Сравнение редакций…
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2015-жылдын 14-октябрындагы № 175-б буйругу менен бекитилди |
Конкурстук табыштамаларды баалоо тууралуу
методикалык нускама
Жалпы жоболор
1. Конкурстук тооруктарды өткөрүүдө бул конкурстук табыштамаларды баалоо тууралуу методикалык нускама (мындан ары – нускама) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам) жана мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын аткаруу максатында иштелип чыкты.
2. Бул Нускама сатып алуучу уюмдардын конкурстук комиссияларынын ишинде колдонуу үчүн багытталган жана конкурска катышууга Катышуучулардан түшкөн конкурстук табыштамаларды баалоонун тартибин регламенттейт.
II. Конкурстук табыштамаларды баалоо
3. Мыйзамдын 10-беренесине ылайык конкурстук табыштамаларды баалоо функциясын конкурстук комиссия аткарат жана баалоо натыйжалары боюнча жеңүүчүнү тандоо жөнүндө чечим чыгарат. Сатып алуу бөлүмү конкурстук комиссиянын1 чечимине ылайык жеңүүчүнү менен келишим түзүүгө сунуш киргизет же “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамга ылайык башка чечим кабыл алат (эгер мыйзам ченмдерин бузуу менен жүргүзүлсө, конкурстук комиссияга чечимди кайра кароону өтүнөт, тоорукту жокко чыгаруу чечимин кабыл алат, келишимди түзүүдөн, жеңүүчүнү баш тартуу шартында баасы боюнча экинчи рейтингге ээ болгон же аз бааланган нарк боюнча кийинки талапкер менен келишим түзүү жөнүндө чечим кабыл алат).
4. Конкурстук табыштамаларды баалоону жүргүзүү үчүн сатып алуучу уюм комиссиянын мүчөлөрүнүн тийиштүү квалификациясын эсепке алуу менен конкурстук комиссиянын курамында квалификациялуу кадрлардын болуусун камсыздоого тийиш. Эгер квалификациясы жок болгон учурда, сатып алуучу уюм тыштан эксперттерди тарта алат.
5. Конкурстук комиссиянын конкурстук табыштамаларды кароонун мөөнөтү конкурстук табыштаманын иш-аракетинин 2\3 бир мөөнөтүнөн ашпоого тийиш. Калган мөөнөт конкурстук комиссиянын чечиминин тууралыгын текшерүү үчүн сатып алуу бөлүмүнө зарыл, эгер Мыйзамдын 29-беренесинин 11-бөлүгүнө ылайык келишим долбоорунун калган бөлүмдөрү менен макулдашуу, тандоо натыйжалары жөнүндө кулактандырууну жарыялоо, келишимди кабарлоо жана каттоону жөнөтүү үчүн (мамлекеттик бюджеттен бюджеттик мекемелерди каржылоо шартында).
6. Конкурс жеңүүчүсү жөнүндө кулактандырууну жарыялаганга чейин конкурстук табыштамаларды баалоо боюнча маалымат конкурс катышуучуларына же бул процессте расмий катышпагандарга угузулууга тийиш эмес.
III. Баалоо эрежеси
7. Мыйзамдын 7-беренесине ылайык сатып алуу бөлүмү жана конкурстук комиссия коммерциялык сыр болуп саналган маалымат камтылган конкурстук табыштамага берилген маалыматтын жашырындуулук принцибин сактоого милдеттүү.
8. Конкурстук комиссия тарабынан конкурстук табыштамаларды баалоо жана салыштыруу конкурстук комиссиянын толук курамында ишке ашырылат.
9. Катышуучулардын конкурстук табыштамаларын баалоо конкурстук документацияда белгиленген талаптарга жана критерийлерге ылайык ишке ашырылат. Бул критерийлер сатып алуу мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш.
10. Сатып алуучу уюм конкурстук табыштамаларды баалоону аяктоого жана конкурстук табыштамалардын иш аракет мөөнөтү аяктаганга чейин келишимди ыйгарууга тийиш. Качан баалоо үчүн кошумча убакыт зарыл болсо, сатып алуучу уюм конкурстук табыштама берген бардык катышуучуларга конкурстук табыштаманын колдонулуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө суроо-талап жөнөтөт. Тооруктардын катышуучулары өзүлөрүнүн конкурстук табыштамаларынын колдонуулуу мөөнөтүн узартууга макулдук бергендер өзүнүн сунушун өзгөртпөй берүүчү (подрядчы) расмий бланкында бул макулдукту берет, ошондой эле конкурстук табыштамалардын кепилдиктүү камсыздоо күчүнүн мөөнөтүн узартууга тийиш. Тооруктардын катышуучулары конкурстук табыштамалардын колдонулуу мөөнөтүн узартпоо укугуна ээ, бул шартта алардын конкурстук табыштамасы жарактуу эмес деп таанылат.
IV. Баалоо жол-жобосу
11. Баалоо жол-жобону конкурстук табыштамаларды ачуу учурунда жүргүзүлүүсү мүмкүн эмес. Конкурстук табыштамалардын түп нускалары ачылат. Баалоо процесси конкурстук табыштамаларды ачуу протоколун түзгөндөн кийин дароо башталууга тийиш. Баалоо жол-жобосунда берүүчү (подрядчылар) катышууга тыюу салынган. Конкурстук комиссия баалоону жүргүзүү үчүн конкурстук комиссиянын бир көчүрмөсү ачылат, ал түп нуска менен салыштырылат жана иште колдонулат. Конкурстук табыштамалардын түп нускасы менен көчүрмөлөрдүн ортосунда айырма болсо артыкчылык конкурстук табыштаманын түп нускасына берилет. Электрондук форматта конкурсту жүргүзүү шартында, ачуу система аркылуу (мамлекеттик сатып алуулар веб-порталы) менен дайындалган убакытта жүргүзүлөт.
12. Баалоо жол-жобосу үч этап менен жүргүзүлөт. Баалоо процессинин бардык этаптарында конкурстук комиссия Мыйзамдын 23-беренесине ылайык конкурстук табыштаманын жүйөөсү боюнча түшүндүрмө берүүнү конкурс катышуучусунан өтүнүшү мүмкүн Ага болгон түшүндүрүү жөнүндө өтүнүч жана жооп жазуу түрүндө берилүүгө тийиш, факс боюнча же мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы аркылуу электрондук билдирүү менен берилет. Конкурстук табыштаманын маанисин өзгөртүү максаты менен эч кандай суроо-талаптарга, сунуштарга же уруксат берүүлөргө же кийин жооп берүүчү конкурстук документациянын талаптарына жооп бербеген конкурстук табыштама жасоо үчүн багытталган өзгөртүүлөргө жол берилбейт, качан бул зарыл болсо, бааны өзгөртүүнү кошкондо, конкурстук табыштаманы баалоодо сатып алуучу уюм тапкан арифметикалык каталарды оңдоого арналган учурларда болот.
13. Конкурстук табыштаманын маанисин өзгөртүү менен берилген түшүндүрмөлөр сатып алуучу уюм тарабынан каралууга тийиш эмес. Жетпеген документтерди катышуучудан суроого же конкурстук табыштамаларды ачкандан кийин берүүчүдөн салык боюнча карыздарын тындырууга тыюу салынат.
