Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ӨНӨР ЖАЙ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2015-жылдын 17-октябры № 152
“Жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу эрежелерин” жана “Жаратылыш газын эсепке алуу эрежелерин” бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун 15-пунктуна ылайык жана жаратылыш газын пайдалануунун тартибин регламентациялоо жана газ жабдуучу уюмдардын керектөөчүлөр менен өз ара мамилелерин тартипке келтирүү, ошондой эле жаратылыш газын эсепке алуу маселесин бирдиктүү мамиле кылуу максатында,
БУЙРУК КЫЛАМЫН:
Тиркелгендер бекитилсин:
- Жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу эрежелери;
- Жаратылыш газын эсепке алуу эрежелери.
2. Басма сөз катчысы бул буйрук катталган күндөн тартып үч иш күндүн ичинде “Эркин Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин веб-сайтына анын мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяланышын камсыз кылсын.
3. Отун, газ жана жылуулук камсыздоо бөлүмү бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып бир иш күндүн ичинде бул буйруктун мамлекеттик жана расмий тилдердеги эки пускадагы көчүрмөсүн, жарыяланган булагын көрсөтүү менен кагаз жана электрондук түрдө мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары А.Р.Калиевге жүктөлсүн.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр | К. Турдубаев |