Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 21-октябры № 378
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К.Байболовдун ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К.Байболовдон Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына келип түшкөн документтерди карал чыгып, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесинин 2-бөлүгүн, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К.Байболовдун ишенимдүү адамдары болуп тиркемеде көрсөтүлгөн адамдар катталсын.
2. Бул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К.Байболовдун ишенимдүү адамынын күбөлүгү берилсин.
3. Бул токтом»Эркин Тоо» газетасына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдраимов |