Сравнение редакций…
|
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2015-жылдын 14-октябрындагы № 175-б буйругу менен бекитилди |
Алкактык макулдашуунун жол-жоболорун пайдалануу боюнча
ЖОБО
I. Жалпы жобо
1. Бул Жобо алкактык макулдашуу түзүүдө сатып алуучу уюмдун иш аракет тартибин аныктайт.
2. Алкактык макулдашууну түзүүдө мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бардык нормалары жана талаптары колдонулат.
3. Алкактык макулдашууга кол коюу үчүн конкурсту жүргүзүү рыноктогу товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө сатып алуучу уюм тарабынан мониторинг жана анализ жүргүзүүнүн негизинде аныкталган жогорку конкуренция (эки берүүчүдөн (подрядчыдан)кем эмес) болгон учурда өткөрүү мүмкүн.
4. Сатып алуучу уюм квалификациялык тандоо жол-жобосун өткөргөндөн кийин алкактык макулдашуу түзүлүшү мүмкүн.
5. Алкактык макулдашуунун предмети болуп сатып алуучу уюм тарабынан бир нече же үзгүлтүксүз негизде сатып алынган товарлар, иштер жана кызмат көрсөтүүлөр саналат.
6. Сатып алуунун предмети болуп өндүрүштөн алынып салынган жогорку технологиялуу, татаал жабдуу жана /же жабдуулар боюнча алкактык макулдашуу түзүүгө тыюу салынат.
7. Сатып алуучу уюм конкурстук документтерде алкактык макулдашуу түзүлө тургандыгы жөнүндө көрсөтүүгө тийиш. Кийинки жарыяланган кулактандырууда алкактык макулдашууну түзүү жөнүндө маалымат көрсөтүлүүгө тийиш. Алкактык макулдашууну түзүүгө тыюу салынат, эгер конкурстук документтерде жана кулактандырууда бул талап каралган эмес болсо.
II. Алкактык макулдашууну колдонуунун шарттары
8. Алкактык макулдашууну түзүүдө сатып алуучу уюм жол-жобо протоколунда себептерди жана жагдайларды көрсөтөт, ал алкактык макулдашуунун жол-жоболорун пайдалануу негиздөө үчүн жетекчиликке алат.
9. Алкактык макулдашууга конкурстук тооруктар Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар" Мыйзамынын 16-беренесинде көрсөтүлгөн усулдар менен жүргүзүлгөн натыйжалар боюнча гана кол коюулушу мүмкүн, келишимди тикелей түзүү усулунан тышкары.
10. Алкактык макулдашууну кол коюу үчүн конкурстук тооруктарды жүргүзүүдө берүүчүлөр 2 (экиден) аз эмес катышуучулар ортосунда максималдуу атаандаштыкты камсыздоо зарыл.
III. Алкактык макулдашууну колдонуунун жол-жобосу
11. Алкактык макулдашуу жол-жобосу - белгилүү бир мезгил аралыгында ишке ашырылуучу эки этап менен жүргүзүлүүчү жол-жобо жана өзүнө төмөндөгүлөрдү камтыйт:
- берүүчүлөрдөн табыштамаларды тартуу, сатып алуучу уюмдун конкурстук комиссиясы тарабынан бекитилген конкуртсук документацияда белгиленген талаптарга ылайык алардын квалификациялык маалыматтары, ошондой эле техникалык талаптарга ылайык келүү жана алкактык макулдашууну түзүү;
- келишимдерди түзүү же муктаждыгына карай мезгилдүү келишимдерди түзүү.
12. Алкактык макулдашууну түзүү экиден кем эмес берүүчү (подрядчы) менен түзүлөт.
13. Алкактык макулдашууга кол коюу үчүн сатып алуучу уюм конкурстук документацияны иштеп чыгат, ал төмөндөгү маалыматтарды камтууга тийиш:
- алкактык макулдашуунун колдонулуу мөөнөтү;
- сатып алуу предметин баяндоо жана конкурстук документтерди иштеп чыгуу учурунда белгилүү сатып алуу предмети жөнүндө маалымат;
- сатып алуу шарттары, ал экинчи этапта такталуусу мүмкүн;
- тандоо критерийлери, төмөнкү баада алкактык макулдашууну түзүү жөнүндө маалымат же төмөндөтүлгөн наркта бааланган;
- алкактык макулдашуунун конкурстук документтеринде сатып алуучу уюм аны түзүү учурунда белгилүү болгон сатып алуунун жобосун жана шарттарын көрсөтөт, анын саны, орду жана сатып алуу мөөнөтү такталат.
14. Биринчи этапта сатып алуучу уюм эки табыштамадан кем эмес максималдуу атаандаштыкты камсыздоого тийиш. Бул этапта ачуу протоколу түзүлөт жана мамлекеттик сатып алуулар Веб-порталына жайгаштырылат. Сатып алууну электрондук форматта жүргүзүүдө протокол система тарабынан өз алдынча түзүлөт.
15. Биринчи этапта негизинен берүүчүлөрдүн квалификациялык жана табыштаманын формалдуу талаптарынын маалыматтары текшерилет. Бул этапта баалоо отчеттору түзүлөт.
16. Алкактык макулдашууну түзүү үчүн тандалып алынган берүүчүлөр тизмегине, биринчи этапка катышпаган кошумча берүүчүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
17. Алкактык макулдашуу жөнүндө маалымат мамлекеттик сатып алуулар Веб-порталына жайгаштырылат.
IV. Алкактык макулдашуунун жол-жобосунун экинчи этабы
18. Экинчи этапта сатып алуучу уюм алкактык макулдашуунун тараптарына жазуу түрүндөгү чакыруулары жөнөтөт жана төмөндөгү жол-жоболорду аткарууга тийиш:
- сатып алуу жөнүндө болжолдуу келишимди түзүү жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн кайрадан жол-жобо жана критерийлер баяндалууга тийиш;
- конкурстук табыштамалардын тапшыруунун тартиби, орду жана акыркы мөөнөтүү;
- баасы жөнүндө маалымат, ал башка дагы элементтер камтылууга тийиш, сатылып алынуучу товарлардын наркы ,жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр, транспортировкага чыгымдар жана алардын камсыздандыруусу, бажы алымын төлөө жана салыктар ж.б.;
- алкактык макулдашуунун тараптарына акыркы конкурстук табыштамаларын тапшырууга билдирүү жөнөтөт.
19. Сатып алуучу уюм бардык алынган конкурстук табыштамаларды баалайт, конкурстук документацияда баяндалган критерийлер жана баалоо жол-жоболоруна ылайык жеңүүчүлөр аныкталат жана натыйжалар боюнча сатып алуу жол-жобосунун протоколу түзүлөт, ал мамлекеттик сатып алуулар Веб-порталына жайгаштырылат.
20. 3 жумуш күн аралыгында сатып алуучу уюм мамлекеттик сатып алуулар Веб-порталына түзүлгөн алкактык макулдашуу жөнүндө маалымат жарыяланат, ал төмөндөгү маалыматтар камтыйт:
- сатып алуучу уюмдун аталышы жана дареги, алкактык макулдашууга ылайык сатып алуу жөнүндө келишимди түзүүгө укуктуу башка сатып алуучу уюмдун аталышы жана дареги;
- алкактык макулдашуу түзүлгөн берүүчүлөрдүн аталышы жана дареги,
- алкактык макулдашуунун тараптары болуп саналган бардык берүүчүлөрдүн сунуштарынын баасы.
V. Алкактык макулдашууну колдонуудагы чектөөлөр
21. Бир жылдан ашык мөөнөткө алкактык макулдашуу түзүүгө тыюу. салынат.
22. Белгиленген алкактык макулдашуунун талаптарынан айырмаланган предметке кийин келишимди түзүү.
23. Келишимди түзүү учурунда сатып алынуучу предметке баанын мониторингин жүргүүсүз алкактык макулдашуу негизинде келишим түзүү.
24. Алкактык макулдашуунун колдонулуу мөөнөтү аралыгында башка келишимдерди түзүү, бул алкактык макулдашуу предмети болуп саналган товарлар, иштер жана кызматтар сатып алуу предмети болсо, алкактык макулдашуунун тарабы келишимге кол коюудан баш тарткан учурдан тышкары.
VI. Алкактык макулдашуунун мазмуну
25. Алкактык макулдашуу төмөндөгүлөр камтылууга тийиш:
- сатып алуу предметинин аталышы;
- товардын техникалык мүнөздөмөсү (функционалдуулугу жана сапаты);
- ал кызмат көрсөтүүнү баяндоону берүү талапка ылайык, алардын сапаттык деңгээлин көрсөтүү зарыл;
- жумуштарды баяндоо, алардын сапаттык деңгээли;
- товарлардын жабдуунун мөөнөтү/узактыгы, ар бир келишимдин түзүү учурунан баштап кызмат көрсөтүү же жумушту аткаруу, кепилдиктердин берилиши,же конкурстук документтерде көрсөтүлгөн башка критерийлер.
VII. Товарлар менен жабдууга, жумуштарды аткарууга жана кызматтарды көрсөтүүгө келишим түзүү
26. Түзүлгөн алкактык макулдашууга ылайык, сатып алуучу уюм товарлар менен жабдууга, жумуштарды аткарууга жана кызматтарды көрсөтүүгө тапшыруунун шарртарына ылайык эӊ арзан бааланган наркты сунуштаган менен келишим түзөт.