Сравнение редакций…
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 14-октябрындагы № 175-б буйругу менен бекитилди |
Ички берүүчүлөргө (подрядчыларга) жеңилдиктерди колдонууга методикалык
нускама
Ички берүүчүлөргө (подрядчыларга) жеңилдиктерди көрсөтүү боюнча методикалык нускама “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесине ишке ашыруу максатында иштелип чыкты жана мамлекеттик сатып алуулар жол–жобосунда катышуучу ички берүүчүлөр (катышуучулар) жеңилдиктерди көрсөтүүнүн механизмин аныктайт. Методикалык нускамага ылайык баалоо конкурстук комиссия тарабынан ишке ашырылат.
Жалпы жоболор
1. Сатып алуучу уюм конкурстук табыштамаларды баалоодо чет өлкөлүк өндүрүштөгү товарларга конкурстук табыштама менен салыштыруу боюнча ошондой эле Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн товарларга 20 пайызга чейин сунушталган бааларга, ошондой эле чет өлкөлүк фирмалар сунуштаган менен салыштыруу боюнча ички подрядчыларга 20 пайызга чейин иштерге жергиликтүү эмгек ресурстарын 70 пайыздан аз эмес ички подрядчыларга пайдалануу шартында, ошондой эле жергиликтүү чийки зат жана материалдарга 30 пайыздан аз эмес жеңилдиктер берилет,
2. Жеңилдиктерди колдонуу колдонуу шартында конкурстук документтер жеңилдиктер өлчөмү, ошондой эле анын конкурстук табыштамасына жеңилдиктерди колдонуунун алгылыктуулугун белгилөөгө мүмкүн болуучу катышуучуларга документтерди тапшыруу жөнүндө талаптар камтылууга тийиш.
3. Жеңилдиктерди колдонуу шартында сатып алуучу уюм конкурстук документтерде жеңилдиктер өлчөмү каралууга тийиш. Кулактандырууда ата мекендик өндүрүш же ички подрядчылардын товарларына жеңилдиктерди көрсөтүү жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш. Кийинки жеңилдиктерди жана жеңилдиктер өлчөмүн берүү жөнүндө билдирилген арыз өзгөртүлүүгө тийиш эмес.
4. Ички берүүчүлөргө же подрядчыларга жеңилдиктерди берүү шартында сатып алуучу уюм Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамын жана ушул нускаманы жетекчиликке алат. Чет өлкөлүк берүүчүлөргө Кыргыз Республикасы катышкан жана белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдин нормалары колдонулат.
5. Конкурстук табыштамаларды баалоо боюнча Нускамага ылайык жүргүзүлгөн баалоо наркынан аз конкурстук табыштаманы аныктоо боюнча баалоо этаптарын жүргүзгөндөн кийин жүргүзүү ылайык.
6. Эгер конкурстук табыштамаларды баалагандан кийин ички берүүчүлөр (подрядчылар) жеңүүчү болуп аныкталса, анда методиканы колдонуунун зарылчылыгы жок.
7.Эгер баалоо жүрүшүндө чет өлкөлүк компания аныкталса, анда методиканын 2-чи жана 3-пунктардын негизинде бул методикалык нускаманын 1 пунктунун талаптарын аткаруу шартында ишке ашырылат.
8. Жеңилдиктерди берүү үчүн конкурстук табыштамаларды салыштыруу жарактуу конкурстук табыштамалар болуусунда гана мүмкүн, ошондой эле жеңилдиктерди колдонуу жол-жобосу конкурстук табыштаманын иш-аракет мөөнөтүндө болууга тийиш.
II. Ата мекендик өндүрүш товарлары үчүн жеңилдиктер
9. Чет өлкөлүк өндүрүштөгү товарларга конкурстук табыштамалар менен салыштыруу боюнча конкурстук документтерде көрсөтүлгөн өлчөмдө ички берүүчүлөр менен Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларга сатып алуучу уюмдарга жеңилдиктерди колдонгон мүмкүн болуучу товарды сатып алууда колдонулат.
10. Конкурстук документтерде төмөндөгүлөр көрсөтүлүүсү тийиш:
ички берүүчүлөр товарлардын чыгарылышын далилдөөчү документтердин тизмесин;
чет өлкөлүк берүүчүлөр CIP шартында товардын баасын көрөстүү (Инкотермс 2012).
11. Конкурсдик табыштаманы баалоодо жана салыштырууда сатып алуучу уюм жеңилдиктерди колдонуунун төмөндөгү методикасын колдонууга тийиш.
12.Салыштыруу максатында, катышуучулардын конкурсдик табыштамаларды эки топко бөлүү зарыл:
А тобу: Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн товарларга конкурстук табыштамалар.
Б тобу: чет өлкөлүк өндүрүштөгү өндүрүлгөн товарларга конкурстук табыштамалар.
13. А тобундагы сунушталган товарлардын баасына бардык төлөнгөн алымдар жана салыктар кошулууга тийиш, бирок сатуудан салык же кошумча наркка салык кошулбайт. CIP шартында негизделген Б тобундагы сунушталган товарлардын баасына, төлөнгөн же төлөөгө тийиштүү бажы төлөмдөр жана импортко салык кошулбайт дегенди билдирет.
14. Аз наркта бааланган нарктагы конкурстук табыштаманы аныктоо үчүн, биринчи этапта бардык конкурстук табыштамалар өзүнүн тобунда салыштырылат, мисалы А топтогу конкурстук табыштамалар (ата мекендик товарлар) жана Б топтогу (чет өлкөлүк өндүрүштөгү товарлар). Андан кийин аз нарктагы баадагы конкурстук табыштамалардын ар бир тобу бири бири менен салыштырылат. Эгер салыштыруу натыйжасында А тобундагы (ата мекендик) конкурстук табыштама Б тобундагы (чет өлкөлүк товарлар) конкурстук табыштамага караганда аз бааланган наркка ээ болсо жеңүүчү деп эсептелет, бул шартта А Тиркемесинде көрсөтүлгөн таблица иш аракетин колдонуунун зарылдыгы жок.
15. Эгер салыштыруу натыйжасында Б тобунан (чет өлкөлүк өндүрүш) аз баадагы нарктагы конкурстук табыштама болсо А тобу менен андан ары салыштыруу максатында Б тобундагы (чет өлкөлүк өндүрүш) баасы конкурстук табыштамада каралган жеңилдиктердин өлчөмү бул конкурстук табыштаманын СIP баасынан (А Тиркеме) пайыз менен көбөйөт. Эгер жеңилдиктерди колдонуу натыйжасында А тобундагы (ата мекендик товарлар) конкурстук табыштама Б тобунан (чет өлкөлүк товарлар) караганда аз бааланган наркка ээ болсо, жеңүүчү болуп табылат.
III. Ата мекендик подрядчылар үчүн жеңилдик
16. Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашырылуучу иштерди сатып алууда сатып алуучу уюм ички подрядчыларга жеңилдиктерди чет өлкөлүк подрядчылардын сунуштары менен салыштыруу боюнча конкурстук документацияда көрсөтүлгөн өлчөмдө жеңилдиктерди берет.
17. Конкурстук табыштаманы тапшырууда ички подрядчы жана чет өлкөлүк компаниялар Салык кодексине ылайык бардык салыктардын баасын кошууга тийиш.
18. Жеңилдикти алууга талапкер ички подрядчы квалификаясын аныктоо максатында, каттоо өткөн өлкөсү тууралуу, жумушчуларынын саны (Кыргыз Республикасынын жумушка алектендирген жарандары жана алардын квалфикациясы), колдонулган курулуш материалдарынын тегин тастыктаган документтер, ички подрядчы жергиликтүү эмгек ресурстарын кеминде 70 пайыз жана жергиликтүү чийки заттарды жана материалдарды кеминде 30 пайыз пайдаланган тууралуу маалыматтарды тапшырууга тийиш.
19. Конкурстук табыштамаларды баалоодо жана салыштырууда сатып алуучу уюм жеңилдиктерди колдонуунун төмөндөгү методикасын колдонууга тийиш.
20. Конкурстук табыштамалар кабыл алынып жана каралгандан кийин, талаптарга жооп берген конкурстук табыштамалар төмөндөгү топтор боюнча классификацияланат:
А тобу: жеңилдиктерге ээ болгон ички подрядчылар сунуштаган конкурстук табыштамалар;
Б тобу: чет өлкөлүк подрядчылар сунуштаган конкурстук табыштамалар.
21. Аз наркта бааланган нарктагы конкурстук табыштаманы аныктоо үчүн, биринчи этапта бардык конкурстук табыштамалар өзүнүн тобунда салыштырылат, мисалы А топтогу конкурстук табыштамалар (ата мекендик подрядчылар) жана Б топтогу (чет өлкөлүк подрядчылар). Андан кийин аз нарктагы баадагы конкурстук табыштамалардын ар бир тобу бири бири менен салыштырылат. Эгер салыштыруу натыйжасында А тобундагы (ата мекендик) конкурстук табыштама Б тобундагы (чет өлкөлүк товарлар) конкурстук табыштамага караганда аз бааланган наркка ээ болсо жеңүүчү деп эсептелет.
22. Эгер салыштыруу натыйжасында А тобундагы (ички подрядчыларга) караганда Б Тобундагы (чет өлкөлүк подрядчылар) аз бааланган наркка ээ болсо, А тобундагы конкурстук табыштаманын суммасынан жеңилдиктүү пайызы көрсөтүлгөн суммага барабар Б тобуна (Б Тиркеме) кирүүчү чет өлкөлүк подрядчылардын конкурстук табыштамаларына кошулат. Эгер салыштыруу натыйжасында А Тобундагы (ички подрядчылар) сунушту мындай салыштыруудан кийин ал эң төмөн наркка ээ болсо, анда жеңүүчү деп табылат.
IV. Тариздөө
23. Баалоо жүрүшүндө конкурстук комиссия бул методологиянын сатып алуу предметине карата тиркемесин толтурууну жүргүзөт, ал конкурстук комиссиянын толук курамы тарабынан кол коюлат. Жеңилдиктерди колдонуу натыйжалары жеңилдиктерди колдонуу өлчөмүн эсепке алуу менен конкурстук табыштаманын акыркы баалоосу конкурстук табыштаманы баалоо боюнча Нускамага ылайык конкурстук комиссиянын баалоо отчетунда көрсөтүлүүгө тийиш жана сатып алуучу уюмдун сатып алуу бөлүмүнө сатып алуучу уюмдун атынан келишимди түзүүгө сунуш киргизүүсү үчүн.
А Тиркеме
Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган товарларга ички берүүчүлөргө жеңилдиктер
Конкурс катышуучусу | Жалпы баа | Жеңилдик жайылтылбаган негиздер | Жалпы оңдолгон сумма | Ата мекедик өндүрүүчүлөргө жеңилдиктер (%) | Жеңилдик баасы | Салыштырууга жалпы баа |
(а) | (б) | (в) | (г) = (б) – (в) | (д) | (е) | (ж) = (д) + (е) |
Ата мекендик өндүрүүдөгү товарды сунуштоочу конкурстук табыштамалар А[1]топ | 5500 | 1100 | 4400=5500-1100 |
|
| 4400 |
Чет өлкөлүк товарды сунуштоочу конкурстук табыштамалар Б топ | 5000 | 1000 | 5000–1000=4000 | 20% | 800 | 4000+800=4800 |
| ||||||
(а) графасында мамлекеттик тийиштүүлүгүн көрсөтүү менен конкурстун катышуучусу көрсөтүлөт
(б) графасында сунушталган баанын жалпы баасы көрсөтүлөт
(в) графасында Кыргыз Республикасынын аймагында бардык алынуучу салыктардын суммасы көрсөтүлөт (сатуудан салык, кошумча наркка салык)
(г) графасында жалпы суммадан салыктын суммасы кемитилет
(д) графасында жеңилдиктердин пайызы көрсөтүлөт
( е) графасында баадан жеңилдик баасы көрсөтүлөт, (д) чет өлкөлүк подрядчынын баасынан
(ж) графасында жеңилдикти эсепке алуу менен баасы көрсөтүлөт.
Жеңилдиктерди колдонуу натыйжалары боюнча конкурстук комиссия тарабынан төмөндөгүлөр аныкталды:
________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
Конкурстук комиссиянын курамы:
_____________________
_____________________
_____________________
_____________________
Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн өзгөчө ой пикири:
_________________________________________________________________________________________________________________________________
Б Тиркеме
Ички подрядчылардын ишине жеңилдиктер
Конкурс катышуучусу | Ата мекендик адистер эмгек ресурстарынын саны, | Жергиликтүү чийки зат жана материалдарды колдонулуучу сумма | Жалпы баасы | Жеңилдиктер өлчөмү | Жеңилдик суммасы | Салыштыруунун жалпы баасы |
(а) | (б)1 | (б)2 | (в) | (г) | (д) | (е) = (в) - (г)+(д) |
Ички подрядчынын конкурстук табыштамасы(мисалы) А тобу
| 70% жан жергиликтүү эмгек ресурстарынан аз эмес | 30% | 5000 |
|
| 5000 |
Чет өлкөлүк товарды сунуштоочу конкурстук табыштамалар Б тобу |
|
| 4800 | 20% | 960 | 4800+960=5760 |
(а) графасында мамлекеттик тийиштүүлүгүн көрсөтүү менен конкурсдин катышуучусу көрсөтүлөт
(б) 1 графасында жергиликтүү эмгек ресурстарынын саны көрсөтүлөт
(б) 2 графасында жергиликтүү чийки чийки зат жана материалдарды колдонулуучу суммардык туюнтуу көрсөтүлөт
(в) графасында сунушталган жалпы баа көрсөтүлөт
(г) графасында жеңилдикдиктердин пайызы көрсөтүлөт
(д) графасында жеңилдиктердин пайызы көрсөтүлөт
(е) графасында жеңилдиктерди эсепке алуу менен конкурсдик табыштамалардын салыштыруу баасы көрсөтүлөт.
Жеңилдиктерди колдонуу натыйжалары боюнча конкурстук комиссия тарабынан төмөндөгүлөр аныкталды:
________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
Конкурстук комиссиянын курамы:
_____________________
_____________________
_____________________
_____________________
Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн өзгөчө ой пикири:
___________________________________________________________________________________________________________________________________
Методикадагы көрсөтүлгөн маалыматтар мисал гана болуп саналат,графалардагы маалыматтар [1] сатып алууларды жүргүзүү боюнча маалыматтар катары көрсөтүлүүгө тийиш