Сравнение редакций…
|
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2015-жылдын 14-октябрындагы № 175-б буйругу менен бекитилди |
20__жылдын " ___ " ________ бекитилди
Конкурстук комиссиянын төрагасы _____ Аты, жөнү (колу)
Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү: ____ Аты, жөнү (колу)
Товарларды бир этаптуу, эки этаптуу, жөнөкөйлөтүлгөн усулдары жана бааны төмөндөтүү усулу аркылуу сатып алууга СТАНДАРТТУУ КОНКУРСТУК ДОКУМЕНТТЕР
Стандарттуу конкурстук документтерди колдонуу боюнча Колдонмо
Стандарттуу конкурстук документтердин (СКД) маалыматтары бир этаптуу, эки этаптуу, жөнөкөйлөтүлгөн усулдары менен жана бааны төмөндөтүү усулу менен товарларды сатып алууга келишимдер үчүн багытталган.
Иштелип чыккан конкурстук документтер төмөнкү ыкмалар менен колдонулат:
- Электрондук
- Кагаз түрүндө.
1. Стандарттуу конкурстук документтер өзүнчө бөлүктөргө топтоштурулган, жана "Конкурстун катышуучулары үчүн нускама", "Келишимдин жалпы шарттары” сыяктуу бөлүктөр өзгөртүлбөйт жана типтүү болуп саналат. Конкреттүү конкурска өзгөртүүлөр "Конкурстун катышуучуларынын нускамасынын өзгөчө шарттары" жана "Келишимдин өзгөчө шарттары" бөлүктөрүнө гана киргизиле алат.
2. Стандарттуу конкурстук документтер төмөнкү бөлүктөрдөн турат:
а) конкурска катышууга чакыруу;
б) конкурстун катышуучуларына нускама (№ 1 тиркеме);
в) конкурстун катышуучуларынын нускамасынын өзгөчө шарттары (№ 2 тиркеме);
г) квалификация жөнүндө маалыматтар (№ 3 тиркеме);
д) келишимдин жалпы шарттары (№ 4 тиркеме);
е) келишимдин жалпы шарттары (№ 5 тиркеме).
Формалар:
- сатып алынуучу товарлардын тизмеги (№ 1 форма);
- техникалык адистешмелер (№ 2 форма);
- квалификация жөнүндө маалыматтар (№ 3 форма);
- конкурстук табыштама (№ 4 форма);
- баалардын таблицасы (№ 5 форма);
- келишимдин болжолдуу шарттары (№ 6 форма);
- конкурстук табыштамаларды кепилдик камсыз кылуу (№ 7 форма);
- конкурстук табыштамаларды кепилдик берген декларация (№ 7-1 форма);
- келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылуу (№ 8 форма);
- аванстык төлөмдүн банктык кепилдиги (№ 9 форма);
- келишимди түзүү жөнүндө билдирме (№ 10 форма);
- конкурстук табыштамаларды кол коюу укугуна ишеним кат (№ 11 форма);
- өндүрүүчү заводдун тастыктаган каты (№ 12 форма);
3. Товарларды сатып алууда Конкурстук документтерде төмөнкүлөрдү белгилөө зарыл:
Конкурска катышууга чакыруу бөлүгүндө боло турган конкурс жөнүндө негизги шарттары белгиленет: сатып алынуучу товарлардын кыскача баяндамасы, аны берүүнүн талап кылынган мөөнөтү, конкурстук табыштамаларды ачуунун акыркы датасы жана убактысы, конкурстук табыштамалардын колдонуу мөөнөтү, конкурстук табыштамалардын курамына кирген конкурстук табыштамаларды кепилдиктин болуусу жана кепилдиктин колдонуу мөөнөтү, жеӊилдиктерди колдонуу жөнүндө маалымат, алкактык макулдашууну түзүү үчүн конкурсту жүргүзүү.
- Конкурстун катышуучуларынын Нускамасынын өзгөчө шарттары бөлүгүндө конкреттүү конкурстун мүнөзүн эске алуу менен, конкурстун катышуучуларынын Нускамасына талаптар бекитилет. Конкурстун катышуучуларынын Нускамасынын өзгөчө шарттары жана Конкурстун катышуучуларынын Нускамасынын жоболорунун ортосунда карама–каршылыктар болгон учурда, Конкурстун катышуучуларынын Нускамасынын өзгөчө шарттары артыкчылыкка ээ болот. "Конкурстун катышуучуларынын Нускамасынын өзгөчө шарттарында" белгиленген талаптар жана критерийлер жок болгон учурда, анда сатып алуучу Катышуучудан ал талаптарга ылайык келүүсүн талап кыла албайт. Конкурстун катышуучуларынын өзгөчө шарттарында Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам) 27-беренесине ылайык, квалификацияга талаптар белгиленет: берүүнүн тажрыйбасы (көлөмү көрсөтүлөт), финансылык жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана конкурска катышуу учурунда Кыргыз Республикасынын салыктык жана социалдык камсыздандыруу боюнча милдеттенмелердин жоктугу, келишимди түзүүнүн мыйзамдуулугу. Конкурсук табыштама иштөө мөөнөтүнө талаптар. Бул мөөнөттүн узактыгы бардык табыштамаларга толук баа берүү, ыйгаруу жөнүндө билдирме, ошондой эле Жеӊүүчү баш тарткан учурда, кийинки Талапкер менен келишим түзүүгө мүмкүнчүлүктүн болушу үчүн жетишээрлик болууга тийиш.
- Келишимдин жалпы шарттары типтүү бөлүк болуп саналат жана эч кандай өзгөрүүлөр Келишимдин жалпы шарттарынын беттеринде жасалбайт. Сатып алуучу Келишимдин жалпы шарттарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизе алат, аны Келишимдин өзгөчө шарттарында гана киргизүүгө тийиш. Келишимдин өзгөчө шарттары бөлүгүнө ылайык келбеген товарларды алмаштыруу мөөнөтү, айыптык санкциялар, келишимди бузуунун шарттары, талаш-тартыштарды жөнгө салууда соттук инстанциялар жөнүндө маалымат сыяктуу конкреттүү келишимге тийиш болгон жоболор каралат. Келишимдин өзгөчө шарттарында ар кандай өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш.
- "Техникалык адистешмелер" бөлүгүндө сатып алынуучу товарлардын сапатына талаптарды белгилөө керек. Товарлар мурда колдонулбаган жаңы болууга тийиш, эң акыркы даярдалган боюнча же азыр өндүрүштө болгон моделдер жана материалдарды долбоорлоо жана иштеп чыгуу жаатындагы акыркы жетишкендиктери чагылдырылышы керек. Адистешмелер абдан кеңири атаандаштыктын болуусун жана ошол эле учурда берүүчү товарлардын сапатын так баяндоону камсыз кылгыдай түзүлүүгө тийиш. Ушундай гана шарттарда сатып алууларды ишке ашырууда үнөмдүүлүк, натыйжалуулук, адилеттүүлүккө жетишүүгө жана белгиленген талаптарга конкурстук табыштамалардын ылайыктыгын камсыз кылууга, ошондой эле баалоонун кийинки милдетин жеңилдетүүгө болот. Техникалык адистешмелерди түзүүдө алар чектүү мүнөздө болбошун көзөмөлдөө керек. Бардык тармактар үчүн универсал катары пайдаланууга мүмкүн болуучу техникалык адистешмелердин стандарттык үлгүсү жок, бирок калыптанып калган ченемдер жана принциптер бар.
Адистешмелердин үч негизги түрү бар:
- функционалдык, алар жабдуулар аткарган функцияларды сыпаттап жазат, мисалы, бухгалтердик эсепти автоматташтыруу үчүн система же автоматташкан долбоорлоо системасы;
- өзгөчөлүктөр, жабдуунун эксплуатациялык (жумушчу) мүнөздөмөсүнө негизделген;
- техникалык, алар жабдуунун техникалык жана жеке мүнөздөмөсүн - көлөмүн, өндүрүштө колдонулган материалдарды, талап кылынган параметрлердин так маанисин ж.б. аныктайт.
Товарлардын стандарттарынын өзгөчөлүктөрүндө эл аралык деп таанылган ченемдер жана стандарттарды кеӊири колдонуу керек. Адистешмелерде башка стандарттардын ченемин колдонгондо, башка таанылган ченемдер жана стандарттарга жооп бере турган алгылыктуу товарлар деп эсептелээрин жана сапаты боюнча эквиваленттүү же андан да жогору деӊгээлди камсыздаарын белгилөө керек. Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүлөр иштейт:
- Кыргыз Республикасынын улуттук стандарттары;
- стандартташтыруу жаатында эрежелер, ченемдер жана сунуштамалар;
- эл аралык стандарттар;
- башка өлкөлөрдүн улуттук стандарттары;
- уюмдардын стандарттары.
Эл аралык стандарттар жана башка өлкөлөрдүн улуттук стандарттары Стандартташтыруу боюнча Улуттук Орган (НИСМ) тарабынан бекитилген методикага ылайык стандартташтыруу боюнча улуттук документ катары Кыргыз Республикасында колдонулат.
Техникалык адистешмелер эч кандай учурларда төмөнкү көрсөтмөлөрдү камтыбайт:
а) соода маркасын;
б) товардык белгилерди;
в) өлкөнүн аталышын жана товардын чыккан жерин, же өндүрүүчүнүн аталышын.
Конкурстук документтерди түзүүдө:
- лотторду ирилетүүгө жол бербөө;
- ар кандай группаларга кирген товарларды бир лотко бириктирбөө;
- эгерде иш лицензияланган болсо, анда лицензия табыштамага берген учурда жана контрактын бардык иштөө мөөнөтүндө анык болууга тийиш.
Милдеттүү сертификациялоого тийиштүү болгон товарлардын тизмеси.
Милдеттүү сертификациялоого тийиштүү болгон товарлардын тизмеси, төмөндө мындай товарлардын тизмесин аныктаган, ченемдик актылар саналды:
- шайкештиги тууралуу сертификаттын иши жайылтылган конкреттүү продукциянын тизмеси (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген);
- ветеринардык контролго тийиштүү болгон товарлардын тизмеси (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген);
- Кыргыз Республикасынын мамлекетик чек арасын өтүүдө санитардык-эпидемиологиялык контролго алынуучу, Кыргыз Республикасына ташылып келинүүчү товарлардын тизмеси (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген);
- Кыргыз Республикасынын мамлекетик чек арасын өтүүдө фитосанитардык контролго алынуучу, Кыргыз Республикасына ташылып келинүүчү товарлардын тизмеси (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген).
Шайкештик сертификатын регламенттештирген документтер:
- "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн товарларды техникалык жөнгө салуу жаатындагы укуктук ченемдик актылары.
№ ___ конкурска катышууга чакыруу
Датасы_________________
Урматтуу Катышуучу,
1. Сатып алуучу (сатып алуучунун аталышы) ______________ товарды берүүгө конкурстук табыштамаларды тапшырууга Сизди чакырат. _____________ (товарды кыскача сүрөттөө, эгерде конкурс лотторго бөлүнсө, ар бир лоттун аталышы көрсөтүлсүн).
2. Ички берүүчүлөр үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларга "____" өлчөмүндө жеӊилдиктер берилет (өлчөм 20 пайыздан ашпоого тийиш, % көрсөтүлсүн).
3. Конкурс алкактык макулдашууну түзүү үчүн жүргүзүлөт (эгер колдонулбаса, алып салуу керек).
4. Берүүнүн мөөнөтү ________________________________________________
5. Берүүнүн орду ___________________________________________________
6. Товардын наркы _______________ камтууга тийиш (ИНКОТЕРМС көрсөтүлсүн, же берүү ордуна чейин бардык салыктардын жана транспорттук каражаттарды эске алуу менен).
7. Конкурска катышуучу бардык талапкерлер
__________________________________________________________________
(Сатып алуучунун же конкурсту өткөрүүгө жооптуу органдын дареги)
дареги боюнча 20____-жылдын "____" _______ саат ______ кеч эмес ___________ өздөрүнүн конкурстук табыштамаларын (жазуу жана/же электрондук түрдө (керексизи алынып салынсын)) тапшырууга тийиш.
8. Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч тапшырылган бардык конкурстук табыштамалар ачылбастан катышуучуларга кайтарылып берилет.
9. ___________ формасы боюнча ________ өлчөмүндө конкурстук табыштамаларды кепилдик камсыз кылуу менен, же Конкурстук табыштамаларды кепилдик берген Декларация менен бирге тапшырууга тийиш (керексизи алынып салынсын).
10. Сиздин Конкурстук табыштамалар конкурстук табыштамаларды ачкан датадан кийин ______ күндүн ичинде колдонулууга тийиш.
11. Конкурс алдындагы кеӊешме (1) 20__-жылдын "____" ________ ____ саатта ____________________ дареги боюнча өтөт (дата конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү бүткөнгө чейин беш жумушчу күндөн кеч эмес болууга тийиш).
12. Конкурстук табыштамалар буга катышууну каалаган катышуучулардын өкүлдөрүнүн катышуусунда конкурстук комиссия тарабынан 20__-ж. "__" _______ ______ саатта _________________________________ дареги боюнча ачылат:
(Бул дата жана убакыт конкурстук табыштамага ачуунун мөөнөтүн көрсөтөт жана конкурстук табыштамаларды берүүнүн аяктоо менен дал келүүгө тийиш)
13. Катышуучуларга аудио и видео тартууга уруксат берилет, катышуучулар конкурстук табыштамаларды ачууга чейин бул иш-аракеттер жөнүндө конкурстук комиссияга билдирүүгө тийиш.
14. Сатып алуучу ___________________ (сатып алуучунун аталышы) берилген конкурстук табыштамалардын бүтүндүгүн жана купуялуулугун камсыз кылат жана аны конкурстук табыштамалар ачылгандан кийин гана кароосун камсыз кылат.
Сатып алуучунун жетекчиси /Аты,жөнү/
(1) Конкурстун алдындагы кеңешме конкурстук табыштамаларды тапшыруунун акыркы мөөнөтү бүткөнгө чейин беш жумушчу күндөн кеч эмес мөөнөттө өткөрүлөт.
№ 1 тиркеме
КОНКУРСКА КАТЫШУУЧУЛАРДЫН НУСКАМАСЫ (ККН)
А. Жалпы жоболор | |
1. | Каржылоо булагы |
1.1. | Сатып алуучу уюм (мындан ары текст боюнча – сатып алуучу) ушул конкурстун максаты үчүн Конкурска катышуучулардын нускамасынын өзгөчө шарттарында көрсөтүлгөн каражаттар колдонулат. |
2. | Конкурстун укуктуу катышуучулары |
2.1. | Бул чакыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, кандайдыр бир эл аралык макулдашууларда тыюу салынгандардан башка ар кандай өлкөлөрдүн бардык берүүчүлөргө таркатылат. |
2.2. | Ушул конкурска катышууга болгон чакырууга ылайык, Конкурстун катышуучулары (жөнөкөй жолдоштуктун бардык мүчөлөрүн кошкондо) кызыкчылыктардын карама-каршылыктарына ээ болбоого, кайсы бир фирма же анын ар кандай филиалдары менен түздөн-түз же кыйыр түрдө байланышта болбоого (же мурдагы байланыштары болбоого) тийиш, аларды Сатып алуучу конкурстук документтердин ар кайсы бөлүгүн даярдоо этабында консультациялык кызмат көрсөтүү керек үчүн ишке тартпоого тийиш. |
2.3. | Конкурстун катышуучулары (жөнөкөй жолдоштуктун бардык мүчөлөрүн кошкондо) ишенимдүү эмес берүүчүлөрдүн маалымат базасында болбоого тийиш. |
2.4. | Конкурстун катышуучулары (жөнөкөй жолдоштуктун бардык мүчөлөрүн кошкондо) ушул конкурска катышуучу башка катышуучу менен бир жетекчиге жана/же түзүүчүгө ээ болбоого тийиш. |
2.5. | Конкурстун катышуучусу болуу үчүн жак (тарап) закондуу түрдө күчүнө кирген соттун чечимине ылайык коррупция же алдамчылык кылгандыгы үчүн жоопко тартылбаган жана соттолбогон болушу керек. |
2.6. | Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар юридикалык жана финансылык өз алдынча болушса жана ишкердик жүргүзүүгө юридикалык жактан укуктуу болгон учурда конкурска катыша алышат. |
2.7. | Сатып алуучу Мыйзамдын 6-беренесинин 3, 4, 5, 7-бөлүктөрүндө каралган учурларда келишим же алкактуу келишим түзө албайт. |
3. | Конкурска катышуучунун квалификациясы |
3.1. | Торуктардын бардык катышуучулары (жөнөкөй кызматташтыктын бардык мүчөлөрүн кошкондо) Конкурстук табыштама менен бирге "Квалификация жөнүндө маалыматты" тапшырышат. |
3.2. | Эгерде алдын ала квалификациялуу тандоо жүргүзүлсө, анда Келишимди берүүдө алдын ала квалификациялуу тандоодон өткөн катышуучулардын конкурстук табыштамалары гана каралат. Бул катышуучулар алдын ала квалификациялуу тандоодо алгачкы табыштамаларды берген "Квалификация жөнүндө маалыматтар" өзгөрүүсүз калганын тастыктоого тийиш. |
3.3. | Эгерде Сатып алуучу потенциалдуу катышуучуларды алдын ала квалификациялуу тандоодон өткөрбөсө, бардык катышуучулар конкурстук табыштамалардын курамына кирген Квалификация жөнүндө маалыматтарда кийинки маалыматтарды жана документтерди кошууга тийиш жана төмөнкү маалыматтарды кошууга жана тастыктоочу документтерди тиркөөгө тийиш: а) юридикалык статусу, каттоо орду жана иштин негизги түрү; лицензиянын номерин жана иштөө мөөнөтүн (эгерде талап кылынса) көрсөтүү керек менен товарды жеткирип берүүгө лицензиянын болуусу; б) катышуучунун атынан милдеттенмелерди алууга укугу бар, конкурстук табыштамаларды кол койгон адамга жазуу түрүндөгү ишеним кат; в) ушул сыяктуу товарларды аткарган берүүлөр жөнүндө маалыматтар, ошондой эле учурдагы берүүлөр жана келишимдеги милдеттенмелер жөнүндө толук маалыматтар, Конкурстун катышуучуларынын Нускамасынын өзгөчө шарттарында көрсөтүлгөн бул келишимдер боюнча мындан аркы маалыматтарды алуу үчүн кайрылууга мүмкүн болгон адамдар жөнүндө маалыматтар, бул адамдардын дареги; г) келишимди аткаруунун жүрүшүндө колдонууга болжолдонгон жабдуулардын түрлөрү жөнүндө маалыматтар; д) билим берүүгө укуктуу адистерге же персоналга ээ болуу; е) келишимди аткаруу үчүн негизги жетекчилердин жана/же техникалык адистердин квалификациясы жана тажрыйбасы жөнүндө маалыматтар; ж) катышуучунун финансылык абалы жөнүндө отчеттор (мисалы: баланс, чарбалык иштин натыйжасы жөнүндө отчеттор, акчалай каражаттардын кыймылы жөнүндө отчет, киреше жана чыгаша жөнүндө отчет, жана/же аудитордук корутунду), Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна салган салымдары жана салыкка карызы жоктугу тууралуу маалымат конкурс өткөрүлүп жаткан учурда берилүүгө тийиш; з) келишимди аткаруу үчүн жетиштүү көлөмдөгү жүгүртүү каражаттарынын болушун тастыктоочу маалымат, (мисалы: кредиттик линияга жетүү мүмкүнчүлүгү жана башка финансы ресурстарынын болушу жөнүндө маалымат); и) катышуучуну тейлөөчү банктардан маалымат алуу укугуна болгон ишеним кат; к) акыркы ____ жылда(рда) же азыркы учурда тартылган соттук катышууга тиешелүү маалымат соттук катышуучулардын тараптарын жана талашылып жаткан сумманы көрсөтүү керек менен азыркы учурда катышуучу тартылган соттук териштирүүгө тийиштүү маалыматтар боюнча мыйзам түрүндө күчүнө кирген соттук акт; л) конкурстун катышуучуларынын Нускамасынын өзгөчө шарттарында көрсөтүлгөн башка маалыматтар жана документтер. |
3.4. | Эки же андан көп өнөктөш-фирмалардан түзүлгөн, жөнөкөй кызматташтык (консорциум) берүүчү Квалификация жөнүндө маалыматтар төмөнкү талаптарга жооп бериши керек, эгерде башка Конкурстун катышуучуларынын Нускамасынын өзгөчө шарттарында каралбаса: 3.3-пунктундагы пунктчаларда саналып өткөн бардык маалыматтарды өзүнө камтууга тийиш, ал ар бир өнөктөшкө колдонулат; а) макулдашуунун формасы бардык өнөктөштөр үчүн юридикалык күчкө ээ болчудай түрдө түзүлүүгө жана кол коюлууга тийиш; б) бардык өнөктөштөр Келишимдин шарттарына ылайык, келишимди аткаруу үчүн бирдей жоопкерчилик тартышат; в) өнөктөштөрдүн бири милдеттенме тартууга ыйгарым укуктуу ишеним менен тастыкталган жетектөөчү болууга тийиш, ал ар бир өнөктөштөн жана бардык өнөктөштөрдүн атынан жана тапшырмасы боюнча көрсөтмө алууга ыйгарым укуктуу; г) конкурстук табыштама жөнөкөй кызматташтыктын формалдуу макулдашуусун өзүнө камтууга тийиш (же жөнөкөй кызматташтыкты түзүү ниети жөнүндө кат), анда бардык өнөктөштөр Келишимди аткаруу үчүн биргеликте жана өз-өзүнчө жоопкерчилик тартышат жана жетектөөчү өнөктөш милдеттенме тартууга жана ар бир өнөктөштөн жана бардык өнөктөштөрдүн атынан жана тапшырмасы боюнча көрсөтмө алууга укуктуу, ошондой эле төлөмдөрдү кошкондо, Келишимди аткаруу боюнча бардык операциялар бир гана жетектөөчү өнөктөш тарабынан жүргүзүлөт; д) конкурстун катышуучуларынын Нускамасынын өзгөчө шарттарында көрсөтүлгөн башка маалыматтар жана документтер. |
3.5. | Конкурстук документте сатып алуучу жөнөкөй кызматташтыктын (консорциумдун) өнөктөштөрүнө болгон талаптарды көрсөтөт. Катышуучунун жогоруда көрсөтүлгөн 3.4-пунктунун а), б), в), г) жана д) пунктчаларындагы минималдуу квалификациялык талаптарга ылайыктыгын аныкташ үчүн жөнөкөй кызматташтыктын (консорциумдун) өнөктөштөрүнүн ар бирин мүнөздөгөн цифралар суммаланат. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте конкурстук сунуштагы бардык документтер нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн болуусу керек. Конкурстук документте талап кылынган документтер жок болгон учурда жана документтер талаптарга ылайык келбеген учурда, Катышуучунун конкурстук сунушу четтетилет. |
3.6. | Конкурстук табыштама 8.1-пунктунда көрсөтүлгөн тилде эмес болсо, конкурстун катышуучулары нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн, легалдаштырылган котормосун тапшырууга тийиш. Конкурстук табыштамада талап кылынган документтердин жоктугу конкурстук табыштамаларды четтетүүгө алып келет. |
3.7. | Эгерде Конкурс лотторго бөлүнсө, Сатып алуучу ар бир лотко өзүнчө квалификациялык талаптарды белгилей алат, же бардык лоттор үчүн жалпы квалификациялык талапты көрсөтө алат. Бул талаптар Конкурстун катышуучуларынын Нускамасынын өзгөчө шарттарында көрсөтүлүүгө тийиш. |
3.8. | Ар бир Катышуучу өз алдынча же жөнөкөй кызматташтыктын (консорциумдун) курамында өнөктөш катары бир гана конкурстук табыштама бере алат. Эгерде Катышуучу өз алдынча же жөнөкөй кызматташтыктын курамында (консорциумда) бирден көп сунуштама берсе, ал катышкан бардык сунуштамалар четке кагылат. Бул чектөө бир эле субподрядчынын бир нече Конкурстук табыштамага катышуусуна жайылтылбайт. |
4. | Конкурска катышуу чыгымдары |
4.1. | Катышуучу конкурстук табыштамасын даярдоого жана берүүгө байланыштуу бардык чыгымдарды көтөрөт. Сатып алуучу бул чыгашалар боюнча эч кандай жоопкерчилик тартпайт жана милдеттенме да албайт. |
Б. Конкурстук документерге кирген, документердин тизмеги | |
5. | Конкурстук документтердин мазмуну |
5.1. | Конкурстук документтер тобу төмөнкү документтерди камтыйт: а) конкурстун катышуучуларынын нускамасы; б) конкурстун катышуучуларынын нускамасынын Өзгөчө шарттары; в) келишимдин жалпы шарттары (КЖШ); г) келишимдин жалпы шарттары (КМШ); д) конкурстук табыштамалардын формасы; е) квалификация жөнүндө маалыматтар; ж) сатып алынуучу товарлардын жана коштоочу кызматтардын тизмеси; з) техникалык адистешмелер; и) каттын формасы - Өндүрүүчүнүн тастыктамасы; к) келишимдин үлгү шарттары; л) конкурстук табыштамаларды кепилдик камсыз кылуу формасы; м) келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылуу формасы; н) аванс төлөөгө банктык кепилдиктин формасы; о) конкурстук табыштамага кол коюу укугуна ишеним кат. |
5.2. | Конкурстун катышуучусу конкурстук документтерде камтылган бардык нускамалар, тиркемелер,формалар, шарттар жана техникалык адистешмелер менен таанышууга тийиш. Конкурстук документтерде суралган маалымат толук эмес берилсе же торук үчүн конкурстук документтердин талаптарына жооп бербеген конкурстук табыштама берилгенде, конкурстук табыштамалардын четке кагылышына алып келет. |
6. | Конкурстук документтерди түшүндүрүү жана конкурс алдындагы кеңешме |
6.1. | Берүүчү конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү бүткөнгө чейин 5 (беш) жумушчу күндөн кеч эмес, сатып алуучудан конкурстук документтерди түшүндүрүүнү сурай алат. Сатып алуучу 3(үч) жумушчу күндөн кеч эмес убакытта мындай суроо-талапка жооп берүүгө жана конкурстук документтер берилген бардык берүүчүлөргө суроо-талаптын булагын жарыялабастан түшүндүрмө берүүгө тийиш жана ал Мамлекеттик сатып алуулардын Веб-порталында жайгаштырылат. |
6.2 | Конкурс алдындагы кеңешме конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү бүткөнгө чейин 5 (беш) жумушчу күндөн кеч эмес убакытта өткөрүлүүгө тийиш. Протоколдор 3 жумушчу күндүн аралыгында конкурстук документтерди алган бардык берүүчүлөргө берилет жана ал Мамлекеттик сатып алуулардын Веб-порталында жайгаштырылат. |
7. | Конкурстук документтерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү |
7.1. | Техникалык адистешмелер же конкурстук документтердин негизги талаптары өзгөргөндө конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү бүткөнгө чейин 3 (үч) жумушчу күндөн кеч эмес убакытта сатып алуучу толуктоолорду киргизүү аркылуу конкурстук документтерди өзгөртө алат. Конкурстук документтер өзгөргөндүгү тууралуу маалымат торуктун бардык катышуучуларына милдеттүү билдирүү менен Мамлекетик сатып алуулардын Веб-порталында жарыяланат жана алар үчүн милдеттүү күчкө ээ. Электрондук ыкма менен өткөрүлгөндө, сатып алуучу түдөн-түз Мамлекетик сатып алуулардын Веб-порталында конкурстук документтерди өзгөртөт. Конкурстук документтердин өзгөргөндүгү тууралуу билдирме система менен конкурстук документтерди алган талапкерге жөнөтүлөт. |
7.2. | Конкурстун катышуучуларына өзүнүн конкурстук табыштамасын даярдоодо киргизилген өзгөртүүлөрдү эсепке алууга жетиштүү убакыт берүү үчүн Сатып алуучу конкурстук табыштамага берүүнүн акыркы мөөнөтүн узартууга тийиш. |
В. Конкурстук табыштамаларды даярдоо | |
8. | Конкурстук табыштамалардын тили |
8.1. | Конкурстун катышуучусу тарабынан даярдалган конкурстук табыштама, ошондой эле конкурстун катышуучусу менен Сатып алуучу алмашуучу бул табыштамага байланыштуу бардык кат-кабар жана документтер Конкурстун катышуучуларынын Нускамасынын өзгөчө шарттарында көрсөтүлгөн тилде жазылууга тийиш. |
9. | Конкурстук табыштамаларды кирүүчү документтер |
9.1. | Конкурстун катышуучусу тарабынан даярдалган конкурстук табыштама төмөнкү документтерди камтууга тийиш: а) конкурстук табыштама толтурулган формасы; б) квалификация жөнүндө маалыматтар жана квалификацияны күбөлөндүрүүчү документтер: - катышуучунун укугун тастыктаган документтер (каттоо жөнүндө күбөлүк, устав); - финансылык документтер (баланс, чарбалык иштин натыйжасы жөнүндө отчеттор, акчалай каражаттардын кыймылы жөнүндө отчет, киреше жана чыгаша жөнүндө отчет, жана/же аудитордук корутунду), Кыргыз Республикасында салыктар жана социалдык төлөмдөр боюнча карыздын жоктугу тууралуу маалым кат, ж.б. (маалым кат конкурс өткөрүлүп жаткан учурда тийиштүү орган тарабынан берилүүгө тийиш); в) баалар таблицасы; г) конкурстук табыштамаларга кепилдик камсыз кылуу же ушул Нускаманын 15-бөлүгүнө ылайык берилген Конкурстук табыштамаларды кепилдендирген Декларация; д) Келишимдин Жалпы жана Өзгөчө шарттары (конкурстун катышуучусу тарабынан ар бир баракка кол коюлган); е) Техникалык адистешмелер; ж) конкурска катышууга укук берилген жактарга ишеним кат; з) конкурстун катышуучуларынын Нускамасынын өзгөчө шарттарында көрсөтүлгөн талаптарга ылайык Конкурстук катышуучулары тарабынан толтурулууга тийиш болгон башка документтер. |
9.2. | Конкурстук табыштамада берилген, документтердин бардык көчүрмөлөрү нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Конкурстук табыштамада талап кылынган документтер жок болгон учурда, конкурстук табыштама Сатып алуучу тарабынан четке кагылат. |
10. | Конкурстук табыштамалардын наркы |
10.1. | Баалар таблицасында келтирилген Баалар Конкурстун катышуучуларынын Нускамасынын өзгөчө шарттарында көрсөтүлгөн ИНКОТЕРМСтин тандоосун эске алуу менен, бардык чыгымдарды камтууга тийиш: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынуучу бардык салыктар, алымдар, жыйымдар, ошондой эле берүү менен байланышкан чыгымдар жана Келишимде көрсөтүлгөн келишимдик милдеттенмелерди аткаруу боюнча башка чыгымдар. |
10.2. | Конкурстук катышуучусу сунуштаган баалар келишимди аткаруунун бардык мөөнөтүндө белгиленген өлчөмдө калууга жана эч кандай жагдайларда өзгөрбөөгө тийиш. Бааларды корректировкалоого мүмкүндүк берген конкурстук табыштама конкурстун талаптарына жооп берген табыштама катары каралат жана ушул Нускаманын 27-бөлүгүнө ылайык четке кагылат. |
10.3 | Эгерде Конкурстун катышуучуларынын Нускамасынын өзгөчө шарттарында көрсөтүлгөндөй товарлар өз-өзүнчө лотторго бөлүнсө, Катышуучулар бир же бир нече лотко өзүнүн конкурстук табыштамаларын бере алышат. |
11. | Конкурстук табыштамалардын төлөө валютасы жана төлөмдөр |
11.1 | Эгерде Конкурстун катышуучуларынын Нускамасынын өзгөчө шарттарында (3-тиркеме) башка көрсөтүлбөгөн учурда, баалар улуттук валютада гана көрсөтүлүүгө тийиш. |
11.2 | Эгерде Келишим боюнча төлөө чет өлкөлүк валютанын эквиваленттүү суммасында улуттук валютада төлөнө тургандыгын Сатып алуучу белгилеген учурда, аткарылган берүүлөрдү төлөө берүүчүгө төлөм күнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында белгиленген тийиштүү валютанын расмий курсу боюнча кыргыз сомунда жүргүзүлөт. |
12. | Конкурстук табыштамаларды колдонуу мөөнөтү |
12.1. | Конкурстук табыштамаларды ачкан датадан кийин Конкурстун катышуучуларынын Нускамасынын өзгөчө шарттарында көрсөтүлгөн күндүн аралыгында конкурстук табыштамалар күчүндө болот. |
12.2. | Сатып алуучу конкурстун катышуучусунан анын конкурстук табыштамасынын иш-аракетинин мөөнөтүн узартууну өтүнүшү мүмкүн. Мындай өтүнүчтөр жана аларга жооптор жазуу формасында берилүүгө тийиш жана факс же электрондук кат түрүндө жиберилет. Конкурстун катышуучусу өзүнүн конкурсук табыштамасынын мөөнөтүн узартуу өтүнүчүнө кепилдикти камсыз кылууну кайтаруу укугун жоготпостон каршы болушу мүмкүн. Өзүнүн конкурстук табыштамасынын мөөнөтүн узартууга макул болгон Конкурстун катышуучусу ага өзгөртүү киргизүүгө укугу жок жана ал конкурстук табыштама кепилдигин камсыз кылуу иш-аракетинин мөөнөтүн узартууга милдеттүү, банктык кепилдик берген учурда өзүнүн конкурстук табыштамасынын узартылган иш-аракетинин мөөнөтүн жабуу үчүн конкурстук табыштамаларды жаӊы кепилдик камсыз кылууну берүүгө тийиш. |
13. | Конкурстук табыштамаларды кепилдик камсыз кылуу жана конкурстук табыштаманы кепилдеген Декларация. |
13.1. | Конкурстун катышуучусу Конкурстун катышуучуларынын Нускамасынын өзгөчө шарттарында көрсөтүлгөн өлчөмдө жана формада конкурстук табыштамаларды кепилдик камсыз кылууну өзүнүн конкурстук табыштамасынын бир бөлүгү катары берүүгө тийиш. "Конкурстук табыштамаларды кепилдик камсыз кылуунун иштөө мөөнөтү конкурстук табыштамалардын иштөө мөөнөтү менен дал келиши керек". |
13.2 | Кепилдик камсыз кылуусу болбогон бардык конкурстук табыштамалар конкурстук документтердин шарттарына жооп бербеген табыштама катары Сатып алуучу тарабынан четке кагылат. |
13.3. | Конкурстук табыштамаларды кепилдик камсыз кылууну төмөнкү учурларда кармап калат: а) анын конкурстук табыштамасында каралган шарттарда келишимге кол коюдан баш тартса; б) келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылууну сунуштоодон баш тартса; в) конкурстук табыштамаларды ачкандан кийин жана анын иштөө мөөнөтү бүтө электе талапкер тарабынан кайра алынса же өзгөртүлсө. |
13.4. | Конкурстун Жеӊүүчүсү менен Келишимге кол коюлгандан кийин, утпай калган Катышуучуга бул Кепилдик кайсы валютада берилсе, ошол валютада кайтарылып берүүгө тийиш. |
13.5 | Сатып алуучу конкурстук табыштамаларды кепилдик камсыз кылуу жөнүндө талаптын ордуна Конкурстун катышуучуларынын Нускамасынын өзгөчө шарттарында көрсөтүлгөн конкурстук табыштамаларды кепилдеген декларацияга кол коюусу жөнүндө талапты белгилей алат. Катышуучулар бул декларацияны бузганда, мамлекеттик сатып алуулардан четтетилет жана ишенимсиз берүүчүлөрдүн жана подрядчылардын дайындар базасына киргизилет. |
14. | Конкурстук табыштамаларды тариздөө жана кол коюу. |
14.1. | Конкурстун катышуучусу конкурстук табыштаманын 1 (бир) түп нускасын жана 2 (эки) көчүрмөсүн даярдоого тийиш, алардын ар бирине тийиштүү түрдө "КОНКУРСТУК ТАБЫШТАМАНЫН ТҮП НУСКАСЫ" жана "КОНКУРСТУК ТАБЫШТАМАНЫН КӨЧҮРМӨСҮ" деп көрсөтүшү керек. Алардын ортосунда айырма келип чыккан учурда, түп нуска артыкчылыкка ээ болот. |
14.2. | Конкурстук табыштаманын түп нускасы жана көчүрмөсү (көчүрмөлөрү) өчүрүлбөй турган сыя менен басылууга жана жазылууга жана Конкурстун катышуучусунун же келишим боюнча конкурстук табыштамага жана милдеттенмеге кол коюуга бардык ыйгарым укугу бар адамдын (адамдар) колу коюлууга тийиш. Табыштамага кол коюуга уруксат конкурстук табыштаманын курамында көрсөтүлүүгө тийиш болгон ишеним катта көрсөтүлүүгө тийиш.Табыштамага кол коюуга уруксакттама ишеним катта көрсөтүлүүгө тийиш, ал конкурстук табыштамалардын курамында берилүүгө тийиш. Жаӊы маалыматтар, өзгөртүүлөр жана кырып өчүрүүлөр киргизилген конкурстук табыштаманын бардык барактары, конкурстук табыштамага кол коюучу адам же адамдар тарабынан парафирленүүгө тийиш. |
14.3. | Конкурстук табыштамада конкурстун катышуучусу жаңылыштыкты оңдоо зарылдыгынан тышкары, саптар арасында эч кандай кошумча киргизүү, өчүрүү жана оңдоолор болбоого тийиш, алар конкурстук табыштамага кол койгон адам же адамдар тарабынан парафирленүүгө тийиш. |
Г. Конкурстук табыштамаларды берүү | |
15. | Конкурстук табыштамалар салынган конверттерди чаптоо жана маркировкалоо |
15.1. | Конкурстун катышуучусу конкурстук табыштаманын түп нускасын жана ар бир көчүрмөсүн тийиштүү түрдө ар бирине "ТҮП НУСКА" жана "КӨЧҮРМӨ" деп белгилөө менен башка конверттерге салып чаптоого тийиш. Мындан кийин конверттер сырткы конвертке салынып чапталат. |
15.2 | Ички конверт төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: а) "конкурска катышууга чакырууда” көрсөтүлгөн дарек боюнча Сатып алуучуга даректелүүгө тийиш; б) сатып алынуучу предметтин аталышын жана Конкурска катышуучунун дарегин; Сырткы конверт төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: конкурска катышуучунун нускамасындагы Өзгөчө шарттарда көрсөтүлгөн конкурстук табыштамалардын сатып алуу предмети, ачуу убактысы жана датасы жана "ЧЕЙИН АЧПОО КЕРЕК" деген сөздөрдү камтууга тийиш. |
15.3. | Эгерде сырткы конверт ушул нускаманын 14.2-пунктунун талаптарына ылайык чапталбаса жана белги коюлбаса, Сатып алуучу ал жоголуп же мөөнөтүнөн мурда ачылган учурда эч кандай жоопкерчилик тартпайт. |
16. | Конкурстук табыштама берүүнүн акыркы мөөнөтү |
16.1. | Конкурстук табыштамалар Конкурстун катышуучусунун нускамасындагы өзгөчө шарттарда көрсөтүлгөн дарек же мөөнөт боюнча Сатып алуучу тарабынан алынууга тийиш. |
16.2. | Сатып алуучу конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтүн конкурстук документке оңдоолорду киргизүү менен кийинки мөөнөткө жылдырышы мүмкүн, бул учурда Сатып алуучу жана Конкурстун катышуучусунун бардык укуктарынын жана милдеттеринин ишинин мөөнөтү өзгөртүлгөн акыркы датаны эске алуу менен узартылат. |
17. | Белгиленген мөөнөттөн кийин алынган конкурстук табыштамалар |
17.1. | Сатып алуучу тарабынан көрсөтүлгөн табыштамага берүү үчүн белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин алынган бардык конкурстук табыштамалар четке кагылат жана Конкурстун катышуучусуна ачылбастан кайтарылып берилет. |
18. | Конкурстук табыштамадагы өзгөртүүлөр жана аларды кайра алуу |
18.1. | Конкурстун катышуучусу конкурстук табыштамага кол коюу үчүн бардык укукка ээ адам тарабынан кол коюлган конкурстук табыштамаларды берүүнүн белгиленген акыркы мөөнөтү бүткөнгө чейин табыштамаларды өзгөртүү же кайра алуу тууралуу жазуу жүзүндө билдирүүнү Сатып алуучу алгандан кийинки шартта аны берүүдөн кийин өзүнүн табыштамасын өзгөртө алат же кайра алат. |
18.2. | Ушул Нускаманын 17-бөлүгүнүн жоболоруна ылайык өзгөртүү же кайра алуу тууралуу Конкурстун катышуучусунун билдирүүсү даярдалууга, чапталууга, белгиленүүгө жана жиберилүүгө тийиш. Мында сырткы жана ички конверттер тийиштүү түрдө "ӨЗГӨРТҮҮ" деп маркировкаланат. |
18.3 | Конкурстук табыштамаларды аларды берүүнүн мөөнөтү өткөндөн кийин эч кандай өзгөртүү киргизилбөөгө тийиш. |
Д. Конкурстук табыштамаларды ачуу жана баалоо | |
19. | Сатып алуучу тарабынан конкурстук табыштамага ачуу |
19.1. | Сатып алуучу Конкурстун катышуучусунун нускамасындагы Өзгөчө шарттарда көрсөтүлгөн саат, күн жана дарек боюнча катышууну каалаган, Конкурстун катышуучусунун өкүлдөрүнүн катышуусунда бардык табыштамаларды ачат. Конкурстун катышуучусунун катышып жаткан өкүлдөрү өзүнүн катышкандыгын тастыктап, журналга катталууга тийиш. Катышуучуларга аудио жана видео тартууга уруксат берилет. Бул иш аракеттер жөнүндө табыштамаларды ачуу алдында конкурстук комиссияга билдирүүгө тийиш. Табыштамаларды ачууга катышып жаткан адамдар конкурстук комиссиянын ишине кийлигишүүгө укугу жок. |
19.2. | “ӨЗГӨРТҮҮ” деген белгилери бар конверттер биринчи ачылат жана окулат. Мында “ӨЗГӨРТҮҮ” тууралуу конкурстук табыштамалар ачылат, ал эми мурда берилген табыштамалар Конкурстун катышуучусуна ачылбастан кайтарылып берилет. |
19.3. | Табыштамаларды ачууда Конкурстун катышуучуларынын аталышы, конкурстук табыштаманын баасы, эгерде конкурс лотторго бөлүнсө, ар бир лоттун баасы окулат, конкурстук табыштаманын же Декларациянын кепилдигин камсыз кылуу зарылдыгынын бар экендиги же жок экендиги жөнүндө маалымат, салыктар жана социалдык камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карыздын бар экендиги (жок экендиги) жөнүндө маалыматтар, талап кылынган бардык документтердин болуусу жөнүндө маалыматтар жарыяланат. Табыштамаларды ачууда баалоо жүргүзүлбөйт жана Конкурстун катышуучусуна ачылбастан кайтарылып берилүүгө тийиш болгон кечиктирилген табыштамалардан башка бир дагы табыштама четке кагылышы мүмкүн эмес. Ачуу жол-жобо өткөрүлүп жатканда Катышуучуларга өзүнүн берген конкурстук табыштамасынын маселелери боюнча жана башка конкурстук табыштамалардан маалымат алуу боюнча конкурстук комиссияга кайрылууга тыюу салынат. |
19.4. | Сатып алуучу конкурстук табыштамаларды ачуу протоколун жүргүзөт, ага катышуучуларга жарыяланган маалымат киргизилет. Табыштамаларды ачууга катышкан бардык берүүчүлөр жана конкурстук табыштамалардын мүчөлөрү Протоколго кол коюшат. Ачуу Протоколу табыштамаларды ачкандан кийин бир күндүн аралыгында Мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына жайгаштырылат. Эгерде конкурс электрондук форматта өткөрүлсө, ачуу протоколу система тарабынан автоматтуу түрдө түзүлөт. |
20. | Купуялуулукту сактоо жана Сатып алуучу менен байланыш |
20.1. | Конкурстук табыштамаларды кароого, баалоого жана салыштырып көрүүгө жана Келишимди ыйгаруу жөнүндө сунуштарга тийиштүү маалымат Келишимди ыйгаруу жөнүндө маалымат Мамлекеттик сатып алуулардын Веб-порталына жайгаштырылганга чейин ушундай процесске кызыктар болгон башка адамдарга таратылбайт. |
20.2. | Конкурстук табыштамалардын бир дагы катышуучусу конкурстук табыштамаларды түшүндүрүүгө байланыштуу маселелерден тышкары табыштамага ачуу учурунан тартып Келишимди ыйгаруу учуруна чейин анын конкурстук табыштамасы менен байланыштуу ар кандай маселелер боюнча Сатып алуучу менен байланыш түзүүгө тийиш эмес. |
20.3. | Конкурстук табыштамаларды баалоого жана салыштырууга же Келишимди ыйгарууга байланыштуу Сатып алуучунун чечимине Конкурстун катышуучусу тарабынан таасир көрсөтүү керекчү ар кандай аракеттер ошол катышуучунун конкурстук табыштамасын четке кагууга алып келиши мүмкүн. |
21. | Конкурстук табыштамаларды түшүндүрүү |
21.1. | Табыштамаларды баалоо учурунда Сатып алуучу Катышуучудан анын конкурстук табыштамасы боюнча түшүндүрмө берүүнү суранышы мүмкүн. Түшүндүрмө жөнүндө өтүнүч жана ага жооп жазуу түрүндө же Конкурстун катышуучусунун нускамасындагы Өзгөчө шарттарда көрсөтүлгөн мөөнөттө электрондук кат түрүндө берилүүгө тийиш. Ушул Нускаманын 25-бөлүгүнө ылайык, конкурстук табыштамаларды баалоодо Сатып алуучу тарабынан табылган арифметикалык каталарды оӊдоо үчүн зарыл болгон учурлардан тышкары, конкурстук табыштамалардын маӊызын өзгөртүү максатында эч кандай суроо-талаптарга, сунуштарга же уруксаттамага жол берилбейт. Конкурстук документтерде талап кылынган, бирок берүүчү тарабынан берилбеген жетишсиз документтерди катышуучудан суроого тыюу салынат. |
22. | Конкурстук табыштамаларды алдын ала изилдөө |
22.1. | Сатып алуучу деталдуу баалоо жүргүзгөнгө чейин катышуучулар сунуштаган конкурстук табыштамалардын, катышуучулардын квалификациясынын документтештирилген далилдерин, товарлардын сапатын жана төмөнкүлөрдү аныктаган сатып алуучу тарабынан талап кылынган документтердин толуктугуна конкурстук табыштамаларга алдын ала баалоо жүргүзөт: а) конкурстук табыштамалардын формаларын текшерүү: конкурстук табыштама кол коюу укугуна ээ адам тарабынан кол коюлууга тийиш. Эгерде конкурстук табыштамаларда жетекчинин колу коюлбаса, катышуучунун конкурстук табыштамасынын курамында Катышуучунун атынан кол коюу укугун башка адамга берүүчү ишеним кат болууга тийиш; б) конкурстук табыштамалардын толуктугу: конкурстун катышуучулары конкурстук табыштамаларды толук көлөмдө тапшырууга тийиш. Конкурстук документтерде сатып алуучу тарабынан суралуучу кандайдыр бир документтердин жоктугу конкурстук табыштамаларды четтетүү үчүн негиз болуп саналат; в) укуктуулугу жана алгылыктуулугу: Сатып алуучу ишенимсиз берүүчүлөрдүн/подрядчылардын маалымат базасында Катышуучулардын болуусун текшерүүгө тийиш. Болжолдуу квалификациялык тандоону жүргүзгөн учурда квалификация алдында тандоодон өткөн тооруктун катышуучуларынын гана конкурстук табыштамалары каралат. Сатып алуучу документтердин укуктуулугун, атап айтканда уставды, юридикалык жактын күбөлүгүн, кол коюу укугуна ишеним катты текшерүүгө тийиш: г) конкурстук табыштамаларды же Декларацияга кепилдик камсыз кылуу: конкурстун катышуучусу тарабынан конкурстук табыштаманын берилген өлчөмү, формасы жана кепилдик камсыз кылуусунун иш-аракетинин мөөнөтү конкурстук документтердин талаптарына ылайык келүүгө тийиш. Эгер конкурстук табыштамага кепилдик камсыз кылуу банктык кепилдик түрүндө берилсе, анын тексти конкурстук табыштамага кепилдик камсыз кылуунун формасына ылайык келүүгө тийиш. Эгер конкурстук табыштамага кепилдик камсыз кылуу конкурстук табыштаманы кепилдеген Декларация формасында берилсе, ал белгиленген формага ылайык келиши. |
22.2. | Эгер конкурстук табыштама конкурстук табыштамалардын талаптарына мааниси жагынан толук жооп бербесе, ал Сатып алуучу тарабынан четке кагылат жана мындан кийин талапка жооп берет деп таанылышы мүмкүн болбойт. |
23. | Конкурстук табыштамаларда арифметикалык каталарды оңдоо |
23.1. | Нускаманын 24-бөлүгүнө ылайык, Конкурстук документтердин негизги талаптарына жооп берген деп таанылган конкурстук табыштамалар арифметикалык каталардын болуусуна Сатып алуучу тарабынан текшерилет. Каталар табылган учурда, Сатып алуучу төмөнкү түрдө каталарды оӊдойт: а) эгерде бирдик баасы менен бирдик баасын санга көбөйтүүдөн алынган жалпы баа ортосунда айырма чыкса, бирдик баа артыкчылыкка ээ болот, ал эми жалпы баа оңдолот; б) эгерде позияция боюнча жалпы бааны кошуу аркылуу алынган айрым позициялар жана жалпы сумма боюнча жалпы баа ортосунда айырма чыкса, позиция боюнча жыйынтык баа артыкчылыкка ээ болот, ал эми жалпы сумма оӊдолот; в) эгерде сөз менен цифранын ортосунда айырма келип чыкса, сөз менен жазылган суммага артыкчылык берилет, жогорудагы (а) жана (б) подпунктарында көрсөтүлгөн арифметикалык каталардан тышкары. |
23.2. | Конкурстук табыштамада табылган арифметикалык каталар Катышуучунун макулдугу менен жогоруда баяндалган каталарды оӊдоо тартибине ылайык Сатып алуучу тарабынан оӊдолот жана Катышучу үчүн милдеттүү болуп саналат. Эгерде Катышуучу оӊдоолорду кабыл албаса, анын конкурстук табыштамасы четке кагылат. |
24. | Бирдиктүү валютага которуу |
24.1 | Баа берүү жол-жобосун жана салыштырып көрүүнү жеңилдетүү үчүн Сатып алуучу ар кандай валютада туюнтулган конкурстук табыштамаларды бардык баасы, конкурстук табыштамаларды ачуу датасына карай Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы белгилеген алмашуу курсу боюнча Кыргыз сомунда конкурстук табыштамаларга ылайык төлөө жүргүзүлүүгө тийиш. |
25. | Конкурстук табыштамаларды баалоо жана салыштыруу. Баалоо критерийлери |
25.1. | Сатып алуучу Конкурстук торуктарды өткөрүүдө конкурстук табыштамаларды өткөрүү боюнча Нускамага ылайык конкурстук табыштамаларды баалоо жана салыштырууну өткөрөт. |
25.2. | Сатып алуучу конкурстук табыштамадагы анча-мынча ылайык келбестиктерге көңүл бөлбөшү мүмкүн, алар конкурстук документтердин талаптарынан олуттуу четтөөгө жатпайт жана мындай ылайык келбестиктер конкурстук табыштамага баа берүүгө таасирин тийгизбейт. Олуттуу четтөө, эскертүү же каталык деп төмөнкүлөр эсептелет: а) олуттуу түрдө келишимди аткарууну таасир берсе; б) конкурстук документтердин талаптарына ылайык эмес түзүлгөн конкурстук табыштамалар болгон учурда, олуттуу түрдө Сатып алуучунун укугун чектесе. |
25.3. | Сатып алуу усулуна жараша баалоо критерийлери аныкталат. Сатып алуучу конкурстук табыштамаларды баалоодо, табыштама баасынан тышкары Мыйзамдын 29-беренесинин 9-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Конкурстун катышуучуларынын Нускамасынын өзгөчө шарттарында көрсөтүлгөн төмөнкү критерийлердин бирөө же бир нечеси көӊүлгө алынат: а) жабдып берилүүчү товарлардын сапаты, алардын техникалык адистешмелердин талаптарына ылайыктыгы; б) жабдып берүүнүн графиги жана ишенимдүүлүгү; в) финансылык шарттар (аванстык төлөмдүн жоктугу, төлөмдү узартуу мүмкүнчүлүгү); г) берүүчү Сатып алуучунун талаптарын канаатандыруу мүмкүнчүлүгү (чыгарылган продукциянын көлөмү, колдонулган жабдуулар, складдардын болуусу); д) берүүчүлөрдүн орун алышы; е) коштоочу сервис (квалификациялуу персоналдын болуусу); ж) багыты боюнча акыркы пунктуна товарларды жеткирүү; з) Сатып алуучунун өлкөсүндө сервистик жана/же техникалык кызматтарды берүү мүмкүнчүлүгү; и) конкурстун катышуучуларынын Нускамасынын өзгөчө шарттарында жана/же адистешмелерде көрсөтүлгөн башка конкреттүү критерийлер. Мыйзамдын 29-беренесинин 9-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, баалоо критерийи баа гана болот. |
25.4. | Конкурстук комиссия конкурстук табыштамаларды баалоодо Табыштама Бааланган наркынын ар бир конкурстук табыштамасына салыштырып кароо менен аныктайт, Конкурстук табыштамалардын Наркына төмөнкү оңдоолорду киргизет: а) ушул Нускаманын 25-бөлүгүнө ылайык арифметикалык каталарды оӊдоо; б) ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн товарларына ички берүүчүлөр үчүн жеӊилдиктерди берүү. |
Е. Келишим ыйгаруу | |
26. | Келишимди ыйгаруунун критерийлери |
26.1. | Ушул Нускаманын 27-бөлүгүндө каралган учурлардан тышкары, Сатып алуучу сунушу конкурстук документтердин талаптарына жооп берген жана Конкурстук табыштамаларда эң аз бааланган наркты сунуштаган катышуучуга Келишимди ыйгарат, эгерде бул Катышуучу төмөнкүлөр боюнча таанылса: а) ушул Нускаманын 2-бөлүгүнө ылайык мыйзамдуу болсо; б) ушул Нускамага ылайык квалификациялык талаптарга жооп берсе; в) конкурстук доументтеги критерийлерге жооп берсе. Эгерде бирдей шарттар менен конкурстук табыштамалар берилген учурда, Мыйзамдын 29-беренесинин 10-бөлүгүнүн ченемдери колдонулат. |
27. | Сатып алуучунун конкурстук табыштамаларды кабыл алуусу же четке кагуу укугу |
27.1. | Төмөнкү шарттарда Сатып алуучу конкурстук табыштамаларды четке кагат: а) бул конкурстук табыштама конкурстук документтерде белгиленген квалификациялык талаптарга жооп бербесе; б) берүүчүлөр (подрядчылар) табыштамага кепилдеген декларацияга кол койбосо же конкурстук табыштамаларды кепилдик камсыз кылууну бербесе (эгерде конкурстук документациянын шарты боюнча талап кылынса); в) берүүчүлөрдүн Кыргыз Республикасынын Социалдык камсыздандыруу фондуна жана салыктарга карызы бар болсо; г) конкурстук табыштамадагы техникалык адистешмелер конкурстук документтердин техникалык адистешмелерине ылайык келбесе; д) бул конкурстук табыштама маӊызы боюнча конкурстук документтердин талаптарына жооп бербесе; е) талапкер анын конкурстук табыштамасындагы арифметикалык каталарды оңдоого макулдук бербесе; ж) конкурстун катышуучуларынын Нускамасынын өзгөчө шарттарында көрсөтүлгөн башка конкреттүү учурлар. |
27.2 | Эгерде Конкурстук комиссия конкурстук табыштамалардын баасы сатып алуунун предметине карата алганда өтө эле төмөндөтүлгөнүн аныктаса жана анда конкурстук табыштама берген берүүчүнүн сатып алуулар жөнүндө келишимди аткарууну жарамдуулугуна шек жаралса, берүүчүдөн анын келишимди аткарууну жарамдуулугуна шек жаралган позициялар боюнча конкурстук табыштамаларга карата такталган маалыматты берүүнү (жазуу жүзүндө) сатып алуучу сураган шартта берүүчү сураган маалыматтарды бербеген учурда, конкурстук комиссия конкурстук табыштамаларды четке кагат. Жагдайдын күтүлбөгөн олуттуу өзгөрүүлөрүнө байланыштуу сатып алуулар мамлекеттик кызыкчылыктарга ылайык келбей калса Сатып алуучу тоорукту жокко чыгара алат. |
27.3. | Сатып алуучу төмөнкү учурларда конкурсту өткөрүлгөн жок деп тааныйт: а) бардык табыштамалар четке кагылганда; б) конкурстук табыштамалардын минималдуу баасы сатып алуучу сатып алууларды жүргүзүүгө бөлгөн суммадан ашып кеткенде. |
27.4. | Тооруктар жокко чыгарылган же конкурс өткөрүлгөн жок деп таанылган учурда Сатып алуучу талапкерлер алдында эч кандай жоопкерчилик тартпайт. |
27.5 | Сатып алуучу ушул негиздердин тууралыгы тууралуу дилилдерди келтирбестен тооруктар жокко чыгарылган же конкурс өткөрүлгөн жок деп таанылгандыгы тууралуу маалыматты берүүчүлөргө билдирет, жана маалыматты Мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына жарыялайт. |
28. | Сатып алуучунун келишимди түзүү учурунда жабдып берүүнүн көлөмүн өзгөртүү укугу. |
28.1 | Конкурстун Нускамасында пландалган суммадан үнөмдөлгөн каражаттардын чегинде продукциянын бирдигине болгон баа өзгөрүүсүз болгон кезде зарыл болгон учурда Сатып алуучу келишимди түзүү учурунда сатып алынуучу товарлардын тизмегинде көрсөтүлгөн товарлардын санын көбөйтүү же азайтуу укугун өзүнө калтырат. |
29. | Келишимди ыйгаруу жөнүндө маалымдоо |
29.1. | Сатып алуучу жүргүзүлгөн тандоо жөнүндө маалыматты мамлекеттик сатып алуулардын Веб-порталына үч жумушчу күндүн ичинде жайгаштырат, мында, конкурста жеңип чыккан берүүчүнүн аталышы жана ал берген табыштама баасы көрсөтүлөт жана жазуу же электрондук система аркылуу жеӊүүчүгө анын конкурстук табыштамасы утуп чыккандыгы тууралуу билдирет. |
29.2. | Келишимди ыйгаруу жөнүндө маалымдоо келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылууну киргизүүгө негиз болуп саналат. |
29.3. | Конкурстук документтерде көрсөтүлгөн Келишимдин болжолдуу шарттары Сатып алуучу менен конкурстук торукту утуп чыккан Конкурстун катышуучусунун ортосундагы макулдашуунун бардык шарттарын кошумча камтыйт. Келишимге Сатып алуучу тарабынан кол коюлат жана жеӊүүчүгө жиберилет. Конкурста жеңип чыккан Катышуучу конкурстар бир этаптуу жана эки этаптуу усул аркылуу өткөрүлгөндө 7 (жети) жумуш күндөн кийин, конкурстар жөнөкөйлөтүлгөн усул аркылуу жана бааны төмөндөтүү усулу аркылуу өткөрүлгөндө 2 (эки) жумуш күндөн кийин Келишимге кол коет жана талап кылынган келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылуу менен бирге аны Сатып алуучуга жеткирип берет. Келишим Кыргыз Республикасынын сатып алуулар алкагындагы Мыйзамдарына ылайык күчүнө кирет. |
29.4. | Эгерде Келишимди ыйгаруу жөнүндө билдирүүдөн кийин Конкурстун катышуучуларынан кимдир бирөө жеңүүчү катары аныкталбаган учурда анын утуп чыкпаганынын себебин тактоону кааласа, ал өзүнүн суроо-талабын Сатып алуучуга даректейт. Сатып алуучу Конкурстун жеңбеген катышуучусуна тез аранын ичинде жооп берет. |
30. | Келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылуу |
30.1. | Кол коюлган Келишим менен кошо Конкурстун катышуучусу Сатып алуучуга Конкурстун катышуучусунун нускамасындагы Өзгөчө шарттарында көрсөтүлгөн өлчөмдө жана формада Келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылууну берет. |
30.2. | Эгерде жеңген катышуучу Келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылууну бере албаса же Келишимге Закондун 32-беренесинде көрсөтүлгөн күндөн ашпаган мөөнөттө кол койбосо, бул Келишимди аталган берүүчүгө ыйгарбоого жана конкурстук табыштамалардын кепилдик камсыз кылуусун кармап калуу үчүн жетиштүү негиз болот. Мындай учурда Сатып алуучу бааланган нарктын чоңдугу боюнча андан кийинки Конкурстун катышуучусуна келишимди ыйгарышы мүмкүн же жаңы конкурс жарыялайт. |
31. | Көмүскө бүтүм жана мажбурлоо |
31.1. | Сатып алуучу Катышуучудан сатып алуулар жүрүп жатканда этиканын жогорку стандарттарын кармоосун жана келишимдерди аткаруусун талап кылат жана төмөнкү Законго ылайык келбеген иш-аракеттерге кабылган болбоосу керек: а) "көмүскө бүтүм" мамлекеттик каражаттардын эффективдүү жана үнөмдүү сарпталышына жана ачык-айкын өтүшүшнө терс таасирин тийгизе турган эки же андан көп катышуучулардын, алар менен бирге Сатып алуучунун ортосунда болгон жашыруун сүйлөшүп келишкендик. б) "мажбурлоо" - Келишимди аткарууда же алардын катышуусунда адамдарга же алардын мүлкүнө зыяндарды келтирүү же зыяндарды (тикелей же кыйыр) келтирүү коркунучу. |
31.2. | Эгер, Келишимди ыйгарууга сунушталган Конкурстун катышуучусу Закондуу түрдө соттун чечими менен коррупция, алдамчылык, көмүскө бүтүм же мажбурлоо боюнча жоопко тартылган же соттолгон болсо, Сатып алуучу табыштаманы четке кагышы керек жана аларды ишенимсиз (ак ниетсиз) берүүчүлөрдүн маалымат базасына киргизүүнү демилгелөөгө тийиш. |
№ 2 тиркеме
Конкурска катышуучулардын Нускамасынын ӨЗГӨЧӨ ШАРТТАРЫ (ККНӨШ)
Позициянын № |
|
ККН 1 жана 7.1 | Сатып алуучунун аты, дареги, анын телефонунун, телексинин, факсынын номери жана электрондук почтасы: ________________________________________________________ (дарегин, телефонунун номерин жана факсын көрсөтүү керек ) Талап кылынган товарлардын кыскача баяндамасы: (товарлардын кыскача баяндамасын көрсөт) ________________________________________________________ Берүүнүн мөөнөтү _______________________________________ |
ККН 1.1 | Каржылоо булагы: ________________________________________ |
ККН 3.3 (а) | Конкурстун катышуучусунан талап кылынуучу маалыматтар: а) юридикалык статус, каттоо жайы жана ишинин негизги түрү, товарды жабдып берүүгө болгон лицензиянын номери жана иштөө мөөнөтү (эгерде талап кылынса); б) катышуучунун атынан милдеттерди кабыл алууга укуктуу жана конкурстук табыштамаларга кол коючу адамга жазуу түрүндө берилген ишеним кат; в) акыркы ___ жыл(дар) аралыгында аткарылган берүүлөрдүн жалпы көлөмү, жалпы жылдык жүгүртүү тууралуу маалымат; г) ушул сыяктуу товарларды аткарган берүүлөр жөнүндө маалыматтар ошондой эле учурдагы берүүлөр жана келишимдеги милдеттенмелер жөнүндө толук маалыматтар, ушул келишимдер боюнча мындан аркы маалыматты алуу үчүн кайрылууга мүмкүн болгон адамдар, алардын дареги; д) келишимди аткаруу үчүн негизги жетекчилердин жана/же техникалык адистердин квалификациясы жана тажрыйбасы жөнүндө маалыматтар; е) катышуучунун финансылык абалы жөнүндө отчеттор (мисалы: баланс, чарбалык иштин натыйжасы жөнүндө отчеттор, акчалай каражаттардын кыймылы жөнүндө отчет, киреше жана чыгаша жөнүндө отчет, жана/же аудитордук корутунду), Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жана салыктарга карызы жоктугу тууралуу маалымат (конкурс өткөрүлүп жаткан учурда берилүүгө тийиш); ж) келишимди аткаруу үчүн жетиштүү көлөмдөгү жүгүртүү каражаттарынын болушун тастыктоочу маалымат, (мисалы: кредиттик линия(лар)дын жана башка финансы ресурстарынын болушу жөнүндө маалымат); з) катышуучуну тейлөөчү банктардан маалымат алуу укугун берүүчү ишеним кат; и) азыркы учурда катышуучу тартылган соттук териштирүүгө тийиштүү же акыркы ____ жылда(рда) тартылган соттук катышууга тиешелүү маалымат, доонун катышуучулары жана талашылып жаткан сумма тууралуу маалыматтар; к) берүүчүнүн (подрядчынын) жетекчилери, түзүүчүлөрү жана катышуучулары аффирленген адамдар болбогондугу жөнүндө маалымат; л) башка маалыматтар жана документтер________(көрсөтүлсүн) |
ККН 3.5 (а) | Квалификациялык тандоонун минималдуу критерийлери, келишимди берүүгө талапкер болуу үчүн берүүчү: ________ миӊ сомдон кем эмес ушул сыяктуу товарларды берүү көлөмүнө ээ болушу; ушул сыяктуу мүнөзү жана көлөмү боюнча берүүлөрдү аткаруу тажрыйбасы менен жетекчи же техникалык адистерге ээ болушу; билимин бергенге укугу бар адистерге же персоналга ээ болушу (адистердин тизмеси) керек; кошумча шарттар ____________ (шарттар көрсөтүлсүн). |
ККН 3.2(б) | Мүнөзү боюнча ушул сыяктуу аткарылган берүүлөрдүн көлөмү _______ (суммасы көрсөтүлсүн) кем болбоого тийиш. |
ККН 3.8 | Эгерде Конкурс лотторго бөлүнсө, Сатып алуучу ар бир лотко өзүнчө квалификациялык талаптарды же бардык лоттор үчүн жалпы квалификацияны белгилей алат. Сунушталгандардын бирөөсү тандалсын. |
ККН 11.3 | Сатып алуу жол-жобосун түзүүчү лоттордун аталышы жана алар боюнча конкурстун катышуучусу төмөнкүдөй өз өзүнчө бааларды көрсөтүү керекгө милдеттүү: (саны көрсөтүлсүн, лотторду жана аны менен байланышкан товарларды атоо керек). Бир канча лотторго конкурстук табыштама берген учурда, конкурстун катышуучусу ар бир лотко өз өзүнчө бааны көрсөтүү керекгө тийиш (эгерде алып салуу колдонулбаса). |
ККН 12.1 | Конкурстук табыштамалардын иштөө мөөнөтүү: _____________ (бул мөөнөт табыштамага баалоого жана келишимди түзүүгө жетиүтүү болууга тийиш) |
ККН 13.1 | Конкурстук табыштамалардын кепилдик камсыз кылууунун өлчөмү жана формасы: ________________________________________________________ (кепилдиктин өлчөмү жана формасы көрсөтүлсүн, бирок конкурстук табыштамалардын наркынын 2 (эки) пайызынан көп болбошу керек). |
ККН 18.2 | Конкурстук табыштамалардын акыркы мөөнөтү жана ачуу орду: _________________________________________________________ (конкурстук табыштамаларды берүү үчүн акыркы мөөнөтү жана дареги көрсөтүлсүн) Эскертүү: бир этаптуу, эки этаптуу усулу менен сатып алуулар жүргүзүлгөндө, дата Мамлекеттик сатып алуулардын Веб-порталында Конкурска катышууга чакыруу жарыяланган күндөн 21 күндөн, баасын азайтуу усулу жана жөнөкөйлөтүлгөн усулда 7 күндөн кем болбошу керек. |
ККН 23.1 | Сатып алуучу Конкурстун катышуучусунан анын конкурстук табыштамасы тууралуу түшүндүрмө берүүнү сурай алат. Түшүндүрмө жөнүндө жооп ________ (мөөнөтү күн менен көрсөтүлсүн) мөөнөттө жазуу түрүндө же электрондук кат түрүндө берилүүгө тийиш. |
ККН 26 | Конкурстук табыштамалардын валютасы ___________ болууга тийиш |
ККН 27.2 | Конкурстук табыштамаларды баалоо критерийлери (сатып алынуучу товарлардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ар бир өткөрүлгөн конкурска өзүнүн баалоо критерийлери иштелип чыксын же сунушталгандардан тандалсын): а) алардын багытынын акыркы пунктуна товарларды жеткирип берүү; б) комплектөөчү деталдардын, милдеттүү запас бөлүктөрдүн жана тейлөөнүн наркы; в) сунушталган жабдуулар үчүн запас бөлүктөрдүн Кыргыз Республикасында болуусу жана аны мындан ары тейлөө мүмкүнчүлүгү; г) жабдуунун иштөө мөөнөтү аралыгында күтүлүүчү эксплуатациялык жана техникалык тейлөөлөр боюнча чыгымдар; д) сунушталган жабдуунун эксплуатациялык мүнөздөмөсү жана өндүрүмдүүлүгү; е) конкурстук табыштамада сунушталган берүүнүн графиги; ж) Сатып алуучунун өлкөсүндө сервистик жана/же техникалык кызматтарды көрсөтүү керек мүмкүнчүлүгү; з) конкурска катышуучулардын Нускамасынын Өзгөчө шарттарында жана/же Техникалык адистешмелерде көрсөтүлгөн башка конкреттүү критерийлер (колдонулбаганы алынып салынсын ) |
ККН 28 | Өткөрүлгөн конкурстан үнөмдөлгөн сумманын алкагында товарлардын же коштоочу кызматтардын көлөмүн жогорулатуу (эгерде колдонулбаса, алып салынсын) |
ККН 29.1 | Сатып алуучу конкурстук табыштамаларды четке кагат, эгерде: бул конкурстук табыштама конкурстук табыштамада белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келбесе; берүүчүлөр табыштамага кепилдендирген декларацияга кол коюшпаса же конкурстук табыштамаларды кепилдик камсыз кылууну сунушташпаса (эгерде конкурстук табыштамалардын шарттары менен талап кылынса); берүүчүлөрдүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жана салыктарга карызы бар болсо; конкурстук табыштамадагы техникалык адистешмелер конкурстук документтердеги техникалык адистешмелерге ылайык келбесе; бул конкурстук табыштама маӊызы боюнча конкурстук документтердин талаптарына жооп бербесе; талапкер анын конкурстук табыштамасындагы арифметикалык каталарды оӊдоого макул болбосо; конкурстун катышуучусунун Нускамасынын Өзгөчө шарттарында көрсөтүлгөн башка конкреттүү учурлар (колдонулбагандарды алып салынсын). |
ККН 30.1 | Келишимди аткаруунун кепилдик камсыз кылуунун өлчөмү: ________________________________________________________ (өлчөмү көрсөтүлсүн, бирок келишимдин баасынын 10% ашпашы керек) |
№ 3 тиркеме
Келишимдин жалпы шарттары (КЖШ)
А. Жалпы жоболор 1. Аныктамалар | |
1.1. | Эгерде контекстте башкача көрсөтүлбөсө, ушул Келишимде пайдаланылуучу, мындан ары келтирилген терминдер төмөнкү маанилерге ээ болушат: "Сатып алуучу" - бул Конкурстун өзгөчө шарттарында көрсөтүлгөн Товарларды сатып алууну жүргүзгөн Сатып алуучу уюм; "Берүүчү" - бул ушул Келишимдин алкагында Товарларды жана Коштоочу кызмат көрсөтүү керектөөлөрдү жабдып берген жеке же юридикалык жак; "Келишим" - бул Сатып алуучу жана Берүүчүнүн ортосунда жетишилген жана тараптар тарабынан бардык тиркемелерге жана ага болгон кошумчаларга, ошондой эле шилтеме бар болгон келишимдеги бардык документтерге кол коюлган Келишимдин формасында катталган макулдашуу; "Келишимдин басы" - бул өзүнүн келишимдик милдеттерин толук жана тийиштүү түрдө аткаргандыгы үчүн Келишимдин алкагында Берүүчүгө төлөнүүгө тийиш болгон баа; "Товарлар" - бул ар кандай түрдөгү жана баяндалган эмгек продукциялары, анын ичинде сырьелор, буюмдар, жабдуулар жана катуу, суюк же газ абалындагы предметтер, электр энергиясы, ошондой эле товарларды берүүдө коштоочу кызматтар, эгерде мындай коштоочу кызматтардын баасы Берүүчүнүн Келишимдин алкагында Сатып алуучуга бере турган товарлардын баасынан жогору болбосо; "Коштоочу кызматтар" - бул товарларды берүүнү камсыздаган кызматтарды билдирет, мисалы: монтаж, ишке киргизүү, техникалык жардам берүү, окутуу жана ушул Келишимде каралган Берүүчүнүн ушул сыяктуу башка милдеттерин камтыган, транспорттоо жана камсыз кылуу, жана башка бардык коштоочу кызматтар; "КЖШ" ушул бөлүктө камтылган Келишимдин жалпы шарттарын билдирет; "КӨШ" - Келишимдин өзгөчө шарттарын билдирет; "Күн" – калындардык күндү билдирет. |
2. | Колдонуу |
2.1. | Келишимдин бул жалпы шарттары, Келишимдин башка бөлүктөрү ага карата артыкчылыгы болбогон жерлерде колдонулат. |
3. | Келишимдин документтери |
3.1. | Төмөндө саналып өткөн документтер Келишимди түзөт жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат: а) Келишим; б) Келишимдин жалпы шарттары; в) Келишимдин өзгөчө шарттары; г) Конкурстун катышуучусу сунуштаган Конкурстук табыштама жана Баа таблицасы; д) Сатып алынуучу товарлардын жана коштоочу кызматтардын тизмеси; е) Техникалык адистешмелер; ж) Келишимдин алкагында сүйлөшүлгөн ар кандай башка документтер. Карама-каршылыктар болгон учурда, көрсөтүлгөн документтер жогоруда саналып өткөн тартипте артыкчылыкка ээ болот. |
4. | Келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылуу |
4.1. | Келишимди ыйгаруу жөнүндө билдирүүнү алгандан кийин Конкурста жеңген катышуучу Сатып алуучуга келишимди аткаруунун кепилдигин камсыз кылууну, Келишимдин өзгөчө шарттарында көрсөтүлгөн өлчөмдү жана формада берет. |
4.2. | Келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылуунин каражаттары Келишим боюнча өз милдеттенмелерин Берүүчү толук эмес аткаргандыгынан улам келип чыккан ар кандай зыян тартуулар үчүн компенсация катары Сатып алуучуга төлөнүүгө тийиш. |
4.3. | Келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылуу Сатып алуучу тарабынан тындырылууга жана Келишим боюнча өз милдеттенмесин Берүүчү аяктаган датадан 3 (үч) күндөн кечиктирбестен Берүүчүгө кайтарылып берилүүгө тийиш, эгерде Келишимдин Өзгөчө шарттарында башка учурлар каралбаса, бардык кепилдик милдеттенмелерин кошкондо. |
5. | Стандарттар |
5.1. | Ушул Келишимдин алкагында берилген товарлар Техникалык адистешмелерде көрсөтүлгөн стандарттарга, ал эми алар жок болсо товарлар өндүрүлгөн өлкө үчүн алгылыктуу болуп таанылган стандарттарга ылайык келүүгө тийиш. Ушул Келишимдин алкагында бериле турган бардык товарлар жана коштоочу кызматтар Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары же Кыргыз Республикасы катышуучу болгон Мыйзам чегинде Мыйзамдуу күчүнө кирген эл аралык макулдашуулар менен тыюу салынбаган өлкөлөрдөн жана аймактардан болуусу керек. Аталган пунктун максаттары үчүн "келип чыгышы" бул товардын кайсы жерде өндүрүлгөн, өстүрүлгөн орду же коштоочу кызматтардын каяктан алынып келинген жери. Өзүнүн негизги өзгөчөлүктөрү, милдети же колдонулушу менен олуттуу айырмаланган, даярдоонун, кайра иштетип чыгуунун же компоненттерди сапаттуу чогултуунун негизинде коммерциалык жактан таанылган продукт келип чыккан болсо, товарлар өндүрүлдү деп эсептөөгө болот. |
6. | Келишимдик документтерди жана маалыматтарды колдонуу |
6.1. | Берүүчү Сатып алуучунун алдын ала кат түрүндөгү макулдугу жок Келишимдин мазмунун же анын кандайдыр бир жобосун ачпоого тийиш, ошондой эле Сатып алуучу тарабынан сунушталган же ушул Келишимди аткаруу үчүн Берүүчү тарабынан тартылган персоналдан тышкары, жогоруда баяндалган башка адамдарга байланыштуу техникалык документтерди, пландарды, чертёждорду, моделдерди же маалыматтарды ачпоого тийиш. Аталган маалымат бул персоналга купуя түрүндө берилүүгө тийиш жана келишимдик милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон чаралар көрүлүшү керек. |
6.2. | Келишимди аткаруу максатынан тышкаркы жактарга Берүүчү Сатып алуучунун алдын ала кат түрүндөгү макулдугу жок кандайдыр бир документтерди же маалыматтарды, ушул пунктун жогоруда саналган документтерин колдонбоого тийиш. |
6.3. | Келишимден тышкаркы бардык документтер Сатып алуучунун менчиги болот жана Сатып алуучунун талабы боюнча Берүүчү Келишимди аткаргандан кийин документтерди (бардык көчүрмөлөрү менен) Сатып алуучуга кайтарууга тийиш. |
7. | Техникалык контроль жана сыноо |
7.1. | Сатып алуучу же анын өкүлдөрү Конкурстук документтерде каралган учурда, Келишимдин Техникалык адистешмелерине алардын ылайыктыгын тастыктоо үчүн Товарларга техникалык контроль жана/же сыноо жүргүзүшөт. Бул текшерүүлөрдү өткөрүүгө бардык чыгымдарды Берүүчү тартат. Келишимдин өзгөчө шарттарында Сатып алуучуга текшерүүнүн жана сыноонун кандай түрлөрү талап кылынаары, ошондой эле алар кайсы жерде жүргүзүлөөрү көрсөтүлөт. Сатып алуучу бул максаттар үчүн багытталган өзүнүн өкүлдөрү жөнүндө Берүүчүгө кат түрүндө жана өз убагында билдирүүгө тийиш. |
7.2. | Техникалык контроль жана сыноо Берүүчүнүн аймагында, Товарларды жеркирип берүү жайы жана/же багытынын акыркы пунктунда жүргүзүлөт. Эгерде ал Берүүчүнүн аймагында жүргүзүлсө, Сатып алуучуга эч кандай кошумча чыгымдарсыз чертёждорго жана өндүрүш маалыматтарды алууну кошкондо, бардык зарыл болгон каражаттар берилет жана көмөк көрсөтүлөт. |
7.3. | Эгерде техникалык контролдон жана сыноодон өткөн товарлар Техникалык адистешмелерге жооп бербесе, Сатып алуучу алардан баш тарта алат же Сатып алуучу тарабынан эч кандай кошумча чыгымдарсыз жараксыз Товарларды Берүүчү алмаштырат. |
7.4. | Сатып алуучу инспекцияга, сыноого жана зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасына алар жеткирилгенден кийин баш тартууга укуктуу, эгерде алар сыноодон өтпөсө же сыноодон кийин алынган параметрлер Техникалык адистешмелерде талап кылынган параметрлерге ылайык келбесе. |
7.5. | Жогорудагы бир дагы пункт Берүүчүнү ушул Келишим боюнча кепилдиктерден же башка милдеттенмелерден бошотпойт. |
8. | Таӊгак |
8.1. | Берүүчү Келишимде, Келишимдин Өзгөчө шарттарында талап кылынган Товарларды көрсөтүлгөн акыркы баруучу жерге ташуу учурунда товарлар бузулуп же иштен чыгып калбашын камсыз кылган таӊгакты жасашы керек. |
9. | Берүү жана транспорттоо, документтер |
9.1. | Берүүчү Сатып алынуучу товарлардын жана коштоочу кызматтардын тизмегинде көрсөтүлгөн мөөнөттө жана акыркы баруучу жерге чейин товарларды жеткирүүгө тийиш жана Келишимдин Өзгөчө шарттарында көрсөтүлгөн документтерди сунуштоого тийиш. Келишимдин Өзгөчө шарттарын эске алуу менен, Сатып алуучу көрсөткөн жерге чейин Товарларды жеткирип берүү Берүүчү тарабынан жүргүзүлөт жана төлөнөт, ошондой эле аны менен байланышкан чыгымдар Келишимдин баасына кирет. |
9.2. | Берүүчү тарабынан берилүүгө тийиш документтер Келишимдин Өзгөчө шарттарында көрсөтүлгөн. |
10. | Камсыздандыруу |
10.1. | Келишимге ылайык берилүүчү Товарлар Келишимдин Өзгөчө шарттарында көрсөтүлгөн өлчөмдө даярдоо, сатып алуу, транспорттоо, сактоо жана жеткирүү менен байланышкан бузулуу же иштен чыгуудан сом же эркин алмаштыруучу валюта менен толук камсыздандырылгн болушу керек. |
10.2. | Камсыздандыруу Парижде Эл аралык соода палатасы жарыялаган ИНКОТЕРМСтин учурдагы басылмасынын жоболоруна жана берүүнүн шарттарына ылайык Берүүчүгө же Сатып алуучуга жүктөлөт. |
11. | Коштоочу кызматтар |
11.1. | Берүүчү Келишимдин Өзгөчө шарттарында көрсөтүлгөн жана/же Сатып алынуучу товарлардын тизмегинде саналган коштоочу кызматтарды аткаруу үчүн жоопкерчиликти тартат, алар товарларды жеткирип берүүдө жана Келишимди аткаруу процессинде берилүүгө тийиш. |
12. | Запас бөлүктөр |
12.1. | Сатып алуучу Берүүчүдөн кандайдыр бир же бардык төмөндө саналып өткөн материалдарды, ошондой эле Келишимдин Өзгөчө шарттарында көрсөтүлгөн Берүүчү тарабынан даярдалган же ишке ашырылган запас бөлүктөр жөнүндө маалыматты сунуштоосун талап кыла алат: а) мындай тандоо Келишим боюнча бардык кепилдик милдеттенмелерден Берүүчүнү бошотпой турган шартта, Берүүчүдөн сатып алуу үчүн Сатып алуучу тандап ала турган запас бөлүктөр жөнүндө; б) запас бөлүктөрдүн өндүрүлүшү токтотулган учурда, Берүүчү төмөнкү иш-аракеттерди жасоого тийиш: 1) зарыл болгон санда зарыл сатып алууларды жүргүзүү үчүн, алдыда өндүрүлүш токтой тургандыгы жөнүндө Сатып алуучуга эртерээк билдирүүгө; 2) запас бөлүктөр үчүн план, чертёж жана техникалык документтерди Сатып алуучуга акысыз берүүгө. |
13. | Кепилдик |
13.1. | Эгерде Келишимде башка каралбаса, берүүчү Келишимдин алкагында сунушталган Товарлар жаӊы, колдонулбаган, конструкциялардын жана материалдардын бардык акыркы модификациясын чагылдырган жаӊы же сериялык моделдер экендигине кепилдик берет. Берүүчү Кыргыз Республикасынын шарттарныда пайдаланууда жана конструкция, материалдар же иш (мындай конструкцияны же материалды колдонуу Сатып алуучунун техникалык документтеринде берилген учурлардан тышкары) менен байланышкан Келишим боюнча сунушталган Товарларга же Товарларды нормалдуу колдонууда Берүүчүнүн иши же кетирген каталыгынын натыйжасында пайда болгон товарлардын дефектеринин болбошуна кепилдик берет. |
13.2. | Бул кепилдик Келишимде көрсөтүлгөн конкреттүү учурга жараша жана аларды багытынын акыркы пунктунда Товарлардын же анын бөлүктөрүнүн бардык партиясын жеткирип бергенден кийин Келишимдин Өзгөчө шарттарында көрсөтүлгөн мөөнөттө же эгер Келишимдин Өзгөчө шарттарында башкалар каралбаса кайсыл мезгил мурда аяктай тургандыгына карабастан товарлар чыгарылган ошол өлкөнүн жөнөтүү портунан Товарларды жүктөө датасынан кийин Келишимдин Өзгөчө шарттарында көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде жарактуу болот. |
13.3. | Сатып алуучу бул кепилдик менен байланышкан бардык доолорду жазуу түрүндө Берүүчүгө токтоосуз билдирүүгө тийиш. |
13.4. | Мындай билдирүүнү алгандан кийин Берүүчү Келишимдин Өзгөчө шарттарында каралган мөөнөттө Сатып алуучу тарабынан эч кандай чыгымдарсыз брак чыккан Товарды же анын бөлүгүн оӊдоого же алмаштырууга милдеттүү. |
13.5. | Эгерде Берүүчү билдирүүнү алгандан кийин Келишимдин Өзгөчө шарттарында көрсөтүлгөн мөөнөттө дефектти (дефекттерди) оӊдобосо, Сатып алуучу жоопкерчилик алдында жана Берүүчүнүн эсебинен жана Берүүчүгө карата Келишим боюнча Сатып алуучу ээ болгон ар кандай башка укуктарга эч кандай зыянсыз зарыл болгон санкцияларды колдоно алат. |
14. | Колдонулуучу мыйзамдарды өзгөртүү |
14.1. | Эгерде Келишимге кол койгон датадан кийин салыктар, жыйымдар жана милдеттүү төлөмдөргө карата колдонулуучу Мыйзамда кандайдыр бир өзгөрүү болсо, ал Берүүчү сунуштаган товарлардын, жумуштун жана кызматтардын баасынын жогорулашына же азаюусуна алып келсе, Тараптардын сүйлөшүүсү боюнча баалар жогоруланышы же азайышы, ошондой эле Келишимдин баасына тийиштүү оӊдоолорду киргизүү керек. |
15. | Төлөм |
15.1. | Берилүүчү Товарларга жана сунушталуучу Кызматтарга Келишимде Берүүчү тарабынан белгиленүүчү баалар Берүүчүнүн конкурстук табыштамасында көрсөтүлгөн баалардан айырмаланбашы керек. |
15.2. | Жеткирип берилген товарлар үчүн Берүүчүгө төлөм Келишимдин Өзгөчө шарттарында көрсөтүлгөн формада жана мөөнөттө Келишимге ылайык жүргүзүлүүгө тийиш. |
15.3. | Берүүчү аванстык төлөмдүн суммасына аванс төлөөгө Банктык кепилдикти сунуштаган шартта, Сатып алуучу Келишимдин Өзгөчө шарттарында көрсөтүлгөн суммада жана мөөнөттө Берүүчүгө аванстык төлөмдү төлөп берет. Кепилдик аванстык төлөмдү толук тындырганга чейин күчүндө болот, мында Кепилдиктин суммасы Берүүчү тындырып турган суммага бара-бара азаюуга тийиш. Берүүчү Келишимди аткаруу үчүн түздөн-түз зарыл болгон Товарларды жана башка чыгымдарды төлөө үчүн гана аванстык төлөмдү колдонууга тийиш. |
15.4. | Аванстык төлөм Келишимдин Өзгөчө шарттарында көрсөтүлгөн жабдууларды жеткирип берүүсү боюнча пропорционалдуу сумманы алып салуу аркылуу тындырылат, алар Берүүчүгө кошулат. Аванстык төлөм же анын тындырылышы жабдуунун наркын баалоодо, өзгөрүүдө же айып төлөмдөр эске алынбайт. |
16. | Укукту өткөрүп берүү |
16.1. | Берүүчү үчүнчү адамга ушул Келишимди аткаруу үчүн өз милдетенмелерин толук да, жарым жартылай да өткөрүп бере албайт. |
17. | Келишимди аткарууда Берүүчү тарабынан кечеӊдетүү |
17.1 | Товарларды жеткирип берүү жана Коштоочу кызматтарды берүү Сатып алуучунун Сатып алынуучу товарлардын жана коштоочу кызматтардын тизмегине көрсөтүлгөн графикке ылайык Берүүчү тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш. |
17.2 | Эгерде Келишимди аткаруу учурунда Берүүчү өз убагында Товарларды жеткирип берүүгө жана коштоочу кызматтарды көрсөтүү керекгө бөгөт болгон шарттарга туш болсо, Берүүчү кечиктирүүсүз Сатып алуучуга кечеӊдетүү фактысы, анын узактыгы жана себеби жөнүндө жазуу түрүндө билдирүүгө тийиш. Берүүчүдөн билдирүү алгандан кийин Сатып алуучу эртерээк кырдаалды баалоого тийиш жана өзүнүн ыктыярына жараша кечеӊдетүүнү төлөтүү же төлөөсүз Берүүчү менен Келишимди аткаруунун мөөнөтүн узартат. Бул учурда мындай узартуу Келишимдин текстине оӊдоолорду киргизүү аркылуу тараптар ортосунда макулдашылышы керек. |
17.3. | Ушул Келишимдин 19-бөлүгүндө каралгандардан тышкары, жабдып берүүлөр боюнча өз милдеттенмелерин Берүүчү тарабынан аткарууда кечеӊдетүү үчүн айып төлөм төлөө жоопкерчилиги ага жүктөлөт, эгерде тараптар айып төлөмсүз ушул Келишимдин 17-бөлүгүндө ылайык мөөнөткө узартуу жөнүндө макулдашышпаса. |
18. | Айып төлөмдөр |
18.1. | Эгер Берүүчү келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө Товарлардын бөлүгүн же бардыгын же Коштоочу кызматтарды бербесе, Сатып алуучу Келишимдин алкагында башка өзүнүн укуктарына зыян кылбастан, Келишимдин өзгөчө шарттарында көрсөтүлгөн сумманы келишим наркынан айып төлөм түрүндө кечиккен ар бир күн үчүн фактылай жеткирип берүү же Коштоочу кызматтарды берүү аткарылмайынча кармап калат, бирок ал Келишимдин өзгөчө шарттарында көрсөтүлгөн кармалуучу максималдуу суммадан ашпоого тийиш. Бул максимумга жеткенден кийин Сатып алуучу ушул Келишимдин 19-бөлүгүнө ылайык келишимди бузуу маселесин караштыра алат. |
18.2. | Эгерде Сатып алуучу Келишимдин өзгөчө шарттарында көрсөтүлгөн мөөнөттө Келишимдин суммасын Берүүчүгө төлөп бербесе, Сатып алуучу кечиккен ар бир күн үчүн Келишимдин өзгөчө шарттарында көрсөтүлгөн төлөмдү кечиктирүү боюнча айып түрүндө төлөмдүн пайызын төлөйт. |
19. | Келишимди бузу |
19.1. | Эгерде Берүүчү Келишим боюнча өз милдеттенмелеринин кайсы бирин аткара албаса, Келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн кайсы бир башка санкцияларга зыянсыз, Сатып алуучу мындай жагдайлар жөнүндө маалым болгондон кийин 2 (эки) жумадан кеч эмес убакытта милдеттенмелерди аткарбагандыгы жөнүндө билдирүүнү жазуу түрүндө Берүүчүгө жөнөтүү менен ушул Келишимди толук же жарым жартылай буза алат. |
19.2 | Эгерде Берүүчү банкрот же төлөөгө жөндөмсүз болсо, Сатып алуучу тийиштүү жазуу түрүндөгү билдирүүнү Берүүчүгө жөнөтүү менен Келишимди буза алат. Бул учурда мындай Келишимди бузуу акырында Сатып алуучуга коюлган же коюлуучу иш аракетти аткарууга же санкцияларды колдонууга зыян алып келбеген же кайсы бир укуктарды козгобогон шартта Берүүчүгө компенсация төлөөсүз жүргүзүлөт. |
19.3. | Сатып алуучу жазуу түрүндөгү тийиштүү билдирүүнү Берүүчүгө жөнөтүү менен максатка ылайыксыздыгынан Келишимди толук же жарым жартылай буза алат. Билдирүүдө Келишимди бузуунун себеби көрсөтүлүүгө, Берүүчүнүн жокко чыгарылган келишимдик милдеттенмелеринин көлөмү, ошондой эле мындай бузуунун күчүнө кирүү датасы киргизилүүгө тийиш. |
19.4. | Эгерде Сатып алуучу Келишимди жарым жартылай бузса, Сатып алуучу ыӊгайлуу шарттарда ушуга окшош товарларды же кызматтарды сатып ала алат, мында Берүүчү мындай окшош товарлар же кызматтар менен байланышкан бардык кошумча чыгымдар үчүн жоопкерчиликти Сатып алуучунун алдында тартат. |
19.5. | Келишим бузулганда, Берүүчү Келишимди бузуу күнүндө Келишимди бузуу менен байланышкан фактылай чыгымдар үчүн гана төлөмдү талап кылуу укугуна ээ. |
20. | Форс-мажор |
20.1. | Эгер Келишимди аткарууну кечиктирүүнүн себеби форс-мажордук жагдайдын натыйжасы болуп саналса, Берүүчү өзүнүн Келишимди аткаруунун кепилдигин камсыз кылуусунан ажырабайт жана айып төлөм төлөө же анын шарттарын аткарбагандыгы, Келишимди бузуу үчүн жоопкерчилик тартпайт. |
20.2. | Ушул пункттун максаты үчүн "форс-мажор" Берүүчүнүн шалаакалыгына же туура эместигине байланышпаган жана күтүлбөгөн мүнөзгө ээ болгон, Берүүчү тараптан контролдоого мүмкүн болбогон окуяны билдирет. Мындай окуялар согуш жана революция, жаратылыш жана табигый кырсыктар, эпидемиялар, карантиндер жана товарларды жеткирип берүүгө эмбарго сыяктуу аракеттерди кошот, бирок алар менен чектелбейт. |
20.3. | Форс-мажордук кырдаал келип чыкканда Берүүчү мындай кырдаалдар жана алардын себептери жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоону Сатып алуучуга токтоосуз жиберүүгө тийиш. Эгер Сатып алуучудан башка жазуу жүзүндөгү нускамалар келип түшпөсө, Берүүчү Келишим боюнча өзүнүн милдеттерин канчалык мүмкүн болгон деңгээлде аткарууну улантат жана форс-мажордук кырдаалдан көз каранды болбогон Келишимди аткаруунун альтернативдик жолун издейт. |
21. | Талаш-тартыштарды жөнгө салу |
21.1. | Эгер Сатып алуучу менен Берүүчүнүн ортосунда келишим боюнча же ага байланыштуу кандайдыр бир талаш-тартыш же кайчы пикир пайда болсо, тараптар талаш-тартышты тынчтык жолу, өз ара консультациялар менен чечүү үчүн бардык күч аракеттерди жумшоолору зарыл. |
21.2. | Эгер жыйырма бир (21) күн ичинде тараптар өзүлөрүнүн талаш-тартышын же кайчы-пикирин өз ара консультациялар жолу менен чече алышпаса, Сатып алуучу же Берүүчү Келишимдин Өзгөчө шарттарында көрсөтүлгөн сотто териштирүүнү баштоо ниети жөнүндө экинчи тарапка маалымдоо жөнөтүшү мүмкүн. |
21.3. | Ушул документте орун алган соттук териштирүүгө кандайдыр бир шилтемелердин болгондугуна карабастан, тараптар келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарууну улантууга тийиш, эгер башкалар тууралуу макулдаша алышпаса. |
22. | Салыктар жана алымдар |
22.1 | Берүүчүүлөр катталган өлкөсүнөн көз карандысыз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынуучу бардык салыктар, алымдар, лицензиялык жыйымдар үчүн толук жоопкерчиликти тартышат. |
23. | Колдонулуучу укук |
23.2 | Келишимде Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин ченемдери колдонулууга тийиш. |
Приложение № 4
Келишимдин өзгөчө шарттары (КӨШ)
Пункттун № КӨШ | Келишимдин өзгөчө шарттары |
1 | Аныктама |
(а) | Сатып алуучу _______________________________________________ (аталышы, дареги, телефон, факс жана электрондук дарегин жазыӊыз) |
3.1 (3) | Ушул Келишимде кошумча каралган, ар кандай башка документ _____________________________________________________________ (кайсы документ экендиги көрсөтүлсүн) |
4 | Келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылуу |
4.1 | Келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылуу суммасы:__________ (келишимдин наркынын он (10) пайызынан жогору болбоого тийиш) |
4.3 | Товарларды жеткиргенден жана кабыл алгандан кийин келишимди аткаруунун кепилдик камсыз кылуу суммасы Келишимдин жалпы шарттарынын 14.2-пунктуна ылайык Берүүчүнүн кепилдик милдеттерин эске алуу менен Келишимдин баасынан ____ пайызына чейин азайуусу мүмкүн. (товарларга кепилдик бар болгон учурда колдонулат, эгерде бул шарт колдонулбаса, бул пункт алып салынсын.) |
7 | Техникалык контроль жана сыноо |
7.1 | Төмөнкү техникалык контроль жана сыноо жол жоболору колдонулат, ошондой эле Товарларды жүктөө жана толук кабыл алууга чейинки ар кандай сыноолор: (техникалык контроль жана сыноонун жол жоболору көрсөтүлсүн) |
7.2 | Техникалык контроль жана сыноону болжолдуу өткөрүү жайы ___________________________________________________ (өткөрүү жайы көрсөтүлсүн) |
8 | Таӊгак (таӊгактын ыкмасы көрсөтүлсүн) |
9 | Жеткирип берүү жана транспорттоо, документтер Төмөнкү документтер: (1) товарларды баяндоо, санын көрсөтүү керек,Товардын бирдигине болгон баасы жана жалпы сумма менен Берүүчүнүн счет-фактурасынын көчүрмөсү; (2) транспорттук коштомо; (3) камсыздандыруу күбөлүгү; (4) өндүрүүчүнүн же Берүүчүнүнү кепилдик сертификаты; (5) ыйгарым укуктуу инспекциялык кызмат тарабынан берилген техникалык контролду өткөрүү жөнүндө күбөлүк, ошондой эле Берүүчүнүн заводунда техникалык контролду өткөрүү жөнүндө отчет (эгерде мындай бар болсо); (6) келип чыгуу сертификаты; (7) башка окшош документтерди санап өтүү керек. Жогоруда көрсөтүлгөн документтер жеткирип берүү пунктуна Товарлар келгенге чейин бир жуманын ичинде Сатып алуучу тарабынан алынууга тийиш жана аларды албаган учурда, Берүүчү булар менен байланышкан бардык чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартат. |
11 11.1 | Коштоочу кызматтар Төмөнкү коштоочу кызматтар берилүүгө тийиш: (КЖШ 12-бөлүгүндө каралган конкреттүү кызматтарды жана/же каалаган мүнөздөмөнү баяндоо менен башка кызматтар көрсөтүлсүн) |
12 12.1 | Запас бөлүктөр Запас бөлүктөрдүн тизмеси жана запас бөлүктөр жөнүндө кошумча талаптар _____________________________________________________________________ (запас бөлүктөрдүн тизмеси көрсөтүлсүн ) |
13 13.2 | Кепилдик Кепилдик мөөнөт Товарларды кабыл алган күндөн баштап _____ иштөө сааты же _____ айды түзөт. Мындан тышкары, Берүүчү Келишимде көрсөтүлгөн эксплуатацияны кепилдендирүүгө тийиш. Эгерде Берүүчүнүн күнөөсү боюнча бул кепилдиктер толук же жарым жартылай аткарылбаса, Берүүчү өзүнүн тандоосу менен _____________ тийиш, же: |
13.4 | ______ күндө же айда кепилдик боюнча дефектерди оӊдоону камсыз кылуу. |
13.5 | Келишим боюнча кепилдик милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн айып төлөмдү Сатып алуучуга төлөп берүү. Мындай айып төлөмдүн өлчөмү ар бир күн үчүн _____ пайызды түзүүгө тийиш, бирок Келишимдин жалпы наркынан Келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылуу өлчөмүнөн көп эмес. |
15 | Төлөм |
15.1 | Төлөө мөөнөтү_______________________________________________ |
15.3 | (а) аванстык төлөм: Келишимдин баасынан ________ пайыз Конкуртук документтерде келтирилген форма боюнча түзүлгөн эквиваленттүү суммага банктык кепилдик берилгенден кийин Келишимге кол койгон күндөн баштап _______ күн аралыгында төлөнөт; (б) жүктөөдөн кийин: Жүктөлгөн Товарларга Келишимдин баасынан ________пайызы КЖШ 11-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди бергенден кийин анын өлкөсүндөгү банкта Берүүчүнүн атына ачылган кайтарылып алынгыс тастыктоочу аккредитив аркылуу төлөнөт; (в) кабыл алгандан кийин: Товарды алууга Келишимдин баасынан ________пайызы Берүүчү тарабынан берилген тастыкталган кабыл алуу актысы суроо-талапты бергенден кийин Товарларды алган күндөн баштап ______ күндүн аралыгында төлөнөт. |
18 | Айып төлөмдөр |
18.1 | Кабыл алынуучу коюм:________________ өз убагында жабдып берилбегендиги үчүн. |
18.2 | Максималдуу эсептен чыгарылуучу сумма:_________________ (кабыл алынуучу коюм ар бир жума үчүн жарымын (0,5) пайыздан жогору болбоого тийиш, ал эми максималдуу сумма Келишимдин баасынан Келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылуу өлчөмүнөн жогору болбоого тийиш) Кабыл алынуучу коюм: ______ өз убагында жабдып берилбегендиги үчүн. Максималдуу эсептен чыгарылуучу сумма: _________________ (кабыл алынуучу коюм ар бир күн үчүн ондон бир бөлүгүн (0,1) пайыздан жогору болбоого тийиш, ал эми максималдуу сумма Келишимдин баасынан Келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылуу өлчөмүнөн жогору болбоого тийиш) |
21 | Талаш тартышты жөнгө салуу |
21.2 | Ушул Келишимден келип чыккан же ага байланыштуу талаш тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпы юрисдикциялык сотто чечилүүгө тийиш. (кереги жогу алынып салынсын) |
№ 1 форма
Сатып алынуучу товарлардын жана коштоочу кызматтардын тизмеси
№ п/п | Товарлардын жана коштоочу кызматтардын кыскача баяндамасы | Саны | Берүүнүн графиги _________ күндө "____" _______ 200 __-ж. |
|
|
|
|
№ 2 Форма
ТЕХНИКАЛЫК АДИСТЕШМЕЛЕР
№ лота | Товардын аталышы жана баяндамасы | Ылайыктыгы жөнүндө маалымат (Берүүчү тарабынан сунушталган товарлар) |
1 |
|
|
2 |
|
|
Техникалык адистешмелер мүмкүн болушунча кеңири атаандаштыкты камсыз кылгыдай болуп түзүлүшү керек, ошону менен бирге сатып алынуучу товарлардын жана коштоочу кызматтардын эксплуатациялык мүнөздөмөсү жана керектүү стандарттык сапаты жөнүндө так маалымат берилиш керек.
Техникалык адистешмелерди түзүүдө алар чектелген мүнөздө болбошун көзөмөлдөө керек. Жабдуулардын, материалдардын жана аларды аткаруунун сапатынын стандарттарын аныктоодо таанылган эл аралык стандарттарды мүмкүн болушунча кеңири колдонуу керек. Башка конкреттүү стандарттарды колдонууда, мейли ал Кыргыз Республикасынын улуттук стандарты болсун же башка стандарт болсун техникалык адистешмелерде башка авторитеттүү стандарттарга жооп берген жана сапаттуу болгон, болбоду дегенде көрсөтүлгөн стандарттарга тең келген жабдуулар, материалдар жана аткаруунун сапаты кабыл алынат деп жазуу керек.
Келишимде башка так көрсөтмөлөр жок болгон учурда, Техникалык адистешмелерде жеткирилүүчү же сыноодон өткөрүлүүчү товарлар жана материалдар конкреттүү стандарттарга жана нормаларга жооп берсин деген шилтеме болсо, акыркы күчүндө болгон чыгарылыштын жобосун же тиешелүү стандарттардын жана нормалардын кайра каралган вариантын колдонуу керек.
№ 3 форма
КВАЛИФИКАЦИЯ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ
1. Конкурстун катышуучусу үчүн
1.1 Конкурстун катышуучусунун уставы жана юридикалык дареги (көчүрмөсүн тиркөө).
______________________________________________________________________
Катталган жери: ______________________________________________________
Иштин негизги түрү: _________________________________________________
1.2 Акыркы мезгилде (мезгилин көрсөтүү керек) аткарылган берүүлөрдүн жалпы көлөмү, сом менен:
1.3. __________ жыл(дар) да окшош товарларды жеткирүүлөр боюнча маалымат
(Конкурстун катышуучусунун нускамасынын Жалпы шарттарына ылайык көрсөтүү керек керек).
№ к/н | Келишимди аткаруу датасы | Сатып алуучунун (аталышы, дареги, байланыш телефону) | Келишимдин наркы, миӊ. сом. | Натыйжалар, баалар жөнүндө маалымат |
1 |
|
|
|
|
1.4. Берүүчүнүн маанилүү кызмат орундарындагы кызматкерлеринин квалификациясы жана тажрыйбасы.
Кызматы | Аты-жөнү | Жумуштардын жалпы тажрыйбасы (жыл) | Берүүчү катары жумуштардын тажрыйбасы (жыл) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
1.5. Акыркы _______ жыл(дар) (жылды көрсөтүү керек керек) үчүн финансылык отчеттордун көчүрмөлөрү (баланстар, чарбалык иштердин натыйжасы жөнүндө отчеттор, пайдалар жана зыяндар жөнүндө отчет, аудитордук корутунду ж.б.). Төмөндөгүлөрдү тизмелөө жана нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн тиркөө.
__________________________________________________________________________
1.6. Финансылык ресурстары жөнүндө маалымат (накталай акча, кредиттик линия ж.б. Төмөндөгүлөрдү тизмелөө жана тастыкталган көчүрмөсүн тиркөө керек).
1.7. Салыктар жана социалдык камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын болуусу (жооп берүү жана тастыктоочу документтерди тиркөө).
___________________________________________________________________________
1.8. Бардык талаптарга, соттук иштерге же карап чыгуу процессинде турган же чечилген талаштардын башка түрлөрү боюнча маалымат.
Териштирүүлөрдүн башка тараптары | Талаштардын предмети | Талаш суммалар |
|
|
|
|
|
|
1.9. Берүүчү (түзүүчүлөр, катышуучулар, жетектөөчү курамдын мүчөлөрү) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аффилирленген жак болуп саналбай тургандыгын, ошондой эле квалификациялык талаптардын бардык критерийлерине жооп бере тургандыгын тастыктайт.
2. Жөнөкөй шериктештик үчүн (консорциум)
2.1. Жогоруда 1.1-1.8-пункттарында көрсөтүлгөн маалыматтар жөнөкөй шериктештиктин ар бир өнөктөшү боюнча берилет.
2.2. Жактын же жактардын атына жөнөкөй шериктештиктин атынан конкурстук табыштамага кол коюу укугун берген ишеним катты тиркөө керек.
2.3. Жөнөкөй шериктештиктин (консорциумдун) өнөктөштөрү ортосунда түзүлгөн Макулдашуу тиркелсин (бардык өнөктөштөр тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү), ал төмөнкүлөрдү билдирет:
(а) бардык өнөктөштөр Келишимдин шарттарына ылайык Келишимди аткаруу үчүн бирдей жоопкерчилик тартышат;
(б) өнөктөштөрдүн бири жөнөкөй шериктештик боюнча ар кандай өнөктөштүн же бардык өнөктөштөрдүн атынан милдеттенме жана нускаманы кабыл алуу укугун алуу менен жетектөөчү болуп дайындалат;
(в) төлөмдөрдү кошкондо бардык келишимди аткарууну толугу менен жетектөөчү өнөктөш жүргүзөт.
Жогоруда аталган бардык маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн тастыктайм, эгер жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтар биз тараптан бурмаланса, биз бул биздин уюмду ишенимсиз берүүчүлөрдүн жана подрядчылардын маалымат базасына киргизүү үчүн негиз болуп санала тургандыгын түшүнөбүз.
_______________________________ (Аты-жөнү) | _______________________________ (кызматы) | _______________________________ (колу жана мөөрү) |
20____-жылдын "__________" ___________________ (дата)
№ 4 форма
КОНКУРСТУК ТАБЫШТАМА
Дата: _________________________________
№ ККЧ: _______________________________
КИМГЕ: ____________________________________________ (Сатып алуучунун атылышы жана дареги)
____________________ (конкурстук документ алынган булакты көрсөтүү керек керек) алынган конкурстук документтер менен таанышып чыгып.
Биз _____________________________ (компаниянын атын көрсөтүү керек керек) _____________________ жалпы суммасындагы товарларды жана аны коштоочу кызмат көрсөтүү кереклөрдү ишке ашырууну сунуштайбыз, баалардын тиркелген таблицасы бул Конкурстук табыштаманын бөлүгү болуп санала тургандыгын тастыктайбыз.
Биз товарларды төмөнкү мөөнөткө __________ (берүү мөөнөтүн көрсөтүү керек керек) берүүгө милдеттенебиз.
Биз, бул конкурстук документтерге ылайык Конкурстун катышуучусунун Нускамасынын 2-бөлүгүнө ылайык кызыкчылыктар коллизиясына ээ эмеспиз;
Биз, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укугу жок болуп саналбайбыз.
Биз, товардын наркына Кыргыз Республикасынын аймагында алынуучу бардык салыктар жана алымдар киргизилгендигин тастыктайбыз (эгер, конкурстук документтердин талабында башка талаптар болсо, башка шарттарды киргизүү керек).
Компания ____________ (компанияны көрсөтүү керек керек) Кыргыз Республикасынын ички берүүчүлөрү болуп саналабыз.
Өз көз карашыбызды тастыктоо үчүн биз Конкурстук табыштаманын кепилдигин "______" (суммасын көрсөтүү керек) суммасында, "_____" (формасын көрсөтүү керек) камсыздайбыз, конкурстук табыштамаларды кепилдик камсыз кылуунун мөөнөтү "_____" (мөөнөтүн көрсөтүү керек) түзөт.
Биздин Конкурстук табыштама кабыл алынган учурда, берилген товарларга _______________ (мөөнөтүн көрсөтүү керек) мөөнөттө толук кепилдикти жайылтабыз.
Биз, Келишимди "_____" (суммасын көрсөтүү керек) суммасында жана "_____" (мөөнөтүн көрсөтүү керек) мөөнөттө аткарууга кепилдик беребиз.
Ошондой эле, Конкурстук табыштаманы кабыл алган учурда, биз Келишимди тийиштүү түрдө аткаруу үчүн зарыл болгон ________ миӊ сом суммасындагы авансылык төлөм сурайбыз. Биз, өзүбүз тараптан жогоруда көрсөтүлгөн суммага авансылык төлөм төлөөгө кепилдик берүүгө милдеттенме алабыз.
Ушуну менен, бул конкурстук табыштама конкурстук табыштаманы ачуу датасынан баштап белгиленген убактан тартып _____________ күндүн ичинде колдонула тургандыгын тастыктайбыз жана ал көрсөтүлгөн мөөнөт өткөнгө чейин биз үчүн милдеттүү болуп калат.
Дата 20___-ж. ______________ айдын _____________ күнүндө коюлган.
_______________________________________________________________________
(Подрядчынын аталышы)
атынан жана анын тапшырмасы боюнча Конкурстук табыштамага кол коюуга бардык ыйгарым укуктары бар
_______________________________ (аты-жөнү) | _______________________________ (кызматы) | _______________________________ (колу жана мөөрү) |
№ 5 форма
Баалардын таблциасы
Конкурстун катышуучусунун аталышы: ____________________
Лот (эгер конкурс лотторго бөлүнсө, ар бир лотту көрсөтүү керек) | Товарлардын аталышы | Чыккан өлкөсү | Саны | Бир продукцияга болгон баа | Жалпы баа (4 х 5) | Коштоочу кызматтардын баасы | Бардыгы, бардык чыгымдарды эске алуу менен жалпы сумма |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
|
|
|
|
|
|
|
|
Конкурстун катышуучусунун колу __________________________
Эскертүү: 7-графада коштоочу кызматтарга болгон айрым (жалгыз) баалар коштоочу кызматтар талап кылынган учурда толтурулат. Эгер, коштоочу кызматтар товардын наркынын ичинде болсо, бул пункт толтурулбайт.
№ 6 форма
Товарларды берүүгө Келишимдин формасы
БУЛ КЕЛИШИМ 20____-жылдын __________айы _____________ күнүндө (Сатып алуучунун аталышы) (мындан ары "Сатып алуучу" деп аталуучу) бир тараптан жана экинчи тараптан (берүүчүнүн аталышы) (берүүчүнүн шаары жана өлкөсү) (мындан ары "Берүүчү" деп аталуучу), төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
1. Сатып алуучу товарларды жана аларды коштоочу кызматтарды сатып алууга "__" _______ (ачуу датасын көрсөтүү керек) конкурстун негизинде, атап айтканда (товарларды жана аны коштоочу кызматтарды кыскача баяндоо керек) жана _______ суммасындагы (Келишимдин баасы жазуу жана сан менен) (мындан ары "Келишимдин баасы") көрсөтүлгөн товарларды жана аны коштоочу кызматтарды берүүлөргө Берүүчүнүн конкурстук табыштамасы.
2. Берүүчү, Сатып алуучуга товарларды берүүгө жана аны коштоочу кызматтарды белгиленген мөөнөттө көрсөтүүгө милдеттенет, Сатып алуучу бул товарларды кабыл алууга жана төлөп берүүгө милдеттенет.
3. Бул Келишимдеги сөздөр жана көрсөтмөлөр Келишимдин Жалпы шарттарында да ушул эле маанини билдирет,буларга шилтеме жасалат.
4. Төмөндө көрсөтүлгөн документтер бул Келишимди түзөт жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат:
а) Келишимдин бул формасы;
б) Конкурстук табыштама (№ 4 формасы);
в) Берүүчүнүн баа таблицасы (№ 5 формасы);
г) Келишимдин Өзгөчө шарттары (КӨШ) – (4 тиркеме);
д) Келишимдин Жалпы шарттары (КЖШ) – (5 тиркеме);
е) Сатып алынуучу товарлардын тизмеси (№ 1 форма);
ж) Техникалык өзгөчөлүктөр (№ 20 форма);
з) Келишимди ыйгаруу жөнүндө билдирүү (№10 форма);
и) _____ [зарыл учурларда башка документтерди көрсөтүү керек].
Айырмачылыктар болгон учурда, көрсөтүлгөн документтер жогоруда саналган тартипте басымдуулук кылат.
5. Төмөндө көрсөтүлгөндөй Сатып алуучу Берүүчүгө жүргүзүүгө тийиш болгон төлөмдөрдү эске алуу менен, Берүүчү товарларды берүү жана 3-тиркемеде көрсөтүлгөн коштоочу кызматтарды көрсөтүү жана жеткирилген товарларда жана коштоочу кызматтарда болгон деффекттерди жоюу жөнүндө Келишимдин жоболоруна ылайык Сатып алуучу менен макулдашат.
6. Сатып алуучу келишимдеги бааны же Берүүчүгө эсептелген башка сумманы, жеткирилген Товарларды жана Коштоочу кызматтарды, ошондой эле жеткирилген Товарларда жана Коштоочу кызматтарда болгон деффекттерди жоюуну эске алуу менен Келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө жана ыкмада Берүүчүгө төлөп берүүгө милдеттенет.
Бул, Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон ______ [нускалардын талап кылынган санын көрсөткүлө – 2 же андан ашык] нускада кыргыз тилинде түзүлгөн.
Бул, Келишим ага кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет жана өзүнө милдеттенме алган тараптар толук аткарганга чейин колдонулат.
[Мамлекеттик бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин келишимдери үчүн акыркы абзацты төмөнкү абзац менен алмаштыргыла:
"Бул Келишим, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Нускамага ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодон өткөн күндөн баштап күчүнө кирет жана милдеттенмелерди өзүнө алган тараптар тарабынан толук аткарганга чейин колдонулат"].
ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕКТЕР ЖАНА ТАРАПТАРДЫН БАНКТЫК РЕКВИЗИТТЕРИ
Сатып алуучу: | Берүүчү: |
Сатып алуучунун атынан жана анын тапшырмасы боюнча
Колу: Мөөрү:
| Сатып алуучунун атынан жана анын тапшырмасы боюнча
Колу: Мөөрү:
|
№ 7 форма
Конкурстук табыштамаларды кепилдик камсыз кылуу (Банктык кепилдик берилген учурда)
__________________________ [Конкурстун катышуучусунун аталышы] (мындан ары "Конкурстун катышуучусу" деп аталуучу) [товарлардын аталышы же баяндамасы] жеткирүүгө [конкурстук табыштаманын датасы] коюлган өзүнүн конкурстук табыштамасын (мындан ары “табыштама”) берүүгө даяр экендигин эске алуу менен,
БИЗ _________________________ [банктын аталышы] _____________________ [өлкөнүн аталышы], ______________________ [банктын дареги] (мындан ары "Банк" деп аталуучу) дареги боюнча катталган кеӊсебиз, _______________________ [Сатып алуучунун аталышы] (мындан ары "Сатып алуучу деп аталуучу") алдында _____________________[сумма жазуу жана сан менен] суммасында карызыбыз бар экендигин ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ БИЛДИРЕБИЗ, төлөм көрсөтүлгөн Сатып алуучуга толук жана өз убагында жүргүзүлөт; Банк өзүнүн атынан жана өзүнүн ишин улантуучулардын жана ыйгарым укуктуулардын атынан бул милдеттенмелер менен байланыштуу экенин кабарлайт. Банкка берилген лицензия кепилдикти камсыз кылуу боюнча ишти карай тургандыгын жана бул кепилдикке кол коюучу жак Банктын атынан чыгууга укуктуу экендигин тастыктайбыз жана эгер Директорлор Кеӊешинин же Акционерлердин жалпы чогулушунун макулдугу талап кылынса, анда ал алынган жана башка макулдуктар талап кылынбайт.
Бул милдеттенмелердин ШАРТТАРЫ төмөнкүлөр:
Эгер, Конкурстун катышуучусу:
а) Конкурстук табыштаманын формасында Катышуучу тарабынан көрсөтүлгөн анын иш-аракетинин мөөнөтүнүн ичинде өзүнүн Табыштамасын кайтарып алса; же
б) Келишимге кол кое албаса же кол коюудан баш тартса, же
в) Конкурстун катышуучуларынын нускамасына ылайык Келишимди аткаруунун кепилдик камсыз кылууну бербесе же берүүдөн баш тартса.
Биз, Сатып алуучуга, анын биринчи жазуу жүзүндөгү суроо-талабын алгандан кийин, Сатып алуучу өзүнүн суроо-талабында бул сумманы ага эсептөөнү белгилесе, бул суроо-талаптын негиздемесин Сатып алуучудан талап кылбастан жогоруда көрсөтүлгөн сумманы ага төлөп берүүгө милдеттенебиз, бул сумма мурдагы шарттардын ордун же шарттарды тактоо менен экөөнүн бирин же көрсөтүлгөн экөө менен орун ээлегендигине байланыштуу ага эсептелет.
Бул кепилдикти камсыз кылуу конкурстук табыштаманын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин күчүндө калат жана ага байланышкан суроо-талаптар жогоруда көрсөтүлгөн датадан кечиктирбестен Банкка берилүүгө тийиш.
_______________________________ (Банктын өкүлүнүн аты-жөнү) | _______________________________ (кызматы) | _______________________________ (колу жана мөөрү) |
20__-ж. "____" _________________
(дата)
Кепилдик берген банктын дареги: ___________________________________________________
№ 7/1 форма
Конкурстук табыштаманы кепилдеген Декларация
Биз, ______________ (компаниянын аталышын көрсөтүү керек) компания өзүбүздүн конкурстук табыштамабызды ________________ (жалпы суммасын жазуу менен көрсөтүү керек), жалпы суммасындагы ________________ товарларды берүүгө "___" _______ конкурска сунуштайбыз, бул чечимди _______________ (сатып алуучу уюмдун аталышы) Сатып алуучунун алдында милдеттенме катары тастыктайбыз. Бул милдеттенменин ШАРТТАРЫ төмөнкүлөр, эгер:
а) өзүбүздүн конкрустук табыштаманы биздин конкурстук табыштамада көрсөтүлгөн анын колдонуу мөөнөтүнүн ичинде кайтарып алсак; же
г) Келишимге кол койбосок же баш тартсак, же
д) Келишимди аткаруунун кепилдик камсыз кылууну бербесек же берүүдөн баш тартабыз.
Биз, көрсөтүлгөн шарттар келип чыкканда Сиздер ишенимсиз берүүчүлөрдүн маалымат базасына бизди киргизүү жөнүндө демилгелей ала тургандыгыӊарды толугу менен тастыктайбыз.
Бул декларация биз менен келишим түзгөнгө чейин күчүндө калат.
Колу ______ Датасы______
№ 8 форма
Келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылуу (Банктык кепилдик учурунда)
КИМГЕ: ___________________________________________________________
[Сатып алуучунун аталышы]
Бул [Берүүчүнүн аталышы] (мындан ары "Берүүчү" деп аталуучу) № ___ Келишимге ылайык (мындан ары - Келишим) [Келишимдин номери] 20__-ж._______________ товарларды берүүнү [товарлардын жана коштоочу кызматтардын аталышы] КӨӉҮЛГӨ АЛУУ МЕНЕН,
Жогоруда көрсөтүлгөн Келишимде Сиздер тарабынан каралгандыгын КӨӉҮЛГӨ АЛУУ МЕНЕН, Берүүчү Келишим боюнча өзүнүн милдеттенмелерин Берүүчү тарабынан аткаруу күрөөсү катары ушул формада көрсөтүлгөн суммага авторитеттүү банктан банктык кепилдик берет.
ЖАНА Берүүчүгө биз күрөө коюуга биздин макул болгонубузду КӨӉҮЛГӨ АЛУУ МЕНЕН,
БУГА БАЙЛАНЫШТУУ, БИЗ ________________________________ [күрөөнүн суммасын жазуу жана сан менен] жалпы суммасында Берүүчүнүн атынан кепилдик болуп беребиз жана Сиздердин алдыӊыздарда жооп беребиз жана Берүүчү тарабынан Келишимдин шарттарынын сакталбагандыгы жөнүндө билдирүүнү Сиздердин биринчи талап боюнча эч каршы болбостон же ар кандай сумманы же жогоруда көрсөтүлгөн сумманын чегинде, жогоруда аталгандай Сиздердин талабыӊыздардын себебин же анда көрсөтүлгөн сумманы далилдөө, негиздөө же көрсөтүлгөнүн төлөп берүүгө милдеттенме алабыз.
Сатып алуучу менен Берүүчүнүн ортосунда кошумча Макулдашуу менен түзүлүшү мүмкүн болгон Келишимдин шарттарына бардык оӊдоолор, толуктоолор же кандайдыр бир түзөтүүлөр бул Кепилдик боюнча бизди милдеттенмелерден эч кандай бошотпойт жана биз өзгөртүүлөр, толуктоолор же ондоолор тууралуу билдирүүнү талап кылбайбыз. Бул кепилдикти камсыз кылуу Берүүчү тарабынан Келишимдин шарттарын аткарууну толук аяктаганга чейин иш-аракетте болот.
Бул кепилдиктин камсыз кылуу 20__-жылдын _______ числосуна чейин колдонулат жана кепилдик боюнча төлөмдүн ар кандай талаптары төмөнкү дарек боюнча ошол күнү жана ошол датада бизден алынууга тийиш.
__________________________ ___________________ ________________________
(банктын өкүлүнүн аты-жөнү) (кызмат орду) (колу жана мөөрү)
20___-ж. "____" _________________
(дата)
Кепилдик берген банктын дареги:_________________________________________
№ 9 форма
Авансты төлөөгө банктык кепилдик
КИМГЕ ___________________________________________________________________________________
(Сатып алуучунун аталышы)
(Келишимдин аталышы) ____________________________________________________________________
Айымдар жана мырзалар!
Авансты төлөөнү караган Келишимдин Жалпы шарттарынын 15 жана 30-бөлүгүнө карата оӊдоолор болуп саналган Келишимдин Өзгөчө шарттарына киргизилген төлөмдөр жөнүндө Жобого ылайык (Берүүчүнүн аталышы жана дареги) (мындан ары "Берүүчү" деп аталуучу) Келишимдин айтылган бөлүгүндө көрсөтүлгөн (кепилдиктин суммасы сан жана жазуу менен) суммага ылайык Берүүчү тарабынан Келишимдин тийиштүү түрдө жана так аткарылышына кепилдик берүүчү банктык кепилдикти Сатып алуучуга берүүгө тийиш.
БУГА БАЙЛАНЫШТУУ, биз ___________________ (кепилдик суммасы цифра жана жазуу түрүндө) сом жалпы суммасында Кепилдик болуп саналганыбызды жана Берүүчүнүн атынан Сиздердин алдыӊыздарда жооп бере тургандыгыбызды тастыктайбыз жана Сиздердин биринчи талап боюнча эч каршы болбостон же ар кандай сумманы же жогоруда көрсөтүлгөн сумманын чегинде, Берүүчүгө алдын ала кайрылуусуз төлөп берүүгө милдеттенме алабыз.
Биз, ошондой эле Келишимди же Сатып алуучу менен Берүүчүнүн ортосунда түзүлүшү мүмкүн болгон кандайдыр бир Келишимдик документтерди аткарууга тийиш болгон шарттарына эч кандай өзгөртүүлөрдү же толуктоолорду, башка оӊдоолорду киргизүүлөр бизди бул кепилдик боюнча милдеттенмелерден бошотпойт жана биз мындай ар кандай өзгөртүүлөр, толуктоолор же оӊдоолор жөнүндө билдирүүнү талап кылбайбыз. Ошондой эле, Банкка берилген лицензия банктык кепилдик берүү боюнча иштерди карайт жана бул кепилдикке кол койгон жак Банктын атынан чыгууга укуктуу жана эгер, Директорлор кеӊешинин же акционерлердин жалпы чогулушунун макулдугу талап кылынса, анда ал алынды деп эсептелет жана башка макулдук талап кылынбайт.
Бул кепилдик анык жана Келишим боюнча Берүүчү тарабынан алынган авансылык төлөм алган күндөн баштап, Сатып алуучу Авансылык төлөмдүн тийиштүү суммасын толук кайтарып алганга чейин күчүндө калат.
__________________________ ___________________ ________________________
(банктын өкүлүнүн аты-жөнү) (кызмат орду) (колу жана мөөрү)
20___-ж. "____" _________________
(дата)
Кепилдик берген банктын дареги: _________________________________________
№ 10 форма
Келишим түзүүгө билдирүү (Сатып алуучунун фирмалык бланкаларында)
________________ (дата)
Кимге: ______________________________________________________________________,
(Берүүчүнүн аталышы)
_____________________________________________________________________________
(Берүүчүнүн дареги)
Сиздердин ____________________________________________________________________
(сумма сан жана жазуу менен)
жалпы суммасындагы ___________________________ товарларды жеткирүүгө берген 20__-ж. "____"__________ конкурстук табыштамаңыз (жумуштарды баяндоо) конкурстун жеӊүүчүсү болуп аныкталды.
Ошол эле учурда, Сиздерге Келишимди жөнөтөбүз жана Конкурстун катышуучусунун Нускамасынын 29.1.-пунктуна ылайык ______ ичинде Келишимге кол коюуну жана биздин дарекке кайтарууну Сиздерден өтүнөбүз. Кол коюлган Келишим менен бирге ИУТ 29.3. жана 30.1.-пунктарына ылайык Келишимди аткаруунун кепилдик камсыз кылууну берүүнү Сиздерден өтүнөбүз.
Уюмдун аталышы ______________________________
Аты-жөнү жана кызматы _________________________
Ыйгарым укуктуу өкүлдүн колу ____________________
Тиркеме: Келишим
№ 11 форма
Ишеним кат
КИМГЕ: [Сатып алуучунун аталышы]
Товарларга берүүгө [товарлардын аталышы жана/же баяндамасы] берүүчү [Подрядчынын аталышы] болуп саналгандыгын КӨӉҮЛГӨ АЛУУ МЕНЕН, конкурстук табыштаманы берүүгө ишенет [Берүүчүнүн аталышы жана анын өкүлүнүн дареги] жана анын натыйжасында Сиздер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана биз берүүчү жогоруда көрсөтүлгөн товарлар боюнча Конкурска катышууга чакыруунун негизинде Келишимге кол коет, ошондой эле биз Келишимдин Жалпы шарттарынын 14-бөлүгүнө ылайык Конкурска катышууга карата Чакыруусунун негизинде сунушталуучу товарларга биздин толук кепилдигибизди жайылтабыз.
____________________________________________________________
[Берүүчүнүн атынан жана анын тапшырмасы боюнча аты-жөнү, кызматы, колу]
20___-жылдын "____" ____________ (мөөрү)
(дата)
_____________________________________________
Эскертүү: Бул ишеним кат Берүүчүнүн фирмалык бланкында түзүлүүгө жана Берүүчүдөн ыйгарым укуктарды алган компетенттүү жактын колу коюлууга тийиш. Конкурстун катышуучусу өзүнүн конкурстук табыштамасына ишеним катты кошот.
№ 12 форма
Даярдоочунун тастыктама каты
Сатып алуучу көрсөтүлгөн нускамага ылайык Даярдоочунун бул форманы толтуруусун талап кылат. Бул тастыктама кат Даярдоонун фирмалык бланкында толтурулууга жана Даярдоочу тарабынан аткарууга милдеттүү болгон документтерге кол коюуга ыйгарым укугу бар адамдар тарабынан кол коюлууга тийиш. Конкурстун катышуучусу муну өзүнүн конкурстук табыштамасына кошууга тийиш, эгер Конкурстун катышуучусунун Нускамасына карата Өзгөчө шарттарда ушундай шарт көрсөтүлгөн болсо.
Дата: (конкурстук табыштаманы берүү датасын коюу (күнү, айы жана жыл)
ККЧнын номери: (конкурстун номерин коюу)
Кимге: (Сатып алуунун толук атын коюу)
Биз (Даярдоочунун толук атын көрсөтүү керек) (Даярдоочунун заводунун толук дарегин көрсөтүү керек), заводу бар (даярдалуучу товарлардын түрүн көрсөтүү керек) расмий даярдоочу болуп саналгандыгыбызды КӨӉҮЛГӨ АЛУУ МЕНЕН, биз даярдаган төмөнкү товарларды (товарлардын аталышын жана/же кыскача баяндалышын көрсөтүү керек) берүү, ошондой эле анын натыйжасында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана Келишимге кол коюу максаты менен, конкурстук табыштаманы берүүгө (Конкурстун катышуучусунун толук атын көрсөтүү керек) ыйгарым укук беребиз.
Биз, жогоруда аталган фирма тарабынан сунушталуучу товарларга карата Келишимдин жалпы шарттарынын 14-бөлүгүнө ылайык толук кепилдикти жайылтабыз.
Кол коюлду: (Даярдоочунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн колун коюу керек)
Аты-жөнү: (Даярдоочунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн толук атын көрсөтүү керек)
Кызматы: (кызматын көрсөтүү керек)
(Конкурстун катышуучусунун толук атын көрсөтүү керек) атынан бул тастыктама-катка кол койгонго бардык тийиштүү ыйгарым укугу бар адам.
Дата 20__-жылдын________числосу (кол коюу датасын көрсөтүү керек)
№ 13 форма
Товарларды сатып алуулардын жол-жоболорунун ПРОТОКОЛУ
Сатып алуучу уюмдин аты ____________________________________________________
Юридикалык дареги жана телефону ___________________________________________
Жетекчи ____________________________________________________________________
Протокол түзүлгөн дата "___" ____________ 20__-ж.
Конкурстун номери __________________________________________________________
Бул протокол товарларды _______________________________________сатып алуу үчүн түзүлгөн
(каржылоо булагын көрсөтүү керек)
1. Сатып алуунун предмети
____________________________________________________________________________
(товарлардын аталышы, кыскача баяндамасы менен)
2. Бул сатып алууга бөлүнгөн сумма __________________________________________
3. Сатып алууга каралган берене ______________________________________________
4. Сатып алуунун усулу ______________________________________________________
5. Конкурс жөнүндө билдирүү _________________________________________________
(мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында конкурстун жарыяланган датасы, номуру,
____________________________________________________________________________
берүүчүлөргө ________________________________________________________________
жөнөтүлгөн жиберүүлөр).
6. Конкурстук документтер төмөнкү катышуучулар тарабынан алынды (электрондук сатып алууларда бул толтурулбайт) же алдын-ала квалификациалоонун натыйжасында чакырылган катышуучулар:
№ п\п | Катышуучулардын аты-жөнү | Юридикалык дареги | Алган датасы |
1 |
|
|
|
2 |
|
|
|
7. Конкурстук документтер боюнча сурамдар жана түшүндүрүүлөр:
(үч жумуш күндүн ичинде суроо-талаптын булагын көрсөтпөстөн, конкурстук документтерди алган катышуучулардын суроо-талаптарына жооп берилет)
№ | Суроо-талаптын кыскача баяндамасы | Сатып алуучунун берген жообунун кыскача мазмуну |
|
|
|
|
|
|
8. Конкурстук табыштамаларды берген катышуучулардын аты-жөнү жана дареги:
№ п\п | Катышуучулардын аты-жөнү | Юридикалык дареги | Конкурстук табыштамаларды берген датасы |
1 |
|
|
|
2 |
|
|
|
9. Конкурстук табыштамаларды ачуу датасы жана убагы (жылы, айы, күнү, сааты жазылышы керек):
20___ж. "___" _________саат "_____"
10. Конкурстук документтердин негизги талаптары.
Бул пункта конкурстук документтерде каралган гана талаптар көрсөтүлөт. “Конкурстук документтердин талаптары” графасында конкурска катышуучуларга коюлган талаптар гана жазылат.
№ п\п | Талаптардын мазмуну | Конкурстук документтердин талаптары | Берүүчүнүн аты-жөнү | |||
1 | 2 | 3 | 4 | |||
А | Табыштаманын жалпы баасы (эгерде сатып алынуучу товарлар бир канча лотторго бөлүнгөн учурда, ар бир лоттун баасын өз-өзүнчө көрсөтүү керек) |
|
|
|
|
|
Б | Конкурстук табыштамада колдонулуучу валюта |
|
|
|
|
|
В | Конкурстук табыштамалардын колдонуу мөөнөтү |
|
|
|
|
|
Г | Конкурстук табыштамаларды кепилдик камсыз кылуунун болушу |
|
|
|
|
|
Д | Конкурстук табыштамаларды кепилдик камсыз кылуунун колдонуу мөөнөтү |
|
|
|
|
|
Е | Товарларды жеткирүүнүн болжолдуу мөөнөтү |
|
|
|
|
|
Ж | Конкурстук документердин шарттарына ылайык талап кылынган документердин болушу: |
|
|
|
|
|
| Конкурстук табыштаманын толтурулган формасы; |
|
|
|
|
|
| Баалардын таблицасынын толтурулган формасы; |
|
|
|
|
|
| Техникалык жактан туура келүүсү тууралуу маалымат; |
|
|
|
|
|
| Товардын келип чыгуусу боюнча сертификат; |
|
|
|
|
|
| акыркы ___ жыл(дар)да жеткирилген товарлардын көлөмү; |
|
|
|
|
|
З | Берүүчүнүн салыктарга болгон карызы; |
|
|
|
|
|
И | Берүүчүнүнү камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча (социалдык фондко) карызы; |
|
|
|
|
|
К | Конкурстун катышуучуларына коюлган Конкурстук документтерде каралган кошумча талаптар. |
|
|
|
|
|
11. Конкурстук табыштамаларды алдын-ала баалоо.
а) алдын-ала коюлган баа:
Конкурстук табыштамалардын 10-пункта жазылган Конкурстук документтердеги талаптарга жооп берүүсү боюнча өткөрүлгөн анализдин натыйжасында төмөнкү конкурстук табыштамалар четке кагылды:
№ п\п | Катышуучулардын аты-жөнү | Ушул пунктчаларга жооп бербегендиги үчүн табыштамалар четке кагылды, |
1 |
|
|
2 |
|
|
Мындан аркы баалоо 10-пунктта көрсөтүлгөн талаптардан башка маанилүү кыйшаюулары жок болгон табыштамалар боюнча жүргүзүлөт:
б) техникалык баалоо:
Техникалык жагын баалоодо техникалык талаптарга жооп бербегендиги үчүн төмөнкү конкурстук табыштамалар четке кагылды.
№ п\п | Катышуучулардын аты-жөнү | Конкурстук документтерде каралган техникалык талаптарга жооп бербеген кыйшаюуларды көрсөтүү керек |
1 |
|
|
2 |
|
|
12. Конкурстук табыштамалардын баа бөлүгүндө арифметикалык каталарды оңдоо:
а) Оңдолгон баалардын таблицасы:
№ п\п | Катышуучулардын аты-жөнү | Табыштаманын баасы | Оңдоонун жыйынтыгы | Катышуучунун жазуу түрүндө берген макулдугу | Оңдолгон баа |
1 |
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
"Оңдолгон баа" графасында арифметикалык каталар оңдолгондон кийинки баа көрсөтүлөт (эгер мындайлар бар болсо)
б) арифметикалык каталарды оңдоого макул болбогондугу үчүн төмөнкү конкурстук табыштамалар четке кагылды:
___________________________________________________________________
(катышуучулардын аты-жөнү, болгон арифметикалык каталар жана кантип
___________________________________________________________________
оңдолду)
13. Конкурстук табыштамалардын башка себептер менен четке кагылышы:
____________________________________________________________________
(катышуучунун аты-жөнү жана конкурстук табыштаманын четке кагылышынын себеби)
14. Эксперттерди тартуу. Эксперт катары конкурстук комиссиянын ишинде катышкандар:
____________________________________________________________________
(аты-жөнү, кызматы жана корутундунун кыскача баяндамасы)
Конкурстук табыштамаларды баалоо жана салыштыруу:
Конкурстук документтердин талаптарына жооп берген жана эң аз бааланган наркка ээ болгон конкурстук табыштаманы берген катышуучу:
___________________________________________________________________
(катышуучунун аты-жөнү жана табыштамасынын баасы)
Конкурстук комиссиянын төрагасы: ___________________________________
Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү: ___________________________________
16. Бардык конкурстук табыштамалар төмөнкү себептер менен четке кагылды
__________________________________________________________________
(четке кагуунун себебин көрсөтүү керек)
17. Нааразылыктар, даттануулар жана кабыл алынган чечим:
___________________________________________________________________
(катышуучунун аты-жөнү, кыскача мазмуну, берген датасы жана кабылган алынган чечимдин кыскача мазмуну)
18. Сатып алууларды токтотуу:
__________________________________________________________________
(сатып алууларды токтотуунун себебин жана мөөнөтүн көрсөтүү керек)
19. Конкурстук комиссиянын чечиминин негизинде сатып алуу бөлүмү келишим түзүү үчүн сунуш кылат
__________________________________________________________________
(жеңүүчүнүн аты-жөнү, берген баасы) же келишим түзүлбөйт
(себебин көрсөтүү керек)
Сатып алуу бөлүмү __________________________________________________
Бөлүмдун жетекчиси: ________________________________________________
Адис: ______________________________________________________________
20. Башка маалыматтар ______________________________________________
(бул пункта сатып алуучу уюмдун, катышуучулардын же башка тараптын сатып алууларга тийгизген иш-аракеттери жазылат)
21. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн өзгөчө пикирлери:
___________________________________________________________________
(аты-жөнү, өзгөчө пикирдин кыскача мазмуну, датасы жана колу)
Эскертүү: Эгерде ар кандай пунктарда көрсөтүлө турган кайсы бир иш-аракеттер протоколдо жүргүзүлбөсө, анда тиешелүү пункта тиешелүү белгини коюу жетиштүү. Пунктун номерин жана аталышын жазуу менен кайсы бир пункка тиешелүү болгон маалыматты ушул протоколго тиркеме катары берүүгө болот.