Сравнение редакций…
|
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2015-жылдын 14-октябрындагы № 175-б буйругу менен бекитилди |
"___" ________ 20___ -жылы бекитилди.
Конкурстук комиссиянын тѳрагасы __________ Аты-жѳнү Колу
Конкурстук комиссиянын мүчѳлѳрү _________ Аты-жѳнү Колу
Кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү бир этаптуу, эки этаптуу, жѳнѳкѳйлѳтүлгѳн усулдары жана бааны тѳмѳндѳтүү усулу аркылуу сатып алууга СТАНДАРТТУУ КОНКУРСТУК ДОКУМЕНТТЕР
Стандарттык конкурстук документтерди колдонуу боюнча колдонмо
Бул Стандарттык конкурстук документтер (мындан ары - СКД) кызмат көрсөтүүлөрдү бир этаптуу, эки этаптуу жана жөнөкөйлөтүлгөн усулдар менен жана бааны төмндөтүү усулу аркылуу сатып алууга багытталган. Иштелип чыккан конкурстук документтер төмөнкү ыкмалар менен колдонулат:
- Электрондук
- Кагаз жүзүндө.
1. Стандарттык конкурстук документтер өзүнчө бөлүктөрдөн турат. "Конкурстун катышуучуларына нускама" (ККН) жана "Келишимдин жалпы шарттары" (КЖШ) сыяктуу бөлүмдөр, ошондой эле стандарттык формалар (конкурстук табыштамалар, кепилдик камсыз кылуу ж.б.) өткөрүлүүчү бардык соода-сатыктар үчүн типтүү болот жана өзгөртүлбөшү керек. Конкреттүү конкурс боюнча маалымат "Конкурстун катышуучуларына өзгөчө нускама" (ККӨН), "Келишимдин өзгөчө шарттары" (КӨШ), "Кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси" (КТ) жана "Кызмат көрсөтүүлөргө талаптар" (ККТ) деген бөлүктөргө киргизилиши керек.
1. Стандарттык конкурстук документтер төмөнкү бөлүктөрдөн турат:
- Конкурска катышууга чакыруу;
- 1-бөлүк. Конкурстун катышуучуларына нускама (ККН);
- 2-бөлүк. Конкурстун катышуучуларына өзгөчө нускама (ККӨН);
- 3-бөлүк. Келишимдин жалпы шарттары (КЖШ);
- 4-бөлүк. Келишимдин өзгөчө шарттары (КӨШ);
- 5-бөлүк. Кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси (КТ);
- 6-бөлүк. Кызмат көрсөтүүлөргө талаптар (ККТ);
- 7-бөлүк. Стандарттык формалар:
- 7.1. Стандарттык форма "Конкуртук табыштама";
- 7.2. Стандарттык форма "Квалификация тууралуу маалымат";
- 7.3.1. Стандарттык форма "Конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылуу" (банктын кепилдиги);
- 7.3.2. Стандарттык форма "Конкурстук табыштамага кепилдик берүүчү декларация";
- 7.4. Стандарттык форма "Кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу графиги";
- 7.5. Стандарттык форма "Келишимди берүү жөнүндө билдирме";
- 7.6. Стандарттык форма "Келишим";
- 7.7. Стандарттык форма "Келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылуу";
- 7.8. Стандарттык форма "Аванстык төлөмгө банктын кепилдиги".
2. Кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда конкурстук документтерде конкурстук табыштамаларды баалоого карата төмөнкү талаптарды белгилөө зарыл:
- "Конкурска катышууга чакыруу" бөлүмүндө боло турган конкурс жөнүндө негизги маалыматтар көрсөтүлөт: сатып алуучу уюмдун аталышы жана конкурсту өткөрүүгө жооптуу кызматкер менен байланышуу маалыматтары, кызмат көрсөтүүлөрдүн сыпатталышы аларды бүткөрүүнүн талап кылынган мөөнөтү, конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы күнү жана аларды ачуунун убагы, конкурстук табыштамалардын жарактуулук мөөнөтү, конкурстук табыштамаларга же декларацияларга кепилдик камсыз кылууну берүү боюнча талаптар, конкурстун алдында кеңешме өткөрүү жөнүндө маалымат.
Эскертүү: чакырууда көрсөтүлгөн маалыматтар “Конкурстун өзгөчө нускамаларында” белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
- "Конкурстун өзгөчө нускамасы" (КӨН) бөлүгү "Конкурстун нускамасын" (КН) өзгөртөт жана толуктайт. Бул бөлүктө конкреттүү конкурсту өткөрүү шарттары көрсөтүлөт. "Конкурстун өзгөчө нускамасы" менен "Конкурстун нускамасынын" жоболорунун ортосунда карама-каршылыктар келип чыкканда "Конкурстун өзгөчө нускамасы" басымдуулук кылат. Эгерде "Конкурстун өзгөчө нускамасында" катышуучуларга коюлган талаптар же баалоо критерийлери белгиленбесе, анда кийин сатып алуучу уюм белгиленбеген критерийлерди колдонууга же конкурстун катышуучусунан белгиленбеген талаптарга ылайык келүүнү талап кылууга укугу жок.
Атап айтканда, "Конкурстун өзгөчө нускамасында" катышуучуларга Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Мыйзамдын" (мындан ары - Мыйзам) 27-беренесине ылайык квалификациялык талаптар белгиленет: жалпы иш тажрыйбасы, окшош келишимдерди аткаруу тажрыйбасы, финансылык жана техникалык мүмкүнчүлүктөр, конкурска катышып жаткан учурга карата социалдык камсыздандырууга милдеттүү төгүмдөрдү жана салыктарды төлөө боюнча аткарылбаган милдеттенмелердин жоктугун талап кылуу. Бул бөлүктө катышуучулардын финансылык өз алдынчалыгын тастыктоочу финансылык документтерди берүү боюнча талаптарды белгилейт (мисалы: аудитордук корутунду, эсептин көчүрмөсү, баланстар ж.б.) ошондой эле келишим түзүү укугу.
Ушул эле бөлүктө конкурстук табыштамалардын иштөө мөөнөтүнө талаптар белгиленет, ал келишимге кол коюу жана мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына (мындан ары – веб-портал) жарыя жарыялоо жөнүндө билдирме, табыштамалардын бардыгын баалоо үчүн жетиштүү болуш керек.
Эскертүү:
- "Конкурстун өзгөчө нускамасынын" 14-бөлүгүндө заказ берүүчү конкурстук табыштаманы каалаган валютада анын ичинде чет элдик валютада берүүгө уруксаат бере алат. Бул ченем бардык катышуучулар үчүн бирдей шарттарды коюу максатында, ошондой эле күйүүчү-майлоочу материалдардын жана нарктын башка компоненттеринин мүмкүн болгон кымбаттоосуна байланыштуу тобокелдиктерден жана валютанын курсунун ылдый-өйдө болуусунан коргоо максатында белгиленет. Конкурстук табыштаманы чет элдик валютада берген шартта анын курсу конкурстук табыштамаларды ачкан күнгө карата эсептелет, андан ары баасы учурдагы курс боюнча жүргүзүлөт. Төлөм төлөө күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген тийиштүү валютанын расмий курсу боюнча кыргыз сому менен төлөм жүргүзүлөт.
- "Конкурстун өзгөчө нускамасынын" 15.1-пунктунда сатып алуучу конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылуу боюнча талаптарды белгилөөгө тийиш. Конкурска катышууга чакырууда көрсөтүлгөн сумма "Конкурстун өзгөчө нускамасына" ылайык келиши керек. Конкурстун катышуунун баасына байланыштуу маалыматтар жайылып кетпеш үчүн финансылык мекеме тарабынан кепилдикти берүүдө белгиленген сумманы көрсөтүү талапка ылайык болуп эсептелет. Кепилдиктин суммасы кызмат көрсөтүүнүн наркынын 2 (эки) пайызынан ашпашы керек, иштөө мөөнөтү конкурстук табыштаманын иштөө мөөнөтүнө дал келиши керек.
- "Келишимдин жалпы шарттары" (КЖШ) типтүү бөлүк болуп саналат жана КЖШнын беттеринде эч кандай өзгөртүүлөр жасалбашы керек. Сатып алуучу уюм (мындан ары - сатып алуучу) КЖШга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болгон учурда аларды "Келишимдин өзгөчө шарттарында" (КӨШ) гана жасоого тийиш. "Келишимдин өзгөчө шарттары" бөлүгүндө конкреттүү гана келишимге карата колдонулуучу жоболор эскертилет, алар төлөм шарттары, айып санкциялары, талаш-тартыштарды жөнгө салуу үчүн соттук инстанциялар жөнүндө маалыматтар жана башкалар. "Келишимдин өзгөчө шарттарына" киргизилүүчү өзгөртүүлөр же толуктоолор Кыргыз Республикасынын учурдагы иштеп жаткан мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш.
- Келишимдин формасы. Стандартык форма, ал келишимге кол коюуда толтурулат (келишимдин жалпы суммасы, тараптардын реквизиттери) жана заказ берүүчү жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан кол коюлат. Келишим кол коюлган Келишим формасынан жана ушул формаларда саналган бардык тиркемелерден турат.
- Кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси (ККТ). Кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесинде ар бир аталыштагы кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү жана аталыштары көрсөтүлөт, бирок баага байланыштуу кандайдыр бир маалыматтар алып салынат (ар бир аталыштагы кызмат көрсөтүүлөр боюнча (кызмат көрсөтүүнү берүүчү тарабынан) бааларды жана жыйынтык наркты көрсөтүү үчүн бош графа калтырылат). Эгерде бирдей мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөр конкурстук табыштаманын баасына таасир тийгизе турган ар кандай жерлерде же ар кандай шарттарда аткарылса, анда алар ордун жана шарттарын ККТда көрсөтүү менен (өзүнчө позициялар катары көрсөтүлүп) майда-баратына чейин жазылышы керек. Колдонулган материалдар тийиштүү кызмат көрсөтүүлөрдүн наркына киргизилет жана өзүнчө позиция катары белгиленбейт. Катышуучу тарабынан толтурула турган Кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси төмөнкү максаттарды көздөйт:
а) конкурстун катышуучуларына конкурстук табыштамаларды туура жана квалификациялуу даярдоого жардам берүү үчүн аткарууга зарыл болгон кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү тууралуу жетиштүү маалымат менен камсыздоо;
б) келишим түзүлгөн учурда, аткарылган кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын мезгилдүү баалоо үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларын көрсөтүү менен, кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин колдонуу.
Заказ берүүчү конкурстук документтерде Кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесине кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүн, ар бир түр боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн болжолдонгон көлөмүн жана өлчөө бирдигин көрсөтөт.
- "Кызмат көрсөтүүлөргө талаптар" бөлүгүндө кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу үчүн колдонула турган материалдардын жана жабдуулардын сапатына талаптарды жана кызмат көрсөтүүнү аткарууга стандарттарды белгилөө керек. Колдонулуучу материалдар жаңы, мурда колдонулбаган болушу керек, эгерде келишим менен башкасы каралбаган болсо, азыркы учурда өндүрүштө колдонулуучу моделдердин же алардын эң акыркылары боюнча жасалган болушу керек жана материалдарды иштеп чыгуу жана долбоорлоо жаатында акыркы жетишкендиктердин бардыгын чагылдырышы керек. Спецификациялар жана чиймелер эң кеңири атаандаштыкты түзүп бере алгыдай мүнөздө түзүлүүгө тийиш жана ошол эле учурда кызмат көрсөтүүнү аткаруу сапатына жана көлөмүнө талаптарды так белгилөөнү камсыздашы керек. Ошондой шартта гана сатып алууларды ишке ашырууда үнөмдүүлүк, натыйжалуулук, адилеттүүлүккө жетүүгө болот жана белгиленген талаптарга конкурстук табыштамалардын ылайык келүүсүн камсыздоого болот, ошондой эле мындан кийин конкурстук табыштамаларды баалоону жеңилдетүүгө болот. Техникалык талаптарды түзүүдө алар чектелген мүнөздө болбошуна көз салуу керек. Эгерде конкурстук катышуучуларынын негизсиз чектөөгө алып келе турган талаптар болсо, андай талаптар конкурстук документтерге киргизилбейт. Кызмат көрсөтүүлөрдүн жана материалдардын стандарттарынын спецификациясында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таанылган ченемдер жана стандарттар мүмкүн болушунча кеңири пайдалануу керек. Стандарттарынын спецификациясында башка ченемдерин пайдаланууда таанылган башка ченемдерге стандарттарга жооп берген кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жана материалдар алгылыктуу болуп эсептелерин белгилей кетүү керек жана сапаттын жогорку деңгээлин камсыз кылат. Муну менен катар, техникалык талаптар төмөнкү көрсөтмөлөрдү камтыбашы керек:
а) соода маркасын;
б) товардык белгини;
в) кызмат көрсөтүүлөрдүн же материалдардын өндүрүлгөн жеринин же өлкөсүнүн аталышын, же өндүрүүчүнүн аталышын.
Конкурска катышууга чакыруу
Датасы: ___________________
Урматтуу катышуучу
1. Сатып алуучу (көрсөтүү керек) ______________ Сизди кызмат көрсөтүүгө конкурстук табыштаманы берүүгө чакырат
______________________________ (кызмат көрсөтүүнүн кыскача сыпатталышы)
2. Кызмат көрсөтүүлөрдүн аткарылуучу орду: ______________________________________
3. Кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу мөөнөтү: __________________________________________
4. Сиз мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталынан конкурс үчүн конкурстук документтердин толук пакетин алып тааныша аласыз.
5. Кызмат көрсөтүүнү сатып алууга конкурс алкактык макулдашууга кол коюу үчүн жүргүзүлүп жатат (эгерде колдонулбаса, бул пунктту алып салуу керек).
6. Сиздин конкурстук табыштама конвертке салынып, чапталып, дареги жазылып жана төмөндү дарекке жеткирилиши керек:
ЖЕ
Төмөнкү дарек боюнча электрондук веб-порталында жайгаштырылышы керек:
_______________________________________________ (Веб-порталдын дареги)
7. Телефон: ____________________________________________________________
8. Дарек: _______________________________________________________________
9. Электрондук почта: ____________________________________________________
10. Конкурстук табыштамалар конкурстук комиссия тарабынан ага катышууну каалаган катышуучулардын өкүлдөрүнүн катышуусунда саат_______ "____" ___________ 20___-ж. ____________________ дареги боюнча ачылат. Көрсөтүлгөн убакыттан кийин берилген конкурстук табыштамалар кабыл алынбайт жана ачылбастан туруп катышуучулардын өздөрүнө кайтарылат.
11. Ачуу процедурасында Сиз аудиого жаздырып же видео тартууга укуктуусуз. (бул иш-аракеттер жөнүндө ачуунун алдында конкурстук комиссияны кабардар кылып, ачуу протоколунда катталуу керек).
12. Сиздин конкурстук табыштама конкурстук табыштамаларды ачуу күнүнөн баштап _______ күн аралыгында күчүндө болууга тийиш.
13. Конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылуу өлчөмү жана формасы _____________________
же
конкурстук табыштамага кепилдик берүүчү декларацияны берүү керек. (кереги жогун алып салуу керек)
14. Келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылуунун өлчөмү жана формасы _________________ (эгер талап кылынса)
15. Аванстык төлөм ___________ (пайызын көрсөтүү керек, эгер колдонууга ылайык келбесе алып салуу керек)
16. Конкурстук табыштаманын күчүндө болуу мөөнөтү _________________________________________
17. Конкурс алдындагы кеңешме саат ______________________________ "_____" ___________________________ 20___-ж. ________________________________________________________ дареги боюнча болот.
Конкурс алдындагы кеңешме конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин беш жумушчу күндөн кеч эмес мөөнөттө өткөрүлөт (эгерде конкурстун алдындагы кеңешме өткөрүлбөсө алып таштоо керек).
Урматтоо менен,
Сатып алуучу уюмдун жетекчисинин аты-жөнү.
Тиркеме № 1
1-бөлүк. Конкурстун нускамасы (КН)
Ушул “Конкурстук нускама” (мындан ары текстте "КН") бардык конкурстарга колдонула турган типтүү бөлүк болуп саналат. КН текстине эч кандай өзгөртүүлөр киргизилбеши керек.
Сатып алуучу маалыматтарды "Конкурстун катышуучуларына өзгөчө нускамага" гана киргизет (мындан ары текст боюнча "ККӨН"), ошондой эле "Келишимдин өзгөчө шаттарына" (мындан ары текст боюнча "КӨШ"), "Кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесинде"( мындан ары текст боюнча "КТ") жана "Кызмат көрсөтүүгө талаптар" (мындан ары текст боюнча "ККТ").
А. Жалпы жоболор
1. | Каржылоо булагы |
1.1. | Конкурстун жыйынтыгы боюнча түзүүгө мүмкүн болгон келишимди каржылоо үчүн ККӨНдө көрсөтүлгөн каражаттар пайдаланылат. |
2. | Конкурстун катышуучуларынын мыйзамдуу укуктары |
2.1. | Конкурска катышууга чакыруу, Кыргыз Республикасы катышуучу болгон кандайдыр-бир эл аралык макулдашуулар же Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен өз ара мамилелерге тыюу салынган өлкөлөрдөн тышкары, ар бир өлкөнүн кызмат көрсөтүүнү берүүчүлөрүнө жайылтылат. |
2.2. | Конкурстун катышуучусу (консорциумдун бардык мүчөлөрүн жана субподрядчыларды кошкондо) Мыйзамдын 6-беренесине ылайык кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербеши керек жана кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол берген конкурстун катышуучуларынын конкурстук табыштамалары кабыл алынбайт. Конкурстук процесстин бир же бир нече тараптары менен кызыкчылыктардын кагылышуусу төмөнкү учурларда болот: (а) бул конкурстук документтердин башка бөлүмдөрүнүн же/жана техникалык талаптарын иштеп чыгуу боюнча консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү көрсөтүүгө бөлүмчөсү же ар бир филиалы, кызматкерлери заказ берүүчү тарабынан тартылган уюм менен мурда же азыркы учурдагы байланышы; (б) ушул конкурстук процесстин алкагында бирден көп конкурстук табыштаманы берсе же конкурстун башка катышуучусу менен же заказ берүүчү менен жалпы жетекчиге жана/же түзүүчүгө ээ болсо. Бирок бул чектөө субродрядчылардын же берүүчүлөрдүн бирден ашык конкурстук табыштамага катышуусуна жайылтылбайт; же (в) конкурстук табыштаманы берген күнгө чейин акыркы эки жыл аралыгында заказ берүүчүнүн кызматкери болуп эсептелсе, же мындай кызматкерди жалданма персонал катары пайдаланса. |
2.3. | Кыргыз Республикасынын Мыйзамдын 5-беренесине ылайык Конкурстун катышуучулары (консорциумдун бардык мүчөлөрүн жана субподрядчыларды кошкондо) ишеничтүү жана ак ниеттүү эмес берүүчүлөрдүн маалыматтар базасында болбошу керек. |
2.4. | Сатып алуучу Мыйзамдын 6-беренесинин 3, 4, 5, 7-бөлүмдөрү менен каралган учурларда берүүчүлөр менен алкактык макулдашуу же келишим түзө албайт. |
3. | Конкурстун катышуучуларынын квалификациясы |
3.1. | Конкурстун катышуучулары конкурстук табыштама менен бирге ушул конкурстук документтерде белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүсүн аныктаган документалдык аныктаманы, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу графигине дал келген жана сунушталган методдун сыпатталышын беришет. |
3.2. | Эгерде алдын-ала квалификациялык тандоо өткөрүлгөн болсо, анда келишимди берүүдө алдын-ала квалификациялык тандоодон өткөн гана катышуучулардын конкурстук табыштамалары каралат. Бул катышуучулар алдын-ала квалификациялык тандоого табыштама берген учурдан баштап келип чыккан бардык өзгөртүүлөр көрсөтүп жана бардык тиркемелер менен "Квалификация жөнүндө маалыматтардын" толтурулган формасын берип, алдын-ала квалификациялык тандоого алгачкы табыштамада берилген маалыматтарды тастыктоого тийиш. |
3.3. | Эгер, Сатып алуучу Мыйзамдын 27-беренесине ылайык потенциалдуу катышуучуларды алдын ала квалификациялык тандоодон өткөрбөсө, бардык катышуучулар эгер, Конкурстун нускамасына карата Өзгөчө шарттарда башка каралбаса, конкурстук табыштаманын курамына кирген Квалификация жөнүндө маалыматтарга кийинки маалыматтарды жана документтерди ошондой эле төмөнкү маалыматтарды кошууга тийиш: а) иштин негизги түрүн жана катталган ордун, юридикалык статусун көрсөтүү менен юридикалык жактын уставы жана каттоосу жөнүндөгү күбөлүктүн көчүрмөсүн; б) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген учурда колдонууда болгон лицензиянын көчүрмөсүн (лицензиялоого тийиш болгон, келишим менен каралган иштин бардык түрлөрүн); в) "Конкурстун өзгөчө нускамасында" көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы көлөмү тууралуу маалыматтарды; г) "ККӨНдө" көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрүн аткаруу боюнча тажрыйбасы бар экени жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле бул келишимдер боюнча мындан ары маалыматтарды алуу үчүн кайрылууга боло турган адамдардын байланыш маалыматтарын жана дарегин, алар жөнүндө маалыматтарды, келишимдик милдеттенмелер жөнүндө так маалыматтарды; д) жетекчилердин жана негизги кызматкерлердин квалификациясы жана иш тажрыйбасы жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле келишимди аткаруунун жүрүшүндө колдонуу болжолдонгон негизи жабдуулардын жана материалдардын бар экени жөнүндөгү маалыматтарды; е) Конкурстук табыштаманы берердин алдындагы "Конкурстун катышуучуларына өзгөчө нускамада" көрсөтүлгөн мезгил үчүн конкурстун катышуучусунун финансылык ишмердиги жөнүндө отчеттордун көчүрмөсүн (баланстар, чарба иштеринин жыйынтыгы жөнүндө отчеттор, акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчеттор, кирешелер жана чыгымдар жөнүндө отчеттор, аудитордук корутундулар); ж) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна милдеттүү төлөмдөрдү жана салыктарды төлөө боюнча карыздардын жок экендиги тууралуу маалымдама жана алар конкурс өткөрүлгөн учурда күчүндө болушу керек; з) келишимди аткаруу үчүн финансылык ресурстардын бар экенин тастыктаган документтер (жүгүртүү каражаттары, кредиттик линияга жеткиликтүүлүк, башка финансылык ресурстардын бар экени); и) Конкурстун катышуучуларын тейлеген банктардан маалыматтарды алуу укугуна ишеним кат; к) акыркы ____ жылда(рда) же азыркы учурда тартылган соттук катышууга тиешелүү маалымат соттук катышуучулардын тараптарын жана талашылып жаткан сумманы көрсөтүү менен азыркы учурда катышуучу тартылган соттук териштирүүгө тийиштүү маалыматтар боюнча мыйзам түрүндө күчүнө кирген соттук акт. |
3.4. | Келишимди алууга талаптануу үчүн конкурстун катышуучусу төмөндөгү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек: а) аткарылган кызмат көрсөтүүлөр боюнча жылдык жүгүртүү "Конкурстун катышуучуларына өзгөчө нускамада" көрсөтүлгөн суммадан кем болбошу керек; б) мүнөзү жана татаалдык даражасы боюнча окшош болгон келишимдерди аткаруу тажрыйбасы бар экенин (келишимдин минималдуу наркы "Конкурстун катышуучуларына өзгөчө нускамада" көрсөтүлгөн), ошондой эле "Конкурстун өзгөчө нускамасында" саналып кеткен кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрүн аткаруу тажрыйбасы; конкурстук табыштаманы берген күнгө карата ал боюнча тажрыйбасы көрсөтүлө турган келишимдин 70 пайызынан кем эмеси аякташы керек (ошону менен бирге сатып алуучу уюм өткөрүлүп жаткан конкурска же өзүнчө лотко, сатып алуунун наркынан артык мүнөзү боюнча окшош кызмат көрсөтүүлөргө талап коюуга укуктуу эмес); в) "Конкурстун катышуучуларына өзгөчө нускамада" саналган жабдуулардын негизги түрлөрүн ижарага алуу мүмкүндүгүн же өзүндө бар экенин тастыктоо; г) Көлөмү жана мүнөзү боюнча окшош кызматты көрсөтүү тажрыйбасы бар негизги кызматкерлердин жана жетекчилердин бар болушу; д) Келишимди аткаруу үчүн жетиштүү көлөмдө финансылык ресурстардын бар болушу; е) Конкурстун катышуучусуна карата козголгон соттук териштирүүлөрдүн жок экендиги; конкурстун катышуучусуна же консорциумдун кайсы бир мүчөсүнө карата мурда бир нече жолку соттук териштирүүлөрдүн бар болушу жана ал боюнча жыйынтыгында терс чечим кабыл алынган болсо, анда бул берилген конкурстук табыштаманы кабыл албай коюу үчүн жетиштүү негиз болуп эсептелет; ж) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, келишим менен каралган иштердин түрлөрүн ишке ашырууга учурда колдонуудагы лицензиянын бар болушу (эгер сөзсүз түрдө лицензиялоого тийиш болсо), же болбосо келишимге кол коюлганга чейин мындай лицензияны алууга катышуучунун жазуу жүзүндөгү милдеттенмеси; з) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна милдеттүү төлөмдөр жана салык төлөө боюнча карыздардын жоктугу; и) Конкурстун катышуучуларына өзгөчө нускамада көрсөтүлгөн кошумча талаптар. |
3.5 | Эгерде конкурстук документтерде лот боюнча баалоо каралган болсо жана ар бир лот үчүн өзүнчө квалификациялык талаптар белгиленген болсо, анда бир нече лот боюнча келишим алууга талаптанган катышуучу, эгер Конкурстун өзгөчө нускамасында башкасы көрсөтүлбөгөн болсо, ар бир лот үчүн КНнын 3.4 пунктунун а),б),в),г) жана д) пунктчаларында белгиленген талаптардагы суммага ылайык келиши керек. |
3.6. | Эгерде Конкурстук табыштама бир же андан ашык фирмадан турган консорциум тарабынан берилсе, анда: а) жөнөкөй шериктештиктин (консорциумдун) ар бир мүчөсү Конкурстун нускамасынын 3.3-пунктунда талап кылынган маалыматтарды берет; б) Конкурстук табыштама менен бирге, бардык өнөктөштөр үчүн юридикалык күчкө ээ болуш үчүн мына ушундай түрдө түзүлгөн жана кол коюлган жөнөкөй шериктештикти (консорциумду) түзүү жөнүндө макулдашуу берилет; в) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына жана келишимдин шарттарына ылайык келишимди аткаруу үчүн бардык өнөктөштөр бирдей жоопкерчилик тартышат, бул жөнөкөй шериктештикти (консоциумду) түзүү жөнүндө макулдашууда чагылдырылышы керек; г) өнөктөштөрдүн бири жетектөөчү болуп дайындалат, бул жөнөкөй шериктештикти (консорциумду) түзүү жөнүндө макулдашуу менен тастыкталат, жетектөөчү өнөктөштүн эсебине гана аткарылуучу төлөмдөрдү кошкондо, ал бардык өнөктөштөрдүн же кайсы бир өнөктөштүн атынан алардын тапшырмасы боюнча көрсөтмө алууга жана милдеттенмелерди алып жүрүүгө ыйгарым укуктуу. |
3.7. | Конкурстук документтерде сатып алуучу жөнөкөй шериктештиктин өнөктөштөрүнө талаптарды белгилейт. Жогоруда көрсөтүлгөн КНнын 3.4-пунктун а), б), в), г) жана д) пунктчаларында баяндалган квалификациялык талаптарга конкурстун катышуучусу ылайык келээрин аныктоо үчүн жөнөкөй шериктиештиктин (консорциумдун) ар бир мүчөсүн мүнөздөөчү цифралар суммаланат. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте конкурстук сунуштагы бардык документтер нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн болуусу керек. Конкурстук документтерде талап кылынган жок учурда же коюлган талаптарга ылайык келбеген учурда сатып алуучу катышуучунун конкурстук сунушун четке кагат. |
3.8. | “Конкурстун өзгөчө нускамасында” башкасы каралбаган болсо, квалификациялык талаптарга ылайык келүүсүн аныктоодо субподрядчылардын тажрыйбасы эсепке алынат. |
4. | Ар бир катышуучудан бир конкурстук табыштама |
4.1. | Конкурстун ар бир катышуучусу бир гана конкурстук табыштама бере алат. Бул конкурска өз алдынча бирден көп конкурстук табыштама берген же, жөнөкөй шериктештиктин (консорциумдун) өнөктөшү катары бир нече табыштамага катышкан катышуучунун бардык табыштамалары четке кагылат. |
5. | Конкурска катышуудагы чыгымдар |
5.1. | Катышуучу конкурстук табыштаманы берүү жана даярдоого байланыштуу бардык чыгымдарды тартат. Заказ берүүчү конкурстун жыйынтыгына карабастан мындай чыгымдарды толтуруу үчүн жоопкерчилик тартпайт. |
6. | Кызмат көрсөтүлө турган участокту көрүп келүү |
6.1. | Катышуучу өзүнүн жоопкерчилиги жана тобокелдиги алдында кызмат көрсөтүү болжолдонгон участокту көрүп келсе болот. Участокту көрүүдө катышуучу тарабынан өз алдынча алынган бардык маалыматты конкурстук табыштаманы даярдоо жана келишим түзүү үчүн колдонууга болот. Катышуучу тарабынан участокко барууга кеткен чыгымдар өздүк каражаттарынын эсебинен жабылат. Конкурстук табыштаманы берүү менен конкурстук катышуучусу келечектеги кызмат көрсөтүлө турган участокту текшерип карап көргөндүгүн жана бардык болгон шарттарды эске алганын билдирет. |
| Б. Конкурстук документтерге кирүүчү документтердин тизмеси |
7. | Конкурстук документтердин мазмуну |
7.1. | Конкурс үчүн документ (мындан ары текст боюнча - Конкурстук документ) төмөнкүдөй бөлүктөрдү камтыйт: 1-бөлүк. Конкурстун катышуучуларына нускама (ККН); б) 2-бөлүк. Конкурстун катышуучуларына өзгөчө нускама (ККӨН); в) 3-бөлүк. Келишимдин жалпы шарттары (КЖШ); г) 4-бөлүк. Келишимдин өзгөчө шарттары (КӨШ); д) 5-бөлүк. Кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси (КТ); е) 6-бөлүк. Кызмат көрсөтүүлөргө талаптар (ККТ); ж) 7-бөлүк. Стандарттык формалар. ККӨНдө көрсөтүлгөн конкурстук документтерге киргизилген стандарттык формалардын тизмеси. |
7.2. | Конкурска катышууга чакыруу Конкурстук документтин курамына кирбейт жана маалымат үчүн гана киргизилет. "Конкурстун нускамасынын" 7.1-пунктунда саналып өткөн Конкурска катышууга чакыруу менен конкурстук документтин ортосунда туура келбестик келип чыкканда конкурстук документ артыкчылыкка ээ болот. |
7.3. | Конкурстун катышуучусу конкурстук документте камтылган кызмат көрсөтүүлөргө бардык талаптарды, шарттарды, формаларды, нускамаларды таанышып чыгышы керек. Конкурстук документтерде суралган маалыматтарды толук бербөө, же конкурстук документтердин талаптарына жооп бербеген конкурстук табыштаманы берүү конкурстук табыштаманы четке кагууга алып келет. |
8. | Конкурстук документке түшүндүрмө берүү жана конкурстун алдындагы кеңешме |
8.1. | Конкурстун катышуучусу ККӨНдө көрсөтүлгөн дарек боюнча жазуу жүзүндө суроо-талап жөнөтүп, конкурстук документ боюнча түшүндүрмө берүүнү заказ берүүчүдөн сураганга укуктуу. Суроо-талап конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү аяктаганга 5 жумуш күндөн кем эмес убакыт калганга чейин заказ берүүчү тарабынан кабыл алынышы керек. Заказ берүүчү мындай суроо-талапка конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү аяктаганга 3 жумуш күнүнөн кем эмес убакыт калганга чейин суроо-талаптын мазмунун баяндап түшүндүрмө берүүгө тийиш. Түшүндүрмө конкурстук документ берилген бардык катышуучуларга жөнөтүлөт, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына жайгаштырылат. |
8.2. | Эгерде ККӨНдө каралган болсо, анда заказ берүүчү конкурстун алдындагы кеңешмени ККӨНдө көрсөтүлгөн жерде, көрсөтүлгөн күнү жана убакытта өткөрөт. Катышуучуларга конкурстун алдындагы кеңешме башталганга чейин заказ берүүчүгө суроолордун тизмесин даярдап жана жөнөтүү сунушталат. Кеңешменин жыйынтыгы боюнча берилген суроолор жана алардын түшүндүрмөлөрүн көрсөтүү менен протокол түзүлөт. Протокол Конкурстук документ жөнөтүлгөн бардык катышуучуларга жөнөтүлөт, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулардын Веб-порталына жайгаштырылат. |
9. | Конкурстук документтерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү |
9.1. | Заказ берүүчү конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин 3 жумуш күн калгандан кеч эмес конкурстук документтердин бөлүктөрүнө же кызмат көрсөтүүлөргө талаптарга, толуктоолорду жарыялоо жолу менен өзгөртүү киргизүүгө укуктуу. Конкурстук документтердин өзгөртүлүшү (толуктоо) тууралуу маалымат конкурстук бардык катышуучуларына сөзсүз түрдө жазуу жүзүндө билдирме жиберүү аркылуу мамлекеттик сатып алуулардын Веб-порталына жарыяланат. |
9.2. | Конкурстун катышуучулары киргизилген өзгөртүүлөрдү же берилген түшүндүрмөлөрдү эсепке алып, конкурстук табыштамаларын даярдоо үчүн жетиштүү убакыт берүү үчүн, заказ берүүчү, өз мүмкүнчүлүгүнө карап, Конкурстун нускамасынын 9.1-пунктунда көрсөтүлгөн боюнча, тийиштүү толуктоолорду жарыялап жана катышуучуларга кабарлап, конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтүн узартса болот. |
В. Конкурстук табыштаманы даярдоо | |
10. | Конкурстук табыштаманын тили |
10.1. | Конкурстун катышуучусу тарабынан даярдалган конкурстук табыштама (мындан ары текст боюнча "Конкурстук табыштама"), ошондой эле конкурстун катышуучусу жана заказ берүүчү бири-бирине жазышып туруучу конкурстук табыштамага тийиштүү бардык корреспонденция жана документтер ККӨНдө көрсөтүлгөн тилде түзүлүүгө тийиш. |
10.2. | Эгерде Конкурстук табыштамада документтер башка тилде тиркелсе (сертификаттардын көчүрмөлөрү, техникалык документ, рекламалык продукция жана башкалар), анда мындай документтер Конкурстун нускамасынын 10.1-пунктундагы тилге күбөлөндүрүлгөн котормо менен коштолушу керек. |
11. | Конкурстук табыштамага кирген документ |
11.1. | Конкурстук табыштама төмөнкүлөрдү камтышы керек: а) конкурстун катышуучусунун аталышын жана юридикалык дарегин, сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн сыпатталышын жана жалпы наркын (эгерде конкурстук документте менен бирден ашык лот каралган болсо, ар бир лот боюнча) көрсөтүү менен "Конкурстук табыштаманын” (7-бөлүктө берилген стандарттык формага ылайык) толтурулган формасын; б) Кызмат көрсөтүүнүн ар бир түрү боюнча өзүнчө бааларын жана жыйынтык наркын, ошондой эле жалпы наркын (эгерде конкурстук документтер менен бирден ашык лот каралган болсо, айрым “кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси” сунушталган ар бир лот боюнча толтурулат) көрсөтүү менен (5-бөлүктө берилген формага ылайык) толтурулган “Кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси”; в) конкурстук табыштамага кол койгон жана конкурстун катышуучусунун атынан анын милдеттерин кабыл алууга ыйгарым укуктуулугун тастыктаган адамга берилген конкурстук табыштамага кол коюу укугуна ишеним (жөнөкөй шериктештикти түзүү жөнүндө макулдашуу), эгерде конкурстук табыштамага ишкананын жетекчиси тарабынан кол коюлган болсо, анын ыйгарым укуктарын тастыктоочу документтердин жана анын дайындалганы жөнүндөгү буйруктун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү берилет; г) тиркемелери менен "Квалификация жөнүндө маалыматтын" (7-бөлүктө берилген формага ылайык) толтурулган формсы, ошондой эле КНдин 3.3-пунктунда каралган бардык маалыматтар жана документтер; д) КНдин 16-бөлүгүндө талап кылынган "Конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылуу, эгерде кепилдик камсыз кылуу жогоруда аталган бөлүк менен талап кылынбаса (7-бөлүктө берилген стандарттык формага ылайык) анда "Конкурстук табыштамага кепилдик берүүчү декларация"; е) кызмат көрсөтүүлөр үчүн колдонулуучу материалдар жана жабдууларга толтурулган техникалык спецификацияларды кошкондо, конкурстук документтердин талаптары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу графиги жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруунун сунушталган методдоруна ылайык келүүсүн тастыктаган документтер, эгерде "Кызмат көрсөтүүлөргө талаптар" бөлүгүндө (заказ берүүчүнүн талаптарына бардык эскертүүлөрдү жана четке кагууларды көрсөтүү менен) сунушталган колдонулуучу материалдардын жана жабдуулардын мүнөздөрүнүн сыпатталышы жана ККӨНдө көрсөтүлгөн башка документтер берилген болсо; ж) конкурстун катышуучусу тарабынан ар бир барагына кол коюлган "Келишимдин жалпы шарттары" жана "Келишимдин өзгөчө шарттары"; з) ККӨНгө ылайык конкурстун катышуучусу берүүгө тийиш болгон башка документтер. |
11.2. | Конкурстук табыштамада талап кылынган документтердин жок болушу мындай конкурстук табыштаманы четке кагуу үчүн жетиштүү негиз болот. |
11.3. | Эгерде башкасы көрсөтүлбөгөн болсо, документтердин түп нускасы берилүүгө тийиш. Конкурстук табыштамада берилген, катышуучунун квалификациясын жана мыйзамдуу укугун тастыктоочу документтердин көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын мызамдарында көрсөтүлгөн учурларда нотариалдык күбөлөндүрүлгөн болууга тийиш. Документтер КНдин 10.1.-пунктунда көрсөтүлгөн тилден башка тилде болсо, конкурстун катышуучусу мыйзамдаштырылган котормону нотариус тарабынан күбөлөндүрүп берүүгө тийиш. |
12. | Конкурстук табыштаманын баасы |
12.1. | "Кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесинде" жана "Конкурстук табыштаманын" формасында конкурстун катышуучусу тарабынан көрсөтүлгөн баалар кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле келишимде көрсөтүлгөн келишимдик башка милдеттенмелерди аткарууга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү тарабынан төлөнүүчү бардык чыгымдарды, алымдарды жана жыйымдарды, салыктарды камтууга тийиш. |
12.2. | Конкурстун катышуучусу тарабынан сунушталган баа жазылып белгилениши керек жана келишимди аткаруу жана конкурстук табыштаманын иштөө мөөнөтү аралыгында эч бир шартта өзгөртүлбөшү керек. Баалардын өзгөрүшүнө жол берген конкурстук табыштама конкурстук документтин негизги шарттарына жооп бербеген катары каралат жана КНтин 26-бөлүгүнө ылайык четке кагылат. |
12.3. | ККӨНдө көрсөтүлгөн боюнча, сатып алуулардын предмети өзүнчө лотторго бөлүнгөндө катышуучулар конкурстук табыштамаларын бир же бир нече лотко бере алышат. Конкурстук табыштамаларды баалоо жана Келишимди ыйгаруу ар бир лот боюнча өзүнчө аткарылат. Конкурстук табыштама бир нече лотко берилген учурда конкурстун катышуучусу ар бир сунушталган лотко өзүнчө "Кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин" толтурушу керек жана "Конкурстук табыштама" формасында ар бир лоттун жалпы наркын көрсөтүшү керек. |
13. | Конкурстук табыштамалардын валютасы жана төлөмдөрү |
13.1. | Эгерде ККӨНдө башкасы каралбаган болсо, баалар кыргыз сому менен көрсөтүлүшү керек. |
13.2. | Эгерде ККӨНдө башкасы каралбаган болсо, чет элдик валютада баа коюуда Кыргыз Республикасынын резиденти болуп эсептелген кызмат көрсөтүүлөрдүн берүүчүсүнүн төлөмү, төлөө күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет элдик валютага ылайык келе турган расмий курс боюнча улуттук валютада (кыргыз сому менен) жүргүзүлөт. |
14. | Конкурстук табыштаманын иштөө мөөнөтү |
14.1. | Конкурстук табыштама "Конкурстун нускамасынын" 21.1-пунктуна ылайык конкурстук табыштаманы ачкан күндөн баштап эсептелген ККӨНдө көрсөтүлгөн мөөнөт аралыгында катышуучу тарабынан өзгөртүлбөйт же болбосо чакыртылып алынбайт жана күчүндө болууга тийиш. |
14.2. | Эгерде баалоо жана келишимге кол коюу КНдин 14.1.-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөтүндө бүткөрүлбөсө, Заказ берүүчү конкурстун катышуучуларынан алардын конкурстук табыштамаларынын мөөнөтүн белгилүү мезгилге узартууну суранууга укуктуу. Мындай өтүнүч жана ага жооп берүү жазуу жүзүндө болууга тийиш. Конкурстун катышуучусу конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылууну кайтарып алуу укугун жоготпостон, өзүнүн конкурстук табыштамасынын мөөнөтүн узартуу өтүнүчүн канааттандырбай коюуга укуктуу. Өзүнүн табыштамасынын иштөө мөөнөтүн узартууга макул болгон конкурстун катышуучусу ага кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укугу жок жана конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылуунун иштөө мөөнөтүн тийиштүү мезгилге узартууга милдеттүү. Конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылуу банктык кепилдик менен берилген болсо, конкурстун катышуучусу мурда берилген кепилдикти узартуу жөнүндө банктын тастыктамасын бериши керек, же конкурстук табыштаманын иштөө мөөнөтүн узартууну эске алуу менен жаңы конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылууну бериши керек. |
15. | Конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылуу |
15.1. | Конкурстун катышуучусу конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылуу "Конкурстун катышуучуларына нускаманын өзгөчө шарттарында" көрсөтүлгөн өлчөмдө жана формада өзүнүн конкурстук табыштамасынын бөлүгү катары берүүгө тийиш. Конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылуунун иштөө мөөнөтү конкурстук табыштаманын иштөө мөөнөтү менен дал келиши керек. |
15.2. | Конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылууга (же КНдин 15.5. пунктунда каралган болсо, "Конкурстук табыштаманы кепилдөөчү декларация") ээ болбогон конкурстук табыштама конкурстук документтердинн шарттарына жооп бербеген катары заказ берүүчү тарабынан четке кагылат. |
15.3. | Конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылуу заказ берүүчү тарабынан төмөнкүдөй учурларда кармалып калат: а) Жеңүүчүнүн конкурстук табыштамасында каралган шарттарда келишимге кол коюудан баш тартса; б) Келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылууну берүүдөн баш тартканда; в) Конкурстук табыштаманы ачкандан кийин жана анын иштөө мөөнөтү бүткөнгө чейин чакыртып алганда; г) Конкурстук табыштамалар салынган конверттерди ачкандан кийин конкурстук табыштамалардын шарттары өзгөртүлсө. |
15.4. | Конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылуу конкурстун катышуучусуна кандай суммада жана валютада берилген болсо ошондой түрдө, конкурстун жеңүүчүсү тарабынан келишимге кол коюлгандан кийин 3 жумуш күнүнөн кеч эмес, эгер талап кылынган болсо келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылууну бергенден кийин, же болбосо конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылууну иштөө мөөнөтү өткөндөн кийин кайтарылып берилет. |
15.5. | ККӨНдө көрсөтүлгөн боюнча, заказ берүүчү конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылууну берүү жөнүндө талаптын ордуна, конкурстун катышуучулары тарабынан 7-бөлүктө берилген стандарттык формага ылайык жазуу жүзүндө "Конкурстук табыштаманы кепилдөөчү декларацияны" берүү жөнүндө талапты белгилей алат. Бул декларациянын шарттарын бузса, катышуучу мамлекеттик сатып алууларга катышуудан четтетилет жана Мыйзамдын 6-беренесине ылайык "Ак ниеттүү эмес берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) маалымат базасына" киргизилет. |
16. | Конкурстук табыштаманы тариздөө жана кол коюу |
16.1. | Конкурстун катышуучусу конкурстук табыштаманын бир түп нускасын жана эки көчүрмөсүн даярдашы керек, ар бир экземплярда тийиштүү түрдө "КОНКУРСТУКТАБЫШТАМАНЫН ТҮП НУСКАСЫ" жана "КОНКУРСТУК ТАБЫШТАМАНЫН КӨЧҮРМӨСҮ" деп так көрсөтүшү керек. Түп нуска менен көчүрмөнүн ортосунда туура келбестик келип чыкканда, конкурстук табыштаманын түп нускасы артыкчылыкка ээ болот. |
16.2. | Конкурстук табыштаманын түп нускасы жана көчүрмөсү өчпөй турган сыя менен жазылышы же басылып берилиши керек жана конкурстун катышуучусунун атынан конкурстук табыштамага кол коюуга бардык ыйгарым укуктарга ээ адам тарабынан кол коюлуп жана конкурстун катышуучусунун мөөрү менен бекемделүүгө тийиш. |
16.3. | Конкурстук табыштамага кол коюуга ыйгарым укуктуу адамдын ыйгарым укугу ишеним кат же анын ыйгарым укугун жана дайындалышын тастыктоочу документтердин (устав, жетекчини дайындоо жөнүндө жеке менчик ээсинин чечими) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен тастыкталышы керек. |
16.4. | Конкурстук табыштамада саптардын арасына жазып киргизүүлөр, кырып тазалоолор, кошуп жазуулар болбошу керек. Эгерде конкурстун катышуучусу тарабынан табылган каталарды оңдоо зарыл болсо, оңдоолор өчпөй турган сыя менен киргизилиши керек жана конкурстук табыштамага кол койгон адам же адамдар тарабынан парафирлениши зарыл. |
Г. Конкурстук табыштамаларды берүү | |
17. | Конкурстук табыштамалар салынган конверттерди чаптоо жана маркерлөө |
17.1. | Конкурстун катышуучусу конкурстук табыштамалардын түп нускасын жана көчүрмөсүн өз-өзүнчө конверттерге салып чапташы керек жана аларды тийиштүү түрдө "ТҮП НУСКА" жана "КӨЧҮРМӨ" деп белгилеп коюшу керек. Мындан кийин конверттер тышкы конвертке салынып чапталат. |
17.2. | Ички конверт: а) "Конкурска катышууга чакырууда" көрсөтүлгөн дарек боюнча Сатып алуучуга даректелүүгө тийиш; б) сатып алынуучу предметтин аталышын жана Конкурска катышуучунун дарегин камтууга тийиш. Сырткы конверт "Конкурстун өзгөчө Нускамасында" көрсөтүлгөн конкурстук табыштамалардын сатып алуу предмети, ачуу убактысы жана датасы жана "Чейин ачпоо керек" деген сөздөрдү камтууга тийиш. |
17.3. | Эгерде тышкы конверт КНдин 17.2-пунктунун талаптарына ылайык чапталбаган жана маркерленбеген болсо, ал жоголуп кетсе, же өз учурунан эрте ачылган болсо заказ берүүчү жоопкерчилик тартпайт. |
18. | Конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү жана орду |
18.1. | Конкурстук табыштамалар ККӨНдө көрсөтүлгөн дарек боюнча жана өз убагында заказ берүүчү тарабынан алынышы керек. |
18.2. | Заказ берүүчү КНдин 8.2.-пунктуна ылайык катышуучуларды кабардар кылып жана конкурстук документтерге толуктоолорду жарыялоо менен конкурстук табыштамалардын акыркы мөөнөтүн кечирээк мөөнөткө жылдырса болот. Мындай учурда заказ берүүчүнүн жана конкурстун катышуучуларынын укуктары жана милдеттери конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтүн өзгөртүүнү эсепке алуу менен пайда болот жана уланат. |
19. | Белгиленген мөөнөттөн кийин алынган конкурстук табыштамалар |
19.1. | Конкурстук табыштамаларды берүүнүн КНдин 18-пунктунда белгиленген акыркы мөөнөтү аяктагандан кийин заказ берүүчү тарабынан алынган конкурстук табыштамалар кабыл алынбайт жана конкурстун катышуучуларына ачылбастан кайтарылып берилет. |
20. | Конкурстук табыштаманы өзгөртүү, алмаштыруу же чакыртып алуу |
20.1. | Конкурстун катышуучусу, КНдин 19-бөлүгүндө белгиленген конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин заказ берүүчүгө өзгөртүү, алмаштыруу же чакыртып алуу тууралуу жазуу жүзүндөгү билдирме жиберүү шарты менен, өзүнүн конкурстук табыштамасын бергенден кийин өзгөртсө, алмаштырса же чакыртып алса болот. Билдирмеге конкурстук табыштамага кол коюуга ыйгарым укугу КНдин 16.3-пунктуна ылайык тиркелген ишеним кат же башка документтер менен тастыкталган адам тарабынан кол коюлууга тийиш. |
20.2. | Конкурстук табыштаманы өзгөртүү, алмаштыруу же чакыртып алуу тууралуу билдирме КНдин 17 жана 18-бөлүктөрүнүн жоболоруна ылайык даярдалып, чапталып, маркерленип жана жеткирилиши керек. Муну менен катар конверттерге кошумча тийиштүү түрдө “ӨЗГӨРТҮҮ”, “АЛМАШТЫРУУ” же “ЧАКЫРТЫП АЛУУ” деп маркерленет. |
20.3. | Конкурстук табыштаманы берүүнүн акыркы мөөнөтү өткөндөн кийин конкурстук табыштаманы өзгөртүү, алмаштыруу же чакыртып алууга жол берилбейт. |
Д. Конкурстук табыштамаларды ачуу жана баалоо | |
21. | Конкурстук табыштамаларды заказ берүүчү тарабынан ачуу |
21.1. | Заказ берүүчү КНдин 18-бөлүгүндө белгиленген конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү бүткөнгө чейин берилген конкурстук табыштамалардын бардыгын катышууну каалаган конкурстун катышуучуларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда, ККӨНдө көрсөтүлгөн күнү жана саатта, көрсөтүлгөн дарек боюнча ачат. Конкурстун катышуучуларынын өкүлдөрү өздөрүнүн келгенин тастыктап журналга катталышы керек. Катышуучуларга аудио жаздырууга жана видеого тартууга уруксаат берилет. Конкурстук табыштамаларды ачардын алдында конкурстун катышуучулары аудио жаздыруу жана видиого тартуу жөнүндө өзүнүн ниети конкурстук комиссияга билдирүүгө тийиш. Табыштамаларды ачууда катышып турган адамдар конкурстук комиссиянын ишине кийлигишүүгө укугу жок. |
21.2. | Биринчи "ЧАКЫРЫП АЛУУ" деген жазуусу бар конверттер ачылат жана окулат. Конкурстук комиссия "ЧАКЫРЫП АЛУУ" тийиштүү түрдө таризделгенин аныктаган шартта конкурстук табыштама конкурстун катышуучусуна табыштамаларды ачуу жол-жобосу бүткөндөн кийин кайтарылып берилет. |
21.3. | Андан кийин "АЛМАШТЫРУУ" деген жазуусу бар конверт ачылып, окулат. Конкурстук комиссия "АЛМАШТЫРУУ" тийиштүү түрдө таризделгенин аныктаган шартта "АЛМАШТЫРУУ" тийиштүү түрдө таризделгенин аныктаган шартта "АЛМАШТЫРУУ" деген конверттеги маалымат ачылып, окулат, ал эми алгачкы конкурстук табыштама табыштамаларды ачуу жол-жобосу бүткөндөн кийин конкурстун катышуучусуна ачылбаган бойдон кайтарылып берилет. |
21.4. | Андан кийин "ӨЗГӨРТҮҮ" деген жазуусу бар конверттер ачылып, окулат. Конкурстук комиссия "ӨЗГӨРТҮҮ" тийиштүү түрдө таризделгенин аныктаган шартта катышуучунун алгачкы конкурстук табыштамасы ачылат, ал эми андагы маалымат "ӨЗГӨРТҮҮ" деген конвертте берилген маалыматтардагы өзгөртүүлөрдү жана оңдоп түзөтүүлөрдү эске алуу менен окулат. |
21.5. | Конкурстук табыштамалардын калгандары эркин тартипте ачылат. Муну менен катар конкурстук комиссия мурдараак ачылган конкурстук табыштамага тийиштүү маалыматтарды текшерүү жана жарыялоо аяктамайынча кийинки табыштаманы ачууга киришпейт. |
21.6. | Конкурстук табыштамаларды ачууда төмөнкүлөр жарыя кылынат: - конкурстун катышуучусунун аталышы жана юридикалык дареги; - конкурстук табыштамада "ЧАКЫРЫП АЛУУ", "АЛМАШТЫРУУ" же "ӨЗГӨРТҮҮ" бар же жок экени; - конкурстук табыштаманын баасы, эгерде конкурс бир нече лотко бөлүнгөн болсо, ар бир лоттун баасы окулат; - арзандатууларды берүү жана аларды колдонуу шарттары; - Конкурстук табыштамалардын иштөө мөөнөтү; - бар же жок экени жөнүндө маалымат: - "Конкурстук табыштамалардын" жана толтурулган "Кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесинин" формасы -"Конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылуу же "Конкурстук табыштаманы кепилдөөчү декларация" (КНдин 15-бөлүгүнүн талаптарына карата); - конкурстук табыштамага кол коюуга ыйгарым укугун тастыктоочу ишеним кат же башка документтер; - башка талап кылынуучу документтер (техникалык сунуштар жана квалификациялык маалыматтар) - Социалдык фондго милдеттүү төлөмдөр жана салыктар боюнча карыздардын болушу (жоктугу) жөнүндө маалыматтар, маалымдама берген уюмдардын аталышы жана берилген маалымдамалардын номерлерин кошкондо; -Талап кылынган бардык документтердин болушу. Конкурстук табыштамаларды ачууда баалоо жана же жеңүүчүнү жарыялоо жүргүзүлбөйт. Конкурстун катышуучусуна ачылбастан кайтарылууга тийиш болгон, кечигип калган конкурстук табыштамадан тышкары, конкурстук табыштама түздөн-түз ачуу учурунда четке кагылбайт. Ачуу жол-жобосу учурунда конкурстун катышуучуларына конкурстун башка катышуучуларынын конкурстук табыштамаларын же өзүнүн конкурстук табыштамасын тактоо, конкурстук документтерди түшүндүрүүгө тийиштүү маселелер боюнча конкурстук комиссияга кайрылууга тыюу салынат. |
21.7. | Заказ берүүчү конкурстук табыштамаларды ачуунун протоколун жүргүзөт, ал маалыматтар катышып тургандарга жарыяланат. Протоколго конкурстук катышуучулары, ачууга катышып тургандар жана конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн бардыгы кол коюшат, андан кийин, ачуудан бир күн өткөндөн кийин бир жумуш күнү ичинде мамлекеттик сатып алуулардын Веб-порталына жарыяланат. Конкурс электрондук форматта жүргүзүлгөн учурда катышуучулардын конкурстук табыштамалары система менен автоматтык түрдө ачылат жана ачуунун протоколу веб-порталда түзүлөт. |
21.8. | Конкурстук табыштамаларды ачуунун протоколунун көчүрмөсүн конкурстун катышуучусунун каалаганына анын суроо-талабы боюнча берүүгө болот. |
22. | Заказ берүүчү менен байланыш жана купуялуулукту сактоо |
22.1. | Келишимди тапшыруу боюнча сунуштарды жана конкурстук табыштамаларды карап чыгуу, баалоо жана салыштырууга тийиштүү маалыматтар конкурстун натыйжасы жана келишимди ыйгаруу жөнүндө кабарлоо Мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына жарыяланмайынча ачыкка чыгарылууга тийиш эмес. Конкурстун натыйжаларын жарыялаганга чейин жогоруда көрсөтүлгөн маалымат купуялуу болуп эсептелет жана конкурстук табыштамаларды баалоо боюнча өздөрүнүн милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө баалоо процессинде расмий катышкан адамдарга гана маалымдалат. |
22.2. | Конкурстук табыштамалар менен байланышкана суроо талаптардан башка учурларда, Конкурстун катышуучулары табыштамаларды ачкан учурдан келишимди ыйгарган учурга чейин конкурстун башка катышуучуларынын же өзүнүн конкурстук табыштамасына байланыштуу кандайдыр-бир маселе боюнча заказ берүүчү менен байланышууга тийиш эмес. |
22.3. | Конкурстун катышуучусу тарабынан келишимди ыйгаруу же конкурстук табыштамаларды баалоо жана салыштырууга байланыштуу заказ берүүчүнүн чечимине таасир бере турган ар кандай аракеттер, мындай катышуучунун конкурстук табыштамасын четке кагууга алып келет. |
23. | Конкурстук табыштамаларды түшүндүрүү |
23.1. | Конкурстук табыштамаларды баалоо процессинде заказ берүүчү конкурстун катышуучусунан анын конкурстук табыштамасы боюнча түшүндүрүүнү суранса болот. Түшүндүрүү боюнча суроо-талап жана ага жооп берүү жазуу жүзүндө болууга тийиш. КНдин 26-бөлүгүнө ылайык оңдоолор жана конкурстук табыштамаларды баалоодо заказ берүүчү тарабынан табылган арифметикалык каталардын оңдолгонун катышуучу тастыктагандардан тышкары, конкурстук табыштамалардын негизги шарттарын өзгөртүүгө же баа коюу жана бааны өзгөртүү байланыштуу иштерге суроо-талаптарга жол берилбейт. КНдин 24-бөлүгүндө саналган, жетпей калган документтерди конкурстун катышуучусунан сурап алууга тыюу салынат. |
24. | Конкурстук табыштамалар менен алдын-ала таанышуу |
24.1. | Заказ берүүчү, баалоо өткөрүлгөнгө чейин конкурстук табыштама тариздөө боюнча талаптарга жооп берерин, зарыл болгон документтердин бардыгын камтырын, тийиштүү түрдө кол коюлгандыгын жана конкурстук документте көрсөтүлгөн көлөмдө кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууну сунуштарына ынануу максатында алдын-ала баалоо жүргүзөт. Бул этапта заказ берүүчү төмөнкү талаптарга шайкеш келүүсүн белгилейт: б) Конкурстук табыштаманын формасын текшерүү. Конкурстук табыштамага кол коюу укугуна ээ адам кол коюшу керек. Эгерде конкурстун табыштамасына жетекчи тарабынан кол коюлбаган болсо, катышуучунун конкурстук табыштамасынын курамында катышуучунун атынан кол коюу укугун берүүчү ишеним кат болушу керек; б) Конкурстук табыштаманын толуктугу. конкурстун катышуучусу конкурстук табыштаманы толук көлөмдө берүүгө тийиш. Сатып алуучу уюм тарабынан суралган конкурстук документтерде кайсы бир документтин жок болушу конкурстук табыштамаларды четке кагууга негиз болот; в) Укуктуулугу жана алгылыктуулугу. Заказ берүүчү ишенимдүү эмес берүүчүлөрдүн, подрядчылардын тизмесинен катышуучуну текшерет. Эгерде өнөктөш бул тоорукка байланыштуу консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү берген болсо, же тооруктун бул катышуучусу юридикалык өз алдынча болгон мамлекеттик ишкана болуп саналса, анда тооруктун катышуучусу (жөнөкөй шериктештиктин бардык өнөктөштөрүн жана субподрядчыларды кошкондо), четтетилет. Конкурстук комиссия укуктуулук документтерди текшерүүгө тийиш, тактап айтканда, уставды, юридикалык жактын күбөлүгүн, кол коюу укугуна ишеним катты; г) Конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылуу. Конкурстун катышуучусу тарабынан конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылуунун берилген өлчөмү, формасы жана иштөө мөөнөтү, конкурстук документтин талаптарына шайкеш келүүгө тийиш. Эгерде конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылуу банктын кепилдиги түрүндө берилсе, анын тексти конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылуунун формасына шайкеш келүүгө тийиш. Эгерде кепилдик конкурстук табыштаманы кепилдөөчү Декларация формасында берилсе, ал белгиленген формага шайкеш келүүсүн такташы керек. |
24.2. | Эгерде конкурстук табыштама КНдин 25.1-пункту менен белгиленген талаптарга жооп бербесе, анда ал заказ берүүчү тарабынан четке кагылат жана кийин табылган четтөөлөрдү жоюу аркылуу конкурстук документтердин талаптарына шайкеш келтирилбейт. |
25. | Конкурстук документтин негизги талаптарына шайкеш келүү |
25.1. | Заказ берүүчү ар бир конкурстук табыштаманын конкурстук документтердин негизги талаптарына шайкеш келүүсүн белгилейт. Конкурстук табыштама "Келишимдин жалпы шарттарын", "Келишимдин өзгөчө шарттарын", квалификациялык талаптарды, кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруунун көлөмүн, мөөнөтүн жана ордун, ошондой эле "Кызмат көрсөтүүлөргө талаптарды" негиздүү четтөөлөрсүз, алып салууларсыз, каршылыксыз, шартуулуксуз жана жаңылышсыз аткарууну кошкондо, конкурстук документтин белгиленген бардык талаптарына шайкеш келсе, анда конкурстук документтин негизги талаптарына жооп берет деп эсептелет. Негиздүү деп эсептелген четтөөлөр, алып салуулар каршы пикирлер, шартуулуктар же жаңылыштыктар төмөнкүлөр болуп эсептелет: (а)көлөмдү чектесе, колдонулуучу материалдарды жана жабдууларды кошкондо, сатып алынуучу кызмат көрсөтүүлөрдү сапатын же мүнөзүн начарлатса; (б) Келишимди ыйгаруу учурунда заказ берүүчүнүн укугун же конкурстун катышуучусунун (кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүнүн) милдеттенмелерин чектетсе; (в) конкурстук табыштамаларды салыштырууга таасир берсе, талаптарга толук шайкеш келген табыштамаларды берген конкурстун башка катышуучуларынын кызыкчылыктарына зыян келтирсе. |
25.2. | Эгерде конкурстук табыштама конкурстук документтердин негизги талаптарына жооп бербесе, анда ал сунушталган баага карабастан заказ берүүчү тарабынан четке кагылат. Конкурстун катышуучусу конкурстук табыштаманы негиздүү четтөөлөрдү жоюу аркылуу өзгөрткөнгө жана конкурстук документтердин негизги талаптарына шайкеш келтиргенге болбойт. |
26. | Арифметикалык каталарды оңдоо |
26.1. | КНдин 25-бөлүгүнө ылайык конкурстук документтин негизги талаптарына жооп берет деп табылган конкурстук табыштамаларга заказ берүүчү тарабынан арифметикалык каталардын болушуна текшерүү жүргүзүлөт. Каталар табылган учурда заказ берүүчү төмөнкүдөй жол аркылуу аларды оңдойт: а) Позиция боюнча бирдик үчүн бааны санга көбөйтүүнүн натыйжасында алынган жыйынтык маани жана бирдик үчүн баанын (кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга коюлган жалгыз баа) ортосунда айырма келип чыкса, негиз катары бирдик үчүн баа алынат жана позиция боюнча жыйынтык маани түзөтүлөт; б) Позициялар боюнча жыйынтык маанилерди кошуу жолу аркылуу алынган жалпы сумма менен өзүнчө позициялар боюнча жыйынтык маанинин ортосунда айырма келип чыкса, анда позициялар боюнча жыйынтык маани артыкчылыкка ээ болот жана жалпы суммага түзөтүү киргизилет; в) Эгерде цифра жана жазуу жүзүндө берилген чоңдуктардын ортосунда айырма келип чыкса, жогорудагы а) жана б) пунктчаларында сыпатталган арифметикалык каталарды кошпогондо, негиз катары жазуу жүзүндө берилген чоңдук алынат. |
26.2. | Конкурстук табыштамада табылган арифметикалык каталар заказ берүүчү тарабынан жогорудагы эрежелерге ылайык оңдолот. Жүргүзүлгөн оңдоолор конкурстун катышуучусу үчүн милдеттүү болуп саналат. Эгерде конкурстун катышуучусу КНдин 26.1-пунктуна ылайык жүргүзүлгөн оңдоолорду кабыл албаса, анын конкурстук табыштамасы четке кагылат жана конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылуусу кармалып калат. |
27. | Бирдиктүү валютага которуу |
27.1 | Ар кайсы валютада көрсөтүлгөн конкурстук табыштамаларды салыштыруу максатында, заказ берүүчү КНдин 21.1-пунктуна ылайык конкурстук табыштамаларды ачуу күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген алмаштыруу курсунун сатуусу боюнча заказ берүүчү конкурстук табыштамалардын баасын Кыргыз сомуна конверсиялайт. |
28. | Конкурстук табыштамаларды баалоо жана салыштыруу |
28.1. | Заказ берүүчү КНдин 24-бөлүгүнө ылайык алдын-ала текшерүүдөн ийгиликтүү өткөн жана КНдин 25-бөлүгүнө ылайык конкурстук табыштамалардын негизги талаптарына шайкеш деп таанылган гана Конкурстук табыштамаларга баалоо жана салыштыруу жүргүзөт. Конкурстук табыштамалар КНдин 27-бөлүгүнө ылайык бирдиктүү валютага которгондон кийин, конкурстук табыштамаларды баалоо жана салыштыруу КНдин 26-бөлүгүнө ылайык арифметикалык каталарды оңдоону эске алуу менен жүргүзүлөт. |
28.2. | Заказ берүүчү тарабынан конкурстук табыштамаларды баалоо жана салыштырууда, конкурстук табыштамалардын баасынан тышкары ККӨНдө көрсөтүлгөн критерийлер да көңүлгө алынат. Буга катар, табыштамаларды салыштыруу максаты үчүн белгиленген, конкурстук табыштаманын баалык наркын алуу үчүн, ар бир колдонулуучу критерий үчүн түзөтүү киргизилген сумма ККӨНдө көрсөтүлгөн методикага ылайык эсептелүүгө тийиш. Ал КНдин 27-бөлүгүнө ылайык бирдиктүү валютага которулган жана КНдин 26-бөлүгүн эске алуу менен алдын-ала түзөтүү киргизилген конкурстук табыштаманын баасынан кемитилет (же ККӨНдө көрсөтүлгөн болсо, баасына кошулат). |
28.3. | Эгерде Конкурстук табыштамада "Кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесинде" каралган өзүнчө позициялар жок болсо жана конкурстук табыштама КНдин 25-бөлүгүнө ылайык конкурстук документтин негизги талаптарына жооп берет деп табылган болсо, анда баалык наркты аныктоо үчүн конкурстук табыштаманын наркына, конкурстун башка катышуучулары сунуштаган максималдуу баа коюуну эске алуу менен эсептелген жок позициялардын наркы кошулат. Бирок, конкурстук табыштамалардын жалпы наркы бардык кое берилген позициялардын наркын эске алуу менен бул сатып алуулар үчүн каралган суммадан ашса, заказ берүүчү мындай конкурстук табыштамаларды, талапка жооп бербеген катары, четке кагат. |
28.4. | Эгерде конкурстук табыштамада өзүнчө позициялар бар болсо, бирок аларга баа коюлган эмес болсо, анда алардын наркы “Кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси менен каралган башка позицияларга киргизилген деп эсептелет. Тийиштүү түрдө мындай баа коюлбаган кызмат көрсөтүүлөр аларды аткарууда төлөөгө жатпайт.
|
Е. Келишимди ыйгаруу | |
29. | Келишимди ыйгаруу критерийлери |
29.1. | Заказ берүүчү төмөнкү документтерди камтыган конкурстук табыштаманы берген конкурстун катышуучусуна келишимди ыйгарат: - тажрыйба, кадыр-барк, мүнөздөмө; - кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты, колдонулуучу материалдардын техникалык спецификациянын талаптарына шайкеш келүүсү; - кызмат көрсөтүүлөрдүн графиги; - финансылык каражаттардын болушу, финансылык шарттар (аванстык төлөмдүн жоктугу, төлөмдү узак мөөнөткө жылдыруу мүмкүндүгү); - жабдуулардын болушу; - техниканын жана өндүрүштүк базанын болушу; - келишимди аткаруу үчүн квалификациялуу же тийиштүү адистердин болушу; - жардамчы жана негизги техникалык персоналдын болушу; - ККӨНдө көрсөтүлгөн башка критерийлер жана/же техникалык спецификацияларга жооп берсе. |
30. | Заказ берүүчүнүн конкурстук табыштаманы кабыл алуу же четке кагуу укугу. |
30.1. | Эгерде конкурстун предмети болгон кызмат көрсөтүүлөрдү мындан ары сатып алуу зарылдыгы жок болуп калса, келишимди түзүүгө чейинки каалаган учурда, кабыл алынган бардык конкурстук табыштамаларды четке кагууга жана мамлекеттик сатып алуулар жол-жобосун токтотуп коюуга заказ берүүчүнүн укугу бар. Буга катар, заказ берүүчү конкурстун катышуучуларына конкурска катышууга байланыштуу чыгымдарды компенсациялоого жана/же токтотуп коюу тууралуу өзүнүн чечимин негиздөөгө милдеттүү эмес. |
30.2. | Заказ берүүчү конкурстук табыштаманы төмөнкү учурларда четке кагат: а) конкурстун катышуучусу укуктуу эмес болсо, же КНдин 2-бөлүгүнө ылайык кызыкчылыктардын талаш-тартышына ээ болсо; б) конкурстун катышуучусу КНдин 3-бөлүгүнө ылайык белгиленген квалификациялык талаптарга шайкеш келбесе, же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна милдеттүү төлөмдөр жана салык боюнча карыздары болсо; в) конкурстук табыштама КНдин 16-бөлүгүнө ылайык таризделген, КНдин 11-бөлүгүнө талап кылынган документтерди камтыбаса; г) конкурстун катышуучусу КНдин 15-бөлүгүнө ылайык, конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылууну, же жогоруда аталган пунктка ылайык кепилдик камсыздоо талап кылынбаса, "Конкурстук табыштаманы кепилдик менен камсыздоочу декларацияны" бербесе; д) конкурстук табыштама КНдин 25-бөлүгүнө ылайык конкурстук документтердин негизги талаптарына шайкеш келбесе; е) кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу методдору же колдонулуучу материалдардын же жабдуулардын мүнөздөмөсү конкурстук документтин "Кызмат көрсөтүүлөргө талаптарына" шайкеш келбесе, же КНдин 11.1-пунктунда талап кылынган колдонулуучу материалдардын жана жабдуулардын сапатын тастыктоочу документтин жоктугу; ж) КНдин 26-бөлүгүнө ылайык, конкурстун катышуучусу анын конкурстук табыштамасындагы арифметикалык каталарды оңдоого макул болбосо; з) КНде түздөн-түз каралган башка учурларда. |
30.3. | Заказ берүүчү төмөнкү учурларда Конкурс өтпөй калды деп тааныйт: а) бардык Конкурстук табыштамалар четке кагылганда; б) Конкурстук табыштамалардын минималдуу баасы бул сатып алууга заказ берүүчү тарабынан бөлүнгөн суммадан ашса. |
30.4. | Заказ берүүчү, конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылуу боюнча милдеттенмелерди кайтарууну кошпогондо, конкурсту токтотуп койгон учурда же бардык конкурстук табыштамаларды же алынгандардын каалаганын четке каккан учурда конкурстун катышуучусунун алдында эч кандай жоопкерчилик тартпайт. |
30.5. | Заказ берүүчү конкурс болбой калганын таануу жөнүндө же конкурс токтотулганы тууралуу катышуучуларга кабарлайт жана чечим кабыл алынгандан кийин бир жумуш күн ичинде мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына маалыматты жарыялайт. |
31. | Келишимди ыйгаруу жөнүндө билдирме |
31.1. | Келишимди ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде заказ берүүчү мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына өткөрүлгөн конкурс жөнүндө төмөнкү маалыматтарды жарыялайт: катышуучулардын аталышы, ар бир конкурстук табыштаманын баасы жана баалык наркы, конкурстук табыштамаларды четке кагуунун себептери, ошондой эле жеңип чыккан конкурстун катышуучусунун аталышы, ыйгарылган келишимдин предмети, баасы жана созулушу. |
31.2. | Жыйынтыктарды жарыялоо менен бирге эле заказ берүүчү жеңүүчүгө анын конкурстук табыштамасы жеңип чыкты деп таанылганы жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлайт. Келишимди ыйгаруу жөнүндө билдирме келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. |
31.3. | Эгерде конкурстун жыйынтыгын жарыялагандан кийин кайсы бир катышуучу эмне үчүн анын конкурстук табыштамасы жеңүүчү деп аныкталбаган себептерин тактоону кааласа, ал өзүнүн суроо-талабын заказ берүүчүгө жазуу жүзүндө жөнөтүшү керек. Заказ берүүчү конкурстун катышуучусуна анын конкурстук табыштамасын четке кагуунун себептерин көрсөтүү менен, эгер ушундай болгон болсо, конкурстун катышуучусуна түшүндүрүү берет. Түшүндүрүү, түшүндүрүүнү сураган конкурстун катышуучусунун конкурстук табыштамасы боюнча берилет, ал эми конкурстун башка катышуучуларынын конкурстук табыштамалары ачылбайт жана талкууланбайт. |
32. | Келишимге кол коюу жана келишимди аткарууга кепилдик камсыздоо берүү |
32.1. | Заказ берүүчү конкурстук документте берилген "Келишимдин", "Келишимдин жалпы шарттары" "Келишимдин өзгөчө шарттарынын" стандарттык формаларына ылайык келишимди даярдайт. Кол коюу үчүн жөнөтүлгөн келишимде жеңүүчү болгон конкурстун катышуучусунун конкурстук табыштамасында сунушталган баалар жана шарттар чагылдырылат. |
32.2. | Конкурста жеңип чыккан Катышуучу конкурстар бир этаптуу жана эки этаптуу усул аркылуу өткөрүлгөндө 7 (жети) жумуш күндөн кийин, конкурстар жөнөкөйлөтүлгөн усул аркылуу жана бааны төмөндөтүү усулу аркылуу өткөрүлгөндө 2 (эки) жумуш күндөн кийин Келишимге кол коет жана талап кылынган келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылуу менен бирге аны Сатып алуучуга жеткирип берет. Конкурстук табыштамасы жеӊип чыккан подрядчы менен конкурстук табыштаманын иш-аракетинин мөөнөтүндө конкурстук табыштамалардын шарттарына ылайык сатып алуулар келишими түзүлөт. |
32.3. | Кол коюлган келишим менен бирге конкурстун катышуучусу келишимди аткаруунун кепилдик камсыз кылуусун бериши керек. Келишим Кыргыз Республикасынын сатып алуулар алкагындагы Мыйзамдарына ылайык күчүнө кирет. |
33. | Көмүскө бүтүм жана мажбурлоо |
33.1. | Сатып алуучу Катышуучудан сатып алуулар жүрүп жатканда этиканын жогорку стандарттарын кармоосун жана келишимдерди аткаруусун талап кылат жана төмөнкү Законго ылайык келбеген иш-аракеттерге кабылган болбоосу керек: а) "көмүскө бүтүм" мамлекеттик каражаттардын эффективдүү жана үнөмдүү сарпталышына жана ачык-айкын өтүшүшнө терс таасирин тийгизе турган эки же андан көп катышуучулардын, алар менен бирге Сатып алуучунун ортосунда болгон жашыруун сүйлөшүп келишкендик. б) "мажбурлоо" - Келишимди аткарууда же алардын катышуусунда адамдарга же алардын мүлкүнө зыяндарды келтирүү же зыяндарды (тикелей же кыйыр) келтирүү коркунучу. |
33.2. | Эгер, Келишимди ыйгарууга сунушталган Конкурстун катышуучусу Закондуу түрдө соттун чечими менен коррупция, алдамчылык, көмүскө бүтүм же мажбурлоо боюнча жоопко тартылган же соттолгон болсо, Сатып алуучу табыштаманы четке кагышы керек жана аларды ишенимсиз (ак ниетсиз) берүүчүлөрдүн маалымат базасына киргизүүнү демилгелөөгө тийиш. |
2-бөлүк. Конкурстун катышуучуларына өзгөчө нускама (ККӨН).
Төмөндө келтирилген "Конкурстун катышуучуларына өзгөчө нускама" (мындан ары текст боюнча "ККӨН") "Конкурстун катышуучуларына нускамдагы" (мындан ары текст боюнча "КӨН") бөлүктөргө толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизет. ККӨНдө сатып алуучу уюм (мындан ары текст боюнча "заказ берүүчү") конкреттүү конкурска карата колдонула турган маалыматтарды жана талаптарды көрсөтөт. Конкурстун катышуучуларына нускама (КӨН) жана Конкурстун катышуучуларына өзгөчө нускамада (ККӨН) карама-каршылыктар келип чыкканда ККӨН артыкчылыкка ээ болот.
КН пунктунун номери | Конкурстун катышуучуларына өзгөчө нускама |
КН 1.1 КН 8.1 | Заказ берүүчүнүн аталышы: ____________ [сатып алуучу уюмдун аталышын көрсөтүү керек] Заказ берүүчүнүн юридикалык дареги: ____________ [сатып алуучу уюмдун юридикалык дарегин көрсөтүү керек] Заказ берүүчүнүн жоопту адамы : ______________ [Конкурсту өткөрүү үчүн жооптуу кызматкердин аты-жөнү жана кызматы] Жооптуу кызматкердин дареги: ______________ [конкурсту өткөрүүгө жооптуу болгон сатып алуучу уюмдун бөлүмчөсүнүн аталышын жана дарегин (сатып алуу бөлүмү), жооптуу кызматкердин кабинетинин номерин кошо көрсөтүңүз] Телефон:_______________ [жооптуу кызматкердин телефон номерин көрсөтүңүз] Факс:_______________ [факстын номерин көрсөтүңүз] электрондук почтанын дареги: _______________ [e-mail дарегин көрсөтүңүз] |
КН 1.1 | Чыгымдар беренеси: _____________ [жылдык сатып алуулар планына ылайык чыгымдар беренесин көрсөтүңүз] Конкурстун номери: _____________ [жылдык сатып алуулар планына ылайык конкурстун номерин көрсөтүңүз] |
КН 1.1 КН 13.3 | Сатып алуунун предметин түзүүчү өзүнчө лоттордун аталышы жана номерлери: ___________ [“бирдиктүү лотту колдонууга мүмкүн эмес”деп көрсөтүңүз, же бир нече лот болгон учурда ар бир лоттун номерин жана аталышын көрсөтүңүз, мисалы: "№ 1 Лот. Ош облусуна көмүр ташып кызмат көрсөтүү. № 2 Лот. Чүй облусуна көмүр ташып кызмат көрсөтүү" Эскертүү: 5-бөлүктө (Кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси) жана 6-бөлүктө (Кызмат көрсөтүүлөргө талаптар) ар бир лот үчүн техникалык талаптарды, ошондой эле талап кылынган көлөм, кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин көрсөтүү керек!] Кызмат көрсөтүүлөрдүн кыскача сыпатталышы: _____________ [Кызмат көрсөтүүлөрдүн кыскача сыпатталышы, эгерде конкурс лотторго бөлүнгөн болсо – ар бир лоттун кыскача сыпатталышы.] Кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу мезгили: ___________ [Келишимдин өзгөчө шарттарынын 2.3-пунктунда ылайык көрсөтүңүз]. |
КН 1.1 | Каржылоо булагы: ___________________ [каржылоо булагын көрсөтүңүз –КРдин мамлекеттик бюджети ж.б.] |
КН 2.1 | Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык өз ара мамиле түзүүгө тыюу салынган өлкөлөрдүн жана же Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык макулдашуулардын тизмеси: чектөө жок. [Эскертүү: эгерде чектөө киргизе турган мыйзам же макулдашуу күчүнө кирсе – тыюу салынган өлкөлөрдүн тизмесин киргизгиле жана тийиштүү мыйзамга /макулдашууга шилтеме жасаңыз] |
КН 2.3 | Ишеничтүү жана ак ниеттүү эмес берүүчүлөрдүн маалыматтар базасына киргизилген фирмалардын тизмеси (подрядчылар) төмөнкү дарек боюнча жарыяланган: http://zakupki.gov.kg/ |
КН 3.3(в) | Аткарылган кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы көлөмү тууралуу маалыматтар конкурстук табыштаманы берээрден мурдагы _________ жылдар үчүн берилет. |
КН 3.3(г) | Кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруунун төмөнкү түрлөрү боюнча иш тажрыйбанын бардыгы жөнүндө маалыматтар (а) ___________ (б) ___________ (в) ___________ [болжолдуу келишимди эске алуу менен кызмат көрсөтүүлөрдүн негизги түрлөрүн көрсөтүңүз] конкурстук табыштаманы берээрден мурдагы _________ жылдар үчүн берилет. [ККӨНдүн 3.4. –пунктунун (б) пунктчасын эске алуу менен мөөнөттү көрсөтүңүз] |
КН 3.3(е) | Финансылык иш жөнүндө отчеттордун көчүрмөсү конкурстук табыштаманы берерден мурдагы _________ жылдар үчүн берилет. [ККӨНдүн 3.4.-пунктунун (а) пунктчасын эске алуу менен мөөнөттү көрсөтүңүз] |
КН 3.3(л) | Төмөнкү кошумча маалыматтарды жана/же документтерди берүү талап кылынат: ____________________ [зарыл болгон учурда 3.3-пунктунун (а) жана (к) пунктчаларынын талаптарына толуктоого берилген маалыматтарды жана документтерди көрсөтүңүз, же “жок” деп белгилеңиз] |
КН 3.4(б) | Окшош келишимдерди аткаруу тажрыйбасы: ар бири ________ суммадагы сомго, ____ келишимден кем эмес. [бюджеттик сатып алуулардан болжолдуу 70% мындай келишимдердин минималдуу өлчөмүн (сумма) көрсөтүңүз, (эгер бир нече лот болсо ар бир лот үчүн сумманы көрсөтүңүз).] Талап кылынган тажрыйба конкурстук табыштаманы берээрден мурдагы _________ жыл(дар) үчүн берилиши керек. [талап кылынган кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү жана окшош келишимдер аткарылууга тийиш болгон мөөнөттү көрсөтүңүз Мөөнөттү ККӨНдүн 3.3-пунктунун г) пунктчасына ылайык берилген маалыматтарды эске алуу менен белгилөө керек.] |
КН 3.4(в) | Жабдуулардын болушу: (а) ___________ (б) ___________ (в) ___________ [келишимди аткаруу үчүн негизги жана спецификалык жабдууларды, жабдуулардын түрлөрүн көрсөтүңүз] |
КН 3.4(д) | Финансылык ресурстардын болушу |
КН 3.4(и) | Кошумча квалификациялык талаптар: ________________ |
КН 3.5 | Ар бир лот үчүн 3.4-пунктунун (а), (б), (в), (г) жана (д) пунктчаларында белгиленген талаптар суммаланат. |
КН 3.8 | ККӨНдө башкалар көрсөтүлбөсө, субподрядчылардын тажрыйбасы эске алынат. |
КН 7.1 | Конкурстук документтерге киргизилген стандарттык формалардын тизмеси: - 7.1. Стандарттык форма "Конкурстук табыштама "; - 7.2. Стандарттык форма "Квалификациясы жөнүндө маалымат"; - 7.3.1. Стандарттык форма "Конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылуу" (банктык кепилдик); - 7.3.2. Стандарттык форма "Конкурстук табыштаманы кепилдөөчү декларация"; - 7.4. Стандарттык форма "Кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу графиги"; - 7.5. Стандарттык форма "Келишимди ыйгаруу жөнүндө билдирме"; - 7.6. Стандарттык форма "Келишим"; - 7.7. Стандарттык форма "Келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылуу"; - 7.8. Стандарттык форма "Аванстык төлөмдүн банктык кепилдиги". |
КН 8.2 | Конкурстун алдындагы кеңешме каралган эмес. [эгерде конкурстун алдындагы кеңешмени өткөрүү максатка ылайыктуу болсо, анда төмөнкүдөй кылып алмаштыргыла: "Конкурстун алдындагы кеңешме саат___ ___ __________ 20__-жылы _________________________________ дареги боюнча өткөрүлөт" Эскертүү: конкурстун алдындагы кеңешменин күнү төмөнкүлөрдү эске алуу менен белгилениши керек: - Конкурстук документтерди алууга жана окуп чыгууга конкурстун катышуучуларына жетиштүү убакыт берүү керек; Кеңешменин протоколу конкурстук табыштамаларды берүү күнүнө чейин 5(беш) жумуш күндөн кеч эмес даярдалып, катышуучуларга жөнөтүлүп жана мамлекеттик сатып алуулардын Веб-порталына жарыяланышы керек (http://zakupki.gov.kg) Жогоруда баяндалгандарды эске алып, конкурстун алдындагы кеңешмени конкурстук табыштамаларды берүү күнүнө чейин 1,5-2 жума мурда белгилөө керек]. |
КН 10.1 | Конкурстук табыштаманын тили: ___________ [Конкурстук документтер түзүлгөн тилди көрсөтүү сунушталат] |
КН 11.1(е)
| Кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу графигин жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруунун сунушталган методунун ылайык келээрин тастыктоо үчүн берилген кошумча документтер, ошондой эле Конкурстук документтер талап кылган колдонулуучу материалдардын жана жабдуулардын мүнөздөмөсү: колдонулуучу материалдарга шайкештик сертификатынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (эгер милдеттүү түрдө сертификаттоо керек болсо); Кыргыз Республикасынын чек арасынан тышкары өндүрүлгөн материалдар сунушталган учурда сапаттык сертификаттын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү. |
КН 11.1(и) | Берилүүчү башка документтер: __________ [Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен катышуучу тарабынан берилүүчү кошумча документтерди көрсөтүңүз же "жок" деп белгилеңиз] |
КН 13.1 | Баалар кыргыз сому менен көрсөтүлүшү керек. [эскертүү: аткаруу мөөнөтү узак болгон келишимдерди (6 ай жана андан ашык) чет элдик валютада кароо сунушталат. Мындай учурда чечмелөөнү өзгөртүңүз: "Баалар каалаган валютда боло алат"] |
КН 13.2 | Кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүгө төлөм кыргыз сому менен жүргүзүлөт. |
КН 14.1 | Конкурстук табыштаманын иштөө мөөнөтү: _____________ күн. [талап кылынган иштөө мөөнөттү көрсөтүңүз, бул мөөнөт табыштамаларды баалап жана келишим түзүү үчүн жетиштүү болушу керек] |
КН 15.1 КН 15.5 | Конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылуунун өлчөмү: ______ сом (же КНдин 21.1-пунктуна ылайык Конкурстук табыштамаларды ачуу күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген эркин конвентирленүүчү валютанын курсу боюнча эквиваленти). [кепилдиктин суммасын көрсөтүңүз, бирок сатып алуулардын бюджетинин 2 (эки) пайызынан ашык эмес болсун. Эгерде Конкурстук документтерде бир нече лот көрсөтүлгөн болсо, ар бир лот боюнча кепилдиктин суммасын көрсөтүңүз] Конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылуунун формалары: 7-бөлүктө келтирилген стандарттык формага ылайык банктык кепилдик. Конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылуу конкурстук табыштаманын иштөө мөөнөтүнөн кем эмес ________аралыкта күчүндө болушу керек. [Эскертүү: сатып алуучу уюмдун кароосу боюнча кепилдик камсыз кылуу талап кылбай койсо болот жана анын "Конкурстук табыштаманы кепилдөөчү декларация" менен чектелсе болот. Мындай учурда жогоруда жазылгандарды өчүрүп, төмөнкүлөрдү көрсөтүңүз: Конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылуу талап кылынбайт. Конкурстун катышуучусу кол коюлган "Конкурстук табыштаманы кепилдөөчү декларацияны" 7-бөлүктө берилген стандарттык формага ылайык бериши керек."] |
КН 18.1 | Конкурстук табыштаманы берүү дареги: ________________ [конкурсту өткөрүү үчүн жооптуу болгон сатып алуучу уюмдунаталышы жана дарегин (мисалы: сатып алуулар бөлүмү), кабатты жана кабинеттин номерин кошо көрсөтүңүз] Конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү: саат ____ ____ мүнөт _____ ______________ 20 __ жыл. [убактысын жана күнүн көрсөтүңүз, мисалы:саат 14 00 мүнөттө 2020-жылдын 1-апрелинде. Эскертүү: сатып алууларды бир этаптуу, эки этаптуу усулдар менен жүргүзүүнүн күнү, мамлекеттик сатып алуулардын Веб-порталында конкурска катышууга чакыруу жарыяланган күндөн 21 күндөн эрте болбоосу, бааларды төмөндөтүү усулунда жана жөнөкөйлөтүлгөн усулда 7 күндөн эрте болбоосу керек]. |
КН 21.1 | Конкурстук табыштамаларды ачуунун орду: _______________ [ачуу жүргүзүлө турган даректи, кабатты жана кабинеттин номерин көрсөтүңүз]. Конкурстук табыштамаларды ачуу убактысы: саат____ ____ мүнөт _____ ______________ 20 __ жыл. [убактысын жана күнүн көрсөтүңүз, мисалы:саат 14-00 мүнөттө 2020-жылдын 1-апрелинде. Эскертүү: күнү жана убактысы КНдин 18-бөлугунө ылайык табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү менен дал келиши керек. |
КН 28.2. | Конкурстук табыштамаларды баалоодо жана салыштырууда төмөнкү критерийлер колдонулат: ____ [конкурстук табыштама тандалып алына турган критерийлерди көрсөтүңүз] |
КН 32.3 | Келишимдин күчүнө кирүүсү үчүн өзгөчө шарттар: ______________ Келишим Кыргыз Республикасынын сатып алуулар алкагындагы Мыйзамдарына ылайык күчүнө кирет. |
КН 32.3 | Келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылуу ________ ["талап кылынат" же "талап кылынбайт" деп көрсөтүңүз]. Келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылуунун өлчөмү:_______келишимдин баасынын пайызы. [Эскертүү: кепилдик камсыз кылуунун өлчөмү келишимдин баасынын 10% ашпашы керек.] |
3-бөлүк. Келишимдин жалпы шарттары (КЖШ)
А. Жалпы жоболор | |
1. | Аныктамалар |
1.1 | Эгер контекстте башкалар көрсөтүлбөсө, бул келишимде келтирилген мындан аркы колдонулуучу терминдер төмөндөгү мааниге ээ: а) "Заказ берүүчү " сатып алуучу уюмду билдирет; б) "кызматтарды берүүчү" конкурстун Жеңүүчүсү деп таанылган юридикалык жак жана келишим шарттарына ылайык заказды ишке ашыруучуну билдирет; в) "Сатып алынуучу кызматтар тизмеси" сатып алуу предметин билдирет; г) "Заказды аткаруунун графиги" заказды аткаруунун мөөнөтүн билдирет; д) "Аткаруучунун конкурстук табыштамасы" тооруктардын жеңүүчүсү деп таанылган жана анын негизинде келишим түзүлгөн катышуучунун конкурстук табыштамасын билдирет; е) "Келишим" ага бардык тиркемелер жана толуктоолору менен Тараптар тарабынан кол коюлган Макулдашуу, жана келишимде көрсөтүлгөн шилтемелерде көрсөтүлгөн башка документтер; ж) "Келишим наркы" келишим шарттарына ылайык Кызматтары аткаруу үчүн төлөнүүчү бааны билдирет; з) "КЖШ" келишимдин жалпы шарттары; и) "КӨШ" келишимдин өзгөчө шарттарын билдирет, ал КЖШны өзгөртөт же толуктайт; к) "Тараптар" кырдаалына карата Заказ берүүчүнү же Аткаруучуну билдирет; л) "Спецификациялар" конкурстук документтерге Заказ берүүчү тарабынан киргизилүүчү кызматтарды спецификациялоону билдирет. |
2. | Тили |
2.1 | Келишим КӨШтө көрсөтүлгөн тилде таризделген, ал милдеттүү жана бул Келишимдин мааниси же чечмелөөсү менен байланыштуу негизги тил болуп саналат. |
3. | Келишимдин документтери |
3.1. | Келишимди түзүүчү документтер төмөндөгүлөр болуп саналат: конкурстук табыштаманы кабыл алуу жөнүндө кабарлоо; келишим; аткаруучунун конкурстук табыштамасы; баа таблицасы, сатып алуучу кызматтардын тизмеси, заказды аткаруунун графиги жана берүү шарттары; келишимдин жалпы шарттары; келишимдин өзгөчө шарттары; квалификация жөнүндө маалыматтар; спецификациялар жана чиймелер; конкурстук шарттарда баяндалган, ар бир башка документ. |
3.2. | Келишимдин бөлүгүн түзүүчү (ошондой эле документтердин бардык бөлүктөрү) бардык документтери өз ара байланыштуу жана өз ара түшүндүрүүчү жана бир жалпылык катары саналат. |
4. | Келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылуу |
4.1. | Заказ берүүчү келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылууну жеңүүчүдөн талап кылышы мүмкүн, өлчөмү жана формасы Келишимдин өзгөчө шарттарында көрсөтүлгөн. |
4.2. | Келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылуу Келишим боюнча өзүнүн милдеттенмелерин Подрядчы толугу менен аткаргандан кийин үч (3) күндөн кеч эмес Заказ берүүчү тарабынан кайтарылат, эгер келишимдин өзгөчө шарттарында башка шарттар көрсөтүлбөсө. |
5. | Заказ берүүчү менен аткаруучунун ортосундагы расмий баарлашуу |
5.1. | Келишим шарттарын ишке ашыруу алкагында тараптар ортосундагы расмий баарлашуу жазуу түрүндө гана күчүндө болот. |
Б. Келишимдин башталышы, аякталышы, өзгөртүү жана токтотуу | |
6. | Келишимдин күчүнө кирүүсү |
6.1. | Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө бул келишим жазуу түрүндө түзүлөт жана тараптар кол койгон датадан баштап күчүнө кирет, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин келишимдеринен тышкары, алар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда келишимди каттоо күнүнөн баштап түзүлгөн деп эсептелет. |
6.2 | Кызматтарды берүүчү Кызматтарды аткарууну Келишим күчүнө кирген күндөн тартып баштайт, эгерде башка мөөнөт КӨШтө каралган эмес болсо. |
6.3 | Кызматтарды берүүчү КӨШтө көрсөтүлгөн пландалган аяктоо датасына карата бардык иштерди аяктайт.Эгер берүчү пландалган бүткөрүү датасына карата иш чараларды бүткөрө албай калса 14.1-пунктка ылайык айыптык санкцияларды төлөө боюнча жоопкерчилик тартат. |
7. | Келишимдик документтерди жана маалыматтарды пайдалануу |
7.1. | Кызматтарды берүүчү Сатып алуучунун жазуу жүзүндөгү алдын-ала макулдугусуз Келишимдин кандайдыр бир мазмунун же анын кандайдыр бир жоболорун, ошондой эле техникалык документтерди, пландарын, чиймелерин, моделдерин, үлгүлөрүн же Сатып алуучу берген же анын атынан башка адамдарга маалыматтарды ачыктоого тийиш эмес, бул Келишимди аткаруу үчүн Аткаруучу тарабынан тартылган персоналдан тышкары. Көрсөтүлгөн маалымат аткаруучу тарабынан тартылган персоналга келишимдик милдеттенмелерди аткаруу үчүн зарыл болгондой түрдө конфиденциалдуу түрдө берилүүгө тийиш. |
7.2. | Кызматтарды берүүчү Сатып алуучунун алдын-ала макулдугусуз кандайдыр бир жогоруда саналган документтерин же Келишимди ишке ашыруучу максатында тышкаркы маалыматты берүүгө тийиш эмес. |
8. | Өзгөртүү |
8.1. | Бул Келишимдин шарттарын өзгөртүү, Кызматтардын көлөмүн ар кандай өзгөртүүлөрүн кошкондо, Тараптар ортосунда жазуу түрүндө макулдугу болуусунда гана жол берилет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда. |
8.2. | Зарылдыгына карай Сатып алуучу келишимди түзүү учурунда кызматтар Тизмесинде көрсөтүлгөн кызматтардын санын (көлөмүн) көбөйтөт же азайтат бир продукциянын бирдигинин баасын өзгөртүүсүз же башка шарттарда (пландалган суммадан үнөмдөлгөн каражаттын чегинде). |
9. | Форс-мажор |
9.1. | Берүүчү өзүнүн Келишимди аткаруунун кепилдигин камсыз кылуусунан ажырап калбайт жана айып төлөм төлөө үчүн же анын шарттарын аткарбаган күчүндө Келишимди бузууга жоопкерчилик тартпайт, эгер Келишимди аткарууну кечиктирүү кырдаалдын форс-мажорунун натыйжасы болуп саналса. |
9.2. | Ушул бөлүктүн максаты үчүн "форс-мажор" Аткаруучунун жаңылыш же туура эместигине байланышпаган жана күтүлбөгөн мүнөзгө ээ болгон Аткаруучу тараптан контролго баш ийбеген окуяны билдирет. Мындай окуялар согуш жана революция, жаратылыш жана табигый кырсыктар, эпидемиялар, карантиндер жана башкалар, бирок алар менен чектелбейт. |
9.3. | Форс-мажордук кырдаал келип чыкканда Аткаруучу мындай кырдаалдар жана алардын себептери жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоону Сатып алуучуга токтоосуз жиберүүгө тийиш. Эгер Сатып алуучудан башка жазуу жүзүндөгү Нускамалар келип түшпөсө, Аткаруучу Келишим боюнча өзүнүн милдеттерин аткарууну улантат, анткени бул максатка ылайыктуу жана форс-мажордун кырдаалына карабастан Келишимди аткаруунун альтернативдик жолун издөөнү улантат. Ар кандай мезгилдин ичинде Тараптар ушул келишимге ылайык ар кандай иш аракеттерди же тапшырмаларды аяктоосу тийиш, бул Тарап форс-мажордун кырдаалына байланыштуу мындай иш-аракеттерди аткара албагандай мезгилге барабар мөөнөткө чейин узартылат. |
9.4 | Форс-мажордук кырдаалдар пайда болуусунда же андан аркы иштөө үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн жоктугунда, кызматтарды берүүчү аванстык төлөмдү кемитүү менен кызматтарды фактылай аткаргандыгы боюнча төлөмдөрү алуу укугуна ээ. |
10 | Келишимди бузуу |
10.1. | Тараптардын биринин, келишимде каралган принципиалдуу шарттардан аны ажырата турган, келишимди олуттуу бузган учурда, заказ берүүчү же кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү тарабынан келишимди көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин бузганга болот. |
10.2. | Келишимди олуттуу бузуулар деп төмөнкүлөр эсептелет, бирок булар менен гана чектелип калбайт: а) эгерде кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү "Кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн жана заказ аткаруунун графиги" деген 9-тиркемеде көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү бузса, заказ берүүчү келишимди буза алат; б) заказ берүүчү тарабынан белгиленген убакыт аралыгында, кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү заказ берүүчү тарабынан көрсөтүлгөн кемчиликтерди жойбосо, заказ берүүчү келишимди бузат; в) эгерде заказ берүүчү аткаруучу тараптан берилген тийиштүү билдирмеден кийин өзүнүн милдеттенмелерин аткарбаса, анда кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү келишимди бузат; г) эгерде келишимди аткаруу процессинде кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү, коррупция, алдамчылыкка жол берген болсо; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда. |
10.3. | Бул келишимди бузгандан кийин, 10.2 пунктуна ылайык заказ берүүчү келишимди бузуу күчүнө киргенге чейин аткарылган кызмат көрсөтүүлөр үчүн аткаруучуга төлөм жүргүзүүгө тийиш. |
11. | Заказдын графигин аткаруу мөөнөтү боюнча талаптар |
11.1. | Кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү "Кызмат көрсөтүүлөрдү берүү жана заказ аткаруунун графиги" № 6 тиркемеде көрсөтүлгөн заказ аткаруунун мөөнөтү жана тартиби боюнча талаптарды сактоого тийиш. Графиктен четтеп кетүү же аткаруучу тараптан заказды аткарууну кечеңдетүү ага салына турган төмөнкүдөй санкцияларга алып келиши мүмкүн: келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылууну кармап калуу менен келишимди жокко чыгаруу, же "Келишимдин өзгөчө шарттарында" көрсөтүлгөн өлчөмдө үстөк айыпты подрядчыны төлөтүү. Үстөк айыптын жалпы суммасы "Келишимдин өзгөчө шарттарында" көрсөтүлгөн суммадан ашпашы керек. Заказ берүүчү үстөк айыпты аткаруучуга тийиштүү суммадан кемитип коет. Үстөк айыптарды төлөө аткаруучунун келишимди аткаруу милдеттенмелеринен арылтпайт. |
В. Сатып алуучунун милдеттенмеси | |
12. | Колдонулган мыйзамдардын өзгөрүшү |
12.1. | Эгерде келишимге кол коюлгандан кийин, аткаруучу тарабынан берилүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын көбөйүшүнө же азаюусуна алып келе турган салыктарга, жыйымдарга же милдеттүү төлөмдөргө тиешелүү колдонулган мыйзамдарга кандайдыр-бир өзгөртүү киргизилсе, анда келишимдин баасына тийиштүү түзөтүүлөр киргизилиши керек, ошондой эле тараптардын сүйлөшүүлөрү менен тийиштүү түрдө жогорулатылып же төмөндөтүлүшү керек. |
13. | Төлөмдөр |
13.1. | 12.1-пунктунда көрсөтүлгөн учурлардан тышкары, аткаруучунун пайдасына төлөнүүчү төлөмдөр кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууда аткаруучу тарабынан чыгымдалган бардык чыгымдар жана сарптоолорду камтыган келишимдин суммасынан ашпашы керек. |
13.2 | Аткаруучуга төлөм "Келишимдин өзгөчө шарттарында" көрсөтүлгөн төлөө графигине ылайык жүргүзүлөт. Аткаруучу төлөнүүчү аванстын суммасына банктык кепилдикти бергенден кийин аванстык төлөм заказ берүүчү тарабынан жүргүзүлөт. Мындай төлөмдөргө байланыштуу бардык башка төлөмдөр "Келишимдин өзгөчө шарттарында" көрсөтүлгөн шарттарды аткаргандан кийин жана аткаруучу тарабынан заказ берүүчүгө тийиштүү сумма көрсөтүлгөн эсеп-фактураны бергенден кийин жүргүзүлөт. |
14. | Кечиктирилген төлөмдөр боюнча үстөк айып |
14.1. | Ушул келишимдин шарттарынын 9-бөлүгүн эске алуу менен, эгерде Заказ берүүчү аткаруучуга тийиштүү болгон сумманы "Келишимдин өзгөчө шарттарында" көрсөтүлгөн мөөнөттө төлөп бербесе, анда заказ берүүчү кечиктирилген төлөм боюнча үстөк айып ар бир күн үчүн “Келишимдин өзгөчө шарттарында” көрсөтүлгөн өлчөмдө, бирок келишимдин жалпы наркынын 5% ашык эмес өлчөмдө үстөк айып төлөп берет. |
Г. Сапатты контролдоо | |
15. | Кемчиликтерди табуу, жоюу жана аткаруу сапатын камсыздабаганы үчүн айып пул |
15.1. | Заказ берүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн аткарылышын текшерет жана табылган кемчиликтердин бардыгы боюнча аткаруучуга билдирет. Заказ берүүчү аткаруучуга кемчиликтерди өзүң жой деп көрсөтмө бере алат, ошондой эле заказ берүүчүнүн ою боюнча кемчиликтер бар деп эсептеген ар бир кызмат көрсөтүүнү текшерүүгө жана берүүгө көрсөтмө берет. Кемчиликтерди жоюу мөөнөтүн заказ берүүчү "Келишимдин өзгөчө шарттарында" көрсөтөт. Эгерде кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү заказ берүүчүнүн билдирмесинде көрсөтүлгөн мөөнөттө кемчиликтерди жойбосо, заказ берүүчү кемчиликтерди жоюуга кетчү сарптоолорду баалайт, ал эми кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү бул сумманы жана аткаруу сапатын камсыздабаганы үчүн айып пулду төлөйт. |
Ж. Талаш-тартыштарды жөнгө салуу | |
16. | Талаш-тартыштарды жөнгө салуу |
16.1. | Эгерде заказ берүүчү менен аткаруучунун ортосунда бул келишим боюнча же ага байланыштуу кайчы пикирлер же кандайдыр бир талаш-тартыштар келип чыкса, тараптар талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен өз ара консультациялар аркылуу чечүүгө бардык аракеттерин жумшашы керек. |
16.2. | Эгерде 10 күн аралыгында тараптар талаш-тартыштарды же кайчы пикирлерди өз ара консультациялар аркылуу чече алышпаса, анда же заказ берүүчү же кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү башка тарапка "Келишимдин өзгөчө шарттарында" көрсөтүлгөн соттук териштирүүлөрдү баштоо ниети жөнүндө билдирме жөнөтөт. |
16.3. | Бул документте соттук териштирүүлөр үчүн кандайдыр бир шилтемелерге карабастан, эгерде башка жөнүндө макулдаша алышпаса, тараптар келишим боюнча өздөрүнүн милдеттенмелерин аткарууну уланта берүүлөрү керек. |
17. | Салыктар жана алымдар |
17.1. | Кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү, чет өлкөлүк берүүчүлөрдү дагы кошкондо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык алынуучу салыктар, алымдар, лицензиялык жыйымдардын баарына жоопкерчилик тартат. |
18. | Колдонулуучу укук |
18.1. | Келишимге Кыргыз Республикасынынын Жарандык кодексинин ченемдери колдонулууга тийиш.
|
№ 5 тиркеме
4-бөлүк. Келишимдин өзгөчө шарттары (КӨШ)
Төмөндөгү "Келишимдин өзгөчө шарттары" (КӨШ) "Келишимдин жалпы шарттарын" (КЖШ). Карама-каршылыктар пайда болгон учурда КӨШ артыкчылыкка ээ болот.
КЖШнын пункттарынын № | Келишимдин өзгөчө шарттары |
1.1(в) | Заказ берүүчү __________________________________________________________ (аталышы, дареги, телефону, факс жана электрондук почтасы) |
1.1(д) | Кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү _____________________________________________________________________ (аталышы, дареги, телефону, факс жана электрондук почтасы). |
4.1 | Келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылуунун өлчөмү жана формасы _________________________________________________________________ (келишимдин наркынын 10% ашпашы керек) Кызмат көрсөтүүлөрдү алуу бүткөндөн кийин келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылуунун суммасы ______ аткаруучунун кепилдик милдеттенмелерин эске алуу менен келишимдин баасынын _________ пайызы. (эгерде Заказ берүүчү аткарылган кызмат көрсөтүүлөргө кепилдикти талап кылса, бул пунктту алып салуу керек) |
6.1 | Келишимдин күчүнө кирген күнү: ___________ ["келишимге эки тарап тең кол койгон күн", же "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген нускамага ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган күн", "Келишимдин формасында" 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн күн менен бирдей. |
6.2 | Кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу башталган күн: _________ [мисалы: келишимге кол коюлган учурдан баштап 10 (он) күн ичинде, же аванс алгандан кийин 10 күндүн ичинде"]. |
6.3 | Аякташы болжолдогон күн: келишимдин күчүнө киргенден баштап же авансты төлөгөндөн баштап _________ календарлык күн |
| Келишимди бузуунун шарттары: а) Кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү берүү мөөнөтүн бузган учурда Заказ берүүчү келишимди буза алат; б) Кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү Заказ берүүчү тарабынан көрсөтүлгөн кемчиликтерди көрсөтүлгөн мөөнөттө жойбосо, заказ берүүчү келишимди бузат; в) Эгерде заказ берүүчү, аткаруучу тарабынан берилген тийиштүү билдирмелерден кийин келишим боюнча каралган өз милдеттенмелерин аткарбаса, кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү келишимди бузат; г) Эгерде заказ берүүчүнүн ою боюнча, кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү келишимди аткаруу процессинде коррупция, алдамчылык актыларына жол берген болсо; д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда. |
13.2 | Төлөмдөр төмөнкү графикке ылайык жүргүзүлүшү керек: _____________________________________________________________________ (төлөмдөрдүн графигин көрсөтүңүз) Төлөмдөр эсеп-фактураны жана тийиштүү документтерди алганга чейин _______ күн мурда жүргүзүлөт. |
11.1 | Түшпөй калуулар Келишимдик милдеттенмелерди аткарбай койгондугу үчүн: ____% өлчөмүндө кызмат көрсөтүүнү бербеген ар бир күн үчүн. Максималдуу кемитилген сумма:_________________ (максималдуу сумма келишимдин баасынан ГОИД өлчөмүнөн ашпашы керек) |
14.1 | Колдонулуучу ставка:___% ар бир күн үчүн өз учурунда жүргүзүлбөгөн төлөмгө. Максималдуу кемитилген сумма:______________ (максималдуу сумма келишимдин баасынан ГОИД өлчөмүнөн ашпашы керек) |
15.1 | Кемчиликтерди жоюу мөөнөтү ___________________________________________ (күндөрдүн санын көрсөтүңүз) |
16.2 | Талаш-тартыштарды жөнгө салуу Бул келишимден же ага байланыштуу келип чыгуучу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сотто жалпы юрисдикциянын уруксаатына ылайык келе турган талаш-тартыштар. (керектүү эмесин чийип салыңыз) |
5-бөлүк. Кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси (ККТ)
5.1. Преамбула
"Кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин" (ККТ) "Конкурстун катышуучуларына нускама" жана "Келишимдин жалпы жана өзгөчө шарттары", "Кызмат көрсөтүүлөргө талаптар" менен кошо окуу керек.
Бул тизме Заказ берүүчү тарабынан, төмөндө келтирилген форматты колдонуу аркылуу даярдалат. Заказ берүүчү тарабынан келишим менен каралган кызмат көрсөтүүлөрдүн түрү жана көлөмү көрсөтүлүшү керек.
Бардык материалдарга жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүнүн жабдууларын колдонууга тийиштүү бааларды кошкондо, конкурстун катышуучусу кызмат көрсөтүүлөрдөн бардык түрлөрү боюнча бааларын көрсөтөт. Катышуучу бааларды киргизбеген кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүнө сатып алуучу тарабынан төлөнбөйт, алар башка баалардын тизмесине киргизилди деп эсептелет.
Кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесинде көрсөтүлгөн баалар жана баа коюу өзүнө келишимде каралган же болжолдонгон бардык колдонулуучу материалдарды, убактылуу курулмаларды, эмгекти, кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүнүн жабдууларын колдонууну, көзөмөлдөөнү. Орнотууну, тейлөөнү, камсыздандырууну, кирешени, салыктарды жана алымдарды, бардык жалпы карыздарды, милдеттенмелер жана тобокелдиктерди камтууга тийиш (келишимде башкасы каралган учурду кошпогондо, же болбосо алар ККТ өзүнчө көрсөтүлгөн болсо) Тактап айтканда, кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү КРдин колдонуудагы мыйзамдарынын негизинде төлөөгө милдеттүү болгон бардык алымдар, салыктар жана башка жыйымдар Конкурстук табыштаманын наркына киргизилиши керек жана Кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесинде көрсөтүлүшү керек.
Бирдик үчүн баа же айрым баа жыйынтык баадан артыкчылыктуу болот. Кайчы пикирлер келип чыккан учурда жыйынтык баа бирдик үчүн баанын негизинде эсептелип чыгат.
5.2. Кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси (ККТ)
Кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси
№ п/п | Кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүнүн аталышы (позициялар) [заказ берүүчү тарабынан толтурулат] | Өлчөө бирдиги [заказ берүүчү тарабынан толтурулат] | Саны [заказ берүүчү тарабынан толтурулат] | Жекече баасы (бирдик үчүн баа ) ______ [валюта] [кызмат көрсөтүүнү берүүчү тарабынан толтурулат] | Позиция боюнча жыйынтыгы_______ [валюта] [кызмат көрсөтүүнү берүүчү тарабынан толтурулат] | Эскертүү |
[1] | [2] | [3] | [4] | [5] | [6] = [4] * [5] | [7] |
1. |
|
|
|
|
|
|
1.1. |
|
|
|
|
|
|
1.2. |
|
|
|
|
|
|
… |
|
|
|
|
|
|
… |
|
|
|
|
|
|
Кызмат көрсөтүүлөрдүн бардыгы: |
|
| ||||
_______________________________________________________________________________
[Кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүнүн аталышы]
_______________________________________________________________________________
[Кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүнүн юридикалык дареги]
____________________ _______________________ ________________
[Өкүлдүн аты-жөнү] [Кызматы] [Колу жана мөөрү]
6-бөлүк. Кызмат көрсөтүүлөргө талаптар(КТ).
Техникалык талаптар (спецификациялар)
[Тооруктун катышуучулары заказ берүүчүнүн талабына шайкеш келүүсүнө жана атаандаша ала тургандай болуш үчүн жана муну менен катар өзүнүн конкурстук табыштамасына кошумча шарттарды киргизбестен, конкурстук табыштамаларын татаалдантпастан, "Техникалык талаптарды" түзүүгө тийиш. Анда зарыл болгон маалымат ачык жана так берилише керек. Конкурсту өткөрүүдө техникалык талаптар кеңири атаандаштыкты камсыз кылууга жардам бергидей түзүү маанилүү, ошол эле учурда колдонулган материалдардын, жабдуулардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына байланыштуу стандарттарды так белгилөө керек. Мына ошондо гана сатып алуулар процессинде үнөмдүүлүк, натыйжалуулук жана адилеттүүлүк багытында максатка жетүү мүмкүн. Ошол эле учурда конкурстун ушул катышуучусунун аркасында конкурстук табыштамаларга тийиштүү талаптарды даярдай алышат, ошондой эле бул табыштамаларды баалоо процесси жөнөкөйлөтүлөт. ТТны түзүүдө эгер келишим менен башкасы каралбаган болсо, жумуш аткарууда мурда колдонулбаган жаңы материалдарды гана, ошондой эле жабдуунун эң алдыңкы моделдерин колдонуу тийиш деп макулдашуу сунушталат. Өлчөөнүн метрикалык системасын колдонуу сунушталат.
ТТны түзүүдө андагы кереги жок чектөөлөрдү киргизүүдөн качуу үчүн кылдат көңүл буруу керек. ТТны түзүүдө жабдууларга, материалдарга жана кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу таанылган эл аралык стандарттар мүмкүн болушунча кеңири колдонулушу керек. Стандарттарды колдонууда, мисалы, КРдин мамлекеттик же башка стандарттарын, ТТда ишеним жаратуучу башка стандарттарга да шайкеш келген жабдуулар, материалдар жана кызмат көрсөтүүлөр көрсөтүлүшү керек. Алар кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгынын ушундай эле деңгээлин камсыздай алышат, же болбосо мурдараак көрсөтүлгөн стандарттарга ылайык каралган жабдуулар, материалдар жана кызмат көрсөтүүлөргө салыштырмалуу алардан ашып түшүшү мүмкүн. Бул үчүн КӨШкө же ТТга төмөнкүдөй мазмундагы пунктту кошуу керек.
Стандарттардын талаптарына шайкеш келүү
Эгерде келишимдин кайсы бир жобосунда колдонулуучу жабдуулар жана материалдар, ошондой эле аткарылуучу же текшерилүүчү кызмат көрсөтүүлөр шайкеш келе турган конкреттүү стандарттарга жана ченемдерге шилтеме жасалса, анда, келишимде башкасы каралбаган болсо, шайкеш келген стандарттардын жана ченемдердин редакциясында же версиясында азыркы учурда колдонулуп жаткандары колдонулат. Эгерде мындай стандарттар жана ченемдер мамлекеттик деңгээлде кабыл алынган болсо, же кайсы бир өлкөгө же аймакка карата иштесе, анда мурдараак көрсөтүлгөн стандарттарга жана ченемдерге караганда сапатынын ушундай эле же жогорку деңгээлин камсыздаган ишеним жаратуучу башка стандарттар, заказ берүүчү менен макулдашкан жана андан жазуу жүзүндөгү макулдук алган шартта колдонулат. ТТны даярдоодо бул эскертүүлөр конкурстук документтерди түзүүчү адам же уюм үчүн маалымат катары даярдалды. Буларды документтин акыркы версиясына киргизүүнүн кереги жок.
Чиймелер
[Болгон чиймелерди санап өткүлө.Чиймелер, анын ичинде Объекттин планы ушул бөлүккө тиркелиши керек, же өзүнчө папкада берилиши керек.]
7-бөлүк. Стандарттык формалар.
Эскертүү:
- Бул конкурстук документтерде колдонулган стандарттык формалардын тизмеси ККӨНдүн 7-бөлүгүндө келтирилген.
- Төрт бурчтуу кашаанын ичинде курсив менен белгиленген нускама (мисалы: [нускама]) форманы толтура турган конкурстун катышуучулары үчүн багытталган жана документтин акыркы версиясында алып салынышы керек. Муну менен катар формулировкалардын альтернативдүү варианттары кашаага алынган (мисалы: [толтуруу боюнча нускама: "альтернативдүү формулировканын тексти"]).
- Эгерде формулировкалардын бир нече варианттары сунушталган болсо – катышуучу өзүнүн конкурстук табыштамасына ылайык келген формулировканы тандап алып, калганын өчүрүп салышы керек.
- Стандарттык формалардын өзүнчө пункттарын, жогоруда айтылган өзгөчө кырдаалдардан башкасын, өзгөртүүгө же алып салууга жол берилбейт.
7.1. Стандарттык форма: "Конкурстук табыштама"
Конкурстук табыштама
Конкурстун аталышы: ___________ [ККӨНдүн 1.1.-пунктунда кандай көрсөтүлгөн болсо, Конкурстун аталышын ошондой көрсөтүңүз]
Кимге: _____ [Заказ берүүчүнүн аталышы жана дареги]
Биз,____________________(компанияны көрсөтүңүз) конкурстук документтерди бардык тиркемелери менен кошо окуп чыгып, _________________________________кызмат көрсөтүүнү сунуш кылабыз (кызмат көрсөтүүнү сыпаттаңыз) конкурстук документтердин шарттарына ылайык, _______________________________жалпы суммага (конкурстук табыштаманын жалпы суммасы цифра жана жазуу менен,, эгер конкурс лотторго бөлүнгөн болсо, ар бир лоттун баасын көрсөтүңүз).
Лот № _________ [лоттун номерин ККӨНдүн 1.1. жана 13.3-пунктарына ылайык көрсөтүңүз] ______ суммага [Кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү лоттун баасын цифра жана жазуу түрүндө көрсөтөт] сом;
Лот № _________ [лоттун номерин ККӨНдүн 1.1. жана 13.3-пунктарына ылайык көрсөтүңүз] ______ суммага [Кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү лоттун баасын цифра жана жазуу түрүндө көрсөтөт] сом;
Лот № _________ [лоттун номерин ККӨНдүн 1.1. жана 13.3-пунктуна ылайык көрсөтүңүз] ______ суммага [Кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү лоттун баасын цифра жана жазуу түрүндө көрсөтөт] сом.
Бардыгы: _______________ [Кызмат көрсөтүүнү берүүчү конкурстук табыштаманын жалпы суммасын цифра жана жазуу түрүндө көрсөтөт] сом.
[Эскертүү: Кызмат көрсөтүүнү берүүчү өзү конкурстук табыштаманы кайсы лот боюнча берсе, бааны ошол лот боюнча көрсөтөт. Эгер Конкурстук документтер менен өзүнчө лоттор каралган эмес болсо, анда конкурстук табыштаманын жалпы наркы гана көрсөтүлөт.]
Наркка, Кыргыз Республикасынын аймагында алынуучу бардык чыгымдар салыктар алымдар жана жыйымдар киргизилгенин тастыктайбыз.
3. Биз келишимге кол коюлган жана күчүнө кирген күндөн баштап _________ күн аралыгында кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга милдеттенебиз.
4. Биздин конкурстук табыштаманын иштөө мөөнөтү КНдин 21.1-пунктуна ылайык конкурстук табыштамаларды ачкандан кийин ________ [ККӨНдүн 15.1-пунктунда талап кылынган мөөнөттү көрсөтүңүз]. Конкурстук табыштама биз үчүн милдеттүү болуп саналат жана көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин каалаган учурда заказ берүүчү тарабынан кабыл алынат.
5. Өз ниетибизди ырастоо үчүн Конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылууну ______ өлчөмүндө, _____ формада [өлчөмүн (валюта жана сумманы) жана кепилдик камсыз кылуунун формасын ККӨНдүн 15.1-пунктуна ылайык көрсөтүңүз]. Конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылуунун иштөө мөөнөтү _____күндү түзөт [иштөө мөөнөтүн ККӨНдүн 15.1.-пунктуна ылайык көрсөтүңүз].
[Эскертүү: эгерде ККӨНдүн 15.1. жана 15.5-пунктарына ылайык Конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылуу талап кылынбаса, анда жогорудагы абзацты төмөнкүгө алмаштырыңыз:
"Өз ниетибизди ырастоо үчүн "Конкурстук табыштаманы кепилдөөчү декларацияны" беребиз". "Конкурстук табыштаманы кепилдөөчү декларациянын" иштөө мөөнөтү _____ күндү түзөт [иштөө мөөнөтүн ККӨНдүн 15.1-пунктуна ылайык көрсөтүңүз].
6. Ушуну менен биз, бардык субподрядчыларды кошкондо, келишимдин бардык бөлүгүна карата төмөнкүлөрдү тастыктайбыз:
Конкурстун мыйзамдуу укуктуу катышуучусу болуп саналабыз;
Тийиштүү түрдө кызыкчылыктардын кагылышуусу жок;
"Ишеничтүү жана ак ниеттүү эмес берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) маалыматтар базасында" эмеспиз;
7. Биз КЖШ жана КӨШтүн 3-бөлүгүнүн талаптарына ылайык келишимди аткаруу кепилдигин беребиз.
8. Ушул конкурстук табыштаманы кабыл алган учурда, биз __________ өлчөмүндө аванстык төлөм төлөп берүүнү суранабыз [аванстык төлөмдүн суммасын келишимдин баасынан % көрсөтүңүз]. Өзүбүз тараптан жогоруда көрсөтүлгөн суммага аванстык төлөмдүн кепилдигин берүүгө милдеттенибиз.
9. Конкурстук табыштаманын курамында төмөнкү документтер берилет:
а) "Конкурстук табыштаманын" ушул формасы;
б) толтурулган "Кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси";
в) Конкурстук табыштамага кол коюу укугуна ишеним кат [эгерде Конкурстук табыштамага ишкананын жетекчиси тарабынан кол коюлган болсо–анын ыйгарым укугун жана дайындалышын тастыктаган документтерди санап жана тиркегиле];
г) "Квалификациясы жөнүндө маалыматтардын" тиркемелери менен толтурулган формасы: ___ [КНтин 3.3-пунктунда каралган документтерди кошкондо тиркемелерди санагыла];
д) Конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылуу [эгерде кепилдик камсыз кылуу талап кылынбаса “Конкурстук табыштаманы кепилдөөчү декларацияга” алмаштыргыла];
е) конкурстук документтердин талаптарына ылайык кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруунун графигин жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруунун сунушталган методдорун ылайык келүүсүн тастыктаган документтерди камтуучу техникалык сунуш, колдонулуучу материалдардын жана жабдуулардын мүнөздөмөсүн сыпаттоо, ошондой эле талап кылынуучу башка документтер: ______ [техникалык сунушка кирүүчү документытерди санагыла, анын ичинде ККӨНдүн 11.1-пунктунда талап кылынган документтерди];
ж) конкурстун катышуучусу тарабынан ар бир барагына кол коюлган "Келишимдин жалпы шарттары" (КЖШ) жана "Келишимдин өзгөчө шарттары" (КӨШ);
з) башка документтер _______________ [ККӨНдүн 11.1-пунктунда талап кылынган документтерди кошкондо, башка документтерди көрсөтүңүз, же "жок" деп көрсөтүңүз].
Азыраак баа менен конкурстук табыштаманы же табыштамалардын кайсы бирин кабыл алууга сиздер милдеттүү эмес экениңерди биз кабыл алабыз.
Дата коюлду ______________ күнү _____________ айы 20_____-жылы.
Ушул конкурстук табыштама ___________ атынан жана тапшырмасы боюнча берилди:
_______________________________________________________________________________
[Кызмат көрсөтүүнү берүүчүнүн аталышы]
_______________________________________________________________________________
[Кызмат көрсөтүүнү берүүчүнүн юридикалык дареги]
_______________________ _______________________ ________________
[Өкүлдүн аты-жөнү] [Кызмат орду] [колу жана мөөрү]
7.2. Стандарттык форма: " Квалификация жөнүндө маалымат"
КВАЛИФИКАЦИЯ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ
1.1. Конкурстун катышуучусунун аталышы: ____________________________
1.2. Конкурстун катышуучусунун юридикалык дареги ___________________
1.3.Конкурстун катышуучусун каттоо күнү: _____________________________
(каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана уставдын көчүрмөсүн тиркегиле) .
1.4.Иштин негизги түрү:_____________________ кызмат көрсөтүүнүн аткаруу укугуна уруксаат лицензиясынын №
_____________________________________________________________________________________________________
(лицензиянын көчүрмөсүн тиркеңиз же "талап кылынбайт" деп белгилеңиз
2.1. Конкурстук табыштаманы берүүнүн алдындагы жылдарда аткарылган кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы көлөмү___________ [ККӨНдүн 3.3-пунктундагыдай мөөнөттү көрсөтүңүз]: _______________________ сом.
2.2. Конкурстук табыштаманы берүүнүн алдындагы ___ жыл(дар)да окшош кызмат көрсөтүүлөргө аткарылган жана бүткөрүлгөн келишимдер жөнүндө маалыматтар _________ [ККӨНдүн 3.3-пунктундагыдай мөөнөттү көрсөтүңүз]:
№ | Келишимдин предмети (аткарылган кызмат көрсөтүүлөрдүн кыскача сыпатталышы) | Аткаруу мөөнөтү (келишимге кол коюлган ай жана жыл – келишимди аткаруу аяктаган ай жана жыл) | Заказ берүүчү (аталышы, дареги, байланыш телефондору) | Келишимдин наркы миң сом. | Кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү (консорциумдун мүчөсү)\субподрядчы (көрсөтүңүз) | Жыйынтык жөнүндө маалыматтар, пикирлер (көчүрмөсүн тиркеңиз) |
1 |
|
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
|
… |
|
|
|
|
|
|
2.3.Учурдагы жана бүтпөгөн келишимдер боюнча маалыматтар.
№ п/п | Келишимдин предмети (кызмат көрсөтүүлөрдүн кыскача сыпатталышы) | Аткаруу мөөнөтү (келишимге кол коюлган ай жана жыл - келишимди аткарып бүтүүнүн болжолдуу айы жана жылы ) | Заказ берүүчү (аталышы, дареги, байланыш телефондору) | Келишимдин наркы миң сом. | Бүткөрүлбөгөн кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы, миң сом |
1 |
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
… |
|
|
|
|
|
2.4. Конкурстук табыштаманы берүүнүн алдындагы ___ жыл(дар)да конкурстун катышуучусунун финансылык иши жөнүндө маалыматтар ______ [ККӨНдүн 3.3-пунктундагыдай мөөнөттү көрсөтүңүз]:
___________________________________________________________________________________________________
(баланстардын, чарбалык иштердин натыйжасы жөнүндө отчеттордун, акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчеттордун, кирешелер жана чыгымдар жөнүндө отчеттордун, аудитордук корутундулардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн тиркеңиз)
2.5. Кыргыз Республикасында Социалдык фондго милдеттүү төлөмдөрдү жана салыктарды төлөө боюнча карыздардын болушу:
____________________________________________________________________________________________________
("бар" же "жок" деп көрсөтүңүз, берилген ар бир маалымдаманын күнүн жана номерин, ошондой эле маалымдаманы берген уюмдун аталышышын көрсөтүңүз).
2.6. Келишимди аткаруу үчүн финансылык ресурстардын болушу жөнүндө маалыматтар:
____________________________________________________________________________________________________
(каржылоо булактарын көрсөтүңүз жана тастыктоочу документтерди тиркеңиз (эсебиндеги жазуулар, банктардын маалымдамалары ж.б .), ошондой эле конкурстун катышуучуларын тейлөөчү банктардан маалымат алуу укугуна ишеним кат).
2.7. Конкурстук табыштаманы берген күнгө карата конкурстун катышуучусу тартылган соттук териштирүүлөр жөнүндө маалымат:
№ | Конкурстун катышуучусунун статусу (доогер же жоопкер) | Талаш-тартыштын башка тарабы (аталышы, юридикалык дареги) | Талаш-тартыштын предмети | Талаштуу сумма |
1 |
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
… |
|
|
|
|
Эскертүү:мындай териштирүүлөр болбогон учурда "жок" деп көрсөтүңүз
3.1. Кызмат көрсөтүү үчүн жабдуулардын негизги түрлөрү:
№ | Жабдуунун түрү, марка жана модель | Бар болгон бирдиктердин саны | Жайгашкан орду | Жеке менчик укугу же колдонуу үчүн башка негиз | Ээлик кылуучунун аталышы | Абалы (жаңы, жакшы, канааттандыраарлык), чыгарылган жылы |
1 |
|
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
|
… |
|
|
|
|
|
|
3.2. Персоналдардын орточо тизмелик саны
Персоналдардын категориясы | жыл___ | жыл___ | жыл____ |
Башкаруучу персонал |
|
|
|
Инженердик-техникалык жумушчулар |
|
|
|
|
|
|
|
… |
|
|
|
Ишкана боюнча бардыгы |
|
|
|
3.3 . Конкурстун катышуучуларынын негизги кызматкерлеринин тажрыйбасы жана квалификациясы жөнүндө маалымат:
№ | Кызмат орду | Аты-жөнү | Билими | Адистик боюнча иш тажрыйбасы жана адистештирүү | Ушул компанияда иш тажрыйбасы (жыл) |
1 | Жетекчи |
|
|
|
|
2 | ….. |
|
|
|
|
3 | …. |
|
|
|
|
… | … |
|
|
|
|
Ушуну менен берүүчү (түзүүчүлөр, катышуучулар, жетектөөчү курамдын мүчөлөрү) Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамына ылайык аффилирленген адам болуп саналбай турганы, ошондой эле квалификациялык талаптардын бардык критерийлерине жооп берери тастыкталат.
Ушуну менен, жогоруда көрсөтүлгөн бардык маалыматтардын аныктыгы тастыкталат. Жогоруда берилген маалыматтарды бурмалоо же анык эмес же толук эмес маалыматтарды берүү биздин уюмду "Ак ниеттүү жана ишенимдүү эмес берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) маалыматтар базасына", ошондой эле Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүн каржылоодо катышуучу эл аралык финансылык уюмдардын "кара тизмесине" жана ушу сыяктуу маалыматтар базасына киргизүү үчүн негиз болуп саналарын кабыл алабыз.
_______________________ _______________________ _____________________
[Өкүлдүн аты-жөнү] [кызмат орду] [Колу жана мөөрү]
"______" ___________________ 20____жыл
(форманы толтурган күнү)
Эскертүү: жөнөкөй шериктештик консорциум үчүн 1.1-3.3 пункттарында көрсөтүлгөн маалыматтар консорциумдун ар бир өнөктөшү боюнча берилет.
7.3.1. Стандарттык форма: "Конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылуу" (банктык кепилдик)
Конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылуу (банктык кепилдик формасында)
[Эскертүү: бул форма төрт бурчтук кашаада келтирилген нускамага ылайык кепилдик берүүчү банк тарабынан толтурулат:[нускама]; документтин акыркы версиясында толтуруу боюнча нускама алып салынышы керек.]
___________________ [кепилдик берген банктын (филиалдын) аталышы жана юридикалык дарегин көрсөтүңүз]
Конкурстун аталышы: ___________ [ККӨНдүн 1.1-пунктунда кандай көрсөтүлгөн болсо, Конкурстун аталышын ошондой көрсөтүңүз]
Конкурстун номери: _____________ [ККӨНдүн 1.1-пунктунда кандай көрсөтүлгөн болсо, Конкурстун номерин ошондой көрсөтүңүз]
Заказ берүүчү: _____________ [ККӨНдүн 1.1-пунктунда кандай көрсөтүлгөн болсо, заказ берүүчүнүн аталышын жана юридикалык дарегин ошондой көрсөтүңүз]
___________________________________ [конкурстун катышуучусунун аталышы] (мындан ары конкурстун катышуучусу) жогоруда көрсөтүлгөн конкурстун алкагында, __________________________күнү [Конкурстук табыштаманын формасында кандай берилсе, күнү ошондой көрсөтүлөт] _____________________ [сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн кыскача сыпатталышы] (мындан ары "Конкурстук табыштама") аткаруу үчүн өзүнүн табыштамасын бергенин эске алуу менен,
УШУНУ МЕНЕН ЖАЛПЫГА МААЛЫМДАЙБЫЗ, биз ___________________________ [кепилдик берген банктын (филиал) аталышын көрсөтүңүз], ________________________ дареги боюнча катталган офисибиз бар [кепилдик берген банктын (филиал) юридикалык дарегин көрсөтүңүз] (мындан ары "Банк"), ________________________________ [ККӨНдүн 1.1-пунктунда кандай көрсөтүлгөн болсо, заказ берүүчүнүн аталышын жана юридикалык дарегин ошондой көрсөтүңүз] (мындан ары "Заказ берүүчү") алдында, ___________ суммага милдетибиз бар, [ККӨНдүн 15.1 жана 15.5-пунктарында кандай көрсөтүлгөн болсо, кепилдиктин суммасын жана валютасын ошондой көрсөтүңүз], ал боюнча көрсөтүлгөн заказ берүүчүгө толук бойдон жана кечиктирилбестен төлөм жүргүзүлөт; Банк бул милдеттенмелер менен өзүнүн атынан жана өзүнүн укук мураскорлорунун жана кепилдик берүүчүлөрүнүн атынан аткарууга тийиш. Муну менен Банкка берилген лицензия, кепилдиктүү камсыздоону берүү боюнча иштерди карарын, ал эми ушул кепилдикке кол койгон адам банктын атынан милдеттенмелерди алуу укуктуу, эгерде акционерлердин жалпы чогулушунун же директорлор кеңешинин макулдугу талап кылынса, ал макулдук алынганын жана башка эч кандай макулдашуу талап кылынбасын тастыктайбыз.
Бул милдеттенменин шарттары төмөндөгүдөй:
а) Конкурстун катышуучусу тарабынан "Конкурстун табыштамасынын” формасында көрсөтүлгөн анын иштөө мөөнөтү бүткөнгө чейин жана конкурстук табыштама ачылгандан кийин конкурстук табыштама өзгөртүлсө же чакыртып алынса; же
б) Конкурстун катышуучусу келишимге "Конкурстун катышуучуларына өзгөчө нускама" жана "Конкурстун катышуучуларына нускамага" ылайык кол койбосо; же
в) Конкурстун катышуучусу келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылууну "Конкурстун катышуучуларына өзгөчө нускама" жана "Конкурстун катышуучуларына нускамага" ылайык бербеген болсо.
Биз заказ берүүчүгө, анын биринчи жазуу жүзүндөгү суроо-талабын алгандан кийин, заказ берүүчүдөн бул суроо-талабынын негиздемесин талап кылбастан, заказ берүүчү өзүнүн суроо-талабында жогоруда көрсөтүлгөн бир, же бир нече шарттардын аткарылганына байланыштуу бул сумма ага тийиштүү экенин белгилеген шартта, шарттардын аткарылган жерин аныктагандан кийин жогоруда аталган сумманы төлөп берүүгө милдеттенебиз.
Бул кепилдик камсыздоо конкурстук табыштаманын иштөө мөөнөтү аяктагандан кийин 28 (жыйырма сегиз) күн күчүндө болот жана буга байланыштуу каалаган суроо-талап банкка жогоруда көрсөтүлгөн күндөн кеч эмес берилиши керек(1).
Бул кепилдик камсыздоо "талап кылганга чейин" (Uniform Rules for Demand Guarantees (URDG)) кепилдиктери үчүн 2010-жылдагы редакцияда бирдиктүү эрежелерге баш иет, Публикация ICC № 758.
___________________________ _________________ _________________
[Банктын өкүлүнүн аты-жөнү] [Кызмат орду] [Колу жана мөөрү]
"____" _________________ 20____-ж.
(1) Кепилдиктин иштөө мөөнөтүнүн жазылып калган күнүн көрсөтүүгө жол берилет. Буга катар ККӨНдүн 15.1 пунктунун талаптарына ылайык келерин ырастоо керек, анткени иштөө мөөнөтү кыскараак болгон кепилдик берүү конкурстук табыштаманы четке кагуу үчүн негиз болот.
7.3.2. Стандарттык форма: "Конкурстук табыштаманы кепилдөөчү декларация"
Конкурстук табыштаманы кепилдөөчү декларация
[Эскертүү: бул форма төрт бурчтук кашаада келтирилген нускамага ылайык конкурстун катышуучусу тарабынан толтурулат: [нускама]; документтин акыркы версиясында толтуруу боюнча нускама алып салынышы керек.]
_______________________________________________________________________________
[конкурстун катышуучусунун фирмалык бланкында анын реквизиттерин көрсөтүү менен басып чыгарыңыз]
Конкурстун аталышы: ___________ [ККӨНдүн 1.1.-пунктунда кандай көрсөтүлгөн болсо, Конкурстун аталышын ошондой көрсөтүңүз]
Конкурстун номери: _____________ [ККӨНдүн 1.1-пунктунда кандай көрсөтүлгөн болсо, Конкурстун номерин ошондой көрсөтүңүз]
Заказ берүүчү: _____________ [ККӨНдүн 1.1-пунктунда кандай көрсөтүлгөн болсо, заказ берүүчүнүн аталышын жана юридикалык дарегин ошондой көрсөтүңүз]
__________________________________
Биз___________________________________ [конкурстун катышуучусунун аталышы] (мындан ары конкурстун катышуучусу) жогоруда көрсөтүлгөн конкурстун алкагында, __________________________күнү [Конкурстук табыштаманын формасында кандай берилсе, күнү ошондой көрсөтүлөт] _____________________ [сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн кыскача сыпатталышы] (мындан ары "Конкурстук табыштама") аткаруу үчүн өзүнүн табыштамасын бергенин эске алуу менен,
УШУНУ МЕНЕН ЖАЛПЫГА МААЛЫМДАЙБЫЗ, конкурстун катышуучусу заказ берүүчүнүн алдында төмөнкү милдеттенмелерди өзүнө алат:
а) Конкурстун катышуучусу тарабынан "Конкурстун табыштамасынын" формасында көрсөтүлгөн анын иштөө мөөнөтү бүткөнгө чейин жана конкурстук табыштама ачылгандан кийин конкурстук табыштамасын өзгөртпөйт же чакыртып албайт;
б) эгерде конкурстун жеңүүчүсү деп табылса, конкурстун катышуучусу келишимге "Конкурстун катышуучуларына өзгөчө нускама" жана "Конкурстун катышуучуларына нускамага" ылайык кол коет; жана
в) эгерде конкурстун шарттары менен талап кылынса, конкурстун катышуучусу "Конкурстун катышуучуларына өзгөчө нускама" жана "Конкурстун катышуучуларына нускамага" ылайык келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылууну берет.
Ушуну менен, жогоруда көрсөтүлгөн милдеттенмелердин бирин аткарбай коюуда, заказ берүүчү конкурстун катышуучусун, Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, "Ишенимдүү эмес (ак ниеттүү эмес) берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) маалыматтар базасына" киргизүүнү демилгелөөгө укуктуу.
Бул декларация конкурстук табыштаманын иштөө мөөнөтү өткөндөн кийин ____ (________) күн ичинде күчүндө болот.
_______________________________________________________________________________
[Кызмат көрсөтүүнүн берүүчүнүн аталышы]
_______________________________________________________________________________
[Кызмат көрсөтүүнүн берүүчүнүн юридикалык дареги]
____________________ _______________________ ____________________
[Өкүлдүн аты-жөнү] [Кызмат орду] [Колу жана мөөрүй]
7.4. Стандартык форма: "Кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу графиги"
Келишим № ____ "___" ___________ 20___-ж.
Заказ берүүчү _________________________________
[уюмдун аталышы]
Кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү _______________________________
[уюмдун аталышы]
Сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн графиги
Этаптар | Кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы | Кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу мөөнөтүнүн аякташы(2) |
1-этап |
| _______күн аралыгында |
2-этап |
| _______ күн аралыгында |
3-этап |
| _______ күн аралыгында |
… | … | … |
_______________________________________________________________________________
[Кызмат көрсөтүүнүн берүүчүнүн аталышы]
_______________________________________________________________________________
[Кызмат көрсөтүүнүн берүүчүнүн юридикалык дареги]
_______________________________________________________________________________
____________________ _______________________ ___________________
[Өкүлдүн аты-жөнү] [Кызмат орду] [Колу жана мөөрү]
(2) Календарлык күндөрдө келишимге кол коюлган күндөн баштап саналат жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүнүн эсебине которулган аванс (эгер каралса).
7.5. Стандарттык форма: "Келишимди ыйгаруу жөнүндө билдирме"
"Келишимди ыйгаруу жөнүндө билдирме"
[Эскертүү: бул форма төрт бурчтук кашаада келтирилген нускамага ылайык заказ берүүчү тарабынан толтурулат: [нускама]; документтин акыркы версиясында толтуруу боюнча нускама алып салынышы керек.]
____________________________________________________________________
[заказ берүүчүнүн фирмалык бланкында анын реквизиттерин көрсөтүү менен басып чыгарыңыз]
Конкурстун аталышы: ___________ [ККӨНдүн 1.1-пунктунда кандай көрсөтүлгөн болсо, Конкурстун аталышын ошондой көрсөтүңүз]
Конкурстун номери: _____________ [ККӨНдүн 1.1-пунктунда кандай көрсөтүлгөн болсо, Конкурстун номерин ошондой көрсөтүңүз]
Заказ берүүчү: _____________ [ККӨНдүн 1.1-пунктунда кандай көрсөтүлгөн болсо, заказ берүүчүнүн аталышын жана юридикалык дарегин ошондой көрсөтүңүз]
Кимге: _____________ ["Конкурстун табыштамасынын формасында кандай көрсөтүлсө, конкурстун катышуучусунун аталышын жана юридикалык дарегин жана жетекчисинин же ыйгарым укуктуу өкүлдүн аты-жөнүн ошондой көрсөтүңүз]
___________________________________ [конкурстун катышуучусунун аталышы] (мындан ары конкурстун катышуучусу) жогоруда көрсөтүлгөн конкурстун алкагында, __________________________күнү [Конкурстук табыштаманын формасында кандай берилсе, күнү ошондой көрсөтүлөт] _____________________ [сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн кыскача сыпатталышы] (мындан ары "Конкурстук табыштама") аткаруу үчүн өзүнүн табыштамасын бергенин эске алуу менен, ушул конкурстук табыштама келишимди ыйгаруу үчүн көбүрөөк туура келген катары аныкталды,
Ушуну менен БИЛДИРЕБИЗ, жогоруда аталган конкурстук табыштама заказ берүүчү тарабынан "Конкурстун катышуучуларына нускамада" каралган толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү эске алуу менен кабыл алынды, жана Сизге № _________ келишим [келишимдин номерин көрсөтүңүз] _______________________ жалпы суммага [келишимдин валютасын жана сумманы цифра жана жазуу менен көрсөтүңүз] (мындан ары "Келишимдин баасы ") ыйгарылат.
Ушуну менен "Конкурстун катышуучуларына нускаманын" 33-бөлүгүндө каралган "Келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылууну кошкондо, Сизге документтерди берүү жана тиркелген келишимге кол коюу тапшырылат _______ [ мөөнөтүн көрсөтүңүз].
___________________________________ _________________ _________________
[Заказ берүүчүнүн өкүлүнүн аты-жөнү] [Кызмат орду] [колу жана мөөрү]
"____" _________________ 20____-ж.
Тиркеме: Келишим.
7.6. Стандарттык форма: "Келишим"
№ Келишим _____________
Бул келишим __________ күнү _____________ айы 20__ жылы бир тараптан ______________ ( Заказ берүүчүнүн аталышы) (мындан ары "Заказ берүүчү") менен башка тараптан ____________ (кызмат көрсөтүүнү берүүчүнүн аталышы) (мындан ары "Кызмат көрсөтүүнү берүүчү"), төмөнкү жөнүндө макулдашууну түздүк:
1. Заказ берүүчү кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга конкурс жарыялады, тактап айтканда, (кызмат көрсөтүүлөрдүн кыскача сыпатталышы) жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга аткаруучудан конкурстук табыштаманы ________ суммага (келишимдин баасы цифра жана жазуу жүзүндө) (мындан ары "Келишимдин баасы").
2. Кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү заказ берүүчүнүн тапшырмасы боюнча иш көлөмүнүн ведомостуна ылайык кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга милдеттенет.
3. Заказ берүүчү өз кезегинде, заказ берүүчүнүн коюлган талаптарынын бардыгына ылайык аткарылган кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алууга жана ушул келишим менен каралган шарттарда аларга төлөп берүүгө милдеттенет.
4 Бул келишимде сөздөр жана түшүнүктөр, шилтеме жасалган Келишимдин жалпы шарттарында кандай мааниде колдонулса, ошондой эле маанини билдиришет.
5 Андан ары саналган документтер заказ берүүчү менен берүүчүнүн ортосунда келишим түзөт жана келишимдин ажырагыс бөлүгү катары окулат жана түшүндүрүлөт:
а) Тараптар тарабынан кол коюлган бул форма;
б) Келишимдин өзгөчө шарттары (КӨШ) – I тиркеме
в) Келишимдин жалпы шарттары (КЖШ) – II тиркеме
г) Кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси (ККТ) – III тиркеме
д) Кызмат көрсөтүүлөргө талаптар (КТ) – IV тиркеме
е) Келишимди ыйгаруу жөнүндө билдирме – V тиркеме
ж) Кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүнүн конкурстук табыштамасы – VI тиркеме
з) Заказ берүүчү тарабынан берилүүчү кызмат көрсөтүүлөр жана каражаттар – VII тиркеме
и) _____ [зарыл болгон учурда башка документтерди көрсөтүңүз] – VIII тиркеме.
Кайчы пикирлер келип чыккан учурда, көрсөтүлгөн документтер жогоруда саналган тартипте артыкчылыкка ээ болот.
6. Заказ берүүчү менен кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүнүн укуктары жана милдеттери келишимде жазылган, тактап айтканда:
(a) кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү келишимдин жоболоруна ылайык кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашырат; жана
(б) Заказ берүүчү кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүгө келишимдин жоболоруна ылайык төлөмдү ишке ашырат.
7. Бул келишим бирдей юридикалык күчкө ээ __________ экземплярда [экземплярлардын талап кылынган санын көрсөтүңүз – 2 же андан ашык] орус тилинде түзүлдү.
Бул келишим тараптар тарабынан ага кол коюлган күнү күчүнө кирет жана тараптар өздөрүнө алган милдеттенмелерди толук аткарганга чейин иштейт.
[мамлекеттик бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин келишимдери үчүн акыркы абзацты төмөнкү менен алмаштырыңыз:
"Бул келишим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген нускамага ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган күндөн баштап күчүнө кирет жана тараптар өздөрүнө алган милдеттенмелерди толук аткарганга чейин иштейт"].
ТАРАПТАРДЫН ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕКТЕРИ ЖАНА БАНКТЫК РЕКВИЗИТТЕРИ
Заказ берүүчү: | Кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү: |
|
|
Заказ берүүчүнүн атынан жана тапшырмасы боюнча
Колу:
Мөөрү: | Кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүнүн атынан жана тапшырмасы боюнча
Колу:
Мөөрү: |
7.7.Стандарттык форма: "Келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылуу"
Келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылуу (банктык кепилдик)
[Эскертүү: бул форма төрт бурчтук кашаада келтирилген нускамага ылайык, кепилдик берген банк тарабынан толтурулат: [нускама]; документтин акыркы версиясында толтуруу боюнча нускама алып салынышы керек.]
___________________ [кепилдик берген банктын (филиалынын) аталышын жана юридикалык дарегин көрсөтүңүз]
Келишимдин номери: ___________ [келишимдин номерин көрсөтүңүз]
Келишимдин күнү: _____________ [келишимдин күнүн көрсөтүңүз]
Заказ берүүчү: _____________ [келишимде кандай көрсөтүлгөн болсо, заказ берүүчүнүн аталышын жана юридикалык дарегин ошондой көрсөтүңүз]
Фирма ___________________________________ [конкурстун катышуучусунун аталышы] (мындан ары конкурстун катышуучусу) жогоруда көрсөтүлгөн конкурстун алкагында, __________________________күнү [Конкурстук табыштаманын формасында кандай берилсе, күнү ошондой көрсөтүлөт] _____________________ [сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн кыскача сыпатталышы] (мындан ары "Конкурстук табыштама") аткаруу үчүн өзүнүн табыштамасын бергенин эске алып, келишим боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү тарабынан өзүнүн милдеттенмелерин аткарууну камсыздоо боюнча авторитеттүү банктын кепилдиктери формасында "Келишимди аткаруунун кепилдиктерин" берүү каралган шарттары менен ________ суммага [келишимдин баасы цифра жана жазуу менен] №__________ келишимди ыйгаруу менен конкурстун жеңүүчүсү деп жарыяланды.
УШУНУ МЕНЕН ЖАЛПЫГА МААЛЫМДАЙБЫЗ, биз, ____________________________ [кепилдикти берген банктын (филиалдын) аталышы], ____________________________ дареги боюнча офисибиз бар [кепилдикти берген банктын (филиалдын) юридикалык дареги] (мындан ары "Банк" деп аталат) мындай кепилдикти берүүгө макулдук беребиз.
БУГА БАЙЛАНЫШТУУ БИЗ кепилдик берүүчү болуп саналарыбызды жана өзүбүзгө заказ берүүчүнүн алдында кызмат көрсөтүүнү берүүчүнүн атынан ______________ жалпы суммага [кепилдиктин суммасы КӨШтүн 3.9-пунктуна ылайык цифра жана жазуу менен] милдеттенме аларыбызды тастыктайбыз, жана аны, кызмат көрсөтүүнү берүүчү келишимдин шарттарын аткарбагандыгы жөнүндө билдирген, сиздердин биринчи талабыңыздар боюнча, Сиздер тараптан талаптарды же анда көрсөтүлгөн сумманы негиздөө же далилдөө зарылдыгысыз, толук бойдон же бөлүп төлөп берүү милдетин алабыз. Бул милдеттенменин алкагында аткарылган кепилдиктин суммасы ар бир төлөмдүн суммасына карата азаят.
"Келишимдин жалпы шарттарынын" 2.4-пунктуна ылайык, кошумча макулдашууну түзүү аркылуу заказ берүүчү жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү тарабынан келишимге киргизиле турган бардык өзгөртүүлөр же толуктоолор, эч кандай түрдө бизди ушул кепилдик боюнча милдеттенмелерден бошотпойт жана биз мындай өзгөртүүлөр же толуктоолор жөнүндө бизге милдеттүү түрдө билдирүүнү талап кылбайбыз. Ушуну менен, Банкка берилген лицензия кепилдик камсыз кылууну берүү боюнча ишти карайт жана ушул кепилдикке кол койгон адам Банктын атынан милдеттенмелерди алууга укуктуу, эгерде директорлор кеңешинин же акционерлердин жалпы жыйналышынын макулдугу керек болсо, андай макулдук алынган жана башка эч кандай макулдашуу талап кылынбайт.
Ушул кепилдик камсыз кылуу _______ күнү______________ айы 20____ жылы чейин күчүндө болот [күнүн КЖШнын 3.9-пунктун эске алуу менен көрсөтүңүз] жана кепилдик боюнча төлөмдү талап кылуу, жогоруда көрсөтүлгөн дарек боюнча, жогоруда көрсөтүлгөн күндөн кеч эмес, бизге жөнөтүлүшү керек.
__________________________ ___________________ ________________________
[банктын өкүлүнүн аты-жөнү] [кызмат орду] [колу жана мөөрү]
"________" _________________ 20______-жыл
7.8. Стандарттык форма: "Аванстык төлөмдүн банктык кепилдиги".
Аванстык төлөмдүн банктык кепилдиги
[Эскертүү: бул форма төрт бурчтук кашаада келтирилген нускамага ылайык кепилдик берүүчү банк тарабынан толтурулат: [нускама]; документтин акыркы версиясында толтуруу боюнча нускама алып салынышы керек.]
___________________ [кепилдик берген банктын (филиалынын) аталышын жана юридикалык дарегин көрсөтүңүз]
Келишимдин номери: ___________ [келишимдин номерин көрсөтүңүз]
Келишимдин күнү: _____________ [келишимдин күнүн көрсөтүңүз]
Заказ берүүчү: _____________ [келишимде кандай көрсөтүлгөн болсо, заказ берүүчүнүн аталышын жана юридикалык дарегин ошондой көрсөтүңүз]
Авансты төлөөнү караган, жогоруда көрсөтүлгөн "Келишимдин жалпы шарттарынын" 6-бөлүгүн өзгөртүп жана толуктай турган 6.4-пунктуна киргизилген, төлөм жөнүндө жобого ылайык, ___________________ [кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүнүн аталышы жана дареги] (мындан ары "Кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү") Заказ берүүчүгө, _______________ суммасында [КӨШтүн 6.4-пунктунда каралган аванстын суммасы] кызмат көрсөтүүнү берүүчү келишимди тийиштүү эмес түрдө аткарган учурда, аванстык төлөмдүн ордун толтурууну кепилдөөчү авторитеттүү банктын кепилдигин берүүгө тийиш.
УШУНУ МЕНЕН ЖАЛПЫГА МААЛЫМДАЙБЫЗ, биз, ____________________________ [кепилдик берген банктын (филиалынын) аталышын көрсөтүңүз], ________________________ дареги боюнчак катталган офиси бар [кепилдик берген банктын (филиалынын) юридикалык дарегин көрсөтүңүз] (мындан ары "Банк") мындай кепилдик берүүгө макулдук беребиз.
БУГА БАЙЛАНЫШТУУ БИЗ кепилдик берүүчү болуп саналарыбызды жана өзүбүзгө заказ берүүчүнүн алдында кызмат көрсөтүүнү берүүчүнүн атынан ______________ жалпы суммага [кепилдиктин суммасы КӨШтүн 6.4-пунктуна ылайык цифра жана жазуу менен] милдеттенме аларыбызды тастыктайбыз, жана аны, кызмат көрсөтүүнү берүүчү келишимдин шарттарын аткарбагандыгы жөнүндө билдирген, сиздердин биринчи талабыңыздар боюнча, Сиздер тараптан талаптарды же анда көрсөтүлгөн сумманы негиздөө же далилдөө зарылдыгысыз, толук бойдон же бөлүп төлөп берүү милдетин алабыз. Бул милдеттенменин алкагында аткарылган кепилдиктин суммасы ар бир төлөмдүн суммасына карата азаят.
"Келишимдин жалпы шарттарынын" 2.4-пунктуна ылайык, кошумча макулдашууну түзүү аркылуу заказ берүүчү жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү тарабынан келишимге киргизиле турган бардык өзгөртүүлөр же толуктоолор, эч кандай түрдө бизди ушул кепилдик боюнча милдеттенмелерден бошотпойт жана биз мындай өзгөртүүлөр же толуктоолор жөнүндө бизге милдеттүү түрдө билдирүүнү талап кылбайбыз. Ушуну менен, Банкка берилген лицензия кепилдик камсыз кылууну берүү боюнча ишти карайт жана ушул кепилдикке кол койгон адам Банктын атынан милдеттенмелерди алууга укуктуу, эгерде директорлор кеңешинин же акционерлердин жалпы жыйналышынын макулдугу керек болсо, андай макулдук алынган жана башка эч кандай макулдашуу талап кылынбайт.
Бул кепилдик кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүнүн эсебине аванстык төлөм которулган күндөн баштап күчүнө кирет жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткармайынча, же заказ берүүчү төлөнүп берилген аванстык төлөмдүн суммасын толук бойдон ордун толтуруп алмайынча толук иш-аракетте болот. Тийиштүү түрдө, бул кепилдик боюнча бардык талаптар жогоруда көрсөтүлгөн дарек боюнча _______ күнү ______________ айы 20____-жылы [күнүн КӨШтүн 2.3-пунктуна ылайык көрсөтүңүз] кеч эмес бизге жөнөтүлүшү керек.
__________________________ ___________________ ________________________
[банктын өкүлүнүн аты-жөнү] [кызмат орду] [колу жана мөөрү]
"________" _________________ 20______-жыл
Кызмат көрсөтүүнү сатып алуулардын жол-жоболорунун ПРОТОКОЛУ
Сатып алуучу уюмдун аты _________________________________________
Юридикалык дареги жана телефону _________________________________
Жетекчи _________________________________________________________
Протоколдун түзүлгөн датасы "___" ____________ 20__ ж.
Конкурстун номери ________________________________________________
Бул протокол кызмат көртүүлөрдү
__________________________________________ сатып алуу үчүн түзүлгөн
(каржылоо булагын көрсөтүү керек)
1. Сатып алуунун предмети
_________________________________________________________________
(кызмат көртүүлөрдүн аталышы, кыскача баяндамасы менен)
Бул сатып алууга бөлүнгөн сумма ___________________________________
3. Сатып алуунун усулу ____________________________________________
4. Сатып алууга каралган берене ____________________________________
5. Конкурс жөнүндө билдирүү _______________________________________
(мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында конкурстун жарыяланган датасы, номуру, жөнөтүлгөн жиберүүлөр)
_________________________________________________________________
берүүчүлөр
_________________________________________________________________
6. Конкурстук документтер төмөнкү катышуучулар тарабынан алынды (электрондук сатып алууларда бул толтурулбайт) же алдын-ала квалификациалоонун натыйжасында чакырылган катышуучулар:
№ п\п | Катышуучулардын аты-жөнү | Юридикалык дареги | Алган датасы |
1 |
|
|
|
2 |
|
|
|
7. Конкурстук документтер боюнча сурамдар жана түшүндүрүүлөр:
а. _______________________________________________________________
(катышуучулар берген сурамдардын саны)
б. _______________________________________________________________
(сурамдардын кыскача жалпы баяндамасы)
в. _______________________________________________________________
(сатып алуучу уюмдун берген жоопторунун кыскача жалпы баяндамасы)
8. Конкурстук табыштамаларды берген катышуучулардын аты-жөнү жана дареги:
№ п\п | Катышуучулардын аты-жөнү | Юридикалык дареги | Конкурстук табыштамаларды берген датасы |
1 |
|
|
|
2 |
|
|
|
9. Конкурстук табыштамаларды ачуу датасы жана убагы (жылы, айы, күнү, сааты жазылышы керек):
20___ж. "___" _________саат "_____"
10. Конкурстук документтердин негизги талаптары.
Бул пункта конкурстук документтерде каралган гана талаптар көрсөтүлөт. "Конкурстук документтердин талаптары" графасында конкурска катышуучуларга коюлган талаптар гана жазылат.
№ п\п | Талаптардын мазмуну | Конкурстук документтердин талаптары | Подрядчынын аты-жөнү | |||
1 | 2 | 3 | 4 | |||
А | Табыштаманын жалпы баасы (эгерде сатып алынуучу кызмат көрсөтүүлөр бир канча лотторго бөлүнгөн учурда, ар бир лоттун баасын өз-өзүнчө көрсөтүү керек) |
|
|
|
|
|
Б | Катышуучунун толтурулган конкурстук табыштамасы |
|
|
|
|
|
В | Конкурстук табыштамада колдонулуучу валюта |
|
|
|
|
|
Г | Конкурстук табыштамалардын колдонуу мөөнөтү |
|
|
|
|
|
Д | Конкурстук табыштамаларды кепилдик камсыз кылуунун көлөмү |
|
|
|
|
|
Е | Конкурстук табыштамаларды кепилдик камсыз кылуунун колдонуу мөөнөтү |
|
|
|
|
|
Ж | Кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруунун болжолдуу мөөнөтү |
|
|
|
|
|
З | Конкурстук документердин шарттарына ылайык талап кылынган документердин болушу: 1) акыркы ___ жыл(дар)да көрсөтүлгөн кызматтардын жалпы көлөмү; 2) конкурстук табыштаманын толтурулган формасы; 3) кызмат көрсөтүүлөрдүн шарттары; 4) Келишимдин шарттарына ылайык кызмат көрсөтүү үчүн жеке менчигинде турган же ижарага алынган негизги курулуш жабдуулар жана механизмдердин болушу; 5) Катышуучунун салыктарга болгон карызы; 6) катышуучунун камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча (социалдык фондко) карызы; 7) ушул кызматты көрсөтүү үчүн берилген лицензиянын болушу (эгер талап кылынса) |
|
|
|
|
|
И | Конкурстук документтерде көрсөтүлгөн сатып алууларга катышуучулар үчүн коюлган башка талаптар. |
|
|
|
|
|
11. Конкурстук табыштамаларды алдын-ала баалоо.
а) алдын-ала коюлган баа:
Конкурстук табыштамалардын 10-пункта жазылган Конкурстук документтердеги талаптарга жооп берүүсү боюнча өткөрүлгөн анализдин натыйжасында төмөнкү конкурстук табыштамалар четке кагылды:
№ п\п | Катышуучулардын аты-жөнү | Ушул пунктчаларга жооп бербегендиги үчүн табыштамалар четке кагылды, |
1 |
|
|
2 |
|
|
Мындан аркы баалоо 10-пунктта көрсөтүлгөн талаптардан башка маанилүү кыйшаюулары жок болгон табыштамалар боюнча жүргүзүлөт.
б) техникалык баалоо:
Техникалык жагын баалоодо техникалык талаптарга жооп бербегендиги үчүн төмөнкү конкурстук табыштамалар четке кагылды.
№ п\п | Катышуучулардын аты-жөнү | Конкурстук документтерде каралган техникалык талаптарга жооп бербеген кыйшаюуларды көрсөтүү керек |
1 |
|
|
2 |
|
|
12. Конкурстук табыштамалардын баа бөлүгүндө арифметикалык каталарды оңдоо:
а) оңдолгон баалардын таблицасы:
к/н № | Катышуучулардын аты-жөнү | Табыштаманын баасы | Оңдоонун жыйынтыгы | Катышуучунун жазуу түрүндө берген макулдугу | Оңдолгон баа |
1 |
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
"Оңдолгон баа" графасында арифметикалык каталар оңдолгондон кийинки баа көрсөтүлөт (эгер мындайлар бар болсо)
б) арифметикалык каталарды оңдоого макул болбогондугу үчүн төмөнкү конкурстук табыштамалар четке кагылды:
____________________________________________________________________
(катышуучулардын аты-жөнү, болгон арифметикалык каталар жана кантип
_____________________________________________________________________
оңдолду жана эмне себептен четке кагылды)
13. Конкурстук табыштамалардын башка себептер менен четке кагылышы:
_____________________________________________________________________________
(катышуучунун аты-жөнү жана конкурстук табыштаманын четке кагылышынын себеби)
14. Эксперттерди тартуу. Эксперт катары конкурстук комиссиянын ишинде катышкандар:
_____________________________________________________________________________
(аты-жөнү, кызматы жана корутундунун кыскача баяндамасы)
Конкурстук табыштамаларды баалоо жана салыштыруу:
Конкурстук документтердин талаптарына жооп берген жана эң аз бааланган наркка ээ болгон конкурстук табыштаманы берген катышуучу:
___________________________________________________________________
(катышуучунун аты-жөнү жана табыштамасынын баасы)
Конкурстук комиссиянын төрагасы: ___________________________________
Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү: ___________________________________
Бардык конкурстук табыштамалар төмөнкү себептер менен четке кагылды
___________________________________________________________________
(четке кагуунун себебин көрсөтүү керек)
17. Нааразылыктар, даттануулар жана кабыл алынган чечим:
___________________________________________________________________
(катышуучунун аты-жөнү, кыскача мазмуну, берген датасы жана кабылган алынган чечимдин кыскача мазмуну)
18. Сатып алууларды токтотуу:
__________________________________________________________________
(сатып алууларды токтотуунун себебин жана мөөнөтүн көрсөтүү керек)
19. Конкурстук комиссиянын чечиминин негизинде сатып алуу бөлүмү келишим түзүү үчүн сунуш кылат
___________________________________________________________________
(же жеңүүчү аныкталган жок)
Сатып алуу бөлүмү __________________________________________________
Бөлүмдун жетекчиси: _________________________________________________
Адис: _______________________________________________________________
20. Башка маалыматтар: _______________________________________________
(бул пункта сатып алуучу уюмдун, катышуучулардын же башка тараптын сатып алууларга тийгизген иш-аракеттери жазылат)
21. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн же/жана сатып алуу бөлүмүнүн адистеринин өзгөчө пикирлери:
№ п\п | Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн же/жана сатып алуу бөлүмүнүн адистеринин аты-жөнү | Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн же/жана сатып алуу бөлүмүнүн адистеринин өзгөчө пикиринин кыскача мазмуну (протоколго тиркеме катары берилиши мүмкүн) | Датасы | колу |
1 |
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
Эскертүү: Эгерде ар кандай пунктарда көрсөтүлө турган кайсы бир иш-аракеттер протоколдо жүргүзүлбөсө, анда тиешелүү пункта тиешелүү белгини коюу жетиштүү. Пунктун номерин жана аталышын жазуу менен кайсы бир пункка тиешелүү болгон маалыматты ушул протоколго тиркеме катары берүүгө болот.