуу боюнча дүйнөлүк деӊгээлде иштелип чыккан коцепцияларды, технологияларды, критерийлерди ж.б. алардын соӊку жетишкендиктерин, тажрыйба-табылгаларын тажик этноилимдеринин тыянак-сунуштары менен эриш-аркак колдонуу. Экинчиси, эне тилибиздин турмуш-тиричиликтин жеке, коомдук ишмердүүлүктүн бардык чөйрөлөрү менен түрлөрүн, улуттар аралык жана эл аралык карым-катнаштарды тейлөө маданиятын, мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөлүк өнүккөн тилдердин колдонуу деӊгээлине чейин көтөрүүгө аракет кылуу, көп тилдүү, көп маданияттуу чөйрөлөрдө татыктуу ордун алуусуна кам көрүү. Окутуу-үйрөтүү иштеринде бул маселеге артыкчылыктуу маани берүү.
Тажик тилин эне тил катары окутууга коммуникативдик-ишмердүүлүк мамиле жасалып, окутуунун мазмундук өзөгүн текст түзүүсү, ал эми сабак процессии жандуу сүйлөшүү, талдоо, талкуулоо, текст түзүү иштери аркылуу жүргүзүлүшү кажет. Текст тилдик-кептик бирдик болуу менен бирге эле, ал дидактикалык да бирдик болуп саналат. Текст эне тилди окутуунун маанилүү эки багытын: тил системасын таанып-билүүгө жана сүйлөшүүнүн норма-эрежелерин, түрдүү кырдаалдарда кептик жүрүм-турумдун үлгүсүн бириктирип үйрөтүүгө шарт түзөт. Бул шартта текст тилдик системаны тейлеген мыйзам, нормаларды ж.б. тилдин функционалдык маанилери аркылуу өздөштүрүүгө өбөлгө болот.
Функционалдык стилдердин түрлөрүнө жараша тексттерди класстар боюнча колдонуунун болжолдуу пайыздык катышы 1-таблицада берилди.
Класстар | Сүйлөшүү | Көркөм | Публицистика | Окуу-илимий | Иштиктүү стиль |
5-7 | 5% | 45-50% | 30-35% | 10% | 5% |
8-9 | 5% | 30-35% | 25-30% | 15-20% | 15% |
10-11 | 5% | 15-20% | 30-35% | 20-25% | 20% |
|
|
|
|
|
|
Эне тилин окутууда элдик педагогиканын «жакшы сүйлөгөнгө сүйлөп гана үйрөнүүгө болот», «жакшы ойлонсоң, жакшы сүйлөйсүң» деген накыл-насаатын, улуттук этникалык-тилдик өзгөчөлүктөрүн эске алуу талабы да коюлат. Орто мектепти бүткөн окуучу кеп ишмердүүлүгү – бул адам баласынын жеке, жалпы жана бардык ишмердүүлүктөрүнүн ажырагыс бөлүгү, компоненти экендигине бекем ынанууга тийиш. Кеп ишмердүүлүгүн өстүрүп-өркүндөтүү ой-жүгүртүүгө, ой жүгүртүү аң-сезимге, ал таанып-билүүгө, ал эми таанып билүү кызыгууга, умтулууга байланыштуу, атүгүл көз каранды. Демек, тажик тилин окутууда окуучунун кеп ишмердүүлүгүн өркүндөтүү менен анын өзүн-өзү таанып-билүүсү, инсан катары калыптануусу, коомго, коомдогу социалдык-турмуштук жагдай-шарттарга жараша өз көз карашынын иштелип чыгышы, коллективде жашоого көнүгүүсү, турмуштук, ишмердүүлүк максатын аныктап, ага жетүүгө өбөлгө түзүлүшү, жеке суроо-талаптарын, муктаждыктарын канагаттандырууга жол табышы, тилди баарлашуунун максаты менен кырдаалына жараша колдоно билүүсү сыяктуу турмуштук зарыл компетенцияларга ээ болуусун камсыз кылуу маселелери чечилүүгө тийиш.
Окуу ресурстарын тандоонун жана окутуунун принциптери
Тажик тилин окутуунун стандарты окутуунун жалпы дидактикалык принциптерине (илимийлүүлүк, жеткиликтүүлүк, табигыйлык, ырааттуулук, көрсөтмөлүүлүк ж.б.) жана жеке предметтик принциптерге негизделет. Предметтик принциптер эне тилди өздөштүрүүнүн мыйзам-ченемдеринен келип чыгат.
Коммуникативдик принцип;
Тил жана ойлоонун биримдиги принциби;
Окуучулардын сүйлөшүү практикасынан тексттин теориясына өтүү принциби;
Интеграциялык принцип;
Стратегиялык принцип;
Тил, кеп жана текстти биримдикте окутуу принциби.
Коммуникативдик-ишмердүүлүк багытты ишке ашырууну камсыз кылуучу төмөндөгүдөй окуу ресурстарын тандоо принциптери да эске алынат:
Дүйнө таануучулук принцип тилди дүйнө таанууну калыптандыруучу каражат катары, анын келип чыгышы, тарыхый өнүгүшү, функциялары, системалуулугу, тилдердин көп түрдүүлүгү, жазуу-сызуунун келип чыгышы, тажик эли, тарыхы, маданияты, тажик адабий тили жана аны коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө колдонуу, өнүктүрүү, сыймыктануу, коргоо ж.б. маалыматтарды камтыган окуу материалдарын (тексттерди) тандоону талап кылат.
Системалык-функционалдык принцип кептин түрдүү типтерине жараша тандалган жана түрдүү стилдердеги тексттерди колдонууну көңүлгө алат. Ал аркылуу окуучулардын кеп ишмердүүлүктөрүн өркүндөтүүнүн теориялык жана практикалык негиздерин үйрөтүү, тажик адабий тилин баарлашууну ишке ашыруучу, информация сактоону камсыз кылган система катары туюндурган негизги түшүнүктөрдү тандоо, өздөштүрүү ишке ашат.
Эстетикалык принцип эне тилдин байлыгын, анын көркөм сөз каражаттарын, кеп маданиятын, тексттин этикалык, эстетикалык жагдайларын талдап үйрөнүүнү талап кылат. Аларды өздөштүрүү менен окуучунун кебинин көркөм, орундуу, эмоционалдуу болуусун, кеп ишмердүүлүгүн сапаттуу өркүндөтүүнү көздөйт.
Предмет аралык принцип тажик тилин окутуунун мазмунуна башка окуу предметтеринин материалдарын киргизүүнү, ал аркылуу окуучунун предметтер боюнча билимдерин тереӊдетүү, бышыктоо максатын көздөйт.
Практикалык принцип эне тилдин практикалык негиздерине басым коюп, төмөнкүдөй милдеттерди чечет:
– тилдик фактыларды (жана тексттерди) талдоо, өздөштүрүү, классификациялоо, оңдоо, толуктоо, кайра түзүү, өз алдынча текст түзүү сыяктуу көндүмдөрдү калыптандырууга багытталган окуу материалдарын тандоо;
– керектүү маалыматтарды табуу, текст менен иштөө, баалоо, кайра иштеп чыгуу, кырдаалдар жана чөйрөгө ылайык маек куруу, өз пикирин, тыянагын билдирүү;
– окуучулардын түйүндүү жана предметтик компетенттүүлүктөрүн калыптандырууга багытталган окуу ишмердүүлүгүнүн формаларын, методдорун жана каражаттарын практикада колдонуу ж.б.
2.3. Предметтик билгиликтер
Предметтик билгиликтерди аныктоодо авторлор төмөнкүлөрдү эске алышты:
Кептик-ой жүгүртүүчү ишмердүүлүгү төмөнкүдөй фазаларга ээ: мотив– максат – багыт алуу – пландаштыруу – ишке ашыруу – текшерүү;
Кептик ишмердүүлүк процессинде сүйлөөчүнүн кебинде колдонулган грамматикалык категориялар жана угуучунун кебиндеги грамматикалык категориялар шайкештикте болот;
Адамдын кеби анын дүйнө таанымын жана маданий деңгээлин чагылдырат.
Мына ушуга байланыштуу эне тилин окуп-үйрөнүүдө ээ болуучу төмөнкүдөй жалпы билгиликтер белгиленди:
тил таануучулук – тилдин системасын, тактап айтканда, тилдин түзүлүшү, анын категориялары тууралуу билимге ээ болуу, анын ичинде орфографиялык жана пунктуациялык сабаттуулукка жетишүү;
кептик– кептик кырдаалдарга жана тилдик нормаларга ылайык жазуу жана оозеки формада карым-катнашты ишке ашыруу, өзүнүн кептик мүмкүнчүлүктөрүн өркүндөтөт жана сөздүк корун байытуу, байланыштуу кебин, сүйлөө, жазуу маданиятын өркүндөтөт;
маданият таануучулук – тилдин улуттук-маданий өзгөчөлүгүн үйрөнөт, тил аркылуу элдин улуттук баалуулуктарын таанып-билет, элдик жана этномаданий лексиканы өздөштүрөт.
Эми булардын ар бирин кененирээк түшүндүрсөк, тилдик компетенттүүлүккө ээ болуу өзүнө буларды камтыйт:
– 11-классты бүтүрүүчү эне тилинин жеке жана жалпы мыйзамдарын чагылдыруучу нормалар жана эрежелер боюнча билимге ээ болот, лингвистикалык маалыматтарды талдап -түшүндүрө алат, аналитикалык ой жүгүртүү көндүмдөрүнө ээ болот дегенди билдирет;
тилдик бирдиктердин, тилдин системасындагы алардын функцияларын тексттеги ролу менен байланышта түшүнөт;
лингвистикалык түшүнүктөрдү, алардын кептеги функциялары менен маанилерин тексттин стилдерине ылайык комплексттүү түшүнүшөт;
тилдик бирдиктердин синонимдештигин, структурасын, семантикасын тексттин стилдерине жараша айырмалай алышат;
кептин оозеки жана жазуу формаларынын өзгөчөлүктөрүн айырмалай билишет;
окуп үйрөнгөн орфограммалардын жана пунктуациялык эрежелердин көлөмүнө ылайык орфографиялык жана пунктуациялык көндүмдөргө ээ болот.
Кептик компетенттүүлүккө ээ болуу булар менен түшүндүрүлөт:
– мектептин бүтүрүүчүсү (сүйлөөчү-угуучу) карым-катнаштык негизде аткарылуучу милдеттерди аныктоого, тилди пикир алышуунун ар кыл кырдаалдарында оозеки жана жазуу формасында пайдаланууга, өзүнүн сөздүк корун байытуу менен кептик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жөндөмдүү дегенди билдирет.
карым-катнаштын (коммуникациянын) максатына ылайык жүрүп жаткан сүйлөшүүнүн же текстеги ойдун предметин жана темасын түшүнөт жана түшүндүрүп бере алат;
тексттеги негизги идеяны жана кошумча маалыматтарды бөлүп көрсөтүп, аларды талдап салыштырат;
мазмунуна ылайык тексттердин функционалдык-семантикалык типтерин, кептин ар кыл түрлөрүн, тексттин жанрлары менен стилдерин айырмалайт жана оозеки, жазуу жүзүндө пайдалана алат;
адабий тилдин (стилдердин) нормаларына, пикир алышуунун максатына (кептик кырдаалдарга) ылайык текст түзөт;
текстти ар кыл стилдик айырмачылыктарына (бир стилдеги текстти экинчи стилге айландыруу), түрдүү эмоционалдык жагдайларга (тондорго) ылайыктап кайрадан түзөт.
Маданият таануучулук компетенттүүлүккө ээ болуу булар менен түшүндүрүлөт:
мектеп бүтүрүүчүсү эне тилин жетик өздөштүрүү аркылуу социалдык- маданий- кептик шартты жана тарыхый-маданий контекстти эске алууга жөндөмдүү дегенди билдирет, б.а.:
коомдо жүрүм-турумдун нормаларына ылайык баарлашуунун да социалдык ролу менен маани-маӊызын түшүнө алат;
элдин маданий мурасынын маанилүү бөлүгү катары тилге жекече мамилесин билдирет;
кеп адебинин нормаларына ээ болот.
2.4. Предметтик жана түйүндүү билгиликтердин байланышы
Түйүндүү билгиликтер (маалыматтык, социалдык-коммуникативдик, өзүн-өзү уюштуруу жана көйгөйлөрдү чече билүүчүлүк) тажик тили сабагында предметтик: тил таануучулук, кептик жана маданият-таануучулук билгиликтер аркылуу калыптанат (2-чиймени караңыз).
2-чийме.Предметтик жана түйүндүү билгиликтердин байланышы
Турмуштук кырдаалдардан алынган кызыктуу тексттерди окуучулардын окуу (угуу) жана талкуулоо аркылуу ой жүгүртө билүү жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү, ал тексттердин мазмунундагы таанытуучу жана тарбиялык баалуулук багыттарды аныктап-талдоого окуучуларга көмөктөшүү-негизги иш-аракеттерден болуп саналат. Ал тексттерди сынчыл көз караш менен баалоо да абдан маанилүү, анткени ал тексттерден маалыматтарды табууга, башкалардын пикирлерин уга билүүгө жана өз пикирин калыптандырууга, түрдүү көз караштарды салыштырууга үйрөтөт.
Бай сөздүк корго ээ мектеп окуучусу өз оюн эркин жана так билдирүүгө жөндөмдүү болуу менен ар түрдүү кырдаал жана карым-катнаштын чөйрөлөрүндө жазуу жана сүйлөө аракеттери аркылуу көп ийгиликтерге жетишет. Эне тили боюнча карым-катнаштын маданиятына жетишүү бул – башка элдердин да маданиятын сыйлоо сезимин өнүктүрүүнү жөнгө салат.
Предметтик билгиликтерди аныктоодо авторлор төмөндөгүлөрдү:
кеп-ой жүгүртүү ишмердиги «мүдөө – максат – багыт алуу – пландоо – жүзөгө ашыруу – көзөмөлдөө» ирээти менен жүрөрүн;
кеп ишмердигинде сүйлөөчүнүн кебинде колдонулган грамматикалык категориялар жана угуучунун кебиндеги грамматикалык категориялар шайкештикте болорун эске алышты.
Буга негизденип байланыштуу кептик, тил таануучулук жана маданият таануучулук билгиликтер бөлүнүп алынды.
- Кептик билгилиги – кеп ишмердигинин негизги 4 түрүндөгү (сүйлөө, угуу, окуу, жазуу) билгичтиктерди өнүктүрүүнү жүзөгө ашырат.
- Тил таануучулук билгилиги аркылуу – негизги мектеп үчүн тандап алынган темаларга, баарлашуу чөйрөлөрү менен кырдаалдарына жараша тилдик (фонетикалык, орфографиялык, лексикалык, грамматикалык) каражаттарды колдоно билүү, үйрөнүлүп жаткан тилдеги өзгөчөлүктөр жөнүндө билимдерди, ойду туюнтуучу ар түрдүү ыкмаларды өздөштүрүүгө жетишилет.
- Билгичтиктерди өнүктүрүүдө маалымат алуу жана алган маалыматтарды башкаларга өткөрүп берүү үчүн тилдик каражаттардын жетишсиздиги эске алынат. Мындай учурда реалдуу баарлашуу шартында жетишпеген билимдердин ордун толуктоо үчүн катнаш стратегияларын колдоно билүү зарыл болот.
Азыркы заманбап методиканын өзгөчөлүгү окуу процессинин шарттарын табигый катнаш шарттарына жакындатууга умтулуу менен мүнөздөлөт. Андыктан мугалим менен окуучунун эки тараптуу, биргелешкен чыгармачыл ишмердигинин натыйжасында предметтик (тил таануучулук, кептик жана маданият таануучулук) билгиликтерди калыптандырууга зор маани берилет. Предметтик билгиликтер окуучулардын чыныгы муктаждыктарына, катнаш үчүн зарыл жана өз ара макулдашылган билгичтиктеринин мүмкүнчүлүгүнө жараша аныкталып, маалыматтык, социо-катнаштык, өз ишмердигин уюштурууга жана маселе чечүүгө байланышкан орчундуу билгиликтерди калыптандырууга шарт түзөт.
2.5. Мазмундук түзүм. Окуу материалдарынын мазмундук түзүмдөргө жана класстарга жараша бөлүштүрүлүшү
Тажик тили предметинин мазмуну жөнөкөйдөн татаалга кеткен өз алдынча системаны түзүп турат. Ал тажик тилин эне тили катары окутуунун негизги багыттары катары эсептелинет жана ал мугалим менен окуучуга предмет боюнча түшүнүктү жалпылап жана бүтүндүгүн түшүндүрөт.
Тажик тилинин мазмунунун өзөгүн төмөндөгү бөлүктөр түзөт:
-сөз, анын тилдеги жана кептеги орду;
-сүйлөм, анын тилдеги жана кептеги орду;
-байланыштуу кеп, кептин түрлөрү, текст жана стилдер;
-орфография;
-пунктуация.
Бул мазмундук өзөк окутуунун бардык этаптарын аралап өтүүчү сызыкты түзөт жана ар бир класстын тиешелүү учурларында ачылып берилет. Курс тажик тилин башталгыч класстардан тартып окутуунун логикалык уландысы болуп саналат, т.а. жалпы мазмун, окуп-үйрөнүүнүн формалары менен методдору уланмалуулук принцибинин негизинде түзүлгөн.
Курс төмөндөгүдөй этаптарга бөлүнөт:
Аталган курстардын урунттуу мазмуну төмөндөгүдөй:
1-этап. 5-7-класстар: морфология курсу. Бул этапта текст жөнүндө, тил бирдиктери: сөз, сөз айкаштары, сүйлөм, алардын кептеги кызматы жөнүндө маалыматтар кайталанат, тереңдетилет. Фонетика, орфоэпия жана графика боюнча («сөз жана анын тыбыштык кабы (кабыгы)») маалыматтар өзүнчө бөлүктөр менен берилет.
2-этап. 8-9-класстар: синтаксис курсу.
3-этап. 10-11-класстар: лексика жана грамматика боюнча материалдарды жалпылоо, системалоо ишке ашат, мындан сырткары, байланыштуу кеп, кептин түрлөрү, текст жана стилдер тереңдетилет.
Окуу курсунун мазмунунун түшүндүрмөсү:
Мазмундук өзөктүн биринчи, т.а. “Сөз, анын тилдеги жана кептеги орду” аттуу бөлүгүндө сөздүн мааниси, кептеги ролу, сөз түркүмдөрү, алардын түрлөрү, кептеги кызматы ачылып берилет;
“Сүйлөм жана анын кептеги орду” аттуу бөлүгүндө сөз айкашы, сүйлөм, алардын түрлөрү, сүйлөмдүн кептеги коммуникативдик кызматы ачылып берилет;
«Байланыштуу кеп, кептин түрлөрү, текст жана стилдер» (5-11-кл.) аттуу бөлүгүндө байланыштуу кеп, кептин түрлөрү, текст, анын түзүлүшү жана стилдер тууралуу түшүнүк берилет жана окуучулардын байланыштуу кебин өтүктүрүү, текст түзүп жазуу-сүйлөө ишмердүүлүгүн өркүндөтүү иштери аткарылат;
Орфография (5-11-кл.) бөлүгүндө окуучулардын орфографиялык сабаттуулугу бекемделинет;
Пунктуация (5-11-кл.) бөлүгүндө окуучулар сүйлөмдөрдү жазуудагы сабаттуулугу бекемделинет.
Бул этаптардын ар биринин өзөгүн байланыштуу кеп, кептин түрлөрү жана стилдер, кеп ишмердүүлүгүнүн төрт түрү (угуу, сүйлөө, окуу, жазуу) аралап өтөт. Ал материалдар жөнөкөйдөн татаалга кеткен системалык ырааттуулук менен ар бир этапта ар бир класста грамматикалык-лексикалык материалдар менен бирге жуурулуштуруп сунушталып отурат.
Окуу материалын мазмундук өзөктөр боюнча класстарга бөлүштүрүү
№ | Мазмун | Синфи 5 | Синфи 6 | Синфи 7 | Синфи 8 | Синфи 9 |
1 | Матн дар нутқ Текст в речи | Аҳамияти забон ҳамчун воситаи муҳимми алоқа. Аломат,хелҳои матн.
| Боигарии забони адабии тоҷик Хелҳои омехтаи матн.
| Мавқеи забони тоҷикӣ дар байни забонҳои эронӣ
| Тағйир ва такмили забон бо мурури забон
| Пайдоиш ва инкишофи забон
|
Матн Услуби гуфтугӯӣ ва китобӣ Услубҳои илмӣ ва бадеии матн | Матн Хусусиятҳои забонии услубҳои расмӣ-корӣ ва илмӣ | Матн Хусусиятҳои забонии услуби публитсистӣ | Матн Ҷумлаҳои сода дар услубҳои бадеӣ,расмӣ-корӣ,илмӣ ва публитсистӣ | Матн Ҷумлаҳои сода ва мураккаб дар услубҳои бадеӣ,расмӣ-корӣ,илмӣ ва публитсистӣ | ||
2
| Ҷумла дар нутқ
| Синтаксис ва аломатҳои китобат Хелҳои ибора Калимаи тобеъкунанда ва тобеъшавандаи ибора |
|
| Хел ва воситаҳои алоқа дар ибора ва ҷумла |
|
Ҷумла.Хелҳои ҷумла аз ҷиҳати мазмуну оҳанг(ҳикоягӣ,саволӣ ва амрӣ) | Ибора ва ҷумла.Аъзои ҷумла:сараъзо ва аъзоҳои пайрави ҷумла,аъзоҳои чидаи ҷумла.Мухотаб. | Ибора ва ҷумла | Ибора ва ҷумла.Фарқи ибора аз калима,таркиб ва ҷумла.Хелҳои асосии ибора. |
| ||
Ҷумлаҳои содаи дутаркиба(сараъзоҳои ҷумла,аъзоҳои пайрави ҷумла,ҷумлаҳои хуллас ва тафсилӣ,ҷумлаҳое,ки як сараъзо доранд,мухотаб) | Ҷумлаи сода | Ҷумлаи сода | Асоси грамматикии ҷумла.Хусусиятҳои алоқаи мубтадо ва хабар.Хелҳои ҷумла аз ҷиҳати мазмуну оҳанг.Ҷумлаҳои содаи яктаркиба ва дутаркиба.Ҷумлаҳои хуллас ва тафсилӣ. Тартиби калима дар ибора ва ҷумла.Задаи мантиқӣ. | Ҷумлаи мураккаб. Ҷумлаи мураккаби пайваст. Ҷумлаи мураккаби тобеъ. Ҷумлаи мураккаби бепайвандак | ||
Ҷумлаҳои чидааъзо. |
|
| Ҷумлаҳои дутаркиба Сараъзо ва аъзоҳои пайрав.Мубтадо.Ифодаи мубтадо.Мубтадои сода ва таркибӣ.Ҷои мубтадо дар ҷумла. Хабар.Хабарҳои феълӣ ва номӣ.Ифодаи хабарҳои номӣ.Хабарҳои сода ва таркибӣ.Ҷои хабар дар ҷумла. Муайянкунанда.Муайянкунандаи изофӣ.Ифодаи муайянкунандаи сифатӣ ва соҳибӣ. Муайянкунандаи беизофа:ишоратӣ,сифатӣ ва ададӣ. Муайянкунандаи чида ва пай дар пай. Ҷои муайянкунанда дар ҷумла. Баёния ва фарқи он аз муайякунанда. Пуркунанда.Пуркунандаи бевосита ва бавосита. Ифодаи пуркунандаҳо. Ҳол(тарзи амал,миқдору дараҷа,макон,замон,сабаб,мақсад,шарт,хилоф) Ифодаи ҳол,сохти ҳол.Ҷои ҳол дар ҷумла. Ҷумлаи содаи яктаркиба. Ҷумлаи муайяншахс.Ҷумлаи номуайяншахс,умумишахс ва бешахс.Ҷумлаи унвонӣ. Ҷумлаи нопурра ва пурра. Ҷумлаҳои чидааъзо Мухотаб ва аъзоҳои туфайлии ҷумла. Калима,ибора ва ҷумлаҳои туфайлӣ. Аъзоҳои истисноии ҷумла.Баёнияи истисноӣ.Аъзоҳои истисноии эзоҳӣ.
|
| ||
Ҷумлаи мураккаб(ҷумлаи мураккаби пайвандакдор ва бепайвандак). | Ҷумлаи мураккаб | Ҷумлаи мураккаб |
|
| ||
Нутқи айнан нақлшуда пас ва пеш аз сухани муаллиф.Муколама(диалог). | Нутқи айнаннақлшуда ва муколама |
| Нутқи айнан ва мазмунан нақлшуда. Муколама(диалог) Иқтибос ҳамчун нақли сухани шахси дигар. |
| ||
3
| Калима дар нутқ | Калима ва таркиби овозии он(фонетика,графика ва орфография(имло),орфоэпия) |
|
| Масъалаҳои асосии фонетикаи забони тоҷикӣ |
|
Калима.Маънои луғавии калима.Калимаҳои якмаъно ва сермаъно.Маънои аслӣ ва маҷозии калима.Омонимҳо.синонимҳо.Антонимҳо. | Калима ва воҳидҳои фразеологӣ Калимаҳои маъмуъмул ва номаъмул.Калимаҳои шевагӣ ва соҳавӣ.Калимаҳои аслан тоҷикӣ ва иқтибосӣ.Калимаҳои кӯҳна ва нав. Маълумот дар бораи воҳидҳои фразеологӣ.Фарқи воҳидҳои фразеологӣ аз ибораҳои синтаксисӣ. |
| Маънои лексикӣ ва грамматикии калима. Таркиб ва сохти калима |
| ||
Калимасозӣ. Таркиби калима (реша,суффикс,префикс,асос ва бандак)Калимаҳои ҳамреша.Бадалшавии овозҳо дар реша.Таркиби асосии калима,реша,суффикс ва префикс.Бандаки изофӣ.Бандакҳои соҳибӣ.Бандакҳои феълӣ ва хабарӣ.
| Калимасозӣ Роҳҳои калимасозии забони тоҷикӣ(морфологӣ ва ғайри морфологӣ).Ҳиссаҳои калимасоз(роҳҳои сохта шудани ҳиссаҳои нутқ).Калимаҳои сода,сохта,мураккаб ва таркибӣ.Таркибҳои кӯтоҳшуда. | Роҳҳои сохта шудани калимаҳо |
|
| ||
Ҳиссаҳои нутқ Ҳиссаҳои мустақилмаънои нутқ(исм,сифат,феъл)
| Ҳиссаҳои нутқ.ҳиссаҳои мустақилмаънои нутқ(исм,сифат,феъл(сифати феълӣ,феъли ҳол) | Ҳиссаҳои мустақили нутқ(феъл,шаклҳои махсуси феъл:сифати феълӣ,феъли ҳол) Ҳиссаҳои ёридиҳандаи нутқ | Ҳиссаҳои нутқ(мустақилмаъно ва номустақил) |
| ||
4
| Орфография
| *Имлои садонокҳои а ва о. *Имлои садоноки э *Имлои садонокҳои у ваӯ. *Имлои ҳарфи ӣ. *Аҳамияти овозии ҳарфҳои йотбарсари е,ё,ю,я.йотбарсари й(йи) *Ҳамсадоҳои ҷарангдор ва беҷаранг.Бадалшавии овозҳои ҳамсадо *Шаддашавии овозҳо дар калима.Талаффуз нашудани баъзе овозҳо дар байн ва ё охири калима *Ҳиҷо ва хелҳои он *Аломати сакта (ъ). *Зада ва мавқеи он дар калима | Имлои калимаҳо.Истифодаи луғатҳои имло ва фразеологӣ. Имлои калимаҳои сохта,мураккаб,таркибӣ ва таркибҳои кӯтоҳшуда. Имлои исмҳои сохта,мураккаб,таркибӣ ва кӯтоҳшуда. Имлои сифати феълӣ. Имлои феъли ҳол. | Имлои бандакҳои феълӣ. Имлои феъл. Имлои зарф. Имлои пешоянд ва пасояндҳо. Имлои пайвандакҳо. Имлои ҳиссачаҳо. Имлои нидо. |
|
|
5
| Пунктуатсия
| Синфи 5 | Синфи 6 | Синфи 7 | Синфи 8 | Синфи9 |
|
| Ҷумлаҳои сода Мавқеи вергул дар байни аъзоҳои ҷумла.Мухотаб ва аломатҳои китобати он | Ҷумлаҳои сода ва мураккаб:аломати вергул дар байни қисмҳои ҷумлаи мураккаб |
|
| Аломатҳои китобат дар ҷумлаҳои мураккаб,мураккаби тобеъ |
Ҷумлаи мураккаб Аломати вергул дар байни қисмҳои ҷумлаи мураккаб ва пеш аз пайвандакҳои ки,аммо,вале,лекин,зеро(ки),агар,чунки.
|
| аломатҳои тире,нимтире,вергул ва хитоб дар нидо |
|
| ||
.Аломатҳои китобат дар нутқи айнан нақлшуда.Тире(-) пеш аз муколама. | Аломатҳои китобат дар нутқи айнан нақлшуда.Истифодаи тире дар муколама. |
|
|
|
3-Бөлүм. Окутуудан күтүлүүчү натыйжалар жана баалоо
3.1. Окуучулардын билиминен күтүлүүчү натыйжалар (баскычтар жана класстар боюнча)
Тѳмѳнкү таблицада класстар боюнча күтүлүүчү натыйжалар кѳрсѳтүлгѳн. Биринчи цифрада класстар берилген, экинчи цифрада мазмундуу багыт, үчүнчү – предметтик компетенттүүлүк, тѳртүнчү – күтүлүүчү натыйжа.
Намуна 5.1.1.1-ин « 5»-синф «1»мазмуни таълим .Матн дар забон «1»-талаботҳои забонӣ «1»-натиҷаҳои пешбинишуда
|
Намуна 7.3.3.1.-ин «7»- синф «3» -мазмуни таълим «Калима дар нутқ» «3»-талаботҳои маданӣ «1» натиҷаҳои пешбинишуда
|
Намуна:9.22.1.-ин «9» -синф «2» мазмуни таълим «Ҷумла дар нутқ. «2» талаботҳои нутқӣ «1»-натиҷаи пешбинишуда
|
№
| Мазмуни таълим | Синфи 5 | Синфи 6 | Синфи 7 | Синфи 8 | Синфи 9 |
1
| Матн дар нутқ
| 5.1.1.1.Дар бораи сохт ва хелҳои матн(тасвирӣ,нақлӣ, муҳокимавӣ) ва услубҳои нутқ(гуфтугӯӣ,бадеӣ, илмӣ)тасаввурот дорад. | 6.1.1.1.Матнҳои услуби расмӣ-корӣ ва илмии нутқро фарқ карда метавонад
| 7.1.1.1.Матнҳои услуби публитсистии нутқро муайян карда метавонад
| 8.1.1.1.Хусусиятҳои услубии матнҳои расмӣ-корӣ,бадеӣ,илмӣ ва публитсистии нутқро баён карда метавонад
| 9.1.1.1.Матнҳои расмӣ-корӣ,бадеӣ,илмӣ ва публитсистии нутқро аз ҷиҳати услубӣ таҳлил карда метавонад
|
5.1.2.1.Аз рӯи жанрҳо дар доираи дастури таълим дар нутқи даҳониву хаттӣ маълумотҳои дар бораи сохт ва хелҳои матн ва услубҳои нутқ(гуфтугӯӣ,илмӣ ва бадеӣ) истифода мебарад . | 6.1.2.1.Аз рӯи жанрҳои дастури таълим дар сохтани матнҳои мустақил хусусиятҳои хоси услубҳои расмӣ-корӣ ва илмии нутқро истифода мебарад.
| 7.1.2.1. Аз рӯи жанрҳои дастури таълим дар сохтани матнҳои мустақил хусусиятҳои хоси услуби публитсистии нутқро истифода мебарад.
| 8.1.2.1.Маълумотҳои синтаксиси ҷумлаҳои содаро истифода бурда, аз рӯи жанрҳои дастури таълим дар услубҳои расмӣ-корӣ,бадеӣ,илмӣ ва публитсистӣ мустақилона матнҳо месозад. | 9.1.2.1. Маълумотҳои синтаксиси ҷумлаҳои сода ва мураккабро истифода бурда, аз рӯи жанрҳои дастури таълим дар услубҳои расмӣ-корӣ,бадеӣ,илмӣ ва публитсистӣ мустақилона матнҳо месозад.
|
2 |
Ҷумла дар нутқ | 5.1.3.1.Вазифаи забонро дар ҷамъият баён карда метавонад.
5.2.1.1.Дар бораи вазифаи коммуникативӣ,сохт,оҳанг,хелҳои ҷумлаҳои сода ва воситаҳои алоқа дар ҷумлаҳои мураккаб фаҳмиш дорад.
| 6.1.3.1.Алоқаи забон ва маданиятро шарҳ дода метавонад.
6.2.1.1.Нутқи айнан ва мазмунан нақлшударо фарқ карда,сохти хелҳои гуногуни ҷумлаҳои содаро шарҳ дода метавонад. | 7.1.3.1.Дар бораи пайдоиш ва инкишофи забон маълумот дорад.
7.2.1.1.Сифати феълӣ ва ибораи сифати феълӣ,феъли ҳол ва ибораи феъли ҳолро дуруст истифода бурда ҷумла сохтан. | 8.1.3.1.Фаҳмиши мавқеи забони тоҷикӣ дар замони ҳозира ва дар ҳаёти худро нишон дода метавонад.
8.2.1.1.Дар бораи иқтибос фаҳмиш дорад ва ҳамаи хелҳои ҷумлаҳои содаро таҳлил карда метавонад | 9.1.3.1.Дар бораи забон ҳамчун система ва ҳодисаи инкишофёбанда будани он маълумот дорад.
9.2.1.1.Дар бораи вазифаи коммуникативӣ,сохт,оҳанг хелҳои ҷумлаи мураккаб фаҳмиш дорад.
|
5.2.2.1.Дар нутқи хаттиву даҳонӣ маълумотҳоеро дар бораи вазифаи коммуникативӣ,сохт,оҳанг,хелҳои ҷумлаи соддаро истифода мебарад.
5.2.3.1.Одоби муоширатро нигоҳ медорад.
|
6.2.2.1.Нутқи айнан нақлшударо ба нутқи мазмунан нақлшуда бармегардонад,донишҳои дар бораи сохт,оҳанг ва хелҳои ҷумлаи содаро истифода бурда ҷумлаҳои сода тартиб медиҳад
6.2.3.1.Воситаҳои забониро мувофиқи вазъият истифода мебарад. |
7.2.2.1.Бо стифодаи сифати феълӣ ва феъли ҳол ҷумлаҳо месозад.
7.2.3.1.Барои муассирии нутқ феъли ҳол ва ибораҳои феъли ҳолиро дуруст истифода мебарад |
8.2.2.1.Доир ба ҳамаи хелҳои ҷумлаи сода ҷумла тартиб дода,нутқи айнан нақлшударо ба мазмунан нақлшуда бармегардонад.
8.2.3.1.Ҷумлаҳои содаро дар асоси меъёр ва услубҳои нутқ истифода мебарад. |
9.2.2.1.Мувофиқи вазифаҳои коммуникативӣ доир ба хелҳои гуногуни ҷумлаҳои мураккаб ҷумла тартиб медиҳад.
9.2.3.1.Ҷумлаҳои мураккабро дар асоси меъёр ва услубҳои нутқ истифода мебарад.
| ||
3 | Калима дар нутқ | 5.3.1.1.Дар бораи таркиби овозии калима,маънои луғавии он,роҳҳои асосии калимасозӣ,ҳиссаҳои мустақилмаънои нутқ(исм,сифат,феъл) маълумот дорад.
| 6.3.1.1.Калимаро аз рӯи пайдоиш,доираи истъмол ва маънои луғавиаш тавсиф карда,дар бораи ҳиссаҳои мустақилмаъно(исм,сифат ,шумора,ҷонишин) маълумот дорад. | 7.3.1.1.Дар бораи ҳиссаҳои мустақилмаънои нутқ(зарф,шаклҳои махсуси феъл-сифати феълӣ,феъли ҳол) ва номустақили нутқ(пешоянду пасояндҳо,пайвандакҳо,ҳиссача ва нидо) маълумот дорад. | 8.3.1.1.Воҳиди асосии забон ва нутқ будани калимаро шарҳ дода метавонад. | 9.3.1.1. Воҳиди асосии забон ва нутқ будани калимаро шарҳ дода метавонад.
|
5.3.2.1.Калимаро дар нутқи хаттиву даҳонӣ дар асоси меъёрҳои орфоэпӣ,калимасозӣ ва маънои луғавиашон исти фода мебарад;исм,сифат ва феълро дар асоси хусусиятҳои грамматикӣ ва вазифаҳои матниашон истифода мебарад. | 6.3.2.1.Дар нутқ калимаро вобаста ба пайдоиш,доираи истеъмол,маънои луғавӣ ва муассириаш дуруст истифода мебарад; | 7.3.2.1.Ҳиссаҳои мустақилмаъно(зарф,феъл,шаклҳои махсуси феъл-сифати феълӣ,феъли ҳол) ва номустақилро дар асоси хусусиятҳои грамматикӣ ва вазифаҳои матниашон истифода мебарад. | 8.3.2.1.Дар асоси хусусиятҳои грамматикӣ ва вазифаҳои матниашон дар нутқи хаттӣ ва даҳонӣ калимаҳои ба ҳиссаҳои гуногуни нутқ мансубро дуруст истифода мебарад. |
9.3.2.1.Дар асоси хусусиятҳои грамматикӣ ва вазифаҳои матниашон дар нутқи хаттӣ ва даҳонӣ калимаҳои ба ҳиссаҳои гуногуни нутқ мансубро дуруст истифода мебарад.
| ||
|
| 5.3.3.1.Мавқеи зарбулмасалу мақолҳо ва ибораҳои фразеологиро дар забони тоҷикӣ мефаҳмад.
| 6.3.3.1.Маънои калимаҳои аслии тоҷикиро,ки ащё ва ҳодисаҳои маданияти тоҷикро инъикос мекунад, мефаҳмад. | 7.3.3.1.Мавқеъ ва вазифаи ҳиссаҳои номустақили нутқро дар нутқ мефаҳмад. | 8.3.3.1.Калима ва ибораҳои хоси забони тоҷикиро мефаҳмад | 9.3.3.1.Калима ва ибораҳои хоси забони тоҷикиро мефаҳмад |
4 | Орфография | 5.4.1.1 қоидаҳои дар синфи 5-ум омӯхташудаи имлоро истифода мебарад. | 6.4.1.1. қоидаҳои дар синфи 6-ум омӯхташудаи имлоро истифода мебарад. | 7.4.1.1. қоидаҳои дар синфи 7-ум омӯхташудаи имлоро истифода мебарад. | 8.4.1.1. қоидаҳои омӯхташудаи имлоро хаттӣ истифода мебарад. | 9.4.1.1.қоидаҳои омӯхташудаи имлоро хаттӣ истифода мебарад
|
5 | Пунктуасия | 5.5.1.1.Аломатҳои китобатиро мувофиқи сохт ва таркиби ҷумлаҳо ва қоидаҳои имлои синфи 5-ум мегузорад. | 6.5.1.1.Аломатҳои китобатиро мувофиқи сохт ва таркиби ҷумлаҳо ва қоидаҳои имлои синфи 6-ум мегузорад. | 7.5.1.1.Аломатҳои китобатиро мувофиқи сохт ва таркиби ҷумлаҳо ва қоидаҳои имлои синфи 7-ум мегузорад. | 8.5.1.1.Аломатҳои китобатиро мувофиқи сохт ва таркиби ҷумлаҳо ва қоидаҳои имлои синфи 8-ум мегузорад. |
9.5.5.1.1.Аломатҳои китобатиро мувофиқи сохт ва таркиби ҷумлаҳо вақоидаҳои имлои синфи 9-ум мегузорад. |
3.2. 5-класстын билиминин кѳрсѳткүчү жана күтүлүүчү натыйжалары (үлгү)
№
|
Мазмуни таълим | Мақсад ва нишондиҳандаҳо | |||
Дараҷаи 1 | Дараҷаи 2 | Дараҷаи 3 | |||
1
| Матн дар нутқ
| 5.1.1.1.Дар бораи сохт, ва хелҳои матн(тасвирӣ,нақлӣ,муҳокимавӣ) ва услубҳои нутқ(гуфтугӯӣ,бадеӣ,илмӣ) фаҳмиш дорад | |||
*Аломатҳои матн; *Сохти матн; *Мавзӯи матн; *Хусусиятҳои матн; *Услуби матнро номбар мекунад. | * Матнро аз номатн фарқ мекунад. *Мавзӯи асосӣ,сохт,маълумоти асосӣ ва иловагиро ҷудо карда метавонад. *Бо ёрии муаллим плани содаи матнро тартиб медиҳад. *Бо ёрии муаллим хели матнро муайян мекунад. *Услуби гуфтугӯӣ ва китобиро ҷудо карда метавонад.
| *Мавзӯи асосӣ , сохт ,маълумоти асосӣ ва иловагии матни ношиносро ҷудо карда метавонад. *Мустақилона плани содаи матни ношиносро тартиб дода метавонад. *Мустақилона хели матни ношиносро муайян мекунад. *Мустақилона услуби гуфтугӯӣ ва китобии нутқро фарк мекунад.
| |||
5.1.2.1.Дар доираи жанрҳои дастури таълим дар нутқи шифоҳӣ ва хаттӣ донишҳоеро дар бораи сохт ва хели матн ва услубҳои нутқ(гуфтугӯӣ,бадеӣ,илмӣ ), истифода мебарад. | |||||
*Мазмуни(шифоҳӣ ва хаттӣ )матнҳои дар услуби китобӣ пешниҳодшударо бо нигоҳдошти хусусиятҳои хоси жанрӣ ва лексикӣ баён мекунад. *Аз рӯи намуна нуқсони матнро ислоҳ мекунад. | *Дар асоси намуна ва мавзӯи аз тарафи муаллим додашуда ,мустақилона матн тартиб медиҳад. *Бо роҳбарии муаллим маводҳои барои иншо ҷамъшударо ба гурӯҳҳо ҷудо мекунад,гуфтаҳоро ҷамъбаст мекунад,хулоса мебарорад. *Аз рӯи роҳи пешниҳодшуда нуқсони матнро ислоҳ мекунад.
| *Мустақилона мавзӯи фикри дар матн баёншударо ва роҳҳои кушода додани онро муайян мекунад. *Мустақилона нуқсони матнро ислоҳ мекунад.
| |||
5.1.3.1.Мавқеи забонро дар ҷамъият шарҳ медиҳад. | |||||
*Мувофиқи вазъиятҳои таълимӣ муоширатро нигоҳ медорад. * Калимаҳои хоси миллӣ-маданиеро,ки дар матн дучор меоянд, ба воситаи луғатҳои тафсирӣ шарҳ медиҳад. | * Дар нутқ калимаҳои хоси забони тоҷикироро истифода мабарад. *Дар тасвири расм ва ашёҳо хусусиятҳои хоси миллӣ ва анънаҳои халқро қайд мекунад. | *Дар бораи асарҳои санъат,ки табиат,таърихи диёр ва мамалакатҳои дигарро инъикос мекунад ва дар бораи фоидаи донишҳои илмӣ, фикри худро баён мекунад.
| |||
2 | Ҷумла дар нутқ | 5.2.1.1. Дар бораи вазифаи коммуникативӣ,сохт,оҳанг хелҳои ҷумлаи сода ва воситаҳои алоқаи ҷумлаи мураккаб фаҳмиш дорад | |||
|
| *Аз рӯи намуна ибора,хелҳои чумлаи содаи чидааъзо,мухотаб,калимаҳои туфайли,воситаҳои алоқа дар ҷумлаҳои мураккабро шарҳ медиҳад.
| * Аз рӯи намуна ибора,хелҳои чумлаи содаи чидааъзо,мухотаб,калимаҳои туфайли,воситаҳои алоқаро шарҳ медиҳад. | *Хелҳои гуногуни ҷумлаҳоеро,ки аз рӯи вазифаи коммуникативӣ аз тарафи муаллиф истифода шудааст,шарҳ медиҳад.
| |
5.2.2.1.Дар нутқи хаттиву даҳонӣ маълумотҳоеро дар бораи вазифаи коммуникативӣ,сохт,оҳанг,хелҳои ҷумлаи содаро истифода мебарад.
| |||||
*Аз рӯи намуна ибора,ҷумлаҳои содаи чидааъзо, мухотаб,калимаҳои туфайли,ҷумлаҳои мураккаб бо воситаҳои алоқаи омӯхташуда тартиб медиҳад.
| *Аз рӯи намуна ибора,ҷумлаҳои содаи чидааъзо, мухотаб,калимаҳои туфайли,ҷумлаҳои мураккаб бо воситаҳои алоқаи омӯхташуда тартиб медиҳад. | *Мувофиқи вазифаи коммуникативӣ мустақилона ибора,хели ҷумлаи сода ва мураккабро интихоб мекунад.
| |||
5.2.3.1.Ба меъёрҳои одоби муоширати ҳаррӯза соҳиб аст.
| |||||
*Дар вазъияти шиноси нутқ калима,ибораҳои маъмули муоширатро истифода мебарад.
| *Дар вазъияти дигаргуншудаи нутқ маъмултарин ибораҳои одоби муоширатро истифода мебарад | *Мувофиқи вазъияти нутқӣ,калима ибораҳои маъмули муоширатро мустақилона интихоб мекунад. | |||
3
4
| Калима дар нутқ | 5.3.1.1.Дар бораи ҷиҳати овозӣ,маънои луғавӣ,таркиби калима ва роҳҳои асосии калимасозӣ,ҳиссаҳои мустақилмаънои нутқ(исм,сифат,феъл) маълумот дорад. | |||
| *Овоз ва ҳарфро фарқ мекунад *Маънои луғавии калимаро мефаҳмад *Роҳҳои асосии калимасозиро номбар мекунад. *Категорияҳои ҳиссаҳои нутқи омӯхташударо номбар мекунад.
| *Бо роҳбарии муаллим таҳлили фонетикӣ,таркиби калима,сохти калима ва лексикии калимаро мегузаронад. *Бо роҳбарии муаллим таҳлили морфологии ҳиссаҳои омӯхташудаи нутқро мегузаронад | *Мустақилона таҳлили фонетикӣ,сохти калима,таркиби калима ва лексикии калимаро мегузаронад. *Мустақилона таҳлили морфологии ҳиссаҳои омӯхташудаи нутқро мегузаронад | ||
5.3.2.1.Калимаро дар нутқи хаттиву даҳонӣ дар асоси меъёрҳои орфоэпӣ,калимасозӣ ва лексикӣ истифода мебарад;исм,сифат,феълро аз рӯи хусусиятҳои грамматикиашон ва вазифаҳои матниашон истифода мебарад | |||||
*Овозҳои садонок ва ҳамсадоро дуруст талаффуз мекунад,калимаҳоро мувофиқи меъёрҳои забони адабӣ талаффуз мекунад. *Дар вазъияти шиноси нутқӣ калимаҳоро мувофиқи маънои лексикӣ ва грамматикӣ истифода мебарад *Дар нутқ синоним ва антонимҳоро истифода мебарад *Дар асоси таркибҳои омӯхташудаи синтаксисӣ исм,сифат,феълро дар вазифаи сараъзо ва аъзоҳои пайрави ҷумла истифода мебарад. | *Калимаҳои навро дуруст талаффуз мекунад *Калимаҳоро мувофиқи маънои лексикӣ ва грамматикӣ истифода мебарад,синоним ва антонимҳоро дар ҳолати тағирёфтаи нутқ *Бо роҳбарии муаллим синонимҳоро ҳамчун воситаи алоқа дар матн ва чун восита аз такрори беҷо худдорӣ кардан истифода мебарад **Дар асоси таркибҳои омӯхташудаи синтаксисӣ исм,сифат,феълро дар вазифаи сараъзо ва аъзоҳои пайрави ҷумла истифода мебарад. | *Мустақилона мувофиқи вазъияти нутқӣ синоним ва антонимҳоро , калима ва шаклҳои калимаро мувофиқи маънои лексикӣ ва грамматикиашон интихоб мекунад. *Мустақилона барои алоқаи ҷумлаҳо дар матн ва аз такрори беҷо худдорӣ кардан синонимҳоро интихоб мекунад *Исм,сифат ва феълро дар вазифаи сараъзо ва аъзоҳои пайрав дар таркибҳои синтаксисӣ бамаврид истифода мебарад | |||
5.3.3.1. Маънои зарбулмасалу мақолҳо ва ибораҳои фразеологии забони тоҷикро мефаҳмад. | |||||
Дар вазъияти шиноси нутқӣ зарбулмасал,мақол ва ибораҳои фразеологии омӯхташударо истифода мебарад | *Дар вазъияти тағирёфтаи нутқӣ зарбулмасалу мақолҳо ва ибораҳои фразеологиро бамаврид истифода мебарад *Мустақилона мувофиқи вазъияти нутқӣ зарбулмасалу мақол ва ибораҳои фразеологии тоҷикро интихоб карда метавонад
| ||||
Орфография | 5.4.1.1.Қоидаҳои омӯхтаи имлоро дар асоси талаботҳои синфи 5-ум истифода мебарад | ||||
*Аз рӯи аломатҳо имлои омӯхташударо муайян мекунад *Дар матнҳои таълимӣ аз рӯи имло калимаҳоро дуруст менависад | *Барои тадбиқи қоидаҳои омӯхташудаи имло калимаҳои мувофиқро интихоб мекунад *Аз рӯи қоидаҳои имлои омӯхташуда калимаҳои дар матни таълимӣ додашударо асоснок карда беғалат менависад | *Дар матнҳои мустақил тартиб додашуда калимаҳоро аз рӯи қоидаҳои имло асоснок карда беғалат менависад *Ғалатҳои имловиро меёбад ва ислоҳ мекунад | |||
5 | Пунктуатсия | 5.5.1.1.Мувофиқи талаботҳои синфи 5-ум вобаста ба сохт ва таркиби ҷумлаҳо аломатҳои китобатиро мегузорад | |||
*Ҳиссаи маънодори ҷумларо(ду ва ё зиёда асосҳои грамматикӣ,аъзоҳои чида,мухотаб,калимаҳои туфайлӣ), ки бо аломати китобатӣ ҷудо кардан лозим аст меёбад *Бо роҳбарии муаллим дар асоси қоидаҳои омӯхташуда аломатҳои китобатиро мегузорад | *Хел ва ҷои аломатҳои китобатиро асоснок мекунад * Дар асоси қоидаҳои омӯхташуда аломатҳои китобатиро мегузорад |
*Хел ва ҷои аломатҳои китобатиро дар матнҳои мустақил сохташуда асоснок мекунад *Ғалатҳои пунктуатсиониро меёбад ва ислоҳ мекунад | |||
3.3. Окуучулардын жетишкендиктерин баалоонун негизги стратегиялары
Тажик тили сабагындагы билимдин натыйжасын баалоо окутуп үйрѳтүүнүн формалары жана методдорунун максаты менен тыгыз байланышта. Баалоонун максаты- күтүлүп жаткан билимдин чыныгы натыйжаларына карата аныктоо. Окуучулардын билимин баалоодо мугалим окутуунун методдоруна жана формаларына жараша түрдүү методдорду колдонот.
Баалоонун негизги принциптери
Окуучуларды баалоодо мугалим калыстык, ишеничтүүлүк, жарамдуулук сыяктуу негизги принциптерди жетекчиликке алышы зарыл.
Калыстык. Калыстык принципи бардык окуучулар бирдей шартта окшош сыноодон ѳтүшүн талап кылат. Маалыматтарды текшкрүү калыстыгы мугалим үчүн дагы, бардык окуучулар үчүн дагы баалоонун бирдей критерийлеринин болушун туюндурат.
Ишеничтүүлүк. Ишеничтүүлүк принциби ошол эле белгини кайталап ѳлчѳѳдѳ бирдей натыйжа алууга мүмкүнчүлүк берген педагогикалык баалоонун тактыгын билдирет.
Жарамдуулук - бул башка нерсе эмес, чын эле ѳлчѳѳгѳ тийиш болгон нерсе ѳлчѳнүп жаткандыгын кѳрсѳткѳн баалоо усулунун аныктыгы.
Баалоонун түрлѳрү
Окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктери менен ѳсүшүн ѳлчѳѳ үчүн баалоонун үч түрү колдонулат: диагноздоочу, калыптандыруучу жана жыйынтыктоочу.
Диагностикалык баалоо
Прогресске баа берүү үчүн мугалим окуу жылы ичинде жетишилген натыйжалар менен окуучунун билгиликтеринин баштапкы калыптануу деңгээлине салыштыруу жүргүзѳт. Диагноздоочу баалоонун натыйжалары сыпаттоо түрүндѳ катталып, жалпыланат жана мугалимдин окутуу милдеттерин аныкташына, окуучуга берилүүчү тапшырмаларды берүү жолу менен окуу процессине түзѳтүүлѳрдү киргизишине жана анын ѳркүндүтүшүнѳ негиз болот.
Калыптандыруучу баалоо
Калыптандыруучу баалоонун максаты - окуучунун жетишкендиги менен материалды жекече ѳздѳштүрүү ѳзгѳчѳлүктѳрүн аныктоо, ошондой эле окуучунун ийгиликке жетиши үчүн сунуштарды иштеп чыгуу. Мугалим калыптандыруучу баалоону окутуунун жүрүшүнѳ жараша ѳз убагында түзѳтүү, пландоого ѳзгѳртүү киргизүү үчүн пайдаланат. Окуучунун жѳндѳм деңгээли эмес, ал аткарган конкреттүү иш бааланат.Окутуунун аралык натыйжаларын баалоодо окуучулардын ѳзгѳчѳлүктѳрү (ишти аткаруу тездиги, теманы ѳздѳштүрүү жѳндѳмү ж.б) эске алынып, окуучулардын жетишкендиктери менен ѳсүштѳрүнѳ кѳңүл бурулат. Окуучунун ѳсүшү билим берүү тармагы менен предметтердин алкагында окутуу максаты болуп саналган белгилүү натыйжаларга жетүү катары аныкталат. Журналга баа зарылдыгына карай коюлат (катталат), мугалим окуучунун жекече ѳсүшүнѳ жүргүзгѳн байкоолорун белгилейт.
Жыйынтыктоочу баалоо
Жыйынтыктоочу баалоо окутуунун ар бир баскычында пландалуучу натыйжаларга окуучулардын жетишүү даражасын аныктоо үчүн кызмат кылып, утурумдук, аралык жана жыйынтыктоочу баалодон түзүлөт.
жекече аткарылган тапшырмаларды утурумдук баалоо баа берүү ченемдери (туура чечимдердин саны, кетирилген катарлардын саны, тариздөө эрежелеринин сакталышыж.б.) менен мугалим жана/же окуучулардын өздөрү берген өзүнчө ишти аткаруу критерийлерине жараша жүргүзүлөт. Мугалим окуучулардын окуу материалын өздөштүрүүдөгү өзгөчөлүктөрүнө жараша утурумдук баалоо жүргүзөт.
Аралык баалоо предметтик куррикулумда аныкталган иштердин түрүнүн негизинде жүргүзүлөт.
Кат жүзүндөгү иштер/булактар менен иштөө;
Оозеки жооп /жүзачар;
Долбоор, изилдөѳ иши, иштердин бөтөнчө түрлөрү;
Портфолио (жетишкендиктер папкасы) ж.б.
Иштердин бардык түрлөрү баалоо критерийлеринин негизинде бааланып, милдеттүү болуп саналат жана мугалим тарабынан баалоо планын иштеп чыгууда алдын ала пландалат.
Жыйынтыктоочу баалоо мектеп календарына (чейрек, жарым жылдык, окуу жылы ылайык) жүргүзүлүп, аракеттеги ченемдер менен баалоонун иштелип чыккан критерийлерге жараша кат жүзүндөаткарылат.
Милдеттүү иштердин түрлөрүнүн саны жана жыйынтыктоочу баалоодогу салыштырма катыш окутуу баскычтары менен предметтердин өзгөчөлүгүн эске алуу менен аныкталат.
Иштердин формасынын ар түрдүүлүгүн мугалим окуучулардын жекече өзгөчөлүктөрун эске алып аныктайт.
3.4. Баалонун типтери
Билим берүү тутумунда милдеттери менен айырмалануучу педагогикалык баалоонун эки түрү колдонулат: ченемдик жана критерийлик.
Айрым окуучулардын билимдерин ченемдик баалоо окуп жаткандардын өзүнчө тобунун даярдык деңгээлине карата жүргүзүлөт. Анын максаты – айрым окуучулар менен калган окуучулардын ортосунда билимдерин иш жүзүндө салыштыруу.
Айрым окуучулардын билимдерин кртерийлик баалоо белгиленген стандарттарга ылайык жүргүзүлөт. Анын максаты белгиленген стандарттарга ылайык айрым окуучулардын жетишкен натыйжаларын сыпаттоо.
Баалоонун бул эки түрү бири бирин жокко чыгарбайт, педагогикалык практикада ченемдик дагы, критерийлик дагы баалоо зарыл.
Мугалим баалоонун кайсы түрүн колдонуу керктигин аныктоо үчүн баалоонун максатын эске алышы абзел.
Эгер ар бир окуучунун окуу материалынын маанилүү бөлүгүн өздөштүргөн-өздөштүрбөгөндүгүн аныктоо зарылболсо, бул учурда баалоонун критерийлик түрүн колдонуу шарт. Предмет боюнча мектеп олимпиадасына катыштыруу үчүн класстан бир нече окуучуну тандап алуу зарыл болгондо сөзсүз баалоонун ченемдик түрү керек.
Баалоонун түрлѳрү, формалары жана типтери
Тажик тили сабагында негизги иштерди баалоо критерийлери жана нормалары
Оозеки сурамжылоо
Тажик тилинде оозеки сурамжылоо окуучулардын билимин эсепке алуунун негизги жолу болуп саналат. Окуучунун толук жообу берилген темага байланыштуу, логикалык ырааттуу билдирүү, анын аныктамаларды, конкреттүү учурларда эрежелерди колдоно алуу жөндөмүн корсөтөт.
Окуучулардын жообун сунушталган баалоо критерийлери:
1) жооптун суроого дал келиши;
2) жооптун далилдөөсү;
3) жооптун тил кооздугу.
Сунушталган нормативдер:
Оозеки жооптун баалоо көрсөткүчүнүн таблицасы
Баа | Көрсөткүчтөр |
“5” деген баа | Окуучу билимин жана ошол теманы түшүнгөнүн көрсөтөт: 1) тил түшүнүктөрүнө туура аныктамаларды берет; 2) өзүнүн ой пикирин негиздей алат, билимин практикада колдон алат, керектүү мисалдарды китептен эле келтирбестен, өз алдынча да түзө алат; 3) адабий тилдин нормаларында материалды иреттүү жана туура баяндайт. |
“4” деген баа | Жооп “5” деген баадагы талаптарга дал келет, бирок өзү оңдогон 1, 2 катага, ырааттуулукта жана тил кооздугундагы баяндоодо 1-2 кемчиликке жол берет. |
“3” деген баа | Окуучу билимин жана ошол теманын негизги жоболорун түшүнгөнүн көрсөтөт, бирок: материалды толук эмес баяндайт жана түшүнүктөрдү же эрежелерди так эмес аныктоого жол берет; 2) өз оюн жетишерлик терең жана ишенердик далилдей албайт жана өз мисалдарын келтире албайт; 3)материалды ирээти менен баяндабайт жана тил кооздугунда баяндоодо катага жол берет. |
“2” деген баа | Окуучу ылайыктуу бөлүмдүн материалын көпчүлүк бөлүгүн билбегендигин көрсөтөт, эреже жана түшүнүктөрдү так жана кыска түшүндүрүүдө катага жол берет, материалды ирээтсиз баяндайт. “2” деген баа окуучуну даярдоодо кийинки материалды ийгиликтүү өздөштүрүүсүнө олуттуу тоскоол боло турган кемчиликтерин белгилейт. |
“1” деген баа | Окуучу материалды толук билбегендигин жана түшүнбөгөндүгүн көрсөтөт. |
Эскертүү. (“5”, “4”, “3”) деген баа бир эле жолу берилген жоопко гана эмес (окуучунун даярдануусун текшерүүгө белгилүү бир убакыт берилгенде), убакытка бөлүнүп берилген, башкача айтканда окуучу тарабынан берилген жооптордун жыйынтыгы, сабак аралыгында (ар бир сабакка балл чыгарылат), сабак учурунда окуучунун жооптору угулган гана эмес, анын билимин практикада колдонуу жөндөмдүүлүгүн текшерүү жүргүзүлгөн шартта.
Жат жазуу
Жат жазуу – бул орфографиялык жана пунктуациялык сабаттуулукту текшерүүнүн негизги формасы. Жат жазууга байланыштуу тексттерди колдонуу жөндүү, заманбап, адабий тилдин нормаларына жооп берген, ошол класстын окуучуларына мазмуну боюнча ылайыктуу болуш керек.
Жат жазуу тексттерине болгон талаптар.
Тексттин көлөмү
5-класс үчүн – 90-100 сөз,
6- класс үчүн – 100-110 сөз,
7- класс үчүн- 110-120,
8- класс үчүн-120-150,
9-класс үчүн- 150-170 сөз.
Сөздөрдү эсептөөдө өз адынча жана көмөкчү сөздөр да эсепке алынат.
Сөздүн көлөмү текшерүүгө мүмкүн болбогон жана текшерүүгө кыйын болгон жазылуулар менен, жазуу эрежелерине окуучулар атайы үйрөтүлүшкөн:
5- класс – 5 сөздөн ашык эмес,
6-7 класстар – 7 сөздөн ашык эмес,
8-9 класстар – 10дон ашпаган ар түрдүү сөздөр.
Биринчи чейректин аягына чейин (ал эми 5-класста – биринчи жарым жылдыктын аягына чейин) тексттин көлөмү сакталат, кийинки класска сунушталат.
Контролдук сөздүк жат жазуу текшерүүгө мүмкүн болбогон жана текшерүүгө кыйын болгон орфограммалар менен сөздөрдү өздөштүрүүсүн текшерет. Ал төмөнкү сөз көлөмүнөн турушу мүмкун: 5-класс үчүн – 15-20, 6-класс үчүн -20-25, 7-класс үчүн 25-30, 8- класс үчүн- 30-35, 9-класс үчүн 34-40.
Белгилүү бир темадагы жат жазуу ошол теманын орфограмма же пунктограммалардын негизги формаларын кошуш керек, жана да мурда жетишкендиктеринин бекемдигин табуусун камсыз кылат.
Контролдук жат жазуу үчүн ошол темада окутулуп жаткан орфограмма жана пунктограммалар 2-3 учур менен бериле турган тексттерди тандоо керек. Мурда үйрөнгөн орфограмма жана пунктограммалардан негизгиси эле кошулат, алар 1-3 учур менен берилиш керек. Жалпы алганда текшерилген орфограмма жана пунктограммалардын көлөмү 5- класста-12 ар түрдүү орфограмма жана 2-3 пунктограмма, 6-класста 16 ар түрдүү орфограмма жана 3-4 пунктограмма,
7-класста 20 ар түрдүү орфограмма жана 4-5 пунктограмма, 8-класста 24 ар түрдүү орфограмма жана 10 пунктограмма, 9-класста 24 ар түрдүү орфограмма жана 15 пунктограммадан ашпаш керек. Контролдук жат жазуунун текстине жетишерлик өлчөмдө бекемделип, кайта дагы үйрөтүлгөн гана орфограммалар кошулуш керек (мурдагы 2-3 сабактан кем эмес).
Сунушталган нормативдер:
Жат жазууну баалоо көрсөткүчүнүн таблицасы
Баа | Көрсөткүчтөр |
“5” деген баа | Катасыз иш же 1 одоно эмес орфографиялык, 1 одоно эмес пунктуациялык же 1 одоно эмес грамматикалык катасы бар болсо. |
“4” деген баа | 2 орфографиялык жана 2 пунктуациялык, же 1 орфографиялык жана 3 пунктуациялык каталар, же 4 пунктуациялык ал эми орфографиялык каталардын жок болгонунда. “4” деген баа 3 орфографиялык катада коюлушу мүмкүн, эгер алардын арасында бир типтегилер болсо. Аны менен бирге 2 грамматикалык катага да жол берилет. |
“3” деген баа | 4 орфографиялык жана 4 пунктуациялык каталар, же 3 орфографиялык жана 5 пунктуациялык каталар, же 7 пунктуациялык ал эми орфографиялык каталардын жок болгонунда. 5-класста “3” деген бааны 5 орфографиялык жана 4 пунктуациялык каталарда коюуга уруксат берилет. “3” деген баа 6 орфографиялык жана 6 пунктуациялык катада коюлушу мүмкун, эгер алардын арасында бир типтүү жана одоно эмес каталар бар болсо. Анын менен бирге 4 грамматикалык катага да жол берилет. |
“2” деген баа | 7 орфографиялык жана 7 пунктуациялык каталар, же 6 орфографиялык жана 9 пунктуациялык каталар, же 8 орфографиялык жана 6 пунктуациялык каталар.
|
“1” деген баа | “2” деген баага караганда каталардын санынын көптүгү. |
Эскертүү.
Жат жазууну баалоодо оңдолот, бирок катасы эсептелинбейт:
1) сөз ташууда;
2) мектеп программасына кирбеген эрежелерге;
3) али үйрөнбөгөн эрежелерге;
4) жазуудагы жаңылыштык - туура эмес жазылуулар.
Жат жазууларды баалоодо катанын өзгөчө сапатын эсептөө маанилүү. Каталар арасында одоно эмес, мындайча айтканда сабаттуулукту мүнөздөй турган олуттуу мааниге ээ болбогондорун белгилей кетиш керек. Каталарды эсептөөдө эки одоно эмес ката бир катага эсептелинет. Одоно эмес каталарга төмөнкүлөр кирет:
1) эрежеден тышкары
2) баш тамганын, энчилүү аттардын жазылышы;
3) бир тыныш белгинин ордуна экинчиси коюлган учурда;
4) айкалышып турган белгилердин бирин калтырып кетүү же ырааттуулугун бузуу.
Катанын бир типтүү жана кайталана берүүчүлүгүн эске алуу керек. Эгерде ката бир эле сөздө же бир уңгу сөздүн уңгусунда кайталана берсе, анда ал бир катага эсептелинет. Бир типтүү деп бир эреже бузулган катаны эсептейбиз, эгер туура жазылуунун тандоо шарты ошол сөздүн грамматикалык жана фонетикалык өзгөчөлүктөрүнөн турса.
1) Бир сөздүн туура жазылышын табыш үчүн башка (бир уңгу) сөздөрдү же анын формасын тандоо керек болгондо бир типтүү ката болуп эсептелинбейт.
2) Биринчи үч бир типтүү каталар бир ката болуп эсептелет, кийинки ар бир ошол сыяктуу ката өз алдынча ката болуп эсептелинет.
3) Эгерде бир сөздө текшерүүгө мүмкүн болбогон орфограммалар менен кошо 2 жана андан ашык катага жол берилсе, анда бардыгы бир ката болуп эсептелинет.
Сунушталган нормативдер:
Контролдук сөздүк жат жазууну баалоо көрсөткүчүнүн таблицасы
“5” деген баа | Ката жок |
“4” деген баа | 1-2 ката |
“3” деген баа | 3-4 ката |
“2” деген баа | 7 катага чейин |
“1” деген баа | 7 катадан ашык |
Текшерүү иши ( грамматикалык тапшырмасы бар жат жазуу)
Жат жазуу жана кошумча (фонетикалык, лексикалык, орфографиялык, грамматикалык) тапшырмадан турган текшерүү ишинде, ар бир иштин түрүнө эки баа коюлат. Жат жазууну баалоодо жогоруда айтылган нормативдерди колдонуу керек. Грамматикалык тапшырмаларды аткарууда жол берилген орфографиялык, пунктуациялык жана грамматикалык каталар, жат жазууга баа коюп атканда эсептелинет.
Сунушталган нормативдер:
Грамматикалык тапшырманы баалоо көрсөткүчүнүн таблицасы
“5” деген баа | Тапшырма туура аткарылган |
“4” деген баа | Тапшырманын ¾ кем эмес бөлүгү туура аткарылган |
“3” деген баа | Тапшырманын жарымынан кем эмеси туура аткарылган |
“2” деген баа | Тапшырманын жарымдан кем туура аткарылган |
“1” деген баа | Бардык тапшшырмалар ката аткарылган |
Дил баяндар жана баяндамалар
Дил баяндар жана баяндамалар - окуучулардын кептик компетенттүүлүк түзүлүш деңгээлин текшерүүнүн негизги формалары болуп эсептелинет. Дил баян жана баяндоолордун жардамы менен теманы ачып берүү жөндөмдүүлүгү; тил каражаттарынын стиль, тема жана өз оюн айтуу милдеттери менен дал келиши текшерилет; тил нормаларынын жана туура жазуу эрежелеринин сакталышы.
Баяндама тексттеринин талаптары
Толук баяндоонун текстинин болжолдуу көлөмү:
5- класста -100-150 сөз
6-класста – 150-200,
7-класста – 200-250,
8-класста- 250-350,
9-класста- 350-450 сөз.
Жыйынтыктоо контролдук баяндаманын текстинин көлөмү 8-9 класстарда мындай сабактарда даярдоо иштери жүргүзүлбөгөнүнө байланыштуу 50 сөзгө көбөйүшү мүмкүн.
Дил баян жана баяндоолорду сунушталган баалоо критерийлери:
А) мазмуну
Темага мазмундун, негизги ойдун дал келиши;
Теманы оригиналдуу ачып берүүсү;
Фактыларга негизделген материалдардын аныктыгы;
Баяндоонун ырааттуулугу.
Б) кептик кооздугу:
Сөздүктүн жана грамматикалык сөздүн түзүлүшүнүн ар түрдүүлүгү;
Стильдик бирдиктүүлүк жана кептин ачык – айкындуулугу;
Тил каталарынын жана стилистикалык кемчиликтердин көлөмү.
Бардык эле дил баяндар жана баяндоолор эки баа менен бааланат: биринчиси мазмуну жана кептин кооздугу үчүн коюлат (тил нормаларынын жана стилистикалык каражаттарынын тандоо эрежелеринин сакталышы), экинчиси – орфографиялык, пунктуациялык нормалардын жана грамматикалык каталардын сакталышына. Орфографиялык жана пунктуациялык сабаттуулук окуучу тарабынан кетирилген катанын санына карата бааланат. ( контролдук жат жазууну баалоо нормативдерин карагыла).
Сунушталган нормативдер:
Дил баяндар жана баяндоолордун баалоо көрсөткүчүнүн таблицасы
|
Көрсөткүчтөрү |
|
Кептин кооздугу жана мазмуну | Грамматика | |
“5” деген баа | 1. Иштин мазмуну толугу менен темага дал келет. 2. Чыныгы каталардын жоктугу. 3. Мазмуну ирети менен баяндалат. 4. Иш сөздүктүн байлыгы, ар түрдүү синтаксистик түзүлүштөрдү колдонулугандыгы, сөздөрдү колдонуунун тактыгы менен айырмаланат. 5. Жалпы алганда иште мазмунунда 1 жана 1-2 кептик кемчиликтерге жол берилсе. | Уруксат берилет: 1 орфографиялык, же 1 пунктуациялык, же 1 грамматикалык катага. |
“4” деген баа | 1. Иштин мазмуну негизинен темага дал келет(четке чыгуусу аз эле). 2. Негизинен мазмуну анык, бирок фактыга негизделген айрым учурай турган тактык эместиктер бар. 3. Ой пикирин иреттүү баяндоодо бир аз гана бузулуулар бар. 4. Кептин лексикалык жана грамматикалык түзүлүшү жетиштүү, ар түркүн болсо. 5. Иштин стилинин бирдиктүүлүгү жана кептин ачык-айкындыгы менен айырмаланат. 6. Жалпысынан иштин мазмунунда 2 ден ашык эмес жана 3-4тѳн ашык эмес кептик кемчиликтерге жол берилсе. | Уруксат берилет: 2 орфографиялык жана 2 пунктуациялык каталар, же 1 орфографиялык жана 3 пунктуациялык каталар, же 4 пунктуациялык каталар, орфографиялык каталар жок болсо, жана 2 грамматикалык каталар болсо. |
“3” деген баа | 1. Иште темадан олуттуу четке чыгууларга жол берилсе. 2. Иш негизинен ачык-айкын , бирок айрым тактык эместиктер бар болсо. 3. Иреттүү баяндоодо айрым бузулууларга жол берилсе. 4. Сөздүктүн жакырдыгы жана бир түрдүүлүгү колдонулган синтаксистик түзүлүшү, туура эмес сөздөрдүн колдонулушу кездешсе. 5. Иштин стили бирдикүүлүгү менен айырмаланат, кеп жетиштүү деңгээлде ачык-айкын эмес. 6. Жалпысынан иштин мазмунунда 4 дөн ашык эмес жана 5 кептик кемчиликтерге жол берилсе. | Уруксат берилет: 4 орфографиялык жана 4 пунктуациялык каталар, же 3 орфографиялык жана 5 пунктуациялык каталар, же 7 пунктуациялык каталар орфографиялык каталар жок болсо, жана 4 грамматикалык каталарга. |
“2” деген баа | 1. Иш темага дал келбейт. 2. Көп тактык эместиктерге жол берилсе. 3. Иштин бардык бөлүктөрүндө ойдун баяндоо ирети бузулса, өз ара байланыш жок болсо. 5. Тексттин стилдик бирдиктүүлүгү бузулган. 6. “ 3” деген баага караганда мазмунунда жана кепте кемчиликтер көп болсо. | Уруксат берилет: “3” деген баага караганда орфографиялык, пунктуациялык жана грамматикалык каталар көп болсо. |
Эскертүү. Көрсөтүлгөн баалоо нормалары орто көлөмдөгү 4-5 барактуу дил баяндарга ылайыктуу. Дил баяндарды баалоодо өз алдынчалыгы, ойдун оригиналдуулугу, анын көркөмдүк жана кептик түзүлүшүнүн деңгээли эсептелинет. Оригиналдуу ойдун бар болушу, анын жакшы иш жүзүнө ашуусу бааны 1 балга көтөрүүгө мүмкүнчүлүк берет. 3 дөн ашык түзөтүү бар болсо эң жакшы баа коюлбайт. Текстте 5 катадан ашык түзөтүүлөр болсо (туура эмес жазылыштын туурага оңдоо) баа 1 балга төмөндөйт.
Кыргыз тилиндеги иштин инновациялык түрлөрү жана аларды баалоо
Окуу портфолиосу
Окуу портфолиосу – бул окуучулардын жеке жетишкендиктерин белгилүү бир окуу учурда белгилөө жана топтоштуруу ыкмасы, жана да өзүн өзү анализдөө жана өзүн өзү баалоо ыкмасынын түзүлүшү. Портфолио ар түрдүү маалыматтан турган, бара бара ээ болгон тажрыйбаны жана окуучулардын жетишкендиктерин көрсөткөн жумушчу файлдык папкадан турат . Окуу портфолиосунун түпкү максаты – окуу прогрессинин жана жумшалган аракеттердин күтүлгөн натыйжаларга жетишүү күбөлүгү.
Түзүү максатына карай портфолио ар түрдүү типтерге бөлүнөт.
Портфолионун биринчи түрү - бул “жетишкендик папкасы”, анын максаты – окуучунун өз баалуулугун жогорулатуу жана анын ийгиликтерин чагылдыруу (окуудагы мактоо баракчалары, спортто, музыка, шахмат ж.б жетишкендиктери; ата энелерине алкыш баракчалары, жетишүүчүлүк табели, значок, медалдары ж.б).
Экинчи түрү - “рефлексивдүү портфолио”, окуучунун өздүк өсүүсүнүн динамикасын көрсөткөн жана анын ишмердүүлүгүн жыйынтыктоону көзөмөлдөөгө сандык гана эмес сапаттык да планда жардам берген. Мисалы, мындай портфолиого окуучу дил баянынын черновигин, анын редактордук оңдотуусу менен вариантын, жана да дил баяндык жыйынтыктоо вариантын. Же анда кетирилген контролдук иш жана каталар үстүндө иштөө, жана да кошумча иштер (аткарылган көнүгүү, тест ж.б), окуучунун жыйынтыкка жетишүү жетишкендиктерин далилдеп турган, ошол текшерүү иш тарабынан көзөмөлгө алынган.
Портфолионун үчүнчү түрү – проблемалуу-изилдөөчүлүк, реферат, илимий окуу иштер, семинар, конференцияда чыгуусуна даярдоочулук менен байланыштуу. Портфолионун ушул түрүндөгү бардык материалдардары белгилүү бир түрдө топтошкон болушу абзел. Мисалы:
Рефераттын аталышы, варианттары (доклад, макалалар);
Изилдөөнүн максаттары, жоболору жана пландары;
Микротемалар, проблемалуу областтар;
Талаш тартышты жараткан көз караштар;
Фактылар, сандар, статистика;
Цитаталар, афоризмдер;
Изилдөөнүн натыйжалары жана жыйынтыктары;
Адабияттын тизмеси.
Портфолионун төртүнчү түрү – тематикалык, кандайдыр бир теманы, бөлүмдү, окуу курсун үйрөнүү процессинде пайда болгон. Бул портфолио белгилүү бир темадан теоретикалык (конспект, макалалардын тезиси ж.б) гана эмес, практикалык (ар түрдүү деңгээлдеги оордукта аткарылган көнүгүүлөр) маалыматты да камтыганга жардам берет.
Портфолиону баалоонун сунушталган критерийлери:
А) мазмуну
Берилген материалдардын портфолионун түрүнө дал келиши;
Берилген маалыматтык толуктугу;
Берилген маалыматтын логикалык байланышуусу;
Берилген материалдарды тандоодогу негиздүүсү;
Б) кооздолушу
Документтерди кооздоо эрежелерине дал келиши;
Портфолио күтүүнүн системалуулугу жана үзгүлтүксүздүгү;
Портфолиодо берилген маалыматтын ачык-айкындыгы;
Тыкандык жана кооздоонун жасалышы;
Сунушталган нормативдер:
Баалоо көрсөткүчтөрүнүн таблицасы
| Көрсөткүчтөр | |
Балл | Мазмуну | Жасалгалоосу |
“5” деген баа | Бардык берилген материалдар портфолионун түрүнө туура келет. Материалдардын саны жана сапаты окуу прогрессин жана жумшалган күч аракеттердин үмүт кылган натыйжаларга толугу менен жетип көрүүгө уруксат берет. Материалдар рубрикалары менен топтошкон жана белгилүү бир иреттүүлүктө жайгашкан. Портфолиодо берилген материалдарды тандоо ачык-айкын жана компетентүүлүктүн түзүлүш деңгелдеринин 40/40/20 ара катыштыгы чагылдырат. Портфолиодо окуучунун өз билимин өркүндөтүүсүн чагылдырган кошумча маалыматтар да кошулган.
| Титул барагынын, мазмунунун, эпиграфтын бар болуусу. Берилген материалдардын бирдиктүүлүк жана эстетикалык аяктоосу. Кол жазмаларынын тактыгы. Бардык материалдар керектүү библиографиялык маалыматтарды камтыйт. |
“4” деген баа | 80% ашуун материалдар портфолионун түрүнө дал келет. Материалдардын саны жана сапаты окуу прогрессин жана жумшалган күч аракеттердин үмүт кылган натыйжаларга жетип көрүүгө уруксат берет. Материалдар рубрикалары менен топтошкон жана белгилүү бир иреттүүлүктө жайгашкан. Портфолиодо берилген материалдарды тандоо ачык-айкын жана түзүлүш деңгелинин 40/40/20 ара катыштык компетенттүүлүгүн чагылдырат.
| Титул барагынын, мазмунунун, эпиграфтын бар болуусу. Берилген материалдардын бирдиктүүлүк жана эстетикалык аяктоосу. Кол жазмаларынын тактыгы. Көпчүлүк материалдар керектүү библиографиялык маалыматтарды камтыйт. |
“3” деген баа | Берилген материалдардын жарымынан көбү портфолионун түрүнө туура келет. Материалдардын саны жана сапаты окуу прогрессин жана жумшалган күч аракеттердин үмүт кылган натыйжаларга жетип көрүүгө уруксат берет. Материалдарды систематизациялоо аракети жумшалган. Портфолиодо берилген материалдарды тандоо жарым-жартылай ачык айкын жана түзүлүш деңгээлинин 60/30/10 ара катыштык компетенттүүлүгүн чагылдырат.
| Титул барагынын, мазмунунун, бар болуусу. Берилген материалдарды жасалгалоодо аракет жасалган. Материалдардын жарымынан көбү керектүү библиографиялык маалыматтарды камтыйт. |
“2” деген баа | Берилген материалдардын жарымынан азы портфолионун түрүнө туура келет. Материалдардын саны жана сапаты окуучунун сабактагы ишин көрүүгө уруксат берет. Материалдарды систематизациялоо аракети жумшалган. Портфолиодо берилген материалдар түзүлүш деңгээлинин 75/20/5 ара катыштык компетенттүүлүгүн чагылдырат.
| Титул барагынын бар болуусу. Берилген материалдарды жасалгалоодо аракет жасалган. Айрым материалдар керектүү библиографиялык маалыматтарды камтыйт. |
Эскертүү. Сунушталган критерийлер жана нормалар жетишерлик жогорку деңгээлдеги жалпылоосу бар жана мугалим үчүн багыт катары колдонулушу мүмкүн. Портфолионун белгилүү бир тибин баалоодо окуучуларга түшүнүктүү болгон критерийлер, нормалар жана толуктоолорду окуучулар менен макулдашылуусу зарыл. Мисалы, компетентүүлүктүн 40/40/20 өз ара түзүлүшү деп жетекчинин кол астында гана эмес, өз алдынча да бар болгон, жана да татаалдыктардын ар түрдүү деңгээлдери иштин белгилүү бир өлчөмү . Жана дагы калыс эместиктен кутулуудан жардам берүүчү баалоо барагын колдонуу сунушталат ( портфолионун баалоо барагын кара).
Таблица
Портфолионун баалоо баракчасы
Баалоонун критерийлери | Портфолионун жакшы жактары | Портфолионун кемчиликтери |
|
|
|
Бул таблица өз алдынча гана эмес, топто да толтурулса болот.
Окуу проектиси
Окуу проектиси – бул алдын ала пландаштырылган натыйжанын абдан ылайыктуу ыкма менен жетишкендиктери жана белгилүү бир проблеманы чечүүгө багытталган окуучунун/ окуучулардын ишмердүүлүгү. Проект доклад, реферат, изилдөөлөрдүн жана окуучулардын өз алдынча чыгармачыл иштеринин башка түрлөрүнүн элементтерин, бирок проекттин натыйжасын жетүү ыкмасы катары кошо алат.
Окуу проектисинин сунушталган баалоо көрсөткүчтөрү жана критерийлери
Баалоо | ||
Проекттин даярдалышы | Проекттин натыйжасы (отчет) | Проекттин презентациясы |
Өз алдынча ишмердүүлүк: Максатка карай божомолдоо (проблема так сүрөттөлгөн, максат коюлган, милдеттер коюлган), Иш чаралардын милдеттерге жетүү планынын дал келиши; Иш аракеттердин аткарылуу ирээттиги жана мониторинги; Ар түрдүү булактар менен иштөө (биринчи, экинчи ирет болгон); Проект боюнча иш чаранын бүтүшү; Өз алдынчалык деңгээли | Жазуу түрүндөгү отчеттун мазмуну: Максатка карай божомолдоонун ачыктыгы, оңойлугу, конкреттүүлүүгү Теманын практикалык баалуулугу жана актуалдуулугу Берилген чечимдердин иштиктүүлүүгү Теоретикалык негиздүүлүк жана далилдөөчүлүгү Маалыматтын ачык айкындыгы (булактарга анын ичинде интернет -булактарына таянуу) Айтылган теманын толугу менен ачылышы | Эл алдына чыгып сүйлөөчү кептин мазмуну: Тема тандоодогу негиздүүлүк Берилген чечимдердин далилдөөчүлүгү жана иштиктүүлүгү Теоретикалык негиздүүлүк Кептин так, ачык, оңойлугу Көрсөтмөлүүлүктүн, видеокаттардын орундуулугу
|
Топто иштөөнүн иш чарасы: Кызматташтык жана өз ара жардам көрсөтүү Планды аткарууда жоопкечиликтерди бөлүштүрүү жана коюлган милдеттерге натыйжанын дал келиши Проекттин бардык баскычтарында катышуу | Отчетту жасалгалоонун сапаты: Материалдын түзүлүшүнүн проекттик форматка дал келиши; Графиканын, видеокатардын мазмунуна дал келиши; жасалгалоонун эстетикалык жактан кооздолушу | Чечендик чебердиги:
кептин публицистикалык кепке дал келиши, өзүн алып жүрүү манерасы, көрсөтмөлүүлүктү колдонуусу, убакытты сезүүсү, импровизациялоо, эреженин сакталышы (регламент) |
| Сырткы баа: Жасалган иштин анализи (көз карандысыз рецензиянын бар болушу) | Тема/ проблеманын билүү деңгээли (суроолорго жооптор): Жооптун конкреттүүлүгү, толуктугу жана далилдүүлүгү, Ынактык, Теманы ийгиликтүү ачып берүү үчүн суроолорду колдонуу жана иштин күчтүү тарабын демонстациялоо |
Эскертүү. Сунушталган критерийлер жана нормалар жетишерлик бийик деңгээлдеги жалпылоосу бар жана мугалим үчүн багыт катары колдонулушу мүмкүн. Белгилүү бир проектти баалоодо окуучуларга түшүнүктүү болгон критерийлер, көрсөткүчтөр жана толуктоолорду окуучулар менен макулдашуу керек жана баалоо баракчасын иштеп чыгуу керек, ошонун негизинде жыйынтык баалар койулат.
Мисал
Проекттин баалоо баракчасы ( үч балдуу шкала)
Проектке катышуучунун аты жөнү «___________» | Проектти даярдоо | Проекттин натыйжасы(отчет) | Проекттин презентация-сы | Жыйынтыктоо баллы | Комментарийлер | ||||||||||
| Критерийлер* |
| |||||||||||||
| 1 | 2 | 3 | 4 | 1 | 2 | 3 | 4 | 1 | 2 | 3 | 4 |
|
| |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
*бул баалоо баракчасындагы критерийлердин саны белгилүү бир проект үчүн белгиленген критерийлердин санына дал келиши керек.
Жазуу ишинин текшерүү эрежелери
Жазуу ишин текшерүү үчүн мугалим кандай каталар болот жана алардын шарттуу белгилерин билүү абзел.
1. мазмундагы каталар
[ ] - ашыкча бөлүгү ( ашыкча сөз, сүйлөм)
V - калтыруу (ой, сөз, сүйлөм)
Z (сызылган ) - абзац белгиленбеген
Ф - фактынын негизиндеги ката же так эместик
Л - логикалык ката
Р - кептик ката
С - стилистикалык ката
Фактыга негизделген каталарга материалды баяндоодогу маалыматтык (маанилеринин кошумча өзгөчөлүктөрү) тактыктын бардык бузулуштары кирет: фактыларды, аттарды бурмалоо, колдонулган булактардан, турмуш чындыгынан чегинүүсү, баяндап жазылган чындыктын абалынын жана чечмелөөнүсүнүн дал келбөөсү
Логикалык каталарга мааниси бирдей эмес түшүнүктөрдүн окшоштуруусу, ой пикирин анчалык маанилүү эмес далилдер менен түшүндүрүү, бөлүк жана бүтүндүн аралыгы бузулуусу, түшүнүктөрдү чектөө жөндөмүнүн жоктугу, тарыхий ишкерлердин образын жана ойлоп чыгарылган каармандарды баш аламандыкка алып келген каталар кирет. Ар түрдүү түшүнүктөрдү бир бүтүнгө бириктире алуу жана салыштыруу жөндөмдүүлүгүнүн жоктугу, ойдун логикалык жайылтуусунун бузулуусу, себеп-натыйжа мамилелери, сүйлөмдөрдүн өз ара байланыштын жоктугу, аракет обьектисинин алмашуусу, логикалык дал келбеген түшүнүктөрдү бир катарга байланыштыруу каталар кирет.
Кептик каталарга сөздүн ылайыксыз мааниде колдонулушу, лексикалык айкалышуунун бузулушу, ашыкча сөздүн колдонулушу (плеоназм), жакын бир маанилүү сөздөрдү колдонулушу (тавтология), кайталоолор, бөтөн стилдүү түсү бар сөздөрдү колдонуу, ар түрдүү тарыхий доорлордун лексикаларынын аралаштыруусу, синтаксистик конструкциялардын жакырдыгы жана бир түрдүүлүгү, сөздөрдүн жарамсыз ырааттуулугу, сүйлөм бөлүкчөлөрүнүн стилистикалык жана маңызы жагынан дал келбегендиктер кирет.
Стилистикалык каталарга функционалдык стилдин бирдиктүүлүгүнүн талаптарынын бузулуусу. Адатынча текст бөлүктөрүн астын сызуу менен белгиленет.
Жыйынтык баалардын чыгаруусу
Жыйынтык баа (семестрдик, чейректик, жарым жылдык, жылдык) мурдагы баалардын орто арифметикалык саны катары механикалык түрдө коюлбаш керек. Аны аныктоодогу маанилүү ошол баанын чыгарылган убактысынан бардык көрсөткүчтөр боюнча фактыларга негизделген окуучунун натыйжалары.
Жыйынтыктоо баасын чыгарууда өзгөчө маанини орфографиялык, кептик, пунктуациялык үйрөнүү деңгээлин чагылдыра турган бааларга берүү керек (ортодогу баалоо). Каталар үстүндө иштөөнү эсепке алганда чейрек (жыл) аралыгында көпчүлүк текшерүү жат жазуулары, дил баяндары, баяндамалары орфографиялык, пунктуациялык, кептик сабаттуулугу “2” жана “1” деген балга эсептелинсе, жыйынтык баа жакшы болушу мүмкүн эмес. Жыйынтык бааны чыгарууда, окуу жылдын аралыгында окуучулардын олуттуу мамилесине демилге бериш үчүн, алардын учурдагы жетишүүлүгүн эсепке алуу керек.
Жогорку класстарда дил баяндарга болгон баалар, окуучулардын адабият жана алардын сабаттуулугун мүнөздөгөн класстык журналдарга адабият беттеринде (маңызы үчүн баа) жана орус тилинен (сабаттуулук үчүн баа) коюлат. Дил баяндар, баяндамалар, жат жазуулар үчүн баа качан текшерилбестигине карабай журналга өтүлгөн күнү катуу эсеп менен коюлат.
4-Бөлүм. Билим берүү процессине коюлуучу талаптар
4.1. Ресурстук камсыздоого коюлуучу талаптар
Окутуу методдору
Эне тилин окутууга карата коммуникативдик ишмердүүлүк мамиле интерактивдүү окутуудагы окуучулардын тынымсыз өз ара
баарлашуулары, карым-катнаш жасоо менен пикир алышуулары аркылуу ишке ашырылат. Бул багытта окутуу ишин уюштуруу үчүн
атайын зарыл шарттарды түзүү зарыл. Мындай учурда окуучулар өзүн-өзү, коомду жана дегеле дүйнөнү таанып билүү менен турмушка
карата болгон туура көз караштары калыптанат жана предметтик, түйүндүү компетенттүүлүктөргө ээ болушат. Интерактивдик окутууда
көп жактуу коммуникативдүүлүк, жагымдуу психологиялык кырдаал, окуп-үйрөнүүгө атайын ыңгайлуу педагогикалык шарттар түзүлөт.
Интерактивдүү окутууга өз алдынча иштөө, жуп менен иштөө, топ менен иштөө, талкуулар, презентациялар кирет. Интерактивдүү
окутуунун артыкчылыктары:
• окуучулар өздөрүн эркин сезип,”туура эмес жооп берип алам” деген коркунучтан алыс болуп, активдүүлүктөрү артат;
• ар бир окуучу өзүнүн жөндөмүн, шыгын, билимин көрсөтүүгө далалаттанат;
• жуп менен, топ менен иштегенге машыгышат;
• мугалим менен, бири-бири менен тыгыз карым-катнашта пикир алышуу ашат;
• окуучунун сынчыл ой жүгүртүүсү калыптанат;
• тапшырманы аткарууда бири-биринин тажрыйбаларын пайдаланууга, жаңы идеяларды жаратууга шарт түзүлөт;
• мугалим фасилитатор катары багыт берип, окуучу менен достук мамиледе болот.
Байкоо жана салыштыруу методу
Байкоо жана салыштыруу методу окуучулардын кептик, тилдик, маданият таануучулук ошондой эле, маалыматтык жана социалдык-
коммуникативдик компетентүүлүктөрүн калыптандырууга багытталат. Биргелешип окутуу
Бул метод окуучуларга өз ара бири-бири менен маалымат алышып, баарлашууга, коюлган милдеттерди чечүү үчүн жамаатта, командада,
топто өз ара мамилелешүүнүн ыкмаларына, өзүнүн көз карашын далилдей алуу менен талкууга катыша билүү маданиятына ээ болот. Алар
кептик, социалдык-коммуникативдик жана өзүн өзү уюштуруу менен маселе чече билүүчүлүк компетенттүүлүктөрүн калыптандырууга
багытталган. Буга акыл чабуулу (мээге чабуул), жупта, кичи топто иштөө, мозаика, ар кыл талкуулардын түрлөрү ж.б. кирет.
Акыл чабуулу – бул кеңири колдонулган интерактивдик ыкмалардын бири. Мында темага байланыштуу ойго келген идеялардын
бардыгын, сындалбастан иштелип чыгат. Акыл чабуулунда окуучулар эркин, ишкер абалда чыгармачылык менен жаңы идеяларды жарата
алышат. Интеллектуалдык жактан өнүгүшөт.
Маалыматты түшүнүп окуу көндүмүн өнүктүрүүчү методдор.
Бул методдор текст менен иштөө үчүн жаңы ыкмаларды колдонууну көздөйт, бардык окуучуларды окуу процессине тартууга, өтүлүп жаткан темага кызыгууну жаратууга, ой жүгүртүү ишмердигин активдештирүүгө жардам берет. Аларга ИНСЕРТ, эки бөлүктүү күндөлүк, жуптарда окуу жана биргелешип корутунду чыгаруу, чаташкан логикалык чынжырчалар ж.б. кирет.
Жазма кепти өнүктүрүүчү методдор.
Текстти жаратуучу ар кандай жумуштар окуучуларда түшүнүүнүн терең денгээлин пайда кылат, аларда байкоо жүргүзүүгө кылдаттык менен мамиле жасоо өнүгөт, өз пикирин, жазуу ишинин өзгөчө мүнөзүн жаратууга жардам берет, өз ойлоруна, тажрыбасына урматтоо менен мамиле жасай башташат.
Аларга беш-он мүнөттүк эсселер, дил баяндын элементтери менен изложение жазуу, аргементтүү эсселер жана башкалар кирет.
Окуучулардын илимий-изилдөөчүлүк ишмердигин өнүктүрүүчү методдор.
Эне тил сабактарында окуучуларды илимий-изилдөөчүлүк ишмердикке үйрөтүүгө төмөнкүлөрдү киргизсек болот: көйгөйдү коюу, көйгөйдү чечүүнүн жолдорун аныктоо, ишмердиктин жолдорун аныктоо, күтүлүүчү натыйжаны кыска жана так жазуу, жыйынтыктарды корсөтө билүү жана өзүн-өзү талдоо.
Педагогикалык практикада долбоор методу, документ булактарын изилдөө, илимий жактан маанилүү материалдарды издөө жана топтоо, интервью, портфолио, концепция картасы ж.б. колдонуу ийгиликти жаратып жатат.
4.2. Мотивдештирүүчү окутуу чөйрөсүн түзүү
Эне тили — пикир алышуунун куралы, ойдун тикеден тике чындыгы катары көп кызматты өзүнө аркалаган көрүнүш. Ал карым-катнаштын каражаты болуу менен бирге эле чындыкты чагылдыруунун жана таанып билүүнүн куралы, ошондой эле, инсандын рухий жана интеллектуалдык жактан өнүгүүсүнө да шарт түзөт. Эне тилине канчалык деӊгээлде ээ болгондугу окуучунун башка предметтерди айрыкча экинчи тилди, чет тилдерди жана калган предметтерди өздөштүрүүдөгү ийгиликтеринен көрүнөт. Ошондой эле, аналитикалык ой жүгүртүүсүнүн өнүгүүсү да ушуга байланыштуу. Тил менен ой жүгүртүүнү бири-бирисиз элестетүү эч мүмкүн эмес. Алар өз ара жуурулушкан бир бүтүндүктү түзүп турат. Эне тили предмет катары мектепте үч аспектиде окутулат: 1) тилдин системасы; 2) орфографиялык жана пунктуациялык көндүмдөр; 3) кеп маданиятын өнүктүрүү. Эне тилин окутуунун максаты — мектеп бүтүрүүчүсү тилдик жана кептик нормаларга ылайык кептик ой жүгүртүүчүлүк ишмердүүлүккө ээ болуу менен маданий-адептик жактан да калыптануусун жөнгө салуу.
Атап айтсак: тилдик компетенттүүлүктө - мектеп окуучусун тилдик бирдиктерди алардын тилдин системасындагы функциялары жана тексттеги ролу менен байланышта түшүнүүгө; лингвистикалык бирдиктерди функциялары, маанилери жана стилдери боюнча топтоштурууга; тилдик бирдиктерди түзүлүшү, мааниси жана стили боюнча айырмалоого; кептин оозеки жана жазуу формаларынын өзгөчөлүктөрүн салыштырууга; орфографиялык жана пунктуациялык ыкмаларга ээ кылууга окутуу. Кептик компетенттүүлүктө - мектеп окуучусун коммуникативдик милдеттерди аныктоого, тилди пикир алышуунун ар кыл кырдаалдарында оозеки жана жазуу формасында пайдаланууга, өзүнүн сөздүк байлыгын байытуу менен кептик мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүүгө, мисалы: карым-катнаштын максатына ылайык кептин предметин жана темасын түшүнүүгө жана белгилөөгө; тексттеги биринчи жана экинчи орундагы маалыматтарды бөлүп көрсөтүүгө, аларды чындык менен салыштырууга; адабий тилдин (стилдердин) нормаларына, пикир алышуунун максатына (кептик кырдаалдарга) ылайык текст түзүүгө; текстти ар кыл стилдик талаптарга, ар кыл эмоционалдык жагдайларга ылайыктап кайрадан түзүүгө; коммуникативдик мазмунуна ылайык тексттердин функционалдык семантикалык типтерин, кептин ар кыл жанрындагы жана стилиндеги тексттерди айырмалоого жана пайдаланууга үйрөтүлөт. Маданий компетенттүүлүктө мектеп окуучусун пикир алышууга катышуу менен социалдык-кептик, маанилик жана тарыхый-маданий контекстти эске алуу менен сүйлөшүү маданиятынын нормаларына ээ болууга, коомдо калыпка түшкөн жүрүм-турумдун эрежелерине ылайык карым-катнаштын катышуучусунун социалдык ролун өзүнө кабыл алуу менен элдин маданий мурасынын маанилүү бөлүгү, ыйык баалуулукка айланган эне тилин урматтоого жана сактоого окутуп-тарбиялоо ж.б.
Глоссарий
Консепсия- 1.консепсия,фарз,тахмин,нуқтаи назар.2.ғоя,фикри асосӣ.
Коммуникатсия –алоқа,робита.
Куррикулум-системаи ҳуҷҷатҳои меъёрӣ,ки ба ташкили ҷараёни таълим дар асоси талаботҳои иҷтимоии ҷамъият нигаронидашуда ва ба тартиб даровардашуда мебошад.
Ресурсҳо-сарчашма,манбаъ,захира,боигарӣ.
Салоҳиятҳои асосӣ (компетенсияҳо)-ба талабагон малака ва маҳорати азхудкардаи худро дар ҳолатҳои гуногуни ҳаётӣ ва ҳалли масъалаҳои муҳим, ҳам амалӣ ва ҳам назарӣ истифода бурда тавонистанро,таъмин мекунад.
Портфолио (папкаи комёбиҳо)-маҷмӯаи комёбиҳои шахсии талаба буда,онро шахсан худи талаба ташкил медиҳад ва фаъолияти талабаро дар ҷараёни таълим ва берун аз он нишон медиҳад.Воситаи маҳсулноки мониторинги комёбиҳои таълимии талаба аст.
Адабиёти истифодашуда
1.Рамочный Националь куррикулум среднего общего образования Кыргызской Республики.-Б..: 2010-66 стр.
2. Государтственные стандарты предметного образования в школах Кыргызской Республики. – Бишкек, 2006
3. Бреусенко Л.М., Матохина Т.А., Шейко Т.Е. Предметный стандарт родного языка в школах с русским языком обучения (5-9, 10-11 классы) Бишкек – 2011
4.Программаи забон ва адабиёти тоҷик барои синфҳои 5-11.-Душанбе,Маориф-1991.
5.Грамматикаи забони тоҷикӣ.Қисми 1.Нашриёти Давлатии Тоҷикистон.Сталинобод-1956.
6.Саидмурод Ҳоҷиев. Методикаи таълими забони тоҷикӣ.Қисмҳои 1,2.Хуҷанд-1992.
7.Фарҳанги забони тоҷикӣ.Ҷилдҳои 1,2.Издательство “Советская Энциклопедия”.Москва-1969.
8.М.Қурбонов.М. Маҳмадов.Таълими забони тоҷикӣ дар синфи -5.Душанбе. “Маориф”-1993.
9.Стандарти фанни забони тоҷикӣ ва раҳнамои омӯзгор(синфҳои 5-9) Душанбе-2012