14. Баалоонун биринчи этабында конкурстук комиссия катышуучулардын берилген конкурстук табыштамаларынын толуктугу, катышуучулардын квалификациянын документалдуу далилдери, товар сапаты жана сатып алуучу уюм талап кылган документтердин конкурстук табыштамалардын алдын-ала баалоосун жүргүзөт. Мындай текшерүүнү жүргүзүүдө 1-Тиркеме толтурулат. Алдын-ала баалоо төмөнкүдөй түрдө ишке ашырылат:
а) текшерүү: Конкурстук табыштама кол коюу укугуна ээ адам тарабынан кол коюлууга тийиш. Эгер конкурстук табыштама жетекчи тарабынан кол коюлбаса, конкурстук табыштаманын пакетинде Катышуучу атынан кол коюу укугун берүүчү ишеним каты болууга тийиш;
б) конкурстук табыштаманын толуктугу: Конкурс катышуучусу конкурстук табыштаманы толук көлөмдө берүүгө тийиш. Конкурстук документтерде сатып алуучу уюм сураган кандайдыр-бир документтердин жоктугу конкурстук табыштаманы четтетүү үчүн негиз болуп саналат. Эгер кандайдыр-бир өчүрүү, саптар ортосунда киргизүүлөр, жазуулар же башка өзгөртүүлөр болсо алар парафирленүүгө тийиш тоорук катышуучусу тарабынан (кол коюлууга тийиш). Конкурстук табыштаманын катышуучулары келишимдин жалпы жана өзгөчө шарттарынын ар бир барагына кол коюлгандар тиркелүүгө тийиш;
в) мыйзамдуулук жана алгылыктуулук: баалоо жүрүшүндө сатып алуучу уюм ак ниетсиз берүүчүлөрдүн,подрядчылардын маалыматтар Базасында Катышуучунун болуусун текшерүүгө тийиш. Алдын-ала квалификациялык тандоону жүргүзүү шартында, алдын–ала тандоодон өткөн тоорук катышуучуларынын гана конкурстук табыштамалары каралат. Тоорук катышуучусу (жөнөкөй өнөктөштүк жана субподрядчылардын баардык өнөктөштөрүн кошкондо) четтетилиши мүмкүн, эгер бул катышуучу же анын өнөктөшү (өнөктөш) бул тооруктар менен байланыштуу консультатциялык кызматтарды көрсөтсө, же эгер тооруктун бул катышуучусу мамлекеттик ишкана, юридикалык жактан өз алдынча жак болуп саналбаса. Конкурстук комиссия документтердин мыйзамдуулугун текшерүүгө тийиш, атап айтканда устав, юридикалык жактын күбөлүгү, кол коюуга уруксат берилген ишеним кат;
г) конкурстук табыштаманы кепилдик менен камсыздоо; конкурс катышуучусу конкурстук табыштаманы кепилдиктүү камсыздоо иш-аракетинин сунушталган өлчөмү конкурстук документтердин талаптарына ылайык келүүгө тийиш. Эгер конкурстук табыштаманы кепилдиктүү камсыздоо банктык кепилдик түрүндө берилсе, анын тексти конкурстук табыштаманын кепилдиктүү камсыздоонун формасына ылайык келүүгө тийиш. Сунушталган кепилдиктер сатып алуучу уюмга даректелүүгө тийиш.
15. Конкурстук табыштамаларды баалоо жүрүшүндө конкурстук комиссия конкурстук табыштамаларды кароонун жүрүшүндө табылган арифметикалык каталарды оңдойт. Сатып алуучу уюм токтоосуз түрдө конкурстук табыштаманы берген берүүчү/подрядчыга ар кандай мындай оңдоолор жөнүндө кабарлайт. Арифметикалык каталар болуп көбөйтүү натыйжасында алынган бирдик жана жалпы баа ортосундагы айырма болсо. Мындай каталардын болуусунда, бирдик үчүн баа артыкчылыктуу болуп саналат, жалпы сумманы берүүчү (подрядчынын) макулдугу менен өңдоо талапка ылайык. Эгер сөздөр менен цифралар ортосунда айырмачылыктар болсо сөз менен жазылган сумма артыкчылыктуу болот.
Мисалы: бир үчүн баа 10 сом, саны 10 даана, жалпы сумма 1000 сом. Оңдоодон кийин жалпы сумма 100 сомду түзөт.Же баалар таблицасында цифралар суумасы бирөө көрсөтүлгөн, ал эми конкурстук табыштамда жазуу түрүндө башка цифра көрсөтүлгөн, цифра жазуу менен жазылган цифра артыкчылыкка ээ.
Эгер берүүчү (подрядчы) арифметикалык каталардын оңдолушу менен макул болбосо, бул берүүчүнүн (подрядчы) конкурстук табыштамасы четтетилет. Конкурстук табыштаманы ачуу жол-жобосунан кийин конкурстук комиссияга же сатып алуу бөлүмүнө өзүлөрүнүн конкурстук табыштамаларынын табылган так эместиктер же “техникалык каталар”, алар конкурстук табыштаманын маанисин өзгөртүүгө алып келген, аны ичинде баалардын өзгөрүшү мененбайланыштуу Катышуучулардан кайрылууларлы кабыл алууга тыюу салынат
16. Эгер катышуучу тарабынан конкурстук табыштаманы ар кандай валютада сунуштаса, конкурстук табыштамалардын баасын салыштыруу үчүн, конкурстук документтерде сатып алуучу уюм тарабынан көрсөтүлгөндөрдү бирдиктүү валютага которууга тийиш. Конкурстук комиссия конкурстук табыштамаларды ачуу күнүнө карата Улуттук банк белгилеген алмашуу курсу боюнча бирдиктүү валютага кайра эсептөөнү жүргүзүүгө тийиш.
17. Баалоонун экинчи этабында конкурстук документациянын талаптарына конкурс катышуучусунун ылайык келүүсү иликтенет жана 2-Тиркеме толтурулат. Конкурстук комиссия берүүчүлөрдүн/подрядчылардын квалификациясын баалоону жүргүзөт. Конкурс катышуучуларынын квалификациясын баалоодо конкурстук комиссия мүнөздөөчү критерийлерди колдонууга тийиш:
катышуучунун кесиптик билими;
финансылык каражаттардын, жабдуулардын жана келишимди аткаруу үчүн материалдык мүмкүнчүлүктөрдүн болуусу;
тажрыйба, репутация, пикир;
ишенимдүүлүк;
банктык кепилдиктер, күрөө, кепилдик;
келишимди аткаруу үчүн тийиштүү адистер же квалификациялуу кадрлардын болуусу.
18. Мыйзамдын 29-беренесине ылайык, конкурстук комиссия квалификациялык талаптарда белгиленгендерге ылайык келбесе конкурстук табыштама четтетилүүгө тийиш. Четтетүү төмөндөгү себептер боюнча жүргүзүлүүгө тийиш:
ак ниетсиз берүүчүлөр/подрядчылардын маалыматтар Базасына баалоо мезгилинде кошулса.
конкурска катышуу учурунда карыздардын болуусу (берилген маалымдама отчеттук мезгил үчүн болууга тийиш), карыз суммасына карабастан;
акыркы жылдар үчүн компаниянын чыгымдарынын болуусу;
берүүлөр тажрыйбасынын жоктугу, окшош берүүлөрдө же аткарылган жумуш/кызмат көрсөтүүдө туюнтулган жумуштар/кызмат көрсөтүүлөр;
материалдык мүмкүнчүлүктөрдүн жоктугу;
келишимди аткарууга жабдуулардын жоктугу;
70% дан кем аткаруу стадиясында курулуш жана кызмат көрсөтүү келишиминини болуусу.
жумуш/кызмат көрсөтүүгө лицензиялардын жоктугу.
19. Баалоонун үчүнчү этабында бардык сунуштар конкурстук табыштаманын негизги техникалык талаптарына ылайыктуулукка текшерилүүгө тийиш. Тандоо критерийлери боюнча табыштамаларды баалоого катышуучу конкурстук комиссиянын ар бир мүчөсү №3 Тиркемеде келтирилген («+» же «-») белгилерди коюууга тийиш. Талап кылынуучу мүнөздөмөлөрдү камсыздабаган конкурстук табыштамалар, техникалык талаптарга ылайык келбегендик катары четтетилет. Эгер Катышуучунун конкурстук документацияда белгиленген талап кылынуучу минимумдан ашып кетсе, анын табыштамасы белгиленген минимумду канааттандыруучу табыштамага караганда анын табыштамасы артыкчылыктуу болуп саналбайт.
20. Берүүчү (подрядчы) тарабынан альтернативалык сунуштар кабыл алынбайт.
21. Конкурстук документтерде, баадан тышкары, баалоонун башка критерийлери конкреттүү көрсөтүлүүгө тийиш, ал сунуштун эң төмөн бааланган наркты аныктоо үчүн табыштамаларды кароодо төмөнкүлөр эске алынат:
ташууга чыгымдар;
бардык салыктарды, алымдарды жана жыйымдарды баага кошуу (берүүчү резидент же резидент эмес);
камсыздандыруунун болуусу;
төлөмдөр графиги;
берүү мөөнөтү;
эксплуатациялык чыгымдар;
запастык бөлүктөрдүн болуусу жана жабдууларды техникалык тейлөө мүмкүнчүлүгү;
техникалык коопсуздук жана айлана чөйрөнү коргоо менен байланыштуу персоналды окутуу чыгымдар;
каралган арзандатуулардын болуусу;
товар (жумуш, кызмат көрсөтүү) сапатын көрсөтүүнүн кепилдигин берүү мөөнөтү.
22. Жумуштарды сатып алууда конкурстук табыштаманын наркын баалоодо сунуштардын наркын баалоо акчалай туюнтууда гана ишке ашырылат. Катышуучулардын жумуш көлөмдөрүнүн ведомостунда катышуучулардын жумуш көлөмдөрүнүн ведомостундагы позициялардын кетирилген (бааланбаган) фактыларын табылышы конкурстук табыштаманын четтетүү үчүн негиз болуп саналган конкурстук документтердин талаптарынын техникалык маанилүү ылайык келбегендиги деп эсептөөгө болот.
23. Товарлар өзүнчө лотторго бөлүнгөн шартта, баалоо ар бир лот өзүнчө баалоо ишке ашырылууга тийиш.Эгер Катышуучулар эки же андан ашык лоттордун жеңүүчүсүн ыйгаруу шартында арзандатуулар берилсе конкурстук комиссия ачуу жол-жобосун жүргүзүүдө бул шарт жарыяланууга тийиш. Эгер бул шарт билдирилбесе, анда андан ары арзандатууну колдонууну кароого мүмкүн эмес.
24. Баалоодо конкурстук комиссия Мыйзамдын 29-беренесине ылайык Катышуучунун конкурстук табыштамасынын конкурстук документтерде белгиленген талаптарга олуттуу түрдө ылайык келбегендигине байланыштуу конкурстук табыштамаларды четке кагат. Мындай олуттуу четке кагууларга төмөнкүлөр таандык:
Катышуучунун конкурстук табыштамасынын формасынын жоктугу;
Конкурстун катышуучусу баалоодо табылган арифметикалык каталарды оӊдоого макул болбогондугу;
Ордуна маанилүү эксплуатациялык параметрлердин же башка талаптардын эквиваленттүүлүгүн камсыздабаган башка конструкциялар же продукциялар сунушталганда техникалык шарттарды аткарбоо;
жумуштардын жүрүшүнүн талап кылынган (акыркы) датасына же контролдук көрсөткүчтөрүнө ылайык келбеген келишим, жеткирип берүүлөр, монтаждоо, курулуш, боюнча жумуштарды баштоонун графигин түзүү;
конкурстук документтердин квалификациялык талаптарына ылайык келбеген субподрядчыларды тартуу;
торуктар үчүн документтерде каралган маанилүү милдеттерди жана жоопкерчиликтерди аткаруудан баш тартуу, мисалы, келишимди аткарууга жана камсыздандырууларды тариздөөгө кепилдиктерди берүүдөн баш тартуу;
Колдонулуучу укуктар, салыктар жана алымдар, талаш-тартыштарды жөнгө салуу жол-жоболор сыяктуу маанилүү жоболорго каршы пикирлер.
25. Берилген конкурстук табыштамада бир аз дал келбөөлөргө, майда каталарга же так эместиктерге жол берилет. Баалоого таасир бербеген так эместиктер маанилүү эмес четтөөлөр болушу мүмкүн. Мисалы:
конкурстук документтердин талабы 2 жылга белгиленген жана аткарылган берүүлөрдүн, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы көлөмү белгиленген, мисалы, 20 млн.сом. Конкурстун катышуучусу 1 жыл 6 ай же 1 жыл 8 айды күбөлөндүрүүчү документтерди берген, бирок аткарылган берүүлөрдүн көлөмү белгиленген 20 млн.сомдон ашыкты түздү.
конкурстук табыштаманы сом менен берүү талабы белгиленген, катышуучу АКШ долларында ж.б. берген;
конкурстук табыштаманын кепилдигин камсыздоо же келишимди конкурстук документте белгиленген форма боюнча аткаруу. Мисалы, накталай каражат түрүндө КТКК талап кылынган, катышуучу банктык кепилдик түрүндө берди. Арифметикалык каталар табылгандан кийинки учурда талап кылынган кепилдик сунуштун баасынан аз болуп калды;
түп нускасы талап кылынгандыгына карабастан салыктар жана милдеттенмелер боюнча карыздардын жоктугу тууралуу маалым каттардын көчүрмөлөрү берилген;
26. Мыйзамдын 4-беренесине ылайык Сатып алуучу уюм сатып алууга чет өлкөлүк берүүчүлөр/подрядчылар катышкан учурда, башка бирдей шарттарда ички берүүчүлөргө жеӊилдик бере алат;
27. Табыштамалардын баалоо натыйжалары конкурстук комиссиянын ар бир мүчөсү тарабынан толтурулат жана баалоо отчетторунда (3-тиркеме) конкурстук комиссиянын мүчөлөрү тарабынан таризделет. Конкурстук комиссиядан кийин конкурстук табыштаманын бааланган наркы аныкталат, ал арифметикалык каталарды табууну, жеӊилдиктерди, арзандатууларды колдонууну, ката кетирилген позицияларды баалоону ж.б. камтыйт жана 4-тиркеме толтурулат.
V. Конкурстарды четке кагууга жана өткөн жок деп таанууга сатып алуучу уюмдардын укуктары
28. Мыйзамдын 10-беренесине ылайык торуктарды жокко чыгаруу же өткөн жок деп таануу конкурстук комиссиянын чечиминин негизинде же өз алдынча сатып алуулар бөлүмүнүн укугуна бөлүнгөн. Сатып алуучу уюм, эгер, сатып алууларды өткөрүү кырдаалдын күтүүсүздөн олуттуу өзгөргөндүгүнө байланыштуу мамлекеттик кызыкчылыктарга ылайык келбей калган учурда торуктарды жокко чыгарат. Торуктар жокко төмөнкү шарттарда жокко чыгарылат:
бардык табыштамалар четке кагылганда;
конкурстук табыштаманын минималдык баасы сатып алуучу уюм тарабынан бөлүнгөн суммадан ашканда.
29. Эгер, баалоону жүргүзүүдө бардык табыштамалар четке кагылса же бул сатып алууга каралган суммадан Катышуучунун суммасы ашса бардык тиркемелерди, ошондой эле сатып алуу жол-жоболорунун протоколдорун толтуруу керек жана ал мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында жайгаштырылат.
30. Конкурсту жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алууда бул конкурстун бардык катышуучуларына бул жокко чыгаруу тууралуу билдирүү жөнөтүү керек, эгер, конкурс электрондук форматта өтсө, жокко чыгаруунун себебин көрсөтүү менен мамлекеттик сатып алуулар порталындагы конкурсту жокко чыгаруу зарыл.
VI. Мааниси боюнча талаптарга жооп берген жана өтө төмөн бааланган нарк менен конкурстук табыштамаларды аныктоо
31. Баалоо аяктагандан кийин Конкурстук комиссия 4-тиркемеге ылайык келишим түзүү үчүн чечим чыгарат жана квалификациясы, мааниси боюнча, баалоонун белгиленген критерийлери боюнча талаптарга жооп берген жана эӊ аз бааланган нарк же эӊ төмөн баа менен конкурстун табыштамасын берген Конкурстун катышуучусунун сатып алуулар бөлүмүнө берет.
32. Баалоолор жүргүзүлгөндөн жана баалоо отчетторунун бардык тиркелген формалары толтурулгандан кийин сатып алуулар протоколу түзүлөт жана конкурстук комиссиянын толук курамы кол коет.
VII. Келишимди ыйгаруу жөнүндө билдирүү
33. Конкурстун жеӊүүчүсүн аныктагандан кийин Сатып алуучу уюм жеӊүүчүгө келишимди ыйгаруу жөнүндө билдирүү жөнөтөт. Келишимди ыйгаруу жөнүндө билдирүүдө конкурстун жеӊүүчүсүнүн аталышы жана жеӊүүчүнүн дареги менен келишимдин баасы көрсөтүлөт. Сатып алуучу уюм келишимди ыйгаруу жөнүндө билдирүүнү конкурстук табыштаманын иш аракетинин мөөнөтүнүн ичинде жөнөтөт.
VIII. Келишимге кол коюу жана анын күчүнө кириши
34. Жеӊүүчү келишимди ыйгаруу жөнүндө билдирүү алгандан кийин келишимге кол коюуга жана келишимди аткаруу кепилдик камсыз кылууну берет.
35. Конкурстук табыштамасы жеӊүүчү деп аныкталган конкурстун катышуучусу, анын конкурстук табыштамасына ылайык сатып алуулар жөнүндө келишимге кол кое албаса же келишимди аткаруунун кепилдигин камсыздай албаса, конкурстук табыштаманын кепилдигин камсыз кылуусу кармалып калат жана сатып алуучу уюм конкурстук документтердин талаптарына жооп берген жана баалык сунуш боюнча экинчи болуп саналган баалоо рейтингинде экинчи болуп табылган берүүчү/подрядчы жеӊүүчү деп аныктайт.
36. Сатып алуучу уюм жеӊген катышуучунун конкурстук табыштамасынын шарттарында гана келишимге кол коюуга тийиш.
37. Мамлекеттик бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин келишими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда келишим катталган күндөн тартып түзүлдү деп эсептелинүүчү келишимдерден тышкары, мамлекеттик сатып алуулар келишими ага тараптардын колу коюлгандан кийин күчүнө кирет.
38. Сатып алуучу уюм келишим түзүлгөн датадан баштап, сатып алуулар келишими түзүлгөндүгү жөнүндө билдирүү жөнөтүүгө тийиш, ал келишим түзүлгөн берүүчүнүн/подрядчынын аталышын, дарегин жана келишимдин баасын көрсөтүү менен сатып алуу жол-жоболоруна катышуучу бардык берүүчүлөргө/подрядчыларга билдирилет.
39. Сатып алуучу уюм конкурсту жеӊип чыккан берүүчүнүн (подрядчынын) аталышын, алардын табыштамаларында көрсөтүлгөн бааларды көрсөтүү менен өндүрүштүк тандоо жөнүндө маалыматты уюм үч жумуш күнүнүн ичинде мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына жайгаштырат.
IX. Корутунду жобо
40. Конкурстук сунуштарды баалоого тиешелүү бардык маселелер жана ушул Нускамада чагылдырылбаган конкурстун жеӊүүчүсүн аныктоо колдонуудагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
41. Мыйзамдар өзгөргөн жана алар менен ушул Нускаманын айрым пункттарында карама-каршылыктар болгон учурда Кыргыз Республикасынын жогору юридикалык күчкө ээ болгон Мыйзам ченемдери колдонулат.
Тиркеме № 1
Берилген конкурстук табыштамалардын толуктугуна баа берүү отчеттук формасы
Конкурстук табыштамаларды алдын-ала текшерүүнүн жыйынтыгы: ________________________________
№ | Конкурстук документтердин талаптары | Катышуучулар | |||
1 | 2 | 3 | 4 | ||
| Конкурстук табыштамаларды алдын ала толуктугуна текшерүү |
|
|
|
|
Конкурстук табыштаманын толтурулган формасы (бар/жок) |
|
|
|
| |
Мекеменин уставынын көчүрмөсү. |
|
|
|
| |
Мамлекеттик катто тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү |
|
|
|
| |
Лицензиянын көчүрмөсү (эгер талап кылынса) |
|
|
|
| |
МСК маалым каты |
|
|
|
| |
Социалдык фонддон маалым кат |
|
|
|
| |
Бухгалтердик баланстын көчүрмөсү (кирешелер жана чыгашалар тууралуу отчет, уставдык капиталдын өзгөрүүсү, акча каражаттарынын кыймылынын отчету, келишимдер же аткарылган жумуштар тууралуу актылардын көчүрмөсү ж.б.) |
|
|
|
| |
Аудиторлук корутунду, эгер бар болсо |
|
|
|
| |
Конкурстук табыштаманын колдонулуу мөөнөтү (дал келет/ дал келбейт) |
|
|
|
| |
Квалификация тууралуу маалымат (берилген/берилген жок) |
|
|
|
| |
Баалар таблицасы же жумуштар көлөмүнүн ведомосту, бааларын көрсөтүү менен (берилген/берилген эмес) |
|
|
|
| |
Конкурстук табыштаманын кепилдигин камсыз кылуу (формасы жана өлчөмү) (суммасын жана формасын көрсөтүү зарыл) |
|
|
|
| |
КТККнын колдонулуу мөөнөтү (колдонулуу мөөнөтүн көрсөтүлөт) |
|
|
|
| |
Келишимдин жалпы шарттары, бардык барактары кол коюлган (берилген/берилген эмес); |
|
|
|
| |
Келишимдин өзгөчө шарттары, бардык барактары кол коюлган конкурса ( берилген/берилген эмес ); |
|
|
|
| |
Келишимге кол койгонго укук берүүчү ишеним кат ( берилген/берилген эмес ) |
|
|
|
| |
| Башка талаптар жана документтер |
|
|
|
|
Комиссиянын төрагасынын жана мүчөлөрүнүн колдору: _________________________
Тиркеме № 2
Квалификациялык талаптарга дал келүүсүн балоо формасы
|
| Участники | |||
| Катышуучулардын квалификациясы тууралуу маалымат | 1 | 2 | 3 | 4 |
Жумуш тажрыйбалары |
|
|
|
| |
Аткарылган көлөм/(жумуш/кызмат көрсөтүү акыркы ____ жылга |
|
|
|
| |
Окшош аткарылган жумуш тууралуу маалымат |
|
|
|
| |
Башчынын тажрыйбасы ___ жылдан кем эмес |
|
|
|
| |
Жумушчулардын иш тажрыйбасы |
|
|
|
| |
Финансылык мүмкүнчүлүктөр (активдер) |
|
|
|
| |
Справка о задолженности по страховым взносам (указать номер справки. дату и орган выдавший справку) |
|
|
|
| |
Баланс |
|
|
|
| |
Акча каражаттарынын кыймылы тууралуу отчету |
|
|
|
| |
Кирешелер жана чыгашалар тууралуу отчету |
|
|
|
| |
Техникалык мүмкүнчүлүктөр (атайын транспорт, жабдыктар ж.б.) (жумуш же кызмат көрсөтүү сатып алууда) |
|
|
|
| |
Лицензия (эгерде ишкердик жааты лицензияланса) |
|
|
|
| |
| Жеткирүү мөөнөтү, жумуш аткаруу, кызмат көрсөтүү |
|
|
|
|
| Башка документтер жана тлаптар |
|
|
|
|
Конкурстук табыштамалардын квалификациялык талаптарга дал келүү тууралуу изилдөөнүн жыйынтыгы: Конкурстук табыштамалар четтетилди __________________________себебин көрсөтүү:_______________ баалонун кийинки этабына өткөндөр: ________________________________
Комиссиянын төрагасынын жана мүчөлөрүнүн колдору:
| |||||
Тиркеме № 3
Конкурстук табыштамаларды техникалык талаптарга дал келүүсүн балоо формасы
№ п/п | Техникалык өзгөчөлүктөр бөлүгүндө конкурстук документтердин белгилеген талаптары | 1-катышуучу 1 | 2-катышуучу | 3-катышуучу | 4-катышуучу |
Баалоо: «+» - ылайык келет, «-» - ылайык келбейт | |||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Баалоонун жана комментарийлердин жайылтылган негиздемеси:
Катышуучу: №_: ______________________________________________________________________
Катышуучу: №_: ______________________________________________________________________
катышуучу: №_: ______________________________________________________________________
Конкурстук табыштамалар четке кагылды: _________________________________________________________________________
Конкурстук документтердин талаптарына ылайык келет:
Конкурстук комиссиянын төрагасынын жана мүчөлөрүнүн колу: _____________________________________________________
Тиркеме № 4
Конкурстук табыштамаларды акыркы баалоо
№ п/п | Өтө төмөн бааланган нарктын аныктамасы | Катышуучулар | |||
1 | 2 | 3 | 4 | ||
| Бардык талап кылынган документтер берилген |
|
|
|
|
| Квалификацияга ылайык келет |
|
|
|
|
| Техникалык өзгөчөлүктөргө ылайык келет |
|
|
|
|
| Валюта (ачуу күнүндөгү сомдун КРУБнын курсу) |
|
|
|
|
| Катышуучунун сунушун баалоо |
|
|
|
|
| Арифметикалык каталардын болуусу |
|
|
|
|
| ___% өлчөмүндөгү жеӊилдиктерди берүү |
|
|
|
|
| Берилген табыштамаларда ката кетирилген позициялар |
|
|
|
|
| Башка шарттар |
|
|
|
|
| Конкурстук табыштаманын бааланган наркы - түздү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Конкурстук комиссиянын баалоосунун натыйжасы боюнча аныкталды
1-орун:_____________________________________
2-орун:_____________________________________
3-орун:_____________________________________
Конкурстук комиссиянын чечими: _____________________
Конкурстук комиссиянын төрагасы:______________________
Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү:___________________________
Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн өзгөчө пикирлери:______________________________________________