Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2015-жылдын 14-октябрындагы № 175-б буйругу менен бекитилди |
Мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүнүн жүрүшүндө сатып алуучу уюмдардын аракетине даттанууларды кароо жана ишенимсиз жабдуучу-берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) маалымат базасына киргизүү боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын ишинин тартиби жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Бул жобо Мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүнүн жүрүшүндө сатып алуучу уюмдардын аракетине даттанууларды кароо жана ишенимсиз жабдуучу-берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) маалымат базасына киргизүү боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын ишинин тартиби жөнүндө (мындан ары - маалыматтар базасы) комиссиянын иш тартибин аныктайт.
2. Комиссиянын курамы жана иш тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет жана так эмес болууга тийиш, бирок 9 адамдан кем эмес болот. Комиссия коомчулуктун өкүлдөрүнөн, мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы эксперттерден, сертификаты жана иш тажрыйбасы бар мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы адистерден турат. Мыйзамдын 49-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык көз карандысыз ведомство аралык комиссиянын Катчылыгы болуп мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары ЫУО) болуп саналат. ЫУО даттанууларды кароо боюнча бөлүмү комиссияга баш иет.
3. Комиссиянын негизги максаты мамлекеттик сатып алуулар жаатында мыйзамдар чегинде даттанууларды жана кайрылууларды кынтыксыз кароо жана алар боюнча обьективдүү корутунду чыгаруу болуп саналат.
4. Сатып алуучу уюмдардын аракетине (аракетсиздигине) же берүүчүнүн Комиссияга даттануу аракети сот тартибинде бул аракеттерине (аракетсиздик) даттануу үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.
5. Комиссия Мыйзамдын 50-беренесине ылайык бул даттануу боюнча эгер сот териштирүүсү жүрүп жатса даттанууну карабайт.
6. Комиссияга маалыматтар Базасына кошууну сатып алуучу уюм гана демилгелейт.
7. Маалыматтар базасы (zakupki.gov.kg) мамлекеттик сатып алуулар Веб-порталында электрондук түрдө жүргүзүлөт. Базада камтылган маалыматтар төлөө алынбастан таанышуу үчүн жалпыга жеткиликтүү болууга тийиш.
8. Жайгаштыруу бөлүгүндө маалыматтар Базасын администрлөө жана мөөнөтү аяктагандык боюнча маалыматтар базасынан чыгаруу ЫУО тарабынан жүргүзүлөт.
9. Комиссияга кароо жүрүшүндө берилүүчү маалыматтар жана документтер ЫУОда үч жыл аралыгында сакталат. Иш аяктаган учурдан баштап 3 жыл өткөндөн кийин мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте бардык документтер архивге өткөрүлүп берилет.
II. Комиссиянын негизги милдеттери жана укуктары
10. Комиссиянын негизги милдеттери төмөнкүлөр:
- сатып алуу жол-жобосунун катышуучуларынан түшкөн даттанууларды кароо жана ал боюнча корутунду чыгаруу;
- маалыматтар базасына кошуу үчүн сатып алуучу уюмдардын даттанууларын кароо жана ал боюнча корутунду чыгаруу.
11. Мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы мыйзамдарды бузууну аныктоонун жүрүшүндө даттанууларды кароодо комиссия төмөндөгү нормаларды колдонот:
- сатып алуучу уюмдардын мыйзамсыз иш-аракеттерди же мыйзамсыз чечимдерди кабыл алуу же мыйзамсыз жол-жоболорду колдонууну жасоого тыюу салуу;
- сатып алуучу уюмдун мыйзамсыз чечимин толук же жарым-жартылай жокко чыгаруу;
- тооруктар жол-жобосунун шарттарын бузуучу сатып алуучу уюмдун мыйзамсыз чечимин жокко чыгаруу;
- сатып алууну токтотуу боюнча чечим кабыл алуу.
12. Маалыматтар Базасына кошуу жөнүндө сатып алуучу уюмдардын кайрылууларын кароодо Комиссия төмөндөгү чечимдерди кабыл алат:
- берүүчү (подрядчы) маалыматтар Базасына кошуу жөнүндө же кайрылуу негизсиз деп таануу;
- маалыматтар базасында берүүчү (подрядчынын) болуу мөөнөтүн аныктайт.
Маалыматтар базасына берүүчүлөр (подрядчылардын) кошуу ЫУО жетекчисинин буйругуна ылайык жүргүзүлөт:
- эгер берүүчү (подрядчы) тарабынан декларация шарттары бузулса бир жыл мөөнөткө;
- мамлекеттик сатып алуу келишими боюнча милдеттенмени аткарбай калган берүүчү (подрядчы) күнөөсү боюнча келишимди бузуу демилгеленген шартта экиден үч жылдык мөөнөткө;
- үч жылдык мөөнөткө чейин учурда, өзүнүн конкурстук табыштамасына карата жалган маалыматтарды берсе же берүүчү (подрядчы) компаниянын бирден бир жетекчиси же түзүүчүсү мыйзамдуу тартипте белгиленген мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларына ылайык алдамчылык, коррупцияга тартылса же сөз байлашса.
13. Сатып алуучу уюмдун даттануулары жана кайрылуулары комиссия тарабынан кароо үчүн негиз болуп комиссия жана ЫУО дарегине даттанууларды жана кайрылууларды багыттоо болуп саналат, ал кайрылуулар жана даттануулар ЫУО тарабынан комиссияга кароо үчүн берилет.
14. Эгер комиссия тарабынан даттанууларды жана кайрылууларды кароо жүрүшүндө акыйкаттык жана ачыктык принциптери сакталбаса же мамлекеттик сатып алуулар жаатында бир нече жолу олуттуу мыйзам бузуулар болсо комиссия кетирилген бузууларды көрсөтүү менен көзөмөл жана укук коргоо органдарына материалдарды өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
III. Сатып алуучу уюмдардын берүүчүлөрүнүн даттанууларын жана кайрылууларын ыйгарым укуктуу орган тарабынан алдын-ала иликтөө
15. ЫУО комиссиянын ишин уюштурат, тез жана натыйжалуу кароо жана объективдүү чечим чыгаруу үчүн зарыл шарттарды түзөт.
16. Даттануулар жана кайрылуулар электрондук мамлекеттик сатып алуулар Веб-порталына электрондук түрдө катышуучулар тарабынан берилүүгө тийиш же сатып алуунун каалаган этабында ( баалоо мезгили жана келишимди түзгөндөн кийин) ЫУОго жазуу түрүндө берүүгө болот.
17. Катышуучу - конкурска катышуу үчүн конкурстук табыштаманы берген берүүчү (подрядчы), консультант.
18. Комиссия токтоосуз түрдө Веб-портал аркылуу сатып алуучу уюмга кабарлайт, даттануу түштү жана Мыйзамдын 49-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык сатып алуу жол-жобосун 10 күнгө токтотуп турат.
19. Комиссия бул Жобонун 41-пунктуна ылайык даттануулар жана кайрылууларды алдын-ала иликтөө жүргүзөт. Эгер даттануу жана кайрылуу көрсөтүлгөн пунктка ылайык келсе, Комиссия Веб-портал аркылуу тараптарга кароонун мөөнөттөрү, убактысы жана орду жөнүндө билдирет (көрсөтүлгөн мөөнөттө даттануу жана кайрылуу тараптарынын жайгашкан орду эске алынууга тийиш).
20. Мыйзамдын 49-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык ЫУО кароого, сатып алуучу уюмдар тарабынан берилген (конкурстук документтер, конкурстук табыштамалар, баалоо отчеттору, ачуу протоколдору жана сатып алуу жол-жоболору) бардык документтерди, маалыматтар базасына кошуу жөнүндө кайрылууларды кароодо (келишимди түзүү жана техникалык корутунду, сатып алуу жүрүшүндө түзүлгөн эксперттик корутунду, келишим боюнча каршы болуулар жана келишимди аткарбагандык жөнүндө документалдык далилдер) Комиссиянын кароосуна берилет.
21. Бул жобонун 18-пунктуна ылайык кароого кабыл алынган даттанууга кабарлоо жиберилген, сатып алуучу уюм белгиленген мөөнөттө даттануу боюнча Комиссия чечими кабыл алынганга чейин келишим түзүүгө укуктуу эмес.
22. Эгер сатып алуучу уюм, келишимди бузбай, Базага кошуу жөнүндө маселени демилгелесе, ал эми комиссия Базага кошуу жөнүндө чечим кабыл алса, сатып алуучу уюм "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" КР Мыйзамынын 55-беренесине ылайык келишимди бузууга тийиш.
IV. Ишенимсиз берүүчүлөр маалыматтар Базасына берүүчүлөр (подрядчылар) кошуу жөнүндө даттанууларды жана кайрылууларды Комиссия тарабынан кароо жана чечим кабыл алуу жол-жобосу
23. Комиссия мүчөсү өзүнүн милдеттенмелерин аткара албайт, эгер ал:
- Мыйзамдын 6-беренесине ылайык аффилирленген адам болуп саналса;
- мурунку эки жыл аралыгында даттануу түшкөн сатып алуучу уюмдун кызматкери болуп саналса, ал даттануу ишенимсиз берүүчүлөрдүн (подрядчылар) маалыматтар Базасына кошуу демилгеленген берүүчү болуп саналса;
- конкурс жүргүзүү процессинде сатып алуучу уюмдун консультациялык кызматтарын көрсөтсө, анын натыйжасы боюнча даттануу түшсө.
Көрсөтүлгөн жагдайлардын пайда болуусунда, ошондой эле комиссия даттанууну караса, ал сатып алуучу уюмдун өкүлү комиссия мүчөлөрүнүн бири болуп саналса, анда комиссия мүчөсү комиссияга билдирүүгө жана мындай даттануу же кайрылууну кароодо катышпоого тийиш.
24. Комиссиянын жыйынын комиссиянын төрагасы өткөрөт. Комиссиянын иш кагазын жүгүртүү жана жыйынынын протоколун комиссиянын катчылыгы жүргүзөт, ал ЫУО болуп саналат.
25. Комиссиянын жыйыны мыйзамдуу, эгер комиссия курамынын жарымынан көбү катышса.
26. Даттануу жана кайрылуу жасаган жактар кароо процессинде катышуу укугуна ээ. Мындай жол-жобого катышууну кабыл албаган конкурс катышуучулары натыйжада бул маселе боюнча даттанууну берүү укугунан ажырайт, эгер даттануу жөнүндө алар кабарландырылган болсо.
27. Маалыматтар Базасына кошуу жөнүндө даттанууларды жана кайрылууларды кароодо төрага:
- жыйынды ачат жана комиссия курамын жарыялайт;
- чечимди кабыл алуунун ырааттуулугун кароодо катышуучу адамдардын ой-пикирин эсепке алууну аныктайт;
- жыйынды жетектейт, документтерди ар тараптуу жана толук кароо үчүн шарттарды камсыздайт;
- зарылдыгына карай башка органдардан маалымат талап кылуу жөнүндө же эксперттерди чакырууну кароо чечимин кабыл алат.
28. Эгер даттанууларды же кайрылууларды кароо жүрүшүндө комиссия тарабынан сатып алуучу уюмдун иш-аракеттеринде бузуулар аныкталса, комиссия бардык аныкталгандарды эске алуу менен чечим кабыл алат.
29. Даттанууларды жана кайрылууларды кароо натыйжасы боюнча чечим комиссия мүчөлөрү тарабынан даттануу же кайрылуулардын жактарынын катышуусуз кабыл алынат.
30. Комиссия чечими комиссия мүчөлөрүнүн жыйынында катышуучулардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Комиссия мүчөлөрдүн добушунун тең чыгуусунда комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат. Комиссия төрагасынын жоктугунда, төраганын милдети калган комиссия мүчөлөрүнүн макулдашуусу боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн бирине жүктөлөт.
31. Чечим протокол менен таризделет, жыйынга катышкан комиссиянын бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлат жана мамлекеттик сатып алуулардын Веб-порталына жайгаштыруу үчүн ЫУО берилет.
32. Сунушталган протокол негизинде, ЫУО даттануу жана кайрылуу тараптарына кабыл алынган чечим туралуу кат жөнөтөт.
33. 3 календардык күн аралыгында сатып алуучу уюм кабыл алынган чаралар жөнүндө маалыматты Веб-порталга жайгаштырууга тийиш.
34. Эгер даттануу жактары же маалыматтар Базасына кошулган берүүчү (подрядчы) комиссиянын чыгарган чечимине макул болбоо шартында, даттануу жактары же берүүчү (подрядчы) сот тартибинде аны талашышы мүмкүн. Даттануу боюнча чечим акыркы болуп саналат, эгер бул Мыйзамдын 50-беренесине ылайык сот тартибинде ал даттанылбаган болсо.
35. Маалыматтар Базасына берүүчүнү (подрядчыны) кошуу шартында Мыйзамдын 5-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык бул берүүчү (подрядчы) берүүчү катарында, коомдоштук (консорциум) катарында мамлекеттик сатып алууларга катышууга укугу жок.
36. Маалыматтар Базасынан берүүчүнү (подрядчыны) чыгарууну белгилүү бир мөөнөт аяктаганы боюнча, маалыматтар базасына кошуу жөнүндө комиссиянын көрсөтүлгөн чечими же күчүнө кирген сот чечими боюнча жүргүзүлөт.
V. Маалыматтар Базасына кошуу жөнүндө даттанууларды жана кайрылууларды кароо мөөнөтү
37. Комиссия даттанууну же кайрылууну карагандан кийин 7 жумуш күн аралыгында Мыйзамдын 49-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жазуу жүзүндөгү жүйөөлөнгөн чечим чыгарат. Эгер кароодо кошумча документтерди суроо зарыл болсо же башка адистерди же эксперттерди чакыруу же кошумча экспертиза жүргүзүү талап кылынса, анда комиссия зарыл жол-жоболорду жана иш-чараларды жүргүзгөндөн кийин 7 (жети) жумуш күн аралыгында акыркы чечимди кабыл алат.
38. Эгер даттануу келишимди түзгөндөн кийин түшсө же даттануу түшүүсүнүн датасы келишим түзүү датасы менен дал келсе, комиссия Мыйзамдын 49-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык 7 календардык күн мөөнөтү менен келишим иш-аракетин токтотот.
39. Даттануунун тараптары жоктугунда же даттануулардын же кайрылуулардын бир тарабынын жоктугунда , ошондой эле кароо датасын которуу жөнүндө өтүнүч кат түшүүсүндө, комиссия 3 (үч) жумуш күндөн ашык эмес мөөнөткө кароону жылдыруу укугуна ээ, ушуну менен бирге даттануну кароо мөөнөтү Мыйзамдын 49-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөн узак болушу мүмкүн эмес.
40. Кайра кароодо даттануу же кайрылуу тараптарынын бири же тараптардын жоктугунда, комиссия карап чыгып жана тараптардын катышуусуз чечим чыгарат.
41. Даттануу төмөндөгүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
а) жеке адам арыз берүүчүнүн фамилиясы, аты, жашаган жери жөнүндө маалыматтар же юридикалык жактын аталышыш жана жайгашкан жери, ошондой эле байланыш телефонунун номери, электрондук почтанын дареги жана арыз берүүчүгө жооп кайтарууга тийиш болгон почта дареги;
б) сатып алуучу уюмдун даттанылуучу аракеттери же аракетсиздиги тууралуу кеңири маалыматтар;
г) сатып алуучу чечими жана иш-аракети менен макул эмес болгон арыз берүүчүнүн жүйөөлөрү, чечимди кабыл алган адамдарды көрсөтүү менен. Арыз берүүчү тарабынан Веб-порталга арыз берүүчүнүн ырастоочу жүйөөлөрү даттануулар менен бирге документтер (болуусу менен) тиркелүүгө тийиш.
42. Эгер даттануу 41-пункт белгиленген талаптарга ылайык келбесе, ошондой эле бул даттанууну берген даттанууну кайра чакыртып алынса комиссия тарабынан каралбайт.
43. Маалыматтар Базасына кошуу жөнүндө кайрылуу төмөндөгү маалыматты камтууга тийиш:
- конкурс өткөрүлгөн документтер же келишимди түз түзүү методун колдонуу жөнүндө чечим;
- келишим боюнча милдеттенмелерди бузуу жөнүндө маалымат, ал боюнча доо талаптар;
- арыз берүүчү документтерди (болуусу менен), арыз берүүчүнүн жүйөөлөрү же алардын көчүрмөлөрү тапшырууга тийиш;
- конкурстук табыштаманы кепилдеген декларациянын шарттарын бузуу жөнүндө ырастоочу документтер.
44. Арыз берүүчүнүн өкүлү аркылуу даттануу берилген шартта арыз берүүчүнүн атынан иш-аракеттерди ишке ашырууга ыйгарым укукту ырастоочу ишеним кат тапшырылат. Эгер комиссияга кайрылууларды кароодо берүүчү компаниянын өкүлүн жөнөтөт, бул адамга ишеним кат берүү талапка ылайык.
45. Даттануу төмөндөгүлөрдөн кеч эмес берилет:
- бир этаптуу жана эки этаптуу метод менен конкурс жүргүзүүдө мамлекеттик сатып алуулар Веб-порталында жүргүзүлгөн тандоо жөнүндө кулактандыруу жарыялангандан кийин 7 жумушчу күн;
- жөнөкөйлөтүлгөн метод жана бааны төмөндөтүү методу менен конкурс жүргүзүүдө мамлекеттик сатып алуулар Веб-порталында жүргүзүлгөн тандоо жөнүндө кулактандыруу жарыялангандан кийин 2 жумушчу күн.
46. Даттануу боюнча чечимди кабыл алганга чейин арыз берүүчү даттанууну чакыртып алууга укуктуу.
VI. Кароо үчүн даттануунун кабыл алууну Комиссия баш тартат
47. Комиссия даттанууну кабыл алуудан төмөндөгү шарттарда баш тартат:
а) сатып алуучу чечимин жокко чыгаруу тууралуу чечим же конкурс өткөн жок деп таануу жана мамлекеттик сатып алуулар Веб-порталында бул чечим жарыяланган болсо;
б) бул конкурска тийиштүү даттануу боюнча сот чечимин мыйзамдуу күчүнө киришинин болуусу;
в) ошол эле конкурска даттанууну предмети боюнча бул Жобонун талаптарына ылайык мурда кабыл алынган даттануу боюнча чечимдин болуусу;
г) даттануу текстинин кандайдыр-бир бөлүгүн окуп чыгуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу, фамилия, аты, атасынын аты (болуусу) жана даттанууда көрсөтүлгөн арыз берүүчүнүн дареги же арыз берүүчүнүн бул дареги боюнча жашабайт;
д) даттануудагы же кайрылуудагы белгиленген маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамы жана/же мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынбайт;
е) эгерде өз доо арызын чакыртып алган даттануучу кайрадан ошол эле маселе жана ошол эле негиз боюнча сатып алуу уюмдун жасаган аракеттерине кайрадан кайрылган болсо.
48. Эгер соттук териштирүү башталып калса, Комиссия маалыматтар Базасына кошуу жөнүндө кайрылууну кабыл албайт.
49. Даттанууну кабыл алуудан баш тартуу тууралуу чечим комиссияга анын түшүүсүнүн эки жумушчу күн аралыгында кабыл алынат, ал баш тартуу тууралуу чечимди кабыл алган күнүдө арыз берүүчүгө даттануунун кароонун баш тартуу себебин көрсөтүү менен веб-портал аркылуу электрондук билдирүү аркылуу кабарлоого милдеттүү.
VII. Маалыматтар Базасынан берүүчүлөрдү (подрядчылары) чыгаруу тартиби
50. Маалыматтар Базасынан берүүчүлөрдү (подрядчылары) чыгаруу тартиби ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйругуна ылайык жүргүзүлөт:
- мөөнөтүнүн аяктаганы боюнча;
- мыйзамдуу күчүнө кирген сот чечими боюнча